Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:15

Кордолгон Конституция, же мыйзам талаасындагы мыйзамсыз иш-аракет


Укукка кош мамиле. Т.Карыкеевдин азил сүрөтү. 2011-жылдын 7-марты.
Укукка кош мамиле. Т.Карыкеевдин азил сүрөтү. 2011-жылдын 7-марты.

Кыргызстандагы укукчу илимпоздордун бири, профессор Урмат Аманалиев өлкөнүн Жогорку Кеңеши 22-октябрда бир күндө 3 окууда чукул кабыл алган конституциялык мыйзам делген документке өзүнүн адистик талдоосун сунуштайт.

Макала мазмуну жаатында алгы сөз

Макалада “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына талдоо жүргүзүлдү. Автор кабыл алынган конституциялык мыйзам Конституциянын ченемдерине каршы келе тургандыгын кенири талдоого алган. Мында негизинен Кыргыз Республикасынын Конституциясы эң жогорку күчкө ээ болуу менен коомдогу бардык укуктук мамилелердин негизги жөнгө салуучусу катары таанылат. Макалада конституциялык мыйзамдын кабыл алынышы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине карата шайлоонун өтүшүнүн токтотулушу, конституциялык реформанын өткөрүлүшү сыктуу аракеттердин легитимдүүлүгү дагы каралган.

Ошондой эле автор, макалада, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын кабыл алган чечимдерине дагы токтолгон. БШКнын чечимдеринин негизинде 2020-жылдын 6-октябрында Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы (мындан ары БШК) 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тааныгандыгын дагы эске алган. Ошондон улам, БШК 2020-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрадан шайлоо өткөрүү күнүн 2020-жылдын 20-декабрына белгилегенин, бирок 22-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан Конституцияга каршы келген мыйзам кабыл алынгандыгын белгиленген.

Мындан тышкары автор Кыргыз Республикасындагы кабыл алынуучу укуктук ченемдик актылар атайын бекитилген, кабыл алынган укуктук ченемдердин негизинде ишке ашырылаарына дагы токтолгон. Мындай ченем 2011-жылдын 25-ноябрында кабыл алынган №223 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши регламенти жөнүндөгү» мыйзамда, 2009-жылдын 20-июлунда кабыл алынган № 241 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленгендигин автор баса көрсөткөн.

Жогорку Кеңеш да жайгашкан Ак Үйдү ыктыярчылар кошууну кайтарууда. 2020-жылдын 7-октябры.
Жогорку Кеңеш да жайгашкан Ак Үйдү ыктыярчылар кошууну кайтарууда. 2020-жылдын 7-октябры.

Шайлоо – демократиялык тандоо каражаты

Шайлоо - бул демократиялык мамлекетте элдин бийлигин ишке ашыра турган форма. Шайлоонун жыйынтыгы менен 2020-жылдын 5-октябрында элдик толкундоо болуп өттү. Болуп өткөн окуялардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын Президенти мөөнөтүнөн мурда өз арызы менен кызматынан кетти, Жогорку Кеңештин төрагасы алмашты, ал эми Кыргыз Республикасынын премьер–министри кызматын тапшырды. Мунун бардыгы колдонуудагы Конституциянын, конституциялык мыйзамдардын жана мыйзамдардын алкагында жүргүзүлдү.

Бүгүнкү күндө мамлекеттик бийлик органдарынын аткарып жаткан ыйгарым укуктарынын жана аткарган функцияларынын легитимдүүлүгү чоң маселелерди жаратууда.

2020-жылдын 6-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тааныды. Ошондон улам, БШК 2020-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрадан шайлоо өткөрүү күнүн 2020-жылдын 20-декабрына белгиледи. Мындай чечим Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы №68 «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 38- жана 64-беренелерине таянуу менен кабыл алынды.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) имараты. 2020.
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) имараты. 2020.

Конституциялык мыйзам долбоору

2020-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А. Жапаров, Т. Мамытов, К. Исаев, Ө. Текебаев, И. Өмүркулов, А. Сулайманов, Ж. Турускулов, Н. Алимбеков, Ө. Бакировдор тарабынан сунушталган “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын долбоору кабыл алынды.

Мыйзамды кабыл алуунун негизги максаты – өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулукту, эпидемологиялык жана аны менен байланышкан экономикалык кырдаалды, калктын шайлоо жүрүмүнө болгон ишенимди жогорулатуу.

Жаңы кабыл алынган Конституциялык мыйзам боюнча «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоолор жөнүндөгү» 2011-жылдын 2-июлундагы №68 Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 38- жана 63-беренелериндеги ченемдердин иштөөсү конституциялык реформа бүткөнгө чейин токтотула турары каралган.

Жаңы конституциялык мыйзам Баш мыйзамга шайкешпи?

Кабыл алынган жаңы Конституциялык мыйзамды теориялык, илимий-укуктук негизде анализдөө менен легитимдүүлүгү кандай, укуктук актыларга карама-каршы келбейби - деген суроолор пайда болду. Бул суроолорго жооп берүү үчүн төмөндөгү укуктук актыларга талдоо жүргүздүк.

2009-жылдын 20-июлунда кабыл алынган № 241 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 2-беренесиндеги каралган түшүнүктөр боюнча «ченемдик укуктук акт – бул ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (кызмат адамынын), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын компетенциясынын чегинде же болбосо референдум аркылуу кабыл алынган (чыгарылган), укук ченемдерин (укуктук ченемдерди) белгилөөгө, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган, аныкталган формадагы расмий документ».

Юридикалык адабиятта ченемдик укуктук акты түшүнүгү укук булактары менен байланыштуу чечмеленет. Белгилүү окумуштуу С.С. Алексеевдин оюнча, «ченемдик акт – укук ченемдердин бирден-бир булагы” деп карала алат.

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинде ченемдик укуктук актынын төмөндөгүдөй түрлөрү каралган.

1. Конституция;

2. Конституциялык мыйзам

3. кодекс;

4. мыйзам;

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы;

6. Жогорку Кеңештин токтому;

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому;

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому;

9. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому;

10. жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын токтомдору.

Кыргызстандын Башмыйзамы.
Кыргызстандын Башмыйзамы.

2020-жылдын 22-октябрындагы Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндөгү” ченемдик укуктук акт – конституциялык мыйзам болуп саналат.

2009-жылдын 20-июлунда кабыл алынган № 241 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык «конституциялык мыйзам – бул Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген тартипте жана анда белгиленген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук акт».

Ченемдик укуктук акт жөнүндөгү мыйзамдын 6-беренесинде каралган иерархиялык жайгашууну эске алсак, тепкич башында конституциядан кийин эле конституциялык мыйзамдар турат.

Демек, быйыл 22-октябрда кабыл алынган жогорудагы мыйзам конституциялык мыйзам болгондуктан, калган бардык мыйзамдар ушул мыйзамга карама-каршы келбеши керек.

Ченемдик укуктук акт маселеси

Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинде ченемдик укуктук актылардын мыйзамдуулугун камсыз кылуучу ыкмалар каралган. 7-беренедеги ыкмалардын ичинен биринчилерден болуп ченемдик укуктук актыны белгиленген тартипте кабыл алуу усулу айрыкча саналат.

Ченемдик укуктук актынын бирден-бир өзгөчөлүгү – таасын аныкталган тартипте даярдоо, кабыл алуу, жарыялоо жана анын күчүнө кирүүсү менен байланыштуу.

Айтмакчы, ченемдик укуктук актыны жаратуунун өзгөчөлөнгөн технологиясы бар. Технологиядагы ырааттуулуктун колдонулушу укук системасында жаңы расмий түрдө колдонуулуучу актыны жаратат. Мындай тартип Кыргыз Республикасынын Конституциясында, конституциялык мыйзамдарда, мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда камтылган.

Мыйзам чыгаруу жаатындагы бекитилген укук жаратуучулук процедураны сактоо – бул мыйзамдуулукту ырааттуу сактоонун жана даярдалган ченемдик актынын колдонулушундагы натыйжалуулукка жетишүүнүн милдеттүү шарттары.

Жогорудагы белгиленген негиздерге ылайык, Кыргыз Республикасындагы кабыл алынуучу укуктук ченемдик актылар атайын бекитилген, кабыл алынган укуктук ченемдердин негизинде ишке ашырылат.

Мындай ченем 2011-жылдын 25-ноябрында кабыл алынган №223 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөгү» мыйзамда, ошондой эле 2009-жылдын 20-июлунда кабыл алынган № 241 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген.

Кыргыз мыйзамдары көчүрмөбү?
Кыргыз мыйзамдары көчүрмөбү?

Парламенттин ишмердиги да мыйзамга байланууга тийиш эле

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөгү» мыйзамдын 4-беренесине таяна турган болсок, Жогорку Кеңеш өзүнүн мыйзам чыгаруучу ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламентин жана башка ченемдик укуктук актыларды сактоо принциптеринин негизинде иш алып барат.

Баш мыйзамды өзгөртүүгө жол ачкан парламент
please wait

No media source currently available

0:00 0:26:27 0:00

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 22-октябрында кабыл алынган конституциялык мыйзам жогоруда саналып кеткен мыйзамдарда көрсөтүлгөн укук жаратуучулук процедураларды сактабастан кабыл алынгандыгын таасын айтууга аргасызбыз.

Алсак, 2011-жылдын 25-ноябрында кабыл алынган №223 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөгү» мыйзамдын 55-беренесинин 4-бөлүгү боюнча Конституцияга, конституциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору жана мамлекеттик чек араны өзгөртүү тууралуу мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан кеминде үч окууда кабыл алынат деп белгиленген.

Мыйзамдын ушул эле беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык, регламентте каралган учурларды кошпогондо, мыйзам долбоору боюнча ар бир окуунун ортосундагы убакыттын аралыгы 10 жумушчу күндөн кем эмес болушу керек жана 30 жумушчу күндөн ашык мөөнөткө созулушу мүмкүн эмес деп көрсөтүлгөн.

Эгерде кабыл алынган мыйзам Конституциялык мыйзам экендигин эске ала турган болсок, анда «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөгү» мыйзамдын 55-беренесинин 4- жана 9-бөлүмдөрүндө процедуралар сакталбай калганын баамдоо кыйын эмес.

Конституциялык мыйзам – Конституцияга каршыбы?

Эми жогорудагы маалыматты кыскача жыйынтыктасак.

Биринчиден, 22-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган конституциялык делген мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинде каралган ченемдерге каршы келет.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренеси боюнча Конституция эң жогорку күчкө ээ жана ал Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонулат. Конституциянын эң жогорку юридикалык күчкө ээ экендиги жана анын Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонуларлыгы мамлекеттин көз карандысыздыгын камсыз этүү үчүн зарыл шарт болуп эсептелет.

Айтмакчы, укук адистеринин да эмгектеринин бирине кайрылсак, К.М. Осмоналиев, Т.А. Жумабекова түзгөн «Кыргыз Республикасынын Конституциясына илимий–практикалык түшүндүрмөдө»: «Уюштуруучу мүнөздөгү акт жана мамлекеттин башкы мыйзамы катары, ал негизги коюлуучу, базалык мамилелерди орнотуу менен Кыргыз Республикасында кабыл алынуучу бардык мыйзамдар менен ченем актыларынын төп келүүсүн талап кылат», – деп каралган.

Жогорку Кеңештин төрагасы, "Кыргызстан" фракциясынын жетекчиси Канат Исаев. 2020-жылдын 21-октябры.
Жогорку Кеңештин төрагасы, "Кыргызстан" фракциясынын жетекчиси Канат Исаев. 2020-жылдын 21-октябры.

Экинчиден, Кыргызстандын Конституциясы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары беш жылдык мөөнөткө гана шайланат. Жогорку Кеңештин депутаттары 2015-жылдын 28-октябрында ант беришкен. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары беш жылдык мөөнөткө каралган.

Буга карабастан, Конституцияда каралган ченемдерге түздөн-түз каршы туруп, Жогорку Кеңештин депутаттары конституциялык мыйзамды кабыл алуу менен алдыдагы боло турган конституциялык реформага барышууда.

Жогорку Кеңеш тарабынан конституциялык реформа бир гана легитимдүү жол менен келген эл өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлөт.

Азыркы кырдаалга мезгилдик жана укуктук жактан сересеп салчу болсок, анда БШК тарабынан 2020-жылдын 20-декабрына белгиленген парламенттик шайлоону эч токтотпостон, БШК көрсөткөн күнү кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүп, анын натыйжасында куралган Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын депутаттары Конституциянын 114-беренесине таянып конституциялык реформаны жүргүзүүнү баштоону өз отурумунун күн тартибине киргизсе, бул –– мыйзамга ылайык болмок.

Үчүнчүдөн, Конституциянын 5-беренесиндеги 3-бөлүмдүн негизинде мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпайт.

Ушул ченемге байланыштуу Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын Констиуциясынын 74-беренесинде каралган гана укуктардын негизинде мыйзамдарды кабыл алат дегенди билдирет.

Демек, 2020-жылы октябрдын соңунда мөөнөтү аяктап жаткан Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын депутаттары Кыргызстандын Конституциясында каралган ыйгарым укуктарынын негизинде конституциялык делген мыйзамды кабыл алуу менен БШК тарабынан белгиленген 20-декабрдагы Жогорку Кеңештин шайлоосун кайра өткөрүүнү токтотуу тууралуу ченемди кабыл алгандыгы – парламенттин ыйгарым укуктарынын алкагынан бул депутаттар чыгып кетиштиби же жокпу? деген суроо келип чыгат.

Жогорку Кеңештин азыркы мөөнөтү аяктап калган курамы тарабынан ушундай укуктук ченемдин кабыл алынышынан соң, алардын бул кадамынын мыйзамдуу же мыйзамдуу эместиги, Конституциянын 5-беренесине ылайык мамлекеттик орган катары ыйгарым укуктарынын алкагында иш алып барып жатабы же ал алкактан чыгып кеттиби? деген суроо коомчулукта да, укук адистеринин чөйрөсүндө да кызуу талкууга алынууда.

Биз бул суроого, албетте, “жок!” деп жооп узатабыз, себеби БШК кайрадан парламенттик шайлоону өткөрүү күнү тууралуу өзүнүн мыйзамдуу чечимин «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоолор жөнүндөгү» конституциялык мыйзамдын 38- жана 63-беренелерин эске алуу менен кабыл алган болчу.

2011-жылдын 30-июнундагы кабыл алынган №63 «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 18-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын өз ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган чечимдери мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын, саясый партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын кызмат адамдары, талапкерлер, демилгечи топтордун мүчөлөрү, шайлоочулар, референдумдун катышуучулары, ошондой эле төмөн турган шайлоо комиссиялары үчүн милдеттүү экендиги каралган.

Демек, бүгүн Жогорку Кеңештин мөөнөтү бүтүп жаткан чакырылышынын депутаттары мамлекеттик орган катары Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кабыл алган чечимди аткарууга өзүнүн милдеттүү экендигин тааныган жок; тескерисинче, мөөнөтү бүтүп жаткан Жогорку Кеңештин курамы быйыл декабрда кайра өткөрүлөөрү БШК тарабынан белгиленген Жогорку Кеңештин шайлоосун токтотуу тууралуу жана конституциялык реформаны өткөрүү тууралуу конституциялык мыйзамды кабыл алуу менен өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чаап кеткен кадамга барды.

БШКнын чечимин БШК өзү же сот гана жокко чыгарат деп ушул эле мыйзамдын 18-беренесинин 12-бөлүгүндө көрсөтүлгөн. Чечимди жокко чыгаруу да жүйөөгө негизделиши керек: эгерде БШКнын Конституцияга, аракеттеги мыйзамдарга карама-каршы келген же белгиленген ыйгарым укуктардан аша кетүү менен кабыл алынган чечимдери бар блсо, анда бул чечимдер БШКнын өзү тарабынан же сот тартибинде жокко чыгарылууга жатат; бул жагдай аракеттеги мыйзамда таасын каралган.

Эгерде БШК же, мыйзамда көрсөтүлгөндөй, кайсы бир сот органы, буга чейин кабыл алынган БШКнын чечимин жаңыдан кабыл алына салган конституциялык мыйзамдын негизинде жокко чыгара турган болсо, анда бул сыяктуу жокко чыгаруу чечими Конституцияга же аракеттеги мыйзамдарга каршы келет.

Төртүнчүдөн, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндөгү» конституциялык мыйзамда жаңы милдеттер жана жоопкерчиликтер каралып жаткандыгы эч талашсыз.

Ушул жерден айрыкча баса белгилей кетелик: Кыргыз Республикасынын Конституциянын 6-беренесинин 5-бөлүгү боюнча жаңы милдеттерди же оордотуучу жоопкерчиликти белгилөөчү мыйзам же башка ченемдик укуктук акты өткөн мезгилге карата колдонулбайт.

Демек, кабыл алынган мыйзамдын 3-беренесинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайра шайлоо же Жогорку Кеңештин депутаттарына жаңы шайлоону өткөрүү конституциялык реформадан кийин гана болот деген ченем каралган. Бул жерде милдеттер, ошондой эле жоопкерчилектер каралып жаткандыгы белгилүү.

Мындан тышкары 2009-жылдын 20-июлунда кабыл алынган № 241 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акт жөнүндөгү” мыйзамынын 9-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацында мындай деп көрсөтүлгөн:

Жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү, жарандарга, юридикалык жактарга жаңы жоопкерчиликтерди жүктөөчү, же болбосо алардын абалын начарлатуучу ченемдик укуктук актылар артка карата колдонулбайт”.

Демек, мезгилдик жактан алганда, Жогорку Кеңештеги кабыл алынган укуктук аракет бир күн мурдараак болсо да БШК тарабынан кабыл алынган чечимге эч бөгөт боло албайт.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Г.Джурабаева 23-октябрга карата Жогорку Кеңешке өтө турган кайра шайлоого 15 партия катыша тургандыгы тууралуу билдирүү бергендигине токтолуп, бирок учурда БШК кандай чечим чыгара тургандыгы түшүнүксүз экендигин айтты.

Себеби БШК үчүн өзү тарабынан кабыл алынган чечимди жокко чыгаруу аракети да, ошондой эле, кайрадан өтүүчү Жогорку Кеңештин шайлоосуна катыша турган 15 партиянын документтерин кантип, кайсыл негизде партияларга кайтарып бере тургандыгы тууралуу процедура да – мыйзамсыз болмокчу; ал эми 22-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган конституциялык мыйзамдын өзү Конституцияга каршы келип жатпайбы!

Профессор Урмат Аманалиев.
Профессор Урмат Аманалиев.

Ошондон улам, корутундуласак, 22-октябрда чийки кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндөгү” конституциялык мыйзам –– өлкө жарандарынын, жалпы шайлоочулардын жана декабрда белгиленген парламенттик кайра шайлоого катышууга белсенген саясий партиялардын укуктарын мыйзамсыз түрдө одоно бузууга багытталган ченемдик укуктук акт экендиги талашсыз.

Урмат Олжобекович Аманалиев,

юридика илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын профессору.

Ред.:

Талданган маселенин олуттуулугуна байланыштуу макаланын илимий мүнөзү жана көлөмү дээрлик толук сакталды.

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG