Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:14

Кыргыз-кытай чек арасы: жүздөгөн машиненин тыгыны пайда болду


Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” өткөрмө бекети. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” өткөрмө бекети. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-кытай чек арасында жүк ташуучу автоунаалардын кезеги узарды. Кээ күндөрү 300-400, айрым күндөрү 500-600 машине Кытай тарапка кире бериште тыгылып турат. Расмий органдар мунун себебин коңшу өлкөгө кирип-чыгып жаткан транспорттордун саны кескин өскөнү менен түшүндүрүүдө.

Кытайдын Бишкектеги элчилиги жыл башынан тартып кыргызстандык айдоочуларга виза берүүнү кыйла жеңилдеткен. Бул Украинадагы согуштук кырдаалдан улам эл аралык соода жүгүртүү көбөйгөн учурга туш келди.

Кезек жана виза

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда эки өткөрмө бекет болсо иш жүзүндө тыгын анын экөөндө тең жаралды. “Эркечтамда” бир аз азыраак болсо, “Торугартта” көбүрөөк.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Мамлекеттик чек ара кызматы соңку кырдаал жөнүндө улам-улам маалымат берип жатат. Мекеменин басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева “Азаттыкка” бекеттердеги жагдай тууралуу буларды билдирди:

“Эркечтам” бекетиндеги өткөрүү жараяны.
“Эркечтам” бекетиндеги өткөрүү жараяны.

“Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы Нарын облусунда жайгашкан “Торугарт” жана Ош облусундагы “Эркечтам” (Ош) өткөрмө түйүндөрү штаттык режимде иштеп жатат. Бирок ал бекеттердин алдында жүк ташуучу автотранспорттордун тыгыны пайда болуп жатат. 5-апрелге карата “Эркечтамда” 300дөй, “Торугартта” 350-360тай автоунаа турат. Мунун себеби Кытай тараптын коронавируска каршы чектөөлөрүнүн алынышы, кыргызстандык айдоочуларга виза берүүнү көбөйтүшү жана анын натыйжасында Кытай Эл Республикасына бараткан транспорттордун кескин арбыганы менен байланыштуу”.

Буга байланыштуу өткөрмө бекеттердин кызматкерлери күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөн. Чек ара кызматы билдиргендей, алар ашыкчасы менен иштеп 12 саатта 300-400 автоунааны өткөрүп жиберүүдө. Бул аталган бекеттердин өткөрүү мүмкүнчүлүгүнөн эки-үч эсе көп.

Ошентсе да, кезек кыскарары менен транспорттор тургандарды артынан дагы тизилип калып жатышат. Бир-эки күн алдын кезекте тургандар “Эркечтамда” 400гө чукулдаса, “Торугартта” 600гө чейин жетип кеткен. Мындай кырдаал марттын аягында башталган.

Чек ара кызматынын өкүлү Гүлмира Бөрүбаева буга дагы да кененирээк түшүндүрмө берди:

“Кыргызстанга кирип жаткан бөлүктө эч кандай тыгын жок. Бизден чыгып, коңшу өлкөгө кирүүдө гана кезек болуп жатпайбы. Эсиңиздердеби, коронавирус пандемиясы курчуп турган маалда бизде өзгөчө алгоритм иштеп турган. Биздин айдоочулар Кытайга кирбей, чек арага жакын жерде гана товарларды жүктөп, кайра чыгып турушчу. Ал жерге чейин алардын өзүнүн транспорттору ташып келчү. Кытай коронавирустук чектөөлөрдү ала баштаган соң, алгач кыргызстандык айдоочуларга виза берген эмес. Азыр алар виза берип жатышат. Ошол себептүү көп айдоочулар виза алып, Кытай тарапка чыгып жатышат”.

Ооба, 2020-жылдын башында Кытайдын өзүнөн башталган коронавирус пандемиясынан улам бул өлкө бир топ убакытка чек араларын толук жапкан. Башка мамлекеттер да, Кыргызстан деле коопсуздуктан улам чектөөлөрдү киргизген.

Расмий Бээжин чек арадагы чараларын 2021-2022-жылдары бир сыйра жумшартып, 2023-жылы толук ачты.

Кыргызстандык айдоочулар былтыртан тартып кайрадан виза ала башташкан. Бирок 2022-жылы болгону 500 жергиликтүү шоопурга гана уруксат берилиптир. Мурдараак Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жыл башынан бери 1,5 миңдей кыргыз айдоочусу виза алганын айткан:

Ду Дэвэнь
Ду Дэвэнь

"Биз толугу менен иштей баштадык. Бир жумада беш күн арыздарды кабыл ала баштадык. Беш күн бою кабыл алган элчиликтин тарыхында болгон эмес. Албетте, дипломаттар, тийиштүү кызматкерлер жетишпей жатат. Биздин статистика боюнча жыл башынан бери 1,4 миң айдоочуга виза берилди. 2019-жылы бир жылда 2,5 миң берилген. Эгер ушундай иштесек, жылдын аягына чейин 5 миң виза берүүгө моралдык жана психологиялык жактан даярбыз деп ойлойм", – деген элчи айым 23-мартта Бишкектеги басма сөз жыйынында.

Соода жана агым

Логистика менен алектенген ишкерлер жана айдоочулар чек арадан өткөрүүдө Кытай тарап эки режимди тең иштетип жатканын белгилешет. Башкача айтканда, жүктөрдүн бир бөлүгү чектөө кирген учурдагыдай жол менен өтүп жатса, экинчи бөлүгү гана виза менен түз кирип кетип жатышат. Бирок алар баары бир айдоочулардын агымы кескин өскөнүн ырасташат.

Атын атоодон карманган кыргызстандык ишкер “Азаттыкка” берген комментарийинде буларга токтолду:

"Биринчи системага ылайык, Кытайдын автоунаасын чек арага чейин келип, контейнерди түшүрөт, аны биздикилер жүктөп, Кыргызстанга алып киришет. Аны пандемия маалында киргизишкен, азыр параллелдүү түрдө ушул ыкманы деле иштетип жатышат. Ал жакта күнүгө 50дөн машине тейленип жатат. Экинчи системага ылайык, виза алган айдоочулар түз өтүп жатышат. Ошондо кезек-кезек менен өтүп, узун тыгын пайда болууда. Кытай чек арасын ачкан соң ал жакта айдоочулар жетишсиз болуп калды да, аларда виза даяр эмес болчу. Ошону үчүн ал жакта ажиотаж пайда болду да, Кытайдан Кыргызстанга жүк ташуунун акысы кескин өсүп кетти. Мисалы, бир жүк ташып келүүнүн акысы 6 миң доллар болсо, айдоочулар анын 3 миң долларын алабыз деп жатышат. А мурда 400-500 доллар эле алышчу да. Ушуларды уккан айдоочулардын баары тең ошол жакка иштегенге кызыгып, виза алып, бир каттам болсо да барып келе калайын деп, жапырт жөнөп жатышат. Виза алгандар да топурап эле калышты. Виза ачууга жардам беребиз дегендер башында 400 доллардан алып жатышса, азыр кызылкулактык менен акысын 1-1,5 миң долларга чыгарып алышыптыр".

Дүрбөлөң демекчи, Украинадагы согуштан улам Орусияга товар ташууга Батыш өлкөлөрү чектөө киргизген. Ошол себептүү иштеп жаткан логистика бузулуп, соода жолдору өзгөрдү. Европадан жана Кытайдан Орусияга келе жаткан товарлардын көбү үчүнчү өлкөлөргө жөнөтүлүп, ошол жак аркылуу чыгарылып кетип жатат.

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” өткөрмө бекети.
Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” өткөрмө бекети.

Айталы, деңиз жолу аркылуу Кытайга келип, кайра реэкспорт болчу, же анын өзүнөн жөнөтүлгөн санкциялык товарлар Кыргызстанга келип түшүп, кайра Орусияга чыгарылып кетип жатат. Алардын агымы көбөйгөн үчүн Кытайдан Кыргызстанга жүк ташуу агымы да кескин өскөн.

Кыргызстандагы “Сапарман” айдоочулар ассоциациясынын жетекчиси Максатбек Дүйшеев бул тууралуу төмөнкүдөй ойлору менен бөлүштү:

“Орусияга товарлар Кытайдан түз ташылбай жатпайбы, ошол себептүү биз аркылуу көп ташып жатышат. Ошого жүк ташыгандар арбын болуп, Кытайда автоунаа жетишпей калып жатат. Машине тартыш болгондо, эки киши деле талашып кетип, бааны көтөрүп жиберишет да. Бири 5 миң доллар берем десе, экинчиси 6 миң доллар берем деп чыгат. Оор жүк ташуучу транспорттордун акысы 9 миң доллардан 12 миң долларга чейин көтөрүлдү. Анткени алар товар жеткирүүгө бир мөөнөт коюп алышат да, ошого жеткиребиз деп дүрбөлөң болуп кетишти. Ошого визаны кымбаттатып жиберишкенден улам биз ассоциация, айдоочулар, мамлекеттик органдар менен элчиликке кирип сүйлөшүп жатып, айрым жеңилдиктерди алганбыз. Алар башка максат менен виза алган адамдардан сырткары айдоочуларды өзүнчө линия менен гана кабыл алып, виза алып жатышат”.

Кыргызстан менен Кытайдын жыл башынан бери соода жүгүртүүсүнүн эсеби чыга элек. Улуттук статистика комитетинин эсебинде, январь айында эки өлкөнүн товар айлантуусу 300 миллион долларды түзгөн. Бул былтыркы жылдын биринчи айына салыштырмалуу 25% көп.

Кыргыз-кытай соодасы 2022-жылдын 12 айында 4,1 млрд долларга жеткен. Бул 2021-жылга (1,5 млрд) салыштырганда 270%га көп болгон.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG