Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

БШК парламенттик шайлоону жылдырууга каршы


БШКнын алдындагы митинг. БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев тарткан сүрөт. Бишкек шаары. 26-октябрь, 2020-жыл.
БШКнын алдындагы митинг. БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев тарткан сүрөт. Бишкек шаары. 26-октябрь, 2020-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкектин административдик сотунун 20-декабрга белгиленген парламенттик кайра шайлоону жокко чыгарган токтомуна каршы арызданат.

Юристтер да Боршайкомду колдоп, шайлоо өз убагында өтүшү керек экенин, анын мөөнөтүн өзгөртүү боюнча Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам Конституцияга каршы келерин билдиришти. Ал арада мыйзамдуулукту жана БШКны жактагандар нааразылык акциясын өткөрүп, Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыгышты.

Конституциялык реформа болмоюнча парламенттик шайлоону өткөрбөй туруу жөнүндө Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам Кыргызстанда укуктук талашты күчөттү. Тиешелүү документ парламентте 22-октябрда кабыл алынып, президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров ага ошол эле күнү кол койгон.

26-октябрда Бишкекте Жогорку Кеңешке кайра шайлоону өз мөөнөтүндө 20-декабрда уюштурууну талап кылган жыйын жана нааразылык акциясы өттү. Юристтердин тобу брифинг өткөрүп, шайлоону жылдыруу жана Конституцияны өзгөртүү тууралуу документти кабыл алууда кандай мыйзамдар бузулганын талдап беришти.

«Адилет» укуктук клиникасынын юристи Искендер Какеев жыйында парламенттик кайра шайлоону өз маалында эмес, Конституцияны өзгөрткөндөн кийин өткөрүү боюнча мыйзамдын юридикалык күчү жок экенин айтып, аны мындайча түшүндүрдү:

«Конституция боюнча Жогорку Кеңештин мөөнөтү беш гана жыл. Баш мыйзамда «беш жыл бир ай же беш жыл алты ай» деп жазылган эмес. Андан тышкары Конституция шайлоонун күнүн өзгөртүүгө жана депутаттардын ыйгарым укуктарын узартууга жол бербейт. Ошондуктан кабыл алынган мыйзамдын юридикалык күчү жок. Ал Баш мыйзамга каршы келет. 28-октябрда Жогорку Кеңештин мөөнөтү бүтсө парламент кандайдыр бир чечимдерди, мыйзамдарды кабыл алып референдум дайындоого укугу жок».

Солдон оңго: Сания Токтогазиева, Искендер Какеев, Таттыбүбү Эргешбаева, Бекболот Касаболотов жана Айжан Орозакунова.
Солдон оңго: Сания Токтогазиева, Искендер Какеев, Таттыбүбү Эргешбаева, Бекболот Касаболотов жана Айжан Орозакунова.

Парламент болсо мөөнөтүн 2021-жылдын июнь айына чейин узартып алган. Муну депутаттар өлкөдөгү саясий, экономикалык кырдаал менен байланыштырып жатышат жана мыйзамдык нукка кайтуунун оптималдуу жолу катары көрүшөт. Юристтер, айрым саясатчылар менен партиялар тескерисинче буга каршы чыгышты. Конституциялык укук боюнча эксперт Сания Токтогазиева бийлик легитимдүү болушу үчүн бардык саясий иш-чаралар мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте болушу керек деп эсептейт.

«Бардык мамлекеттер, эл аралык уюмдар биздин бийликти тааныган жок, - деди ал. - Ушул кризистен чыгыш керек. Анын эң негизги жана жападан-жалгыз жолу - Конституциянын, мыйзамдын негизинде парламенттик кайра шайлоону өткөрүү. Ошондуктан Боршайкомдун чечими толугу менен мыйзамдын чегинде болгон. Аны саясий кризистен чыгуу аракети катары баалашыбыз керек. Эгерде шайлоону жылдырсак бийликтин легитимдүүлүгүнө карата шек саноо күчөйт жана ал туңгуюкка алып келет».

Быйыл 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, андагы массалык добуш бурмалоолорго каршы коомчулуктун 5-октярда күч алган нааразылык чараларынан кийин, 9-октябрда БШК анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарган. Шайлоо ыплас өткөнүн билдиргендердин митинги башаламандыкка айланып, өлкөдө бийлик алмашкан.

Кийин БШК парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга дайындаган.

Айтмакчы, Кыргызстандын Жогорку Кеңеши 22-октябрда парламенттик шайлоо тууралуу мыйзамга бир катар өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу мыйзамды да кабыл алган. Өзгөртүлгөн мыйзамга ылайык, Кыргызстанда парламентке өтүүнүн шайлоо босогосу азыркы жети пайыздан үчкө, шайлоо күрөөсү азыркы беш миллион сомдон бир миллион сомго ылдыйлатылган жана №2 форма менен добуш берүү ыкмасы толугу менен жоюлган.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо эрежелерин өзгөртүү тууралуу дал ушул мыйзам долбоорун депутаттар Жанарбек Акаев, Мирлан Жээнчороев, Айсулуу Мамашева, Абдувахаб Нурбаев жана Алтынбек Сулайманов иштеп чыгышкан. Бул мыйзамдык өзгөртүү элдик толкундоо маалында айтылган негизги талаптарга төп келген.

Эгерде быйыл 20-декабрда парламенттик шайлоо өтчү болсо, анда дал ушул жаңы мыйзамдык өзгөрүүлөр эске алынышы керек болчу.

Ал эми Бишкектин административдик соту 24-октябрда Боршайкомдун парламенттик кайра шайлоону 2020-жылдын 20-декабрына белгилөө тууралуу чечимин жокко чыгарды.

Эми БШК, шайлоону өткөрүү боюнча негизги мекеме, Бишкек шаардык административдик сотунун бул токтомуна каршы Жогорку сотко арызданганы жатат. Боршайкомдун маалыматына караганда, ушул күнгө чейин парламенттик кайра шайлоого катышуу ниетин бери дегенде 48 саясий партия билдирди.

26-октябрда, дүйшөмбү күнү, БШКнын алдына ондогон кишилер топтолуп, Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгышты. Алар парламенттик шайлоону мыйзам чегинде Боршайком белгилеген убакытта - 20-декабрда өткөрүүнү талап кылышты.

«Реформа» партиясы болсо конституциялык реформа болгуча парламенттик шайлоону өткөрбөй туруу жөнүндө Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга укуктук баа бериш үчүн Конституциялык палатага кайрылганы турат. Партиянын лидери Клара Сооронкулова парламенттик шайлоонун өз мөөнөтүндө өтүшү маанилүү экенин айтты:

«Жогорку Кеңеш өкмөттү курайт, бир катар адамдарды кызмат орундарына дайындайт. Ошондуктан биз азыр жаңы шайланган Жогорку Кеңешке муктаж болуп турабыз. Андан тышкары кыргыз бийлигин эл аралык коомчулук таанышы үчүн да кайра шайлоо өткөрүш керек. Бирок «конституциялык реформа бүткүчө шайлоо өтпөйт» деп коюшту. Мөөнөтү бүткөн, болгондо да элдин ишеними жок парламентке жаңы Баш мыйзамды кабыл алууну кантип ишенип беребиз? Эгерде ушундай жол менен кете берсек Конституция башынан эле жараксыз болуп калат».

Юристтер шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзамды кабыл алууда процедуралык нормалар бузулганын белгилеп, жарандардын мыйзамдарды талкуулоого жана кабыл алууга катышуу укугу бузулганын айтышууда. Мыйзам боюнча, парламент жана өкмөт аны адегенде кеминде бир айлык коомдук талкууга коюп, текстин жана негиздемесин элге ачык көрсөтүүгө милдеттүү.

Шайлоо өткөрүүнүн алдында Конституцияны өзгөртүүнү колдогон Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов «эл шайлоо мыйзамдарынын түп-тамырынан өзгөртүлүшүн талап кылып жатат» деген жүйө келтирди:

«Эл жаңыланууну талап кылууда. Ал референдумдан башталышы керек. Ал жаңы эрежелер кирип элдин талабы аткарылганда гана ишке ашат. Тарыхта мындай учурлар бир эле келет. Бизде азыр жакшы мүмкүнчүлүк турат. Бизди эч ким шаштырган жок. Эл күтүп жатат. Жаңылануу бизден көз каранды».

Ошентип, Кыргызстанда парламенттик шайлоо Боршайком дайындагандай быйыл 20-декабрда өтөбү же, президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров айткандай, келээрки жылдын июнь айына чейинки аралыкта өтөбү, белгисиз болуп турат.

Саясат талдоочу Руслан Акматбек абалды мындан ары курчутпаш үчүн бийлик мунасага (консенсуска) барышы керек деген ойдо.

«Бийлик, мөөнөтү бүтүп мыйзам тааныбаган парламент ушул жол менен кете берсе ал жакшылыкка алып барбайт, - деди ал. - Себеби, бийлик алмашкандан кийин жаңы бийлик саясий күчтөрдү, партияларды, жарандык коомду бириктириши керек эле. Ошондо гана жалпы коом түз жолго чыгабыз. Бирок «бийлик колума тийди. Калганын өз билгенимдей кылам. Калганыңар мени уккула» десе бул бөлүнүп-жарылууга алып барат. Ал эми мындай окуялар аягы эмне менен бүтөрүн билебиз».

Ал арада Кыргызстанда 10-январда өтө турган президенттик шайлоого утурумдук бийликтин башчысы Садыр Жапаров да катышары белгилүү болду. Бул тууралуу Жапаровдун 25-октябрда Кочкор районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда айткан видеосу Интернетте тарады. Бул тасмадан ал декабрдын башында өз кызматын тапшырып, шайлоого жөнөкөй жаран катары катышам деген ниетин билдиргенин угууга болот.

XS
SM
MD
LG