Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:54

Садыркуловдун өлүмү: издөөдөгү шектүүнүн бошотулганы суроо жаратты


Медет Садыркулов. Коллаж.
Медет Садыркулов. Коллаж.

Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловго 2007-жылы “белек” кылып кесилген кулак жана сөөмөй жиберүүгө катышкан ошол кездеги милиция кызматкери Ырысбек Кулмамбетов Кыргызстанга кайтып келип, тилкат менен бошотулганы белгилүү болду.

Күтүүсүз кайтып келип, соттон бошотулган шектүү

Медет Садыркуловго “сырдуу белек” жөнөтүүгө катышкан деген шек менен 13 жылдан бери издөөдө жүргөн Ырысбек Кулмамбетовдун өлкөгө кайтып келип, камактан бошотулганын бир нече басылма күч органдарындагы булактарына таянып 28-августта жазып чыгышкан.

Бир күндөн кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту Ырысбек Кулмамбетов 17-августта тилкат менен бошотулганын ырастады. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөөчүсүнүн Кулмамбетовду камакка алуу өтүнүчү канааттандырылган эмес.

Тактап айтканда, 2010-жылы 4-октябрдагы Биринчи май райондук сотунун сыртынан камакка алуу чечими өзгөртүлүп, Кулмамбетов эч жакка кетпөө тилкаты менен бошотулган.

Райондук сот Ырысбек Кулмамбетовго Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 114–беренесинин (“Камакка алуу”) 5-бөлүмү колдонулганын түшүндүрдү. Анда “мөөнөтү өтүп кеткен кылмыштарды жасоого айыпталган адамдарга карата камакка алуу колдонулбайт” деп турат. Кулмамбетов 2007-жылдагы кылмышка айыпталып жатат.

Ошондой эле соттун түшүндүрмөсүндө Кылмыш-жаза кодексинин 58-беренесинин (“Кылмыш куугунтуктоонун эскирүү мөөнөттөрү өткөндүгүнө байланыштуу Кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу”) 2-бөлүмүнө байланыштуу дагы Кулмамбетовду камакка алуу туура келбей турганын билдирди.

Күч органдары маалымат бере элек

ИИМдин басма сөз кызматы Ырысбек Кулмамбетов жөнүндө маалыматты тактап берерин билдирди. Ал эми Башкы прокуратура “издөөгө алынган жаран аэропорттон кармалып, сот аркылуу бөгөт чарасы аныкталды” деген кыскача гана маалымат берди.

Жергиликтүү сайттардын күч органдарындагы булактарынын маалыматында, Ырысбек Кулмамбетов Интерпол аркылуу Швецияда кармалып, Бишкекке алып келинген. Айрым кабарларда ал өзү колго түшкөнү айтылууда.

Азырынча мурдагы милиция кызматкери, чуулгандуу “кулак-манжа” ишинде аты аталган Ырысбек Кулмамбетовдун кылмыш ишин тергөө жанданабы же жокпу белгисиз.

Маркум Медет Садыркуловдун жубайы Айнагүл Садыркулова издөөдө жүргөн шектүүнүн кайтып келиши боюнча адвокаттары менен кеңешип, сотко кайрыларын “Азаттыкка” билдирди.

Айнагүл Садыркулова.
Айнагүл Садыркулова.

“Мен адвокаттарым менен сүйлөшөм. Сапарбековго байланыштуу дагы узарып кетти. Ага аз жаза берип коюшту...”, - деди Айнагүл Садыркулова.

Кулмамбетовдун “кулак-манжа” операциясына тиешеси

Эми 2007-жылдарга кайтып барып, кеп болуп жаткан Ырысбек Кулмамбетовдун Садыркуловго жөнөтүлгөн “сырдуу белек” ишине тиешесин айтып берели.

Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишиндеги тергөөнүн маалыматында, 2007-жылдары Ырысбек Кулмамбетов Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеп туруп, бир нече адам менен бирге үй-жайы жок (селсаяк) өлгөн кишинин кулактарын жана үч манжасын кесип, ошол кездеги президенттик администрациясынын башчысына “жаңы жылдык белек” катары жөнөткөн.

2008-жылы ИИМдин Уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү башкармалыгынын башчысы болуп турган Мелис Турганбаев ал “сырдуу белектин” артында Жаныш Бакиев турганын кийин айтып чыккан.

Турганбаев буга чейин “Азаттыкка” курган маегинде бул кылмыштын бети ошондо эле ачылганын, бирок бийлик жашырып койгонун билдирген.

Мелис Турганбаев.
Мелис Турганбаев.

“Президенттин администрациясынан 1-январда мага чалып, "келип калыңыз" деди. Барсам, “ушундай нерсе болуптур” деди. Мен “бирөөнүн куйругун басыптырсыз, жаман нерсе” деп ачык айттым. Кылмыштын бетин ачтык. Президенттин айланасындагы адамдар болуп чыкты. Бирок кылмыш ишин токтотуп коюшту”.

Көп өтпөй Турганбаев кызматтан кеткен. 2010-жыл Апрель окуясынын кийин Садыркуловдун өлүмү, ага байланышкан окуялар кайра иликтене баштаган. Ал кылмыш иштеринде Ырысбек Кулмамбетов “маркумдун сөөгүн мазактоо”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине шек саналып, эл аралык издөө жарыяланган. Андан бери Кулмамбетовдун кайда экени белгисиз болчу.

Саясат талдоочу Турат Акимов ошол кезде жогорку кызмат адамына кулак-манжанын “белек” катары жөнөтүлгөнү үрөй учурган окуялардын бири болгонун эскерет. Акимов кылмышка шектүүнүн кайтып келгенин мындайча божомолдоду.

“Жөнөкөй кишиге эмес, президенттик аппараттын башчысына селсаяктын кулак-мурдун кесип салып жиберген деген чоң саясий окуя болгон. Эми бул окуя аягына чыкпайт. Мыйзам талаасында жоопко тарта турган эч ким жок. Азыркы бийликтегилер деле аны иликтегенге кызыкдар эмес. Ал жазага тартылбай турганын билип туруп келди. Кожо көрсүн иретинде жазага тартылды деп коюшат”, - деди Акимов.

Акимов тарыхый акыйкаттык үчүн Садыркуловдун өлүмүнө себепкерлер жазасын алууга тийиш деп эсептейт.

Санжар Сапарбековдун кайтып келиши

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин жакын досторунун бири деп айтылып, Медет Садыркуловдун өлүмүнө айыпталган, 2011-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн Санжар Сапарбеков 2021-жылы ноябрда кармалган. Бир жылдан кийин Сапарбеков 14 жылга кесилген. Тергөөдө Садыркуловдун өлүмүнө түздөн түз тиешеси болгону айтылган.

Медет Садыркулов деген ким жана анын өлүмү

Саясий чөйрөдө МЧС деген ылакап атка конгон Садыркулов 2007-жылы бийликчил “Ак жол” партиясын түзүп, ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлигин бекемдөөгө салымы чоң болгон

Садыркулов Бакиевдин аппарат башчысы болуп иштеген. 2009-жылдын январында кызматтан кетип, март айында табышмактуу жагдайда каза болгон. Ошол кездеги тергөөнүн версиясы боюнча, Садыркулов жана саясат таануучу Сергей Слепченко менен айдоочусу Кубат Сулайманов отуруп бараткан “Лексус” машинасы “Ауди” менен сүзүшүп, күйүп кеткен. Бул үчүн “Аудинин” айдоочусу 12 жылга жатак абакка кесилген. Көп өтпөй, 2010-жылы Бакиевдердин бийлиги кулагандан кийин ал айдоочуну бычактап өлтүрүп кетишкен.

Садыркуловдун өлүмү 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин кайра иликтене баштаган. Экинчи тергөөнүн версиясы боюнча, Садыркулов Курманбек Бакиевдин иниси, ошол кезде Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеп турган Жаныш Бакиев менен мамилеси начар болгон жана күчтүү уюштургуч экенин жакшы билген Бакиевдер анын көзүн тазалоого барган.

Тагыраагы, Садыркуловду өлтүрүп, муну коомчулукка жол кырсыгы катары көрсөтүүгө аракет кылышкан. 2012-жылдын ноябрында Аскер сотунун чечими менен бул үчүн беш адам 5-18 жылга эркинен ажыратылган. Алардын арасында Мамлекеттик күзөт кызматынын үч кызматкери, “кылмыштуу топтун” мүчөсү деген бир киши жана Чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси болгон.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG