Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:54

Ысык-Ата: Атайын операцияда үйү күйгөн жаранга жатаканадан бөлмө берилген


Айнагүл Мусаеванын күйүп кеткен үйү.
Айнагүл Мусаеванын күйүп кеткен үйү.

Ысык-Ата районунун акимчилиги Дмитриевка айылында террорчулукка шек саналаган адамды кармоо учурунда үйү өрттөнүп кеткен Айнагүл Мусаевага Кант шаарындагы жатаканадан узак мөөнөткө бөлмө берилгенин кабарлады. Бул тууралуу акимчиликтин Фейсбуктагы баракчасына маалымат жарыяланды.

“Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Алмазбек Осмоновдун тапшырмасы менен эки ай мурун жабырлануучуга Кант шаарынын N1 жатаканасынан узак мөөнөткө убактылуу баш калкалоого бөлмө бөлүнүп берилген. Айнагүл Мусаева жатаканага келип, бөлмөнүн ачкычын алып кеткен, кээде келип турганы менен, бүгүнкү күнгө чейин көчүп келбегенин жатакананын директору Автандил уулу Талант билдирди. Ага берилген бөлмө бош турат”, - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Айнагүл Мусаева ал жатаканага барган учурда бөлмө бош болгонун, эми гана ичине эмеректерди киргизип, жаманатты кылып жатканын айтууда. Буга чейин келтирилген чыгымдын ордун толтуруп берүү боюнча президентке жана бир нече мамлекеттик органдарга кайрылып, бирок жооп ала алган эмес.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 17-майда УКМК менен биргеликте Чүйдүн Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында террорчулукка шек саналган куралчан адамды кармоо операциясын жүргүзгөнүн, натыйжада ал жок кылынганын билдирген. Кармоо учурунда шектүү куралдуу каршылык көрсөткөнү маалымдалган. Саламаттык сактоо министрлиги Дмитриевка айылындагы атышуудан күч органдарынын эки кызматкери жаракат алганын кабарлаган. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG