Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:39

Партиялар идеологияга жараша бириккен жок


КТРКда буга чейин өткөн шайлоо алдындагы дебаттардын бири.
КТРКда буга чейин өткөн шайлоо алдындагы дебаттардын бири.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата саясий күчтөрдүн биригүү мөөнөтү аяктады.

Баш кошуу жөнүндө чечимдердин негизги критерийи эмне болуп жатат? Партиянын идеологиясыбы же талапкердин кландык, аймактык, материалдык таасири үстөмдүк кылып жатабы? Кыргызстанда көп партиялуулукка негизделген парламенттик башкарууну калыптандырыш үчүн эмне кылыш керек? Ушул ж.б. маселелер жөнүндө «Арай көз чарай» берүүбүздөн кеп кылдык.

Талкууга саясий серепчилер Орозбек Молдалиев жана Алмазбек Акматалиев катышты.

«Азаттык»: - Орозбек агай, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча партиялардын жыйындары болуп, тизмелери такталып, саясий альянстарга биригүү мөөнөтү аяктады. Бул процессте мурдагы шайлоолорго салыштырганда кандайдыр бир жаңы көрүнүштөрдү, парламентаризмди бекемдей турган жакшы саамалыктарды байкай алдыңызбы?

Азыркы партиялардын максаты эмне? Парламентке келип демократияны өнүктүрүү эмес, реформаларды жүргүзүү эмес.

Орозбек Молдалиев: - Кыргызстанда парламентаризмди өзүбүздүн жергиликтүү шартыбыз менен өнүктүрүп жатабыз. Парламентаризм калыптанбай жатат дегенден да пайда чыкпайт. Ал калыптанышы үчүн демократиялык салттар, баалуулуктар өнүгүшү керек. Эл демократиялык жол менен шайлоо өткөрүүнү үйрөнүшү керек. Ага биздин партиялар жол көрсөтүшү керек. Тилекке каршы, 30 жылдан бери Кыргызстандагы өткөн шайлоолор чыр-чатак менен коштолуп келди. Канткен менен 2010-жылдан баштап шайлоо процесттери бир аз нукка түшө баштады. Азыркы партиялардын максаты эмне? Парламентке келип демократияны өнүктүрүү эмес, реформаларды жүргүзүү эмес. Алардын максаты - Жогорку Кеңешке келип, шайлоодо кеткен чыгымдарын өндүрүү алуу, өзүлөрүнүн башка жеке ойлорун ишке ашыруу болуп турат.

«Азаттык»: - Алмазбек мырза, азыркы партиялар идеологиялары менен эмес, кландык, аймактык жана материалдык таасиринин күчтүүлүгү менен биригип жатат деген пикирлер аз эмес. Сиздин оюңуз кандай?

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

Алмазбек Акматалиев: - 2020-жылдын 4-августуна карата Кыргызстандын Юстиция министрлигинде 259 саясий партия катталган. Кыргызстанда ар бир 25 миң адамга бирден партия туура келет. Парламентаризм деген мааниси өтө татаал жана терең түшүнүк. Парламенттин өзөгүн саясий партиялар түзүшү керек. Мен күндөн-күнгө ынанып келе жатам, классикалык мааниден алганда бизде бир да саясий партия жок, алар жаңыдан түптөлүп келе жатат. Анын бир далили - азыркы шайлоодо башка-башка төрт партиянын лидерлери бир партияга биригип шайлоого баратат. Азыркы Жогорку Кеңештин бир фракциясынын жетекчиси башка партиянын аты менен шайлоого аттанууда. Ушул ж.б. мисалдар биз парламентаризмдин биринчи эле кадамдарын басып келатканыбызды далилдеп турат. Биз парламентаризмди калыптандыруудан мурда саясий партияларды турукташтырышыбыз керек. Туруктуу саясий партиялар болмоюнча парламентаризм да калыптанбайт. Ал болбосо партиялык өкмөт да түзүү мүмкүн эмес. Ушул негизден алганда азыр парламентке бараткандарды саясий партиялар эмес, кландык, аймактык, акча ж.б. кызыкчылыктар менен бийликке бараткан топтор десек болот. Ошондон улам биз жыл өткөн сайын парламентаризмди курууга жакындабай эле, алыстап бараткандай сезилет.

«Азаттык»: - Кыргызстандагы саясий партиялар 30 жыл мурда эле түзүлө баштаган. Алар эмне үчүн калыптана албай жатат?

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

Орозбек Молдалиев: - Калыптанбай жатышынын көп себептери бар. Кыргызстан – Конституция боюнча президенттик-парламенттик башкаруунун формасындагы мамлекет. Президентти, парламентти да жалпы эл добуш менен шайлайт, бизде аралаш башкаруу. 2010-жылдагы революциядан кийинки, 5-6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин сапаты төмөндөп келатат. Элдин нааразылыгы да ошондо. Азыркы партиялардын абалы кандай? «Ата Мекен» партиясынын аты менен чыгып жаткан күчтөр өзүнчө эле «винегрет» болуп калды. Либералдык идеядагылар менен социалисттик идеядагылар бириксе демократиясы өнүккөн Европа өлкөлөрүнөн көрөт элек го? Либералдык коом курам дегендер социалисттик партияда орун бар экен десе ошол жакка чуркап барып бириге калып жатышат. Идея эмне экендигин түшүнүшпөйт. Кагазга жазып алган идеологиясын унутуп коюшкан. Партияны түзгөндөрдүн өзүндө саясий маданият жок. Саясий партиялар документтеринде жазып алган идеологияларын парламентке келгенде ишке ашырууга аракет кылганын көргөнүм жок. Калыптанып калган чоң партия – КСДП да бөлүнүп-жарылып жок болду, партиялар түптөлө элек дегенге мисал ушул.

Коомдун каалоосун, тилегин партия лидерлери да байкап турганын сезип жатам.

«Азаттык»: - Алмазбек мырза, азыр коомчулукта кыргыз парламентине жаңы күчтөрдүн, жаңы жүздөрдүн келишин талап кылган маанай күчтүү. Шайлоого аттанган партияларда ошондой көрүнүш барбы же эски күчтөр жаштарды алдыга чыгарымыш болуп, дагы эле өздөрү башкарып жатабы?

Алмазбек Акматалиев: - Учурда парламентке бараткан партиялар коомдо коюлуп жактан талаптарды эске алып, эсептешип жатканы байкалат, бул жакшы жышаан деп эсептейм. Коомдун каалоосун, тилегин партия лидерлери да байкап турганын сезип жатам. Ошондон улам партиялык тизменин биринчи ондугунда, жыйырмасында коомго белгилүү жаңы жүздөрдү, жаштардын өкүлдөрүн кошуп жатышат. Пандемия өлкөдө көп тармакта реформалар зарыл экендигин көргөздү, аны жаңы парламент жасай тургандагын сезип жатабыз. Мезгилдин бул чакырыгын да партиялар туюп жатышат, деп ойлойм. Бирок өзгөрөт десе эле жаштардын, жаңы жүздөрдүн жана улгайган адамдардын эле күрөшү болбош керек, парламентке бараткандарда идеялардын, программалардын, жасай турган реформалардын күрөшү болушу зарыл.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Партиялар идеологияга жараша бириккен жок (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:52 0:00
Түз линк

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG