Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:49

«Реформа» партиясы парламенттин чечимине каршы Конституциялык палатага кайрылат


Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

«Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулованын маалыматына караганда, 22-октябрда парламент кабыл алган «Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө мыйзамга каршы Конституциялык палатага кайрылуу даярдалды.

Анын айтымында, бул мыйзам Конституциянын бир нече беренесине дал келбейт.

«Мындай болуп кабыл алынган Конституциянын өзү легитимсиз болуп калат. Баркын жоготуп коёт. 52-беренеде так жазылып турат. Жарандар мыйзамдарды талкуулоого катышууга укуктуу. Бул мыйзам бир эле күндө сунушталып, бир сааттын ичинде үч окуудан өттү. Ал эми конституциялык мыйзамдарды кабыл алуу үчүн тартиптер күчтүү. Бир да талап сакталган жок. Талап сакталбай кабыл алынган мыйзамдын өзү мыйзамсыз болуп эсептелет. Бул жерде ачыктык да болгон жок. Кандайдыр бир себептер менен фракциялардын жетекчилерине кол койдуруп, парламентке алып чыгып койду».

Клара Сооронкулова мыйзам 27-октябрда мамлекеттик «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланып, расмий күчүнө киргенден кийин Конституциялык палатага кайрыла турганын айтты.

22-октябрда Жогорку Кеңеште Конституцияны өзгөртүү жана президенттик, парламенттик шайлоолордун мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө мыйзам долбоору жыйынга катышкан 84 депутаттын 83үнүн макулдугу менен дароо үч окууда кабыл алынган.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна ушул күнү келип түшкөн.

Айрым депутаттар бул мыйзам долбооруна каршы чыгып, «бийликти бир кишинин колуна берүү аракети» деп баалашса, демилгечилер бул мыйзам долбоорун жазууда Конституциянын бир да эрежеси бузулбаганын айтышкан.

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр С.Жапаров сөз болуп жаткан конституциялык мыйзамга парламент кабыл алган күнү, 22-октябрда кол койгон.

Бул шашылыш кабыл алынган документке ылайык, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин парламенттик кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалышы керек.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Андагы массалык добуш бурмалоого калайык каршы чыгып, 5-октябрдан тартып өлкөдө ири нааразылык чаралары башталган соң, БШК анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарып, Жогорку Кеңешке кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген.

Айтмакчы, ушул эле Жогорку Кеңеш 22-октябрда парламенттик шайлоо тууралуу мыйзамга бир катар өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу мыйзамды да кабыл алган. Өзгөртүлгөн мыйзамга ылайык, Кыргызстанда парламентке өтүүнүн шайлоо босогосу азыркы жети пайыздан үчкө, шайлоо күрөөсү азыркы беш миллион сомдон бир миллион сомго ылдыйлатылган жана №2 форма менен добуш берүү ыкмасы толугу менен жоюлган. Дал ушул талаптарды саясий партиялар элдик толкундоо маалында да көтөрүп чыккан.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо эрежелерин өзгөртүү тууралуу дал ушул мыйзам долбоорун депутаттар Жанарбек Акаев, Мирлан Жээнчороев, Айсулуу Мамашева, Абдувахаб Нурбаев жана Алтынбек Сулайманов иштеп чыгышкан.

Эгерде быйыл 20-декабрда парламенттик шайлоо өтчү болсо, анда дал ушул жаңы мыйзамдык өзгөрүүлөр эске алынышы керек болчу.

Бир катар партиялар шайлоону мыйзам чегинде жана Боршайком белгилеген убакытта (20-декарда) өткөрүүнү, жаңы чакырылыштагы парламент калыптана элек өткөөл учурда азыркы Конституцияны өзгөртүү далалатынан баш тартууну талап кылып жатышат. (NT)

XS
SM
MD
LG