Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:42

Шайлоо босогосу: чукул кирген долбоорго сын


Жогорку Кеңеште алдыдагы парламенттик шайлоодо шайлоо босогосун 9 пайыздан 7 пайызга төмөндөтүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү. Ага 14-майдагы сессияга катышкан 107 депутаттын, 101и "макул", алтоо "каршы" деген добуш беришти.

Талкууда «Кеч түшкөн мыйзам долбоору эмнеге баарынан эрте каралып жатат?» деп суроо салып, муну жогору жактан берилген тапшырма деп, саясат менен байланыштыргандар болду.

Жыйындын башында эле парламентте "кош стандарттуулукка жол берилип жатат" деп нааразы болгон депутаттар чыкты.

«Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев регламент бузулуп жатат деп спикер менен тармактык комитеттин төрагасын сынга алды. Мыйзам долбоорлору талкууга өзүм билемдик менен чыгарылып жатканына көңүл буруп, бул багытта комиссия түзүүнү сунуш кылды.

«Маселе шайлоо босогосу 5 же 7 пайыз экенинде эмес, регламенттин бузулуп жатканында. Регламент биринчи жолу бузулуп жаткан жери жок».

Спикер Дастанбек Жумабеков регламент бузулду деген сынды четке какты. Бул талкуу учурунда төрага «жакпаса сиздерди эч ким кармабайт» деп айткан сөзү үчүн депутаттардын катуу ур-тепкисине кабылды.

Жогорку Кеңеш: Спикер менен депутаттардын айтышы
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:43 0:00


Мыйзам долбоорун жалпы жыйынга чыгарылганга чейин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети жактырган.

Депутат Мирлан Жээнчороев комитет төрагасы Канат Керезбековду документти шашылыш түрдө киргизди деп айыптады. Анын айтымында, шайлоону 5 пайыз менен өткөрүү сунушталган башка бир мыйзам долбоору декабрдан бери каралбай келсе, бул документ шашылыш киргизилип отурат.

«Мыйзам долбоорун караган туура эмес. Күн тартибинде кечээ да, бүгүн да, эртең мененге чейин жок болчу. Мындай орчундуу маселе комитеттин кароосунда да болгон эмес. Мамлекетке өзгөрүү алып келе турган мыйзам боюнча отурум өткөрүш керек эле. Сиз сурамжылоо жолу менен эле алып келдиңиз. Экинчиден, беш пайыз боюнча ноябрда коомдук угуу болуп, 6-декабрда төрагага, сизге жиберилген. Сиз регламентти сактабай эле бузуп отурасыз. Токтоосуз отставкага кетишиңиз керек. Сиз юристсиз. Регламентти бузуу менен ушинтип мыйзам алып келген уят. Адилеттик үчүн биринчи беш пайызды четке кагыңыз же талкууга коюңуз. Комитетте талкуулап, чечим кабыл алып чыгарсаңыз болмок. Анан жети пайызды деле колдоп берет элек. Бирок регламентти одоно бузуп, алдын ала материал таркатпай, шашылыш түрдө, мурунку демилгечилерге айтпай туруп киргизгениңиз туура эмес».

Шайлоо босогосун беш пайызга түшүрүү каралган мыйзамдар топтомун ар кайсы фракциядан куралган депутаттык топ иштеп чыккан. Алар босого чекти жети пайыз деп белгилөөнү сунуш кылууда. Өз кезегинде Канат Керезбеков Мирлан Жээнчороевге мындайча жооп кайтарды:

«Бул менин жеке демилгем эмес. 22 депутат демилгечи болгон. Бүт фракциянын өкүлдөрү кирген. Ошонун үчөө комитеттердин мүчөлөрү. Алар "апрелден бери каралбай жатат, тез арада каралсын" деген талап койгон. Ошондуктан 11-майда сурамжылоо жолу менен кабыл алынган. Бир нече жолу сиздер менен да сүйлөшкөнбүз, өкмөткө жиберилгенин билгенсиңер. Бул - конституциялык мыйзам. Үч окуудан өтүшү керек. Андан кийин президент караш керек. Биз кечигип атабыз. Мыйзам долбоору фракция лидерлерине да таанышуу үчүн жиберилген».

Алтынбек Сулайманов
Алтынбек Сулайманов

Жыйында документти чукул арада кароого чакыргандар да чыкты. Депутат Алтынбек Сулайманов долбоорду алдыда дагы эки окууда талкуулоо зарылдыгын айтып, аны колдоп берүүгө чакырды.

«Биз - депутаттар демилгечи болгонбуз. Жети пайыз деп баарыбыз сүйлөшүп алып, түшүрүп атсак, бүгүн келип ызы-чуу кылып атасыңар. Анда тогуз пайызды калтыралы. Ошону менен шайлоого баралы. Убакыт аз калды. Үч окуудан үлгүрүшүбүз керек. Териштирүүнүн, өзүбүздү көрсөтүп кыйын болуштун кажети жок. Суроо-жоопту токтотолу. Тогуз же жети пайыз дейли. Эч кандай өзгөртүү киргизе албайсыңар. Маселе муну өткөрүш керек, колдош керектигинде».

2017-жылы парламенттик шайлоонун босогосун тогуз пайызга көтөрүү сунушталганда парламентаризмди өнүктүрүү, партияларды ирилештирүү абзел деген жүйөлөр айтылган. Шайлоо босогосунун жети пайыздык чекке ылдыйлашына каршы чыккан депутат Нурбек Тотонов өз пикирин парламентке адаттагыдай эле олигархтардын келишине шарт түзүлөт деп негиздеди.

«Шайлоонун алдында ылайыктуу болсо эле ушуга алып келгенибиз туура эмес. Жети эмес, тогуз пайыз болгондо жаштар, жаңы күчтөр келет. Мурдагы мыйзам менен эле шайлоого баралы».

Мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири, депутат Талант Мамытов сунушталып жаткан документ кабыл алынса, шайлоонун ачык жана акыйкат өтүшүн шарттай турганын белгиледи.

«Тогуз пайызда албетте аз партия өтөт. Жети пайызда көбүрөөк келет. Көп партия келсе саясий плюрализм болот. Атаандаштык болуп, демократия өнүгөт».

Буга чейин жарандык коом, «Ата Мекен», «Бүтүн Кыргызстан», «Ак Шумкар», «Улуттар биримдиги» партияларынын өкүлдөрү да парламентке өтүү чегин азыркы 9 пайыздан ылдыйлатуу боюнча бир нече жыйындарды өткөргөн. Анда чекти үч пайызга чейин түшүрүү сунуштары да айтылган. Тогуз пайыздык босого менен парламентке административдик жана финансылык ресурска ээ болгон тараптар гана келип, жалпы коомчулуктун пикири эске алынбай калат деген ойлор ортого салынган. Бул келечекте саясий туруктуулукка кедергесин тийгизип, азыркы бийликке коркунуч туудурары сөз болгон.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы мүчөсү Ишенбай Кадырбеков пайыздык чекти өзгөртүү аракети тууралуу төмөнкүдөй көз карашта.

Ишенбай Кадырбеков
Ишенбай Кадырбеков

«Кеп жети же тогуз пайызда эмес, - деди ал. - Маселенин баары депутаттарды ким шайлайт деген суроодо турат. Анткени элди шайлоо укугунан ажыратып коюшту. Баш мыйзамда «эл ыйгарым укугун Жогорку Кеңештин депутатына берет» деп турат. Ал эми шайлоо мыйзамында «эл партияга добуш берет» деп жазылган. Демек, ким депутат болорун эл эмес, партия лидерлери чечип калды».

"Азаттык" бул багытта Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Зайнидин Курмановдун да оюн укту.

"Шайлоо босогосу жаңы, перспективдүү күчтөргө жолтоо болбого тийиш. Аларды басып койбой, тескерисинче жардам бериши керек. Бизде шайлоо босогосу 5 пайыздан 7 пайызга, андан кийин 9 пайызга жогорулаган. Анткени партиялар бийликти менчиктештирип, эч кимди киргизбөөнү каалашкан. Атамбаев жана анын КСДП партиясынын иши оңунан чыкпай калгандан кийин бул партияларда ишеним жоголду. Ошентип алар Жогорку Кеңешке баруу үчүн босогону азайтуу аракетин көрө башташты. 7 пайыз аларга мындай мүмкүнчүлүктү берет. Башкаларга дагы. Эгер шайлоо Батышта болсо азыркы партияларда мүмкүнчүлүк болмок эмес. Бирок бул Кыргызстан. Бизде шайлоочулардын жоопкерчилиги жок. Туш келди добуш бере беришет. Бир чети эл партиялардын ортосунда айырманы көрүшпөйт да. Ошондуктан шайлоо босогосу маселе чечпейт. 9 пайыз болсо пайдасы жок 2-3 партия, 7 пайыз болсо 5-6 партия, 5 пайыз болсо 7-8 партия келет. Алар партия эмей эле кадрлары, стратегиясы, планы жок чөйчөк сыяктуу".

Быйыл 20-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда партиялардын парламентке өтүшүнүн босого чегин тогуз пайыз кылууга саясий күчтөр даяр эмес деген пикирин айтканы бар. Жогорку Кеңеш отурумунда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев шайлоо босогосун жети пайызга чейин төмөндөтүү боюнча демилгени президенттин ушул сөзүнө байланыштырды.

«Биз беш пайызга чейин түшүрүү тууралуу мыйзам долбоорун 6-декабрда бергенбиз, сиз аны 20 күндөн кийин гана тийиштүү комитетке жөнөттүңүз. Ал эми булардын жети пайызга түшүрүү тууралуу мыйзам долбоорун сиз үч күндө комитетке жибердиңиз. Эмне үчүн андай эки башка мамиле жасалды?».

Талкуу маалында шайлоо жакындаганда тиешелүү мыйзамдарды өзгөртүүгө тыюу салуу тууралуу сунуш көтөрүлдү. Депутат Төрөбай Зулпукаров чекти ылдыйлатуу аракетин чеки кадам деп эсептеди.

"Шайлоого бир жыл калганда "Шайлоо жөнүндө" кодекстин өзгөрүшүнө тыюу салышыбыз керек. Өзүбүзгө ыңгайлаштыра берсек, адилеттик болбойт. Босогону жети пайызга түшүрүүнү биз эмес, кийинки парламент караса болот эле. Өзүбүз көтөргөнбүз, эми өзүбүз түшүргөнү атабыз".


14-майда биринчи окуудан өткөн документ "Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору деп аталат. Биринчи окуудан кийин ал экинчи жана үчүнчү окууга киргизилиши керек. Демилгечи депутаттар аны 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген шайлоого чейин кабыл алууга далалат жасашууда.

Долбоор 7-февралда коомдук талкууга чыгарылган. Кыргызстанда 2010-жылы шайлоо босогосу беш пайыз болчу. 2015-жылдагы шайлоо алдында жети пайыз, 2017-жылы тогуз пайызга көтөрүлгөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG