Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:11

Алдыдагы парламенттик шайлоо айырмалуу болоор бекен?


Өткөндөгү шайлоо өнөктүгүнөн бир элес. 30.9.2015.
Өткөндөгү шайлоо өнөктүгүнөн бир элес. 30.9.2015.

Коомчулук соңку бир канча айдан бери акчанын куну учуп, бардык нерсе кымбаттаганына кыжалат болуп жашап келаткан. Бирок, бул кымбатчылыктын жанында арзандаган нерселер деле болбой койбоптур. Албетте, бул арзандоолор элди кубантып-кубантпагандыгы башка маселе... Көрсө, өзгөчө пандемия маалында, кишинин баркы, атуулдун ден соолугунун, келечегинин, кыялдарынын, укугунун наркы түшүп, өзгөчө саясий баарлашуунун, элге кылынган убадалардын наркы арзандап кеткен экен...

Арзан риторика

Тилдин учунда айтылган сөздөр менен элге үмүт сатып келген саясий соодагерлер билекти түрө баштады окшойт. Шайлоого жакындаган сайын саясий фигуралардын ар кыл таланттарына күбө болуп жатабыз. Айлакерлик боюнча шайтандын оозун ачырган бул кылыктардын алдында: «Көрсө, кандай гана казыналарды ичинде катып жаткан экен, чиркин!» дебей коюу мүмкүн болбой калат экен.

Кечээ эле өлүмү менен өмүрүнүн ортосундагы аралыгы кыскарып, кепинин колтукка кыса жүрүп калганда, элге жардам берүүдөн жаа бою качкандар, бүгүн эл кайрадан керек болуп, кантип сөз баштаарын билбей олтурушса керек. Негизи бул көрүнүштөр жат эмес. Жеке оюм боюнча, кыргыз коомчулугу ар шайлоодо окшош эле айлакерликтин курмандыгы болуп келет.

«Кадимки адам бир кылган катасынан сабак чыгаруусу жана ал катага кайра түшпөөсү зарыл.» деген мааниде, Мукамбет пайгамбар: «Мусулман бир жыландын ийининен (өзүн) эки жолу чактырбайт», – деп насаатын айткан экен. Же жылан чакканын сезбей калып жатабызбы, же жыландын чакканы бара-бара жага баштаганбы, айтор, калың катмар оңой менен сабак алчудай эмес.

Так ушул себептүү, «алдыбыздагы шайлоодо туура кишилерди тандай алабызбы, же дагы деле акчалууга алданабызбы?» деген маанидеги сарсанаа көпчүлүктүн көөдөнүндө тургансыйт. Шайлоонун сасык оюнунан улам кыргыздын жаркын келечегин туңгуюкка кептелип жатканын аңдап турган азчылык менен жашыл кагазды көргөндө жамы журтту унуткан кээ бир катмарлардын ортосундагы баарлашуунун сапатына карап, алдыбыздагы шайлоонун тагдыры чечилчүдөй...

Саясий адеп-ахлак

Калыңдаган катмарлардын ар дайым алданып, аң-сезимдүү түрдө шайлоого катыша албагандыгынын бир топ себебин санап өтүү мүмкүн. Бирок, биз бүгүн бул жерде саясий адеп-ахлак менен байланыштуу жерине кыскача токтололу.

Тарых философиясынын, коомдук антропологиянын атасы катары таанылган Ибн Халдун 600 жыл мурда, бир коомдун чөгүшүнүн 10 себебин атап өткөн экен. Алардын бири – үмүтсүздүк. Үмүтсүздүккө кабылган кишиге келечектен сөз кылуу, ага ынандыруу оңойго турбашы баарыбызга маалым.

Ибн Халдун «география – бул тагдыр» деп дагы башка жерде белгилеп өткөн... Кыязы, биз жашаган чөлкөмдөрдө бийлигин шайлаганы деле оппозициясын шайлаганы деле бушайман боло берип, «туура кишини тандап алуу» дегендин өзү утопияга айланып бараткандай. Саясий адеп-ахлактын түзөлүшү аркылуу гана элдин бийликке болгон ишенимин арттыруу мүмкүн. Бул үчүн алгач маселенин ички жүзүн так аныктоо жана так ошол себептер менен күрөшүүгө көңүл буруу зарыл.

Бул үмүтсүздүктүн жаралып калуусун шарттаган эң чоң себеп катары жиктешүү жана саясий маанидеги дурустуктун жетишпестигин эсептейм.

Жиктешүү

«Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн», «Жаман болсо да өзүбүздүн короодон кочкор салабыз» деген түшүнүктөр реалдуу кадамдардын маңызын туюнтуп, теңдик, адилеттүүлүк, баарына бирдей мүмкүнчүлүк деген түшүнүктөр тилдин учунда калган жерде жиктешүү аябай өнүгөт. Бул болсо, албетте, үмүтсүздүккө алып келет.

Айтмакчы, ойчул Ибн Халдун бир коомду туңгуюкка кептеген 10 себептин дагы бири катары кесипкөйлүктүн баркталбаганын да атап өткөн экен. Академик чемичке сатып кала жаздаган же сабатсыз, чоң муштум акчалуу пенделердин садакасына дээрлик күнү түшүп калган чөлкөмдө ак-кара дебестен, күч кайсы тарапта болсо, ошол тарапка ыктап калуу / жиктешүү мыйзам ченемдүү нерсеге айланат окшойт.

Саясий дурустук

Бүгүнгө чейин шайлоо алдында өтө көп сөздөр убада катары айтылып келди. Көбүнесе орундалбаган убадалардан эл чарчагандай сезилет. Эң кызыгы – шайлоо алдында берилген убадалардын аткарылып-аткарылбагандыгын көзөмөлдөгөн, балким, чара да көргөн механизмдин дээрлик жоктугунда. Кыскасы, адаттагы эки жүздүүлөр эшеги ылайдан өткүчө башкача болуп турууга мажбур болсо, биздин айрым саясатчылар минип бараткан эшектин алдынан такыр эле ылай чыкпачудай система иштеп жаткандай сезилет...

Дурустукка сыйбаган дагы бир чоң кемчилик –– ачык-айкын сын-пикир айтуу маданиятын өнүктүрө албагандыгыбыз. Сын-пикирди туура айтууну, аны туура кабыл алууну үйрөнүү – өнүгүүгө өбөлгө болорун түшүнүү кыйынга турбайт деп ойлойм.

Менин жеке байкоомо караганда, Кыргызстанда кандайдыр бир мамлекеттик уюмга жумушка орношуу деген – өзүнүн уюмундагы кемчиликтерге карата сокур, дүлөй жана тилсиз болууну талап кылгандай. Кыскасы, эмне болгон күндө да тийиштүү уюмдун номур биринчи кишисинин мансапка болгон сүйүүсү үчүн канча нерсе садака чабылса да, жарай берчүдөй түшүнүк ээлик кылып калган окшойт.

Мындай жерде иштин ички жүзү, чыныгы маңызы чагылдырылбашы анык. Мисалга, бир министрликте эмгектенген кызматкерлердин эч биринен тийиштүү министрдин же министрликтин иш-аракетине карата сын айтылбай калгандыгы, албетте, шек-күмөн туудурат. «Баары жакшы, кыйратып жатабыз, дагы да кыйратабыз, эч кандай ката кеткен жок», – деген кабарлар жаңырып турган мекемеге, – сын айтканды атайылап кечирим суратышкан маалда, – ким ишеним арта алмак эле?

Бийлик менен элдин мамилесин шал кылган мындай терс көрүнүш мамлекеттик эң жогорку макамдарга жетип барганы кейитет. Парламенттин башынан «...акыркы эки ажонун бир капкара, бири аппак...» деген ойдун жаңырышы элдин ишеними менен бийликтин ортосундагы ажырымдын али азайбай тургандыгынан кабар берет деп ойлойм. Анткени мынтип айтканы, жалган айтып жатканын даана көрсөтүп турат.

Бул дүйнөдө Кудай тандаган пайгамбардын да кемчилиги болгон, ал эми чакан мөөнөткө өкүлчүлүк кызматты аткарууга шайланган аткаминер же төбөл тууралуу: «...ал кишинин кемчилигин көрө албадым», – деген кепке ким ишенет? Мамлекеттин эң жогорку мартабаларынын өз ара диалогу рационалдуу фактыларга эмес, куру чечендикке, арзан риторикага таянып калган ар кандай өлкөнүн коому туңгуюкка кептелет жана бул абал бийликке болгон үмүтсүздүктү күчөтөт.

Ислам тарыхына көз салсак, Мукамбет пайгамбар дүйнөдөн кайткан соң халиф Абу Бакир бул кызматка көтөрүлүп жатканда, жакындарынан бир сөз алат. Ал: «Эгер туура жолдо болсом – жанымда туруп, ал эми туурадан адашсам – мага каршы турууга сөз бересиңерби?» деп сурайт да, жакындары Абу Бакирдин бул шартына макул болгон соң гана, ал халифтик озуйпаны аткарууга киришкен дешет. Абу Бакирдин бул тарыхый антташуусу бизге да таасын сабак болуп берет деп ишенгим келет.

Жыйынтыктап айтканда, бийлик элдин өзүнө болгон ишенимин арттырууга, өлкөнүн саясий иш-аракеттерине аң-сезимдүү түрдө катышуусуна өбөлгө түзүү максатында, саясий дурустукту жандандырууга, ал эми жиктешүүнү азайтууга чындап эле кызыктар болуп-болбогондугу – күздөгү шайлоонун бурмаланаар-бурмаланбасынан айгинеленет окшоп калды.

Ал эми айрым талапкерлердин: «Биз өлкөнү өнүктүрөбүз, элдин бийликке болгон ишенимин кайра алып келебиз», – деген убадалары курулай эместигине ынануу үчүн «буга чейин эмне кылууга үлгүрдүңүз?» деп суроо салып, айрым эскилерден көрө шайлана элек жана жаңы идеялуу инсандарды шайлоо түзүкпү деп ойлоп кетем.

Элмурат Кочкор уулу,

саясат таануучу, дин таануучу.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG