Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:44

Жалданмалар менен келишим: Шойгу - Пригожин тиреши


Украинадагы согушка аскерлерди жалдаган "Вагнер" жеке аскер уюмунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин жана Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу. Коллаж.
Украинадагы согушка аскерлерди жалдаган "Вагнер" жеке аскер уюмунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин жана Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу. Коллаж.

"Вагнер" жеке менчик аскердик компаниясынын жетекчиси Евгений Пригожин Коргоо министрлигинин жаңы буйругуна баш ийбестигин билдирди. Буга чейин Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу кол койгон буйрукка ылайык, баардык "ыктыярдуу отряддар" 1-июлга чейин мекеме менен келишим түзүүгө тийиш. Ал арада чечендердин "Ахмат" деген аталыштагы ыктыярдуу аскердик түзүмү биринчилерден болуп министрлик менен келишимге кол койду.

Башкы "вагнерчи" Евгений Пригожин анын компаниясы Сергей Шойгу менен "эч кандай келишимге" кол койбостугун 11-июнда билдирди.

"Вагнерди" Коргоо министрлигине өткөрүү тууралуу Шойгунун чечими боюнча менчик компаниянын командирлеринин пикири менен бөлүшпөй кое албайм. Ошол эле учурда айтарым, эгер министр акыйкат, эр жүрөк, билимдүү болсо баары өздөрү эле өтүүгө даяр болчу. Бирок азыркы учурда, өзүңөр көргөндөй бул мүмкүн эмес", - деди Пригожин.

Орусиянын Коргоо министрлигинин сайтына чыккан маалыматка ылайык, баардык "ыктыярдуу аскердик бөлүктөр" 1-июлга чейин мекеме менен келишим түзүүгө тийиш. Министр Сергей Шойгу кол койгон буйрукта, кайсыл отряддар, баарыбы же айрымдары гана макулдашууга кол коюш керекпи, анысы белгисиз.

Коргоо министринин орун басары Николай Панков түшүндүргөндөй, муну менен министрлик ыктыярдуу түзүмдөргө мыйзамдуу макам берүүнү көздөйт.

"Жарандар мамлекет менен келишимге кол коюу аркылуу өзү, үй-бүлө мүчөлөрү мамлекеттик социалдык коргоо чараларына ээ боло алышат", -деди Панков.

Ал эмне себептен азыр - Орусия Украинага кол салгандан 15 ай өткөндөн кийин гана ыктыярчыларды түз эле өкмөт менен келишим түзүүгө мажбурлап жатканын тактаган жок.

Буйрук Пригожин менен Шойгунун ортосунда пикир келишпестик курчуп турган маалда чыкты. Буга чейин "Вагнердин" башчысы бир нече жолу Орусиянын коргоо министрин ачык сынга алып, ал тургай келекелеген учурлар да болгон.

Президент Владимир Путиндин жакын санаалашы деп эсептелген 62 жаштагы Пригожин бул жолу да Шойгуга тийишпей кое алган жок.

"Тилекке каршы, армиянын бөлүктөрүнүн көбү "Вагнердей" натыйжа көрсөтө алышкан жок. Анткени Шойгу аскердик түзүмдөрдү башкара албайт", - деди ал.

Коргоо министрлиги башкы вагнерчинин билдирүүсүнө эч кандай комментарий берген жок.

Орусияда кырктан ашуун ар кандай аскердик ыктыярдуу түзүмдөр бар. Алардын ичинен эң эле көрүнүктүүсү "Вагнер" саналат. Анын жарнамалары Орусиянын шаарларында жайнап илинип турат, федералдык каналдардан жалданма түзүм тууралуу сюжеттер көп көрсөтүлөт.

"Ахмат" министрлик менен келишим түздү

Чечендердин "Ахмат" аскердик түзүмү алгачкылардан болуп Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түздү. Кол коюу жараянына бир катар аскердик бөлүктөрдүн командирлери жана Орус армиясынын Башкы штабынын жетекчи орун басары Алексей Ким да катышты:

"Силерди көрүп, башка ыктыярдуу бөлүктөр дагы ушундай келишимдерге кол коеруна үмүттөнөм", - деди Ким.

Чеченстандан Украинадагы согушка канча адам жалданып кеткени тууралуу так маалымат жок. Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров белгилегендей, алардын саны жума сайын өсүп жатат.

Бул республикада аткаминерлерге, имамдарга жана командирлерге жергиликтүү тургундарды согушка азгыруу тууралуу милдеттенме коюлган. Норманы толтуруу үчүн алар жарандарды уурдашып, коркутуп-үркүтүп, алтургай жашыруун түрмөлөргө камап коюшарын укук коргоочулар аныкташкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG