Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:41

Кыргыз жаштары дүйнөнү көргүсү келет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы жаштардын дээрлик 90% чет өлкөгө барып иштеп же билим алууну каалайт. Акыркы жылдары жаштардын коомдук-саясий окуяларга катышуусу төмөндөгөн жана ишкерликке мамлекет көмөк көрсөтпөйт деп эсептешет.

Бул анализдер Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы жаштардын өнүгүшү тууралуу жасалган сурамжылоосунун жыйынтыгында айтылат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сунушу менен жүргүзүлгөн бул сурамжылоого Кыргызстандын бардык аймактарынан 14-28 жаштагы 1640 адам катышкан.

Жаштар жөнүндөгү баяндамадагы анализдер мамлекеттик органдардагы статистика, маалыматтардын негизинде түзүлгөн. 75 барактан турган баяндамада жаштардын өнүгүү индексин эсептөө ыкмасы жакшыртылганы белгиленет.

Жаштар четтен билим алгысы келет

Сурамжылоодо жаштардын билимин улантуу мүмкүнчүлүктөрү 66,7% болгон. Окууну уланта албай калган себебин жаштардын 18,9% каражат жетишсиздиги, 15,4% иштеп кеткени менен түшүндүргөн.

Үй-бүлөдө жаштардын билим берүүсүнө аз каражат бөлүнөрү (жалпы чыгымдардын 35%) белгиленген. Ошондой эле билим берүү тармагы пандемия маалында олуттуу жабыркаганы көрсөтүлгөн.

Изилдөөдө Кыргызстанда жаштардын 89% чет өлкөгө барып иштеп же билим алууну каалай турганы баяндалат. 13,3% миграцияга кеткенден кийин кайра өлкө кайтып келбей турганын пландаган.

Чет өлкөдөн билим алып келген Айбек Теңизбаев Кыргызстанда жаштарды сыртка окууга тапшырууга көмөктөшкөн компания уюштургандардын бири. Ал сурамжылоодо айтылган көрсөткүчтөр мамлекет, коомдо ой жоорууга негиз болушу керек деген пикирде:

“Бул статистиканы чын деп ойлойм. Бизге чет өлкөгө билим алуу, иштөө үчүн барам деген жаштар көп кайрылып жатат. Мунун себеби биринчиден, билим берүү тармагынын сапатсыз болуп жатышы. Экинчиден, жумушсуздук, айлыктын төмөндүгү. Бизге кайрылгандардын дээрлик 90% окуп жатып иштесем болобу, окууну бүткөндөн кийин ошол жактан иш табамбы деп кайрылышат. Мунун патриоттуулукка эч кандай байланышы жок. Ар бир жарандын каалаган жерден билим алып, дараметин көтөрүүгө акысы бар”, - деди ал.

Баяндаманын сунуш берүү бөлүгүндө Кыргызстанда заман талабына ылайык, билим берүүнүн мазмунун, окутуу ыкмаларын жаңыртуу зарыл экени айтылган.

8-класстан баштап окуучуларды кесипке багыттоо боюнча класстык сааттарды же предметти киргизүү белгиленген.

Жумушсуздук, бизнес жана ажырашуу

Эми жаштардын экономика багытындагы көрсөткүчтөрүнө азыноолак токтолсок. 15-28 жаштагы иш менен камсыз болгондордун саны 661,7 миң адамды түзөт. Ошону менен катар сурамжылоого катышкандардын 72,8% жумушсуздукту учурдагы эң актуалдуу көйгөй деп аташкан.

Жаштардын 53,5% бизнес кылууга кызыгат. Бирок, жаштар көпчүлүк учурда рынокту изилдебегендиктен бизнеси жүрүшпөй калат. Респонденттер бизнес ачуунун негизги көйгөйү катары – (86,2%) мамлекет жаш ишкерлерге жардам бербейт деп эсептешет.

Мурдагы айыл чарба министри, учурдагы ишкер Тилек Токтогазиевдин пикиринде учурда мамлекеттин бизнес баштайм деген жаштарга көңүл бурууга чама-чаркы жетпейт. Андыктан жаштар мүмкүнчүлүктү өздөрү издеши керек.

“Азыр казынага оорчулук жаратпагандай чечимдер зарыл. Мисалы, кээ бир бизнеске чын эле капитал керек. Ал капиталды табуу үчүн насыя алууга туура келет. Насыя алууда тоскоолдуктар бар. Алар тоскоолдуктарды жок кылуу үчүн азыр иштеп жаткан тармактарга эле өзгөртүү киргизсек болот. Мисалы, айыл чарбада жеңилдетилген насыя берилип жатат. Анын 20% жаштарга деген квота киргизүүнү сунуштайм. Дегеле, жаш фермер деген долбоор кылса болот”, - деди Токтогазиев.

Сурамжылоодо жаштардын 61% турак жай сатып алууну кааларын, бирок каржылык мүмкүнчүлүгү жок экенин белгилешкен. Жаштардын чыгымдарынын көпчүлүгү тамак-аш жана кийим-кечеге сарпталат. Каржылык көйгөй ажырашууга (88,5%) себеп болору да көрсөтүлгөн.

Саясат: ыктыярчылык жана шайлоого ишеним

Изилдөөдө жаштардын саясий ишмердүүлүгү акыркы жылдары Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдө дагы төмөндөп кеткени байкалат деп жазылат.

Бирок ошол эле учурда жаштардын саясий-коомдук иштерге аралашуусу көп багыттуу боло баштаган. Маселен, ар кандай нааразылык акцияларда, онлайн активдүүлүк - петицияларга кол коюу, саясий темаларда макалаларды жазуу же блог жүргүзүү, ушул сыятуу темаларды социалдык тармактарда жайылтуу тенденциясы жогорулады.

Баяндамада жаштар өлкөдөгү ар кандай кырдаалда ыктыярчылык менен маселе чечүүгө жардам бергени белгиленет. Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча жаштардын 33% волонтердук иш тажрыйбасына ээ болгон.

Коомдогу көйгөйгө тынчызданган жаштар мурда кандайдыр бир саясий уюмга, партияга же талапкерлерге кошулуп кетсе, акыркы мезгилде ар кандай акцияларды уюштуруп, жамааттык демилгелер менен маселе чечкиси келгендер көбөйгөн.

Респонденттердин 54,7% демократиялык өлкөдө жашагысы келерин билдирген.

Ал эми шайлоого катышпаган себебин сурамжылоого катышкандардын 16,5% "Кыргызстанда шайлоо таза жана адилеттүү өтөт" деп эсептегени менен түшүндүргөн.

Министрлик изилдөөнүн негизинде иш алып барат

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков изилдөө ачык-айкын жасалганын белгилеп, анын жыйынтыгы менен чечимдер кабыл алынарын айтты.

“Изилдөө төрт жылда бир жолу жүргүзүлөт. Биринчи жолу 2017-жылы жүргүзүлгөн. 2022-жылы эксперттер тобу изилдөө ыкмасын жакшырттык. Экология багытын дагы кошо жасадык. Негизги өзгөчөлүк көйгөйлөрдү айтып койбостон, мамлекеттик органдарга сунуш дагы берилет. Ал эми министрлик тарабынан социалдык буюртмаларды ишке ашырабыз. Ошол изилдөөдөгү кайсы багыттарда кемчиликтер болуп жатса, аларды жоюу үчүн иш жүргүзөбүз. Азыр каражатыбызды дагы көбөйтүү алдында турабыз”, - деди министрдин орун басары.

“Кыргызстандагы жаштардын 2022-жылга карата бакубатчылык жана өнүгүү индекси” деген сурамжылоонун жыйынтыгы 5-январда жарыяланды.

Анда жарандык катышуу, экономикалык өлчөө, билим берүү, маданият, ден соолук, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, коопсуздук, үй-бүлө жана экология багыттары камтылган. Статистика боюнча Кыргызстандын 7 миллион калкынын жарымын 25 жашка чейинкилер түзөт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG