Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

Кытай менен сооданын көлөмү калыбына келди


"Торугарт" бекетиндеги жүк ташуучу унаа
"Торугарт" бекетиндеги жүк ташуучу унаа

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кара жол менен ташылган жүктүн көлөмү пандемияга чейинки мезгилдеги көрсөткүчкө жетти.

Эки өлкө ортосундагы сооданын көлөмү кайра көбөйгөнү Кыргызстандын өкмөт өкүлдөрү менен Кытайдын Шинжаң-Уйгур Автоном районунун бийлик башчыларынын өткөн аптадагы видео-конференциясында айтылды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу жүрүшүндө "Торугарт" жана "Эркечтам" бекеттери аркылуу өтчү товарлардын агымын көбөйтүүнүн жол-жобосу талкууланган. Ага Шиңжандын элдик башкармалыгынын төрагасынын орун басары Лю Суше катышып, азыр ташылып жаткан товарлардын көлөмүн пандемияга чейинки мезгил менен салыштырган.

Бул маалыматты Кыргызстандын Бажы кызматы да ырастады. Мекеменин маалымат катчысы Гүлзада Чубакованын "Азаттыкка" билдиришинче, ушу тапта эки бекеттин ар биринен күн сайын 80ден ашык жүк ташуучу автоунаа өтүп жатат.

"Кытайдан Кыргызстанга жүк көбүнесе контейнерлер менен ташылууда. Мындан сырткары "Эркечтам" бекетинде чиркегич (прицеп) менен ташып келүү ыкмасы да колдонулууда. Ушу тапта ар бир бекеттен күнүнө 70-80 жүк ташуучу унаа өтүп атат. Бул жүк ташуулар пандемияга чейинки көрсөткүчкө жеткенин түшүндүрөт".

Министрлер кабинети кыргыз-кытай чек арасындагы товар ташуунун көлөмүн мындан да көбөйтүүнү көздөп жатат.

Анткени, коронавирус пандемиясынан улам киргизилген чектөөгө байланыштуу эки өлкө ортосундагы товар ташуу кескин кыскарган. Маселен, соңку жети жылдагы соода жүгүртүүгө көз салсак, абал төмөнкүчө: Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 2015-жылы 1 млрд. долларды, 2016-жылы 1 млрд. 548 млн. долларды, 2017-жылы 1 млрд. 597 млн. долларды, 2018-жылы 2 млрд. долларды, 2019-жылы 1 млрд. 816 млн. долларды түзгөн. Ал эми пандемия башталып, бир нече ай соода таптакыр токтогон 2020-жылы эки өлкө ортосунда 700 миллион долларга жакын гана товар алмашуу болгон.

Былтыр болсо кыймыл бир аз жанданып, алгачкы он айда 1 млрд. 155 млн. доллардан ашкан. Соода жүгүртүүнүн кыскарышы кыргыз бюджетине түшчү бажы төлөмдөрүнүн азайышына алып келген.

Мындай жол менен Жибек жолунун боюнда жайгашкан кыргыз-кытай чек арасы дээрлик бир жарым жылдан бери 10% жетпеген көрсөткүчтө иштеп келди.

Кыргыз-кытай чек арасы адатта Курман айт, Жаңы жыл майрамдарында жабылып турчу. 2020-жылы 24-январда “Жаз майрамына” байланыштуу Кытай тараптын өтүнүчү менен чек ара бир жумага жабылган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматка киришкенден тарта эле "Торугарт" жана "Эркечтам" аркылуу өткөн жүктүн көлөмүн көбөйтүү зарылдыгын белгилеп, расмий Бээжин менен сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирген.

Жапаров буга чейинки өкмөттөрдүн катасынын улам чыгыштагы коңшу менен соода кыскарып кеткенин белгилеген:

"Бизде мурдагы бийликтин тушунда туура эмес саясат жүрүптүр. Ошол маалда дүйнө жүзүндө бир дагы өлкө Кытай менен карым-катнашты токтотпоптур. Биз эле бир жактуу чек араны жаап салыптырбыз. Биз тарап бизге кирчү жүктөрдү “Кытай тараптан, анан бизге өткөндө дагы, эки ирет, эки жактан тең дезинфекциялоодон өтсүн” деген талап коюптур. Кытай тарап, андай болсо, бир күндө дезинфекциялап, өткөрө турган жүк ташуучу унаалардын агымын эсептеп чыгып, бир бажы бекетинен 32 машине өтөт” деп бекитип коюптур. Биз азыр ошону жокко чыгарып, Кытай тарап менен макулдашып жатабыз".

Негизги соода өнөктөш болгону Кытай менен товар алмашуунун азайышы кыргыз бийлигин көптөн бери түйшөлтүп келген. "Торугарт" жана "Эркечтам" аркылуу жүк ташууну көбөйтүү эки өлкөнүн жогорку жетекчилигинин ортосундагы сүйлөшүүлөрдө сөз болгон.

Тагыраагы, өткөн айдын башындагы президент Садыр Жапаровдун Бээжинге сапары аталган бекеттердин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү тууралуу сүйлөшүү болгон.

Садыр Жапаров жана Си Цзинпинь
Садыр Жапаров жана Си Цзинпинь

Соңку геосаясий кырдаалды эске алганда, Кыргызстан үчүн Кытай менен соода жүгүртүүнүн жолго коюлушу маанилүү. Себеби, Украинадагы согуш, аскердик агрессиясы үчүн Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга оор санкцияларды салышынын кесепети Кыргызстанга да сезилип, айрым товарлар келбей калышы күтүлүп жатат. Мындай учурда Кытай негизги альтернативдүү багыт болуп саналат.

Кыргызстан эле эмес, дүйнөлүк экспорттун негизги оюнчусу саналган бул өлкөдөн азык-түлүктөн баштап электроника, кийим-кечеге чейин керектүү буюмдар чийки да, продукция түрүндө да ташылып келет.

Ушундай учурда Кытай менен сооданы жөнгө салуу кыргыз экономикасы үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин эксперт Эрмек Ниязов белгиледи:

"Бул жолу да мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу зарыл. Мисалы, 15 жыл мурун Орусияга, Сибирге «Дордой» аркылуу канчалаган товарларды реэкспорт кылчубуз. Ошондой шарт түзүлүшү мүмкүн. Бирок бул үчүн Кытайды ачыш керек. Ал толук кандуу ачылбаса, бизге кыйын болуп калат".

Ата мекендик ишкерлер эгерде Кытай менен соода жүгүртүүдө тоскоолдук жаралбай жөнгө салынса, азыркыдай оор кырдаалда Кыргызстанга реэкспорттук мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга шарт түзүлмөк деген пикирде.

Коңшу өлкө менен соода көлөмүнүн калыбына келиши Борбор Азиядагы эң ири базарлардын бири - "Дордойдогу" сооданын жанданышы үчүн мааниге ээ. Базардын сатуучулары буга чейин Кытай менен жүк ташууну калыбына келтирүү талабын коюп келген.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG