Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:33

Ысык-Атадагы атайын операцияда өрттөнгөн үйдүн ээси адилеттик издейт


Дмитриевка айылындагы атайын операцияда талкаланган Айнагүл Мусаеванын үй жайы. 7-сентябрь, 2023-жыл.
Дмитриевка айылындагы атайын операцияда талкаланган Айнагүл Мусаеванын үй жайы. 7-сентябрь, 2023-жыл.

Быйыл майда күч органдары Ысык-Атанын Дмитриевка айылында террорчулукка шек саналган куралчан адамды кармоо операциясын жүргүзгөн. Жыйынтыгында террорчу жок кылынган. Операция маалында Дмитриевканын тургуну Айнагүл Мусаеванын үйү толугу менен күйүп кеткен. Анын турак жайы калыбына келе элек. Ал азыр үй-бүлөсү менен айылдагы мончодо күн кечирип жатат.

Окуя болгон 17-май күнү үй ээси Айнагүл Мусаева Орусияда болгонун билдирди. 15-жылдан ашуун миграцияда жүрүп, тапкан-ташыганын ушул үйгө жумшап, 130 чарчы метрден ашык жерди ээлеген үйдү эки батир кылып ижарага берип жүргөнүн айтып берди.

Акыркы жолу 15-майда үйдүн бир бөлүгүн үй-бүлөлүү адамга ижарага берген экен.

"Алар бул жерде жашап жаткан. Болгону бир эле сутка жашады. 15-майда түштөн кийин көчүп келген, 17-майда болсо террорчу менен кошо үй күйүп кетти. Алар бир террорчу үчүн үйүмдү урандыга айландырып салды. Керек болсо Украинада канчалаган бомбалар жарылып жатат, адамдар өлүп жатат, бирок согуш болууда. А бул аймакта болгону бир террорчу. Кылдаттык менен адамдарды эвакуация кылып иш кылса болмок, ал эч жакка деле качып кетпейт болчу да. Акырын кармаса, биз дагы балдарыбыз менен көчөдө калбайт элек".

Дмитриевка айылындагы атайын операцияда талкаланган Айнагүл Мусаеванын үй жайы. 7-сентябрь, 2023-жыл.
Дмитриевка айылындагы атайын операцияда талкаланган Айнагүл Мусаеванын үй жайы. 7-сентябрь, 2023-жыл.

Мусаеванын айтымында, үйдүн экинчи бөлүгүндө чет өлкөдөн келген 10дон ашык туристтер жашап жаткан. Ок атышуу болгон күнү алар үйдөн качып чыгып, документтери да күйүп кеткен. Бул туурасында социалдык тармактарда туристтердин баш паанексиз калган видеолору да тараган.

Мусаева бир нече жылдап чогулткан үйдөгү эмеректери да күйгөнүн, көз карандысыз экспертизанын жыйынтыгы менен жалпы 5 миллион сомдон ашык чыгымга учураганын айтты.

"136 чарчы метр үйдү 4 млн 646 миң сомго, үйдөгү эмерек буюмдарды 506 миң сомго баалады. Бул мамлекет үчүн чоң акча эмес. Жалпысынан 5 млн 152 миң сом деп эсептеди. Бирок бул акчага мунун баарын кайра ала алууга болбостугун билесиңер. Жок дегенде ушул сумманы берсе мейли дейт элем. Балким, башка жактан үй сатып алат белем. Өзүм ушул жерде жашасам, а баламды үйлөнтүп тиги үйгө жашатсам дедим эле. Канча жылдан бери эмгектенип, аз-аздан оңдодук эле. Бул жер мурда кафе болгондуктан, жылуулаганга эле көп каражат кетиргенбиз. Азыр баары кымбат. Жакында кыш келатат, жок дегенде кенемте төлөп берсе, бир бөлмө болсо да сатып алат элем да".

Дмитриевка айылындагы атайын операцияда талкаланган Айнагүл Мусаеванын үй жайы. 7-сентябрь, 2023-жыл.
Дмитриевка айылындагы атайын операцияда талкаланган Айнагүл Мусаеванын үй жайы. 7-сентябрь, 2023-жыл.

Жалгыз бой Мусаева учурда апасы жана эки баласы менен туугандарынын үйүндөгү мончодо күн кечирип жатыптыр.

Апасы Рабия Валиева үй кароосуз калгандан кийин болгон темир-тезектер тонолуп кеткенин билдирди:

"Менин алым жетпей калды. Эки күн жатып, андан кийин жата албадым. Участкалык милицияга айттым, карабайсыңарбы, уурдап ташып кетип атат, мешин бирөө сүйрөп кетиптир дедим. Милиция болсо "мен силерге кароолчумунбу?" деп айтты. Анан мен айлам кетип, айыл өкмөттөгү камераны бул жакка которттурдум, баарын ташып бүткөндөн кийин. Кыш, темирлерин, мештерин, ваннасын көтөрүп кетишиптир. Эч нерсеси калбаптыр. Ушинтип бүгүнкү күнгө чейин кышын ташып жатышат. Биз эки аял кайда барабыз түндө? Бизди башка бир коюп өлтүрсөчү? Эки күн кайтарып жаттым, корктум. Башка бара албадым".

Окуя болгон күндөгү милициянын маалыматта Улуттук коопсуздук кызматынын жана Ички иштер министрлигинин атайын күчтөрү Дмитриевка айылындагы террорчулукка шек саналган куралчан адамды кармоо операциясын жүргүзгөнү, кармоо учурунда шектүү куралдуу каршылык көрсөткөнү кабарланган. Социалдык тармактарда ок атышуунун видеосу тарап, чопкутталган машина жана танктар жүргөнү көрсөтүлгөн. Куралдуу кагылышта эки күч кызматкерине ок тийип, жарадар болгонун Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкен.

Ушул күнгө чейин чыгымдын ордун толтуруу боюнча президентке, мамлекеттик органдарга кайрылган Айнагүл Мусаева эч биринен жарытылуу жооп келбеди деп нааразы болууда.

Анын айтымында, 6-сентябрь күнү укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия келип, көз карандысыз экспертизанын эсептеген чыгымдарын кайра карап чыгуу керектигин билдирген. Ал укук коргоо органдары да ишти карабай жатат деп нааразы болду.

Бул боюнча Улуттук коопсуздук комитетине кайрылып, жооп ала алган жокпуз. Ал эми Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы комментарий бере албасын билдирди:

Тилек Оторов
Тилек Оторов

"Ал иш Ошко өткөрүлүп берилген. Сотко жөнөтүлгөн. Иш боюнча азыр эч кандай комментарий бере албайм".

"Азаттык": Үйдү ким калыбына келтирип бериш керек?

"Билбейм. Ал боюнча комментарий бере албайм", - деди Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Оторов

Ысык-Ата районунун акимчилиги Айнагүл Мусаевага Кант шаарындагы жатаканадан убактылуу бөлмө берилгенин, бирок ага көчпөй жатканын кабарлады.

“Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Алмазбек Осмоновдун тапшырмасы менен эки ай мурун жабырлануучуга Кант шаарынын N1 жатаканасынан узак мөөнөткө убактылуу баш калкалоого бөлмө бөлүнүп берилген. Айнагүл Мусаева жатаканага келип, бөлмөнүн ачкычын алып кеткен, кээде келип турганы менен, бүгүнкү күнгө чейин көчүп келбегенин жатакананын директору Автандил уулу Талант билдирди. Ага берилген бөлмө бош турат”, - деп жазылган маалыматта.

Мусаева ал жатакананын шарты жок экенин, акимчиликтин өкүлдөрү эмеректерди өзүнүн абалы тууралуу ачык айтып чыккандан кийин кое башташканын билдирүүдө.

Юрист Нурбек Токтакунов мындай кырдаалда өкмөт мыйзам чегинде кенемте төлөп бериши керек эле дейт:

Нурбек Токтакунов
Нурбек Токтакунов

"Жарандык кодекс бар, Конституция бар. Анан административдик соттор боюнча мыйзам бар. Өкмөттүн милдеттеринин бири - коопсуздук. Ошол коопсуздукту коргойм деп бирөөнүн үйүн бузса, кулатса, анда өкмөт кенемте төлөп бериш керек. Анткени жарандар коопсуздук үчүн салыктарды төлөйт. Бирок биздин өкмөт өз ыктыяры менен аны кылбайт, ошон үчүн жаран өзү административдик соттун алдында ушул маселени көтөрүш керек".

Улуттук статистика комитети 2022-жылы Кыргызстанда уурулук, каракчылык жана тоноо күч алганын маалымдаган. Ички иштер министрлиги майда кылмыш көбөйүп, оор кылмыштар азайганын тактаган. Буга чейин Улуттук коопсуздук комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топтор менен аёосуз күрөш болоорун билдирген.

Кыргызстанда буга чейин да террорчулукка шек саналган адамдарды кармоодо адам өмүрү кыйылган учурлар катталган.

2015-жылы 12-октябрда №50 абактан качкан төрт кылмышкердин үчөө кармоо учурунда өлтүрүлүп, бирөө тирүү кармалган. Качууга аракет кылган беш кылмышкердин үчөө түрмөдө табышмактуу жагдайда жан берген.

Аларды кармоо учурунда беш тартип сакчысы жана эки жай тургун ажал тапкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG