Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Күлкү жана сын жараткан ураандар


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялар өз программаларын жана ураандарын четинен жарыялай башташты.

Убадалар медиа каражаттарында жана жолугушууларда жаңырып, баннерлерде берилди. Бирок ошол эле кезде шайлоочулар арасында айрым убада жана чакырыктар сынга кабылды. Кайталанма, чындыктан алыс жана карама-каршы ураандар да күлкү болду.

Ураандар парады

Ошентип жыл башынан бери «Үйдө бол!» деген чакырык менен келе жаткан кыргызстандыктар шайлоо алдында жаңы ураандардын кучагында калды.

Шайлоочулар азырынча партиялардын программаларын окуп чыгып, талдоого толук үлгүрө элек. Бирок кыска жарнамалар менен баннерлерден ураандарын жана чакырыктарды көрүп, ой-пикирлерин бөлүшө башташты.

Анын ичинде биринчи кезекте «Бир Бол» партиясынын «Даярбыз!» деген, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын «Ооба», «Кыргызстан» партиясынын «Кеттик» деген ураандары талкууга түштү.

Шайлоочулардын көбү талапкерлер «эмнеге даяр экенин, же эмнеге макул экенин биле албай жатышты. Албетте, партиялар өзгөрүүгө «даяр» экенин, өз программаларына «ооба» дегенин же «шайлоого кеттик» дегенин айтышты. Бирок тема баары бир шакабага түрткү болуп, коллажга айланды.

«Бир Бол», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партияларынын ураандары.
«Бир Бол», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партияларынын ураандары.

Буга байланыштуу маселен, бир шайлоочу, «Фейсбук» колдонуучу Санрабия Кубанычбекова мындайча тамаша суроо койду:

«Беш жылда силер даяр болбогондо Пушкин даяр болмок беле? «Даярбыз» деп дагы беш жыл жатпай, баштагыла. Өзү эмнеге даярсыңар?».

«Бир Бол» партиясы мындан сырткары «Билимим - азык, билегим - казык!», «Бир Бол бир эл - бир күч!», «Биз өзгөртөбүз» деген сыяктуу ураандар менен чыкты. «Мекеним Кыргызстан» андан ары «Бир өлкө – бир салык!» «Депутаттардын санын эки эсе азайтабыз!» деген чакырыктарды таштады.

Ал эми «Кыргызстан» партиясынын «Чиновниктердин санын жана текшерүүлөрдү кескин кыскартабыз», «Балага сүйүнчүнү 50 миң сомго жеткиребиз», «Жылына эки млн. турист алып келебиз», «Биздин мигрант - биздин инвестор», «Салыктарды максималдуу кыскартабыз» дегендери да коомчулукта талкуу болду. Мындагы бир карама-каршы жагдай «Салык аз жыйналса, сүйүнчү пулга кайдан акча табылат?» деген суроо болду.

Көпчүлүк аталган партия мындай убадаларды мурдагы шайлоодо да бергенин белгилеп, ага күмөнсүнүү менен карап жатат.

Жарандык активист жана туризм боюнча адис Максат Чакиев кепке кошулду.

Максат Чакиев.
Максат Чакиев.

«"Туристтерди эки миллионго жеткиребиз" дегенин түшүнө алган жокмун. Анткени бизде өзү жылына 3-4 миллиондун тегерегинде, Көчмөндөр оюндары болгондо беш миллионго чейин жетчү. Бул эмне, туристтерди кайра азайтканы жатышабы? Бул партиянын жөлөкпул жөнүндө айтканы, мигранттарды инвестор деп айтканы боюнча да суроолор көп. Сыртта бир миллиондой мигрант жүрсө, ошонун 1% гана инвестор дегенге жооп бербесе, калгандары жанын, үй-бүлөсүң араң багып жүрөт. Баары айлыкка иштейт. Ошондуктан бул ураанды талдоого алыштын деле кереги жок, куру ураандар. Менимче булар парламентте олтуруп түшүндү, «бизге эл ишенбейт, программаларды, ураандарды деле карабайт» дешти, анан апыртып айтышты. Ал эми добушту башка жол менен алууну көздөп жатышат», - деди ал.

Айтылгандарды ким аткарат?

«Биримдик» партиясы болсо элдик «Күч бирдикте» сөзүн өзүнө ыңгайлаштырып, «Күч биримдикте» деп пайдаланды. Партия «Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу», «Социалдык мамлекет куруу», «Айлык акыны, пенсияны, жөлөкпулду жогорулатуу», «Мугалимдердин жана дарыгерлердин кадырлуу ордун калыбына келтирүү» деген чакырыктарды да таштады.

Бирок ошентсе да биринчи кезекте «Евразиялык тандоо», «Евразиялык интеграция», «Евразиялык социализм» деген сөздөргө басым жасады. Ал тургай башкы урааны катары «Кыргызстан – Евразиянын жүрөгү» деп алып чыкты. Ушундан улам да партияны айрымдар Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ), тагыраагы анын башында турган Орусияга жагалдануу аракети катары кабылдагандар болду.

Журналист Мирбек Айтикеев буга мындай баа берди:

Мирбек Айтикеев.
Мирбек Айтикеев.

«Кыргызстанда парламенттин 4-5-6-чакырылыштагы депутаттары партиялык система менен куралды. Бирок ушул аралыкта партиялардын бири да элдин купулуна толуп, иштеп берген жок. Өзгөчө алтынчы чакырылыштагы депутаттарга нааразылык көп болду. Буга биринчи кезекте элге берген убадаларын аткарбаганы себеп болду. Эми кайра эле парламентке аттанып, ар кандай ураандарды айтып, убадаларды берип жатышат. Жаңы партия дегендердин арасында деле ошол эле депутаттар баратат да. Ошол эле «Биримдик» партиясы «Кыргызстан – Евразиянын жүрөгү» деп чыгыптыр. Ооба, географиялык жактан алганда Кыргызстан Евразиянын ортосунда жайгашышы мүмкүн, бирок биз ЕАЭБдин алкагында эмнеге жетише алдык? Беш-он жылдан кийин кандай болобуз деген программабыз барбы? Бул ураанды өздөрүн эл аралык масштабдагы партия катары көрсөтүш үчүн айтып жатышат. Бирок бул жыйынтык чыга турган ураан эмес, бул партия өлкөнү ЕАЭБдин алкагында чыныгы өз алдынча кылууга жеткире албайт».

«Республика» партиясы «Президент институту жок болот!», «Болгону 75 депутат болот!», «16 эмес, 7 гана министр!», «УКМКны жоёбуз!» «Насыялар 5-6% чейин болот» деген девиз менен чыкты. Насыя демекчи, бул партия мурда да ушундай эле убадаларды айтып келген, бирок банктарга кайрылган ишкерлерде бул жагынан кубануу байкалбайт.

«Айтылгандарды аткарчу болочок өкмөт жок»

Биригүүлөрдөн кийин «Жаңы дем!» толкуну менен чыккан «Ата Мекен» партиясы башкы ураанын «Бийиктиктерди багынтабыз!» деп атады. Бул партия саясий системаны өзгөртөрүнө, коррупция менен катуу күрөшөрүнө, чек ара маселесин чечерине, экономикада, билим берүүдө жана саламаттык сактоодо жаңылыктарды киргизерине ишендиргиси келет.

«Реформа» партиясы болсо «Реформа керек», «Кыргызстан – жеңүүчүлөрдүн, билимдүүлөрдүн мекени», «Коррупцияны кескин жоюу жана люстрация», «Мамлекеттик органдарды кыскартуу», «Ар бир аймакка өзүнчө бюджет» деген демилге койду. Бул партия да президенттик кызматты жоюуга, соттук-укуктук реформа жүргүзүүгө жана парламенттин түзүмүн өзгөртүүгө убада берүүдө.

«Келечекти өзгөртөбүз!», «Келечекти бирге куралы», «Биз биргебиз!» деген ураандарды карманган «Замандаш» партиясы мигранттарга байланыштуу жумуштарды көп айтып жатат. Партия Орусияны башкы стратегиялык өнөктөш катары да сунуш кылууда.

Негизинен чек араны бекемдөө, саламаттык сактоону чыңдоо, экономиканы жакшыртуу, турак жай менен камсыз кылуу, мыйзам үстөмдүгү, сөз эркиндиги сыяктуу идеяларды да бардык эле партиялар кошушкан.

Бирок адистер партиялар куру убада айтканы менен аны ким жана кантип аткарат деген суроого жооп бербей жатышканын белгилешет.

«Кыргызстан – Түркия» достук жана маданият коомунун жетекчиси Айбек Сарыгул мындай дейт:

Айбек Сарыгул.
Айбек Сарыгул.

«Эч бир партияда Жогорку Кеңешке кирүүдөн башка, депутаттык креслодон башка дымактуу пландар жок өңдөнөт. Эч бири «өкмөттү биз түзөбүз, премьер-министрибиз бул болот, вицебиз бул болот» дей албай жатат. Премьер менен вице-премьердин депутаттыгы сакталат дегенден кийин эл өкүлү болуп келгендердин ичинен чыга турган болсо келечек өкмөт легитимдүүрөөк болуп, дагы жакшы иш алып бараары айдан ачык. Бирок партиялардан үн жок. Парламентке бара тургандар өкмөттү парламент түзө турганын билишеби же президенттин оозун карап отурганы барышабы? Өнүккөн өлкөлөрдө партиялар «шайлоодо утуп чыксак, бул өкмөт болот» деп айтып, анан кийин ошого жоопкерчилик артат. Ал эми биздин эл өкүлүнө талапкерлер да «парламентке бара көрөбүз» дейби, билбейм, эч бири «шайлана турган болсом ушул комитетте иш алып барам» дебейт. Баары эле өткөн тарых таржымалдарын айтып, эмнеге, кайда, кантип иш кылганы баратканын айтышпайт. Айтылган сөздөр, чакырылган ураандар «тоголок» бойдон. Майдалап айткысы жок өңдөнөт, же эл түшүнбөйт дешеби, же башка конкуренттери уурдап алышат дешеби, түшүнүксүз. «Кыйратабыз, жыргатабыз» дей бербей, кантип кыйратып, жыргатаарын майда чайнап айтып беришсе да жакшы болбойт беле. Реалдуу нерселер айтылбады».

«Чоң Казат» партиясы «Коррупцияга каршы согуш жарыялайбыз!» десе, «Социал-демократтар» мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин 2009-жылкы президенттик шайлоого катышкан учурундагы «Бириксек колдон келет!» деген ураанын кайра көтөрдү.

«Ордо», «Мекен Ынтымагы», «Ыйман Нуру», «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы» жана «Мекенчил» партияларынын ураандары азырынча эл оозуна көп алына элек.

Саясий пиар боюнча адис Азим Азимовдун оюн угалы.

Азим Азимов.
Азим Азимов.

«Адатта саясий партиялар ураандарын бир канча этап менен чыгарат, - деди ал. - Башында айрым сөздөрүн коёт, үгүттүн экинчи толкунунда дагы бирдемелерди айтат, үчүнчү толкунунда дагы жаңы сөздөрдү айтышат. Азыр үгүт жаңы эле башталды, ошого айрым ураандар партиялардын маанайын билдирген экспозициялык гана мүнөзгө ээ. Ошондуктан программалардын көбү эми жарыяланат. Башка жагдай - айрым партиялар беш-он жыл мурдагы ураандарын, программаларын кайрадан айтып жатышат. Аны ар бир партия штабдарда талкуулады да, балким алар «муну аткардык, муну аткара албай калдык, дагы убада кылсак болот» деп, кайра эле ошол идеяларды көтөрүп чыгышкандыр. «Эми шайлап берсеңер, сөзсүз түрдө соңуна чыгарабыз» дегендей болуп жатат. Бул убадаларын ушунча жыл ичинде аткарбаса, аларга дагы ишенсе болобу-болбойбу? Алар аткарбаса деле эле аларды шайлай береби, же шайлабай коёбу? Бул стратегияны биз шайлоонун жыйынтыгы менен биле алабыз».

Борбордук шайлоо комиссиясы 15 саясий партияга шайлоого катышууга укук берди. Партиялардын талапкерлеринин тизмеси мамлекеттик «Эркин Тоо» гезитинин атайын санына жарыялады.

Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан тартып жүрүп жатат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG