Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:53

Эл өкүлүнүн тизгинин элге берүү мүмкүнбү?


Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин жаңы чакырылышын шайлоо тууралуу көрнөк.
Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин жаңы чакырылышын шайлоо тууралуу көрнөк.

Шайлоо жаатында эл аралык тажрыйбага да кайрылуу, болочокку депутатты же алардын тобун кайра чакыруунун мыйзамдык механизмин жаратуу абзел. Элмурат Кочкор уулунун кезектеги сереби.

Адаттагыдай эле, быйыл күздөгү парламенттик шайлоодо да айлакердин кылыгы менен мекенчилдин калың катмарды ойготууга болгон аракети күч сынашат окшойт. Жөнөкөй тил менен айтканда, шайлоонун тагдырын «жашыл акчасын» көтөрүп эл аралаган же акчага келечекти сатпоого үндөгөн тараптардын күрөшүнүн жеңүүчүсү белгилейт сыяктанат.

Ачык айтуу керек, «жашыл кагаздуулардын» иши бир топ оңой. Анткени, калың катмардын кыйла бөлүгү аң-сезимдүү түрдө шайлоого катыша турган абалда эмес. Буга алардын экономикалык, психологиялык, педагогикалык таалим, адеп-ахлак ж.у.с. жагдайлары себепкер. Кыскасы, курсагы ач жана жаркын келечектен (дээрлик) үмүтү үзүлгөн кишинин добушун сатып алыш оңой эле иш окшойт... Тилекке каршы, буга коомдук, (балким) укуктук механизмдер да огожо болуп жаткандай.

Ал эми, элди аң-сезимдүү түрдө шайлоого катышууга, туура партияны тандап алууга, акчага алданбоого үндөгөн тараптын иши бир топ эле кыйын. Анткени алар – «Урматтуу шайлоочулар! Акчага алданбаңыздар!» деген кайрылуусунан «акча» деген эле жерине көңүлү бурулган, калган айтылгандарга былк этип койбогон катмардын аң-сезимин ойготууга аттанган жылаңач баатырлар сыяктуу...

Күрөштө жыгылаарын сезип калган бала алдын ала ыйлап жибергендей болуп, бул шайлоодо деле акчалуу жеңип чыгаарын сезип, үмүтсүз ой-толгоолор да алдын-ала айтыла баштады. Өлкөнүн келечегине күйгөн, маселени аңдаган, бирок калың катмарды ойготууда колу буту байланган байкуштар элге кайрылуу жасоо менен гана чектелип олтуруп калды көрүнөт.

Менимче, калың катмар деле акчага алданбай, Жогорку Кеңешке туура кишилерди тандап, парламентти сапаттуу түзгүсү келет. Бирок «Кантип?» деген суроонун жообу бүдөмүк бойдон калып, туура кишини тандап алууда усулдук кризиске кептелип турган кези. Анткени, айталы акчага азыраак алданып, көбүрөөк башты иштетип, туура партия тандаган тагдырда деле, шайлоо бүткөн соң, убадаларын аткарбай койгондорго чара көрүлбөйт... Жалтыратып план-программа түзүп келип, шайлоочуну алдап коюуга толук ыңгайлуу пайдубал бар.

Так ушул сыяктуу абалдан, болочокку кризистен чыгып кетүү үчүн төмөндөгүдөй мыйзамдын кабыл алынышын сунуштагым келет. Эгерде бул мыйзам толук кандуу иштесе, анда шайлоого аттангандар жалган убада берүүгө, чабал иш алып барууга жанаша албайт. Кызмат мөөнөтүнүн ар бир күнүн кылдаттык менен өткөрмөк.

Кайра чакыртып алуу укугу

Кайра чакыртып алуу (recall – рикол) – шайлоо аркылуу мамлекеттик кызматка келген киши же органдын, кызмат мөөнөтү бүтө электе шайлоочулар тарабынан кызматтан алынуусун туюнтат. Бүгүн отуз бешке чукул өлкөдө мындай мыйзам иштеп жатат (АКШ, Канада (белгилүү штаттарында), Германия (11 штатта), Хорватия, Англия, Австрия ж.б.).

Бул мыйзамдын иштөө тартиби өлкөдөн өлкөгө өзгөрөт. Кайра чакыртып алуу укугу, аны колдонууда шайлоочулардын ролу жагынан экиге бөлүнөт экен. Алар: (I) түздөн-түз (тикелей) кайра чакыртып алуу, (II) кыйыр мааниде кайра чакыртып алуу. Түздөн-түз кайра чакыртып алууда жараяндын башталышы да, акыркы чекиттин коюлушу да толугу менен шайлоочу элдин колунда болот. Ал эми кыйыр түрдө кайра чакыртып алууда жараяндын башталышы белгилүү бийлик бутактарынын колунда болот, бирок тийиштүү тараптын кызматтан четтетилиши тууралуу соңку сөз элде болот.

Айтайын дегеним, бул мыйзам ар кайсы өлкөдө ар кандай түрдө иштейт экен. Иштөө тартиби жагынан бир канчага бөлүнөт экен. Булардын бири жогорудагы түздөн-түз жана кыйыр болуп бөлүнүүсү. Сиздер да байкагандай, кыйыр түрдөгү рикол бир топ кемчиликке ээ. Анткени, эл нааразы болгон аткаминерди кызматтан алаарда, кайра эле (бир мааниде) ошол аткаминерлердин таасири астындагы бийлик бутагына көз каранды болуп калышы мүмкүн. Так ошол себептүү риколду колдонгон өлкөлөрдүн басымдуу бөлүгү кыйыр түрдөгүсүн эмес түздөн-түз кайра чакыруу түрүн тандашкан экен.

Албетте, түздөн-түз риколдун да кемчиликтери бар. Бул жолду колдонгондо чебердебесе, кээ бирлери өздөрүнүн саясий атаандашын кулатып түшүү максатында, талап кылынган өлчөмдөгү добушту топтой калып, ат тезегин кургатпай аткаминер алмаштыргычка деле айланып кетиши мүмкүн.

Бирок, бул мыйзамды кабыл алууда толугу менен элдин укугун кыскарткан таризде кылбастан, же толугу менен элдин каалоосуна коюп, жоопкерчиликсиз кадам таштоолоруна пайдубал түзүп бербей турган таризде иштеп чыгуу мүмкүн.

Мисалга, Улуу Британияда кыйыр рикол иштейт экен. Бирок, аныктамага ылайык, мамлекеттик кызматкерди же органды кызматтан алуу жүрүмү автоматтык түрдө башталат жана жетиштүү добуш топтоо менен уланат. Тактап айтканда, аткаминер же мамлекеттик орган мыйзамда белгиленген талаптын белгилүү пайызын аткара албай калган учурда, анын же алардын бир нечесинин кызматтан кетүү жүрүмү автоматтык түрдө башталат экен. Мына ушундайча рикол саясий тараптардын оюнчугу болгондон бир аз кутулат. Анткени, бул жолу эл «Мага жакпады, кетсин!» деген негизсиз жүйө менен рикол укугун колдоно албайт.

Дароо кыстара кетчү нерсе, бул жерде мыйзамда көрсөтүлгөн шарттарды өтө кылдаттык менен, эл менен мамлекеттин кызыкчылыгын тең салмактуу кармай турган абалда белгилөө маанилүү... Алсак, Улуу Британияда айтылуу шарттарды аябай тар туткандыктан (кылмышка аралашып эркинен ажыратылса, тийиштүү мыйзамдарга каршы келгендиги үчүн кызматынан убактылуу оолактатылган деген сыяктуу жүйөөлөр боюнча), бул мыйзам бүгүнгө чейин дээрлик иштебептир.

Чын ыкластуу убада

Бул мыйзам долбоорун кылдаттык менен, бийликтин жарым чылбыры элдин колунда тура тургандай кылып иштеп чыгып, парламенттен өткөрүүнү убада кыла алган партия бар болду бекен?

Эл жалган убададан тажады. Бул убаданы бере алган партия алдыдагы шайлоодо эле эмес, эл менен узак мөөнөттүү ынтымакка келе алат деп ойлойм. Анткени бул «Биз силерди алдабайбыз. Эгер кыңыр ишибизди көрүп калсаңыздар, бизди беш жыл күтүп отурбайсыздар. Ыйык аманатты дароо тапшырып берүүгө кепилдик беребиз», – деген чын ыкластуу убада болмок. Мисалы, Улуу Британиядагы шайлоолордун биринде 3 чоң партия рикол укугун кабыл алып берүүнү убадалашкан жана убагы келип, 2015-жылдын 26-мартында парламетте аны кабыл алышкан экен. Балким, кезек биздикилерге да келип жеткендир...

Жыйынтык

Бул мыйзамды кабыл алып, бирок ишке ашуусун атайылап өтө оорлоштурган өлкөлөр да болуптур. Бул, демек, кайра чакырып алуу жаатындагы укукту шайлоочуга берүү эмес, беримиш болуу гана. Ал эми, бийликтин да, элдин да кызыкчылыгынын тең салмактуулугун кепилдикке алып мыйзам кабыл алынган өлкөлөрдө бул укук оң таасирин бериптир.

Дүйнөлүк тажрыйбада бул мыйзамдын ишке ашуусу сейрек кездешет экен. Анткени, мыйзам кабыл алынган соң, ар ким жоопкерчилигин сезип, ага жеткирбеши түшүнүктүү да. Так ушул себептен улам, бул мыйзамдын кабыл алынып, жөн эле турушунун да оң таасири байкалат деп айтылат. АКШнын 28-президенти, рикол укугунун кубаттуу жактоочусу Томас Вудро Вильсон, кайра чакырып алуу укугунун так ушул таасиринен улам, аны «эшиктин аркасында сунулуп турган мылтык» (gun behind the door) деп атаган экен.

Бул укуктун талкууга чыгышы, көпчүлүккө жетүүсү, өзгөчө эл өкүлдөрүнөн болом дегендердин ага карата мамилесинин аныкталышы, көпчүлүк калайык күткөн же күткүсү келген убадалардын бирине айланышы абзел го деп санайбыз.

Мындай маңыздагы мыйзам долбоорунун болочокку парламенттик чакырылышка убада катары жеткирилиши жана шайлоодон соң чын дилден бул укукту (рикол) элге берүү аракети – парламентке аттанган талапкерлердин абийиринен көз каранды.

Эгерде бул маселени талапкерлер шайлоо өнөктүгү маалында көтөрүп, Жогорку Кеңештин жаңы курамы аны чын дилден иштеп чыгып, мыйзамга айландырса, анда келечегибиз үчүн зор кызмат болмок. Албетте бул озуйпаны жүзөгө ашыруу –– парламентке мүчөлүккө шайланууга аттанып жаткан талапкер үчүн тарыхтын, элдин, парламентаризмдин алдындагы сыноолордун бири болуп калышы ажеп эместир...

Элмурат Кочкор уулу,

Түркия.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG