Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:22

"Коңшунун кол салганын түшүнө албай келем". Грузиядагы согушка 15 жыл


Орус-грузин согушунун кесепети
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:57 0:00

Мындан он беш жыл мурда, 2008-жылы 8-августта орус-грузин согушу башталып, беш күнгө созулган. Жыйынтыгында Грузия Түштүк Осетия жана Абхазия аймактарына көзөмөлүн жоготкон.

Согуштун соңунда Орусия Түштүк Осетия менен Абхазияны "көз карандысыз мамлекет" деп тааныган. Бирок кандуу калабага күбө болгон грузиялыктар анын кесепети оор болгонун айтышат.

Уурдалып, камакка алынгандар да бар

Атоци айылы Грузияга караштуу жикчил Түштүк Осетия менен демаркация иштери жүрө элек аймагында жайгашкан. Орус чек арачылары 2014-жылдан бери айылдын тегерегине тосмолорду куруп алган. Мындан улам жергиликтүү калк ондогон гектар жайыттарынан ажыраган. Айыл тургуну Карло Гогикошвили кооптуу кырдаал дагы деле сакталып турганын айтат.

"Айылдын жарымы көчүп кетти. Калгандарыбыз дыйканчылык менен алектенебиз. Аларды орустар койгон тикенек зымдардан коркпогон адамдар деп айтсак туура болот. Бирок коркуу сезими айыл тургундарына чоң таасирин тийгизип келет".

Соңку жылдары "тартылган зымдарды кесип өттү" деген жүйө менен айрым атоциликтер уурдалып, Түштүк Осетиянын борбору Цхинвалиге алынып кеткен учурлар катталууда. Алардын айрымдары айып пул төлөп кутулса, кээ бирлери камалып калышат.

"Алар талаада карапайым айылдыктарды кармап кетишет. Негизинен малын жайлоого айдап чыккан малчыларды уурдашат же талаага иштегени кеткендер жоголот. 10 учурдун сегизи грузин тарап көзөмөлдөгөн аймактарга тиешелүү. Жикчилдер айылдыктарды коркутуп, аларды өз жерин таштап, артка чегинүүгө мажбурлашууда", - дейт "Күч бирдикте" кыймылынын жетекчиси Дэвид Кацарава.

Дал ушул чек ара маселеси боюнча расмий Тбилиси Орусияга каршы Европанын Адам укуктары боюнча сотуна арыз менен кайрылган. Бул арыз быйыл жаз айларында гана карала баштаган.

"Азыр чыр-чатактын активдүү фазасы эмес, бирок биз өзгөчө оккупация сызыгында жашаган адамдар уурдалып жатканын көрүп жатабыз. Мындай окуяларга дайыма күбө болуп келебиз. Оккупация уланууда, андыктан адам укуктары да бузулуп жатат", -деди Грузиянын Страсбург сотундагы өкүлү Леван Месхорадзе.

Тбилиси Европа сотуна Орусияга каршы бир нече доо арыз берген. Адам укуктары боюнча Европа сотунун чоң палатасы 2019-жылы Орусияны Грузияга 10 миллион евро төлөөгө милдеттендирген. Страсбург соту болсо Европа конвенциясынын үч беренеси бузулган деп эсептейт.

Атап айтканда, грузин жарандары коллективдүү депортацияга, эркиндиктен мыйзамсыз ажыратууга кабылып, ырайымсыз, ар-намысын тепсеген шартта кармалган. Кремль бардык айыптоолорду четке кагып, мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу аракетин гана көргөнүн айтып келет.

"Согуш эми Украинада уланууда"

Башкалаа Тбилисинин тургундары 15 жыл мурунку согушту элдин эси-көөнүнөн кеткис алаамат катары эскеришет.

"Мен согуш башталганда жаңжал чыккан айылда болчумун. Бардык жер бомбаланып, орус аскерлер улам алдыга жыла баштаган. Өтө көп грузин калабада көз жумду. Ондогон досторуман, туугандарыман айрылдым. Көп тааныштарым башка өлкөгө көчүп кетишти. Мен дагы эле коңшуларыбыз эмнеге ушундай кадамга барды деп түшүнө албай келем. Мына, эми Украинага да кол салышты. Каалаган жерде, каалагандай аракеттерди кылып жатышат".

"Биз анда Рустава деген шаарда жашайт элек. Биздин батир 9-кабатта болчу. Ошондо бир орус учак учуп келди. Жакын учкандыктан ичиндеги учкучун да көрдүк. Ал айланып учуп жүрдү. Кийин аны атып түшүрүштү. Мен орусиялыктарга каршы эмесмин бирок алардын Грузияга текшерүүсүз, эркин киришине каршымын".

Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский согуштун 15 жылдыгына карата кайрылуу жолдоп, грузин эли менен тилектештигин жана Грузиянын эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн колдой турганын билдирди.

2008-жылдын 8-августунда башталып, беш күн күнгө созулган орус-грузин согушунда 412 грузин жараны мерт болгон. Орусия 67 аскер кызматкеринен айрылган.

Согуштун соңунда Орусия Түштүк Осетия менен Абхазияны "эгемен мамлекет" деп тааныган. 15 жыл мурдагы согуштан бери Орусия бул эки аймактан аскердик күчтөрүн чыгарып кете элек.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG