Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:40

"Көмүр мафиясы": Ажибаев, Досоновдун карааны. УКМКнын билдирүүсү


 Сүлүктү шаары.
Сүлүктү шаары.

УКМК кылмыштуу топтордон жана ар кандай мыйзамсыз аракеттерден баш тарттыруу боюнча иш уланганын 25-ноябрда билдирип, кримтөбөл Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтү талкууга түшкөн Ильяскожо Ажибаевдин, Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары милициянын каттоосунда турган төрт адамдын видео кайрылуусун жарыялады. Ильяскожо Ажибаев - Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаевдин атасы.

"Фейк аккаунттар таратып жатат"

“Мага коюлуп жаткан “Дед Хасан” же “прокурор” деге н каймана аттардан баш тарткам, менде андай каймана аттар болгон эмес. Менин атым Ильяскожо. Ушул убакытка чейин Кыргызстандын мыйзамы менен жашап келгенбиз, жашай беребиз. Менин эч кандай кылмыштуу топторго тиешем жок”.

УКМК тараткан видеодо өзүн тааныштырып жаткан 59 жаштагы Ильяскожо Ажибаев кримчөйрө менен байланышы болбогонун айтууда. Анын ысымы буга чейин кримтөбөл Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтү интернетке жарыялангандан кийин көп айтыла баштады.

Автору белгисиз болгон сүрөт дзюдо боюнча спорт комплексинин курулушу менен таанышуу учурунда тартылганын анын уулу, Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев буга чейин “Азаттыкка” билдирген.

Ал 26-ноябрда атасынын атайын кызмат тараткан видеодогу кайрылуусу боюнча мындай комментарий берди:

“Видео кайрылуу бир жарым ай мурда ата-энемдин көмүр казган ишканасынын салык маселеси боюнча чакырганда тартылган экен. Атам андай топторго эч кандай тиешеси жок. Видеодо атам баш тарттым деген жери жок, эч тиешем болгон эмес деп жатат. Кудай деп эл катары жашап, эч кимдин акысын жеп же мүлкүн тартып алган эмеспиз. Муну фейк аккаунттар таратып жатат”.

Депутат атасынын бир тууган иниси 30 жыл мурда Чолпон-Ата шаарынан үйлөнгөнүн, ошол себептүү алардын үй-бүлөсүн Көлбаевге байланыштырып жатышканын, ортодо эч кандай мамиле жок экенин айтууда.

Сүлүктүдөгү "көмүр мафиясында" аты аталган Ажибаев

Улуттук коопсуздук комитети Сүлүктү шаарындагы көмүр казган айрым ишканалардын сатуудан жана экспорттоодон коррупциялык схемалары аныкталганын 10-ноябрда билдирген. Текшерүүнүн жыйынтыгында ондой ишкананын салыгы кайра эсептелип, 250 миллион сомдой салыктын 80 миллион сомдон ашыгы өндүрүлгөн.

"Азаттыктын" "Сүлүктү: салыктан качкан "көмүр мафиясы" аттуу иликтөөсүндө атайын кызмат кылмыш ишин козгоп, казынага 48 млн 275 171 сом төктүргөн “Рио Групп” ишканасына Илияскожо Ажибаевдин аялы Асилхан Макамбаеванын тиешеси бар экени айтылган.

УКМКнын тизмесиндеги 22 миллион сомго жакын каражат төккөн “Кен Ордо” ишканасынын расмий кожоюну - Азамат Набиев. Ал Баткен облусунун мурдагы прокурору, буга чейинки чуулгандуу журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган Нуркамал Набиевдин тууганы. Ал кызматта турганда Лейлектеги жер чырына байланыштуу кызматтан алынган. Депутат Чыңгыз Ажибаев болсо Нуркамал Набиевдин күйөө баласы.

Так ушул Набиевдин ысымы Лейлек районундагы Жаңы-Жер айылындагы мамлекеттик мүлктүн менчиктештирилиши боюнча иликтөөдө да аталган. Муну айтып чыккан Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы, кызматтан убактылуу четтетилген Бекжан Жалилов Ажибаев-Набиевдер райондогу кадрдык дайындоолорго чейин таасир эткенин айтууда.

“Лейлекте мамлекеттин ичиндеги мамлекетти түзүп алышкан. Айыл өкмөт, мэрлерге чейин башкарып алышкан. Тиги башчыны мындай кылышыбыз керек, ротацияга барышыбыз керек деп калышкан болчу. Аймактык шайлоо маалында да кримчөйрөнүн адамдарын жөнөтүп, бизди “келип кетсин” деп айттырып жиберген. Биз ага макул болбой, өз күчүбүз менен чыгабыз деп койгонбуз”.

Депутат Ажибаев болсо алар эл катары жашай турганын айтып, мыйзамсыз аракеттерге барышпаганын жогоруда айткан.

Кримчөйрөдөгү "Женгонун" карааны

Атайын кызматтын 25-ноябрда тараткан билдирүүсүндө "Женго" каймана аттуу Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун Кызыл-Кыя шаарындагы "положенеци" Гүлжигит Малабаев 23-сентябрда кармалганы айтылат. Ал ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды, ошондой эле маңзатты мыйзамсыз сактоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

УКМК берген мыйзамсыз аракеттерге жана уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси жок экенин айткан адамдардын тизмесинде Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары милициянын каттоосунда турган Баткен шаарынын тургуну Равшанбек Абдырахманов ("Равшан тентек"), Кызыл-Кыя шаарында жашаган Асланбек Рахманкулов ("Голова"), Ильяз Саидбаев ("Илюха") бар.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев жогоруда сөз болгон Кадыр Досонов кылмыштуу топтон баш тартканын айтканы менен криминалдык иштерге аралашып жатканын 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген.

"Женгону Бишкекке алдырып жатам. Ал буга чейин экран алдында убада бергени менен дагы деле кылмыштуу аракетин улантып жатканы белгилүү болду. Ал тергөө абагында отуруп алып, дагы деле таасир этүүгө аракет кылууда".

Быйыл 13-январда Ош шаарында бир кишини арматура менен койгулап жатышканы тартылган видео коомчулукта талкуу жараткан. Үрөй учурган бул окуяда бир адам өлүп, дагы бир киши катуу жабыркаганы маалым болгон. Шаардык милиция адам өлтүрүүнү уюштурууга айыпталган Досонов баштаган беш кишини кармаган. Кийин ушул эле ишке байланыштуу жалпы тогуз шектүү кармалганы белгилүү болгон.

Кадыр Досонов буга чейин оор беренелер менен айыпталып, бир нече жолу кесилип, кайра эркиндикке чыккан. Соңку ирет аны 2021-жылдын февраль айында УКМК кармаган. Учурда ал Оштогу тергөө абагында кармалууда. Былтыр сентябрда Жогорку Сот төмөнкү инстанциялардын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. УКМК ошол окуядан кийин өлкөдө криминалга каршы күрөш уланып жатканын билдирип келет.

9-октябрда УКМК аны менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG