Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

Электр жарыгы кымбаттайт: өкмөт сунуштаган баа


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Кыргызстанда өкмөт электр энергиясынын катардагы абоненттер үчүн тарифин дээрлик 30% жогорулатууну сунуш кылды. Энергетика министрлиги калктын аз камсыз болгон катмарына мамлекеттен колдоо улана берерин айтууа. Талдоочулар кризистик абалда турган энергетика тармагынын көйгөйүн бир гана элдин эсебинен чечүү мүмкүн эместигин белгилеп жатышат.

Энергетика министрлиги тарифти жогорулатуу сунушун электр энергиясы жетишпей жаткан шартта элди жарык менен туруктуу камсыз кылуу, анын баасын реалдуу наркына теңдөө аракети менен негиздеп жатат.

Министрликтин Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинин Мониторинг жана комплекстүү талдоо башкармалыгынын башчысы Эгемберди уулу Бектеналынын айтымында, электр энергиясын өз наркынан төмөн баада бергенде аны өндүрүүгө кеткен чыгым өзүн актабай жатат жана чыгаша көбөйүүдө.

Оңдоп-жаңылоо иштерин жүргүзүүгө акча жетпесе авария көбөйөрүн белгилеген адис ошого жол бербеш үчүн тарифти өзгөртүү сунушталып жатканын, калктын социалдык жактан аз камсыз болгон катмарларынын жеңилдиктери улана берерин айтты:

“Азыр калк арасында 700 кВт/саатка чейинки көлөмдө колдонгондор 77 тыйындан, андан ашса 2 сом 16 тыйындан төлөп жатат. Биз 700 кВт/саат деген чекти 1500 кВт/саатка чейин көтөрүүнү сунуштап жатабыз. Демек, 2 сом 16 тыйын ошол чектен өткөндөн кийин гана төлөнөт. Ал эми 77 тыйын дегенди 1 сомго чейин жогорулатуу сунушталууда. Өнөр жай тарифи болсо, тариф саясаты тууралуу токтомго ылайык, жыл сайын инфляциянын деңгээлине жараша өзгөртүлүп келе жатат. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр азыр 700 кВт/саатка чейин 50 тыйын, андан ашса 2 сом 16 тыйын төлөп жатышат. Биз сунуштап жаткан өзгөрүүлөр кабыл алынса, 50 тыйындык тарифтин колдонуу көлөмү азыркы 700 кВт/сааттан 1500 кВт/саатка чейин көбөйөт, андан ашкандагы 2 сом 16 тыйын деген тариф кала берет”.

Мына ушул сунуш жазылган мыйзам долбоору өкмөттүн сайтына бир айлык коомдук талкууга коюлду.

Тариф темасы элди түйшөлткөн көйгөйлөрдүн бири болгондуктан өкмөт электр энергиясынын баасын жогорулатуудан ар дайым тайсалдап келерин, шайлоо алдында айрым саясатчылар тарифти төмөндөтүүнү убадалап, өзүнө добуш топтоп жүргөнүн талдоочулар белгилеп келишет.

Энергетика тармагы боюнча эксперт Мырзатай Султаналиев тариф экономикалык мүнөздөгү маселе экенин, бирок Кыргызстанда ондогон жылдан бери саясий маселеге айландырып келе жатышканын, аны сөзсүз жогорулатуу зарыл экенин айтууда:

“Бүгүнкү күндө 1 кВт/саат электр энергиясын өндүрүүнүн баасы 1 сом 70 тыйынга жетип калды. А биз, катардагы абоненттер, 77 тыйындан төлөп жатабыз. Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиясынын 70% дал ошол катардагы абоненттер алат. Демек өзүн өзү актабай калууда. Ошондуктан тарифти көтөрүү азыр биринчи кезектеги маселе болушу керек. Антпесе болбойт. Экинчиден, эмне үчүн бизде генерациялык кубаттуулук курулбай жатат? Себеби инвестор канча убакта акчасын кайтарып аларын эсептеп, ошондун кийин гана келер-келбесин чечет. А бизде тариф өз наркынан бир сомго арзан болуп жатса ким инвестиция берип, ГЭС же ЖЭБ куруп берет? Ооба, тариф маселеси жумушу жок эл үчүн оор болот, бирок, экинчи жагынан, өнүгүүбүз үчүн тоскоолдук болуп жатат. Ошондуктан тарифти көтөрүш керек, дароо эмес, этап-этабы менен”.

Кыргызстан коррупция боюнча дүйнөлүк рейтингдеги көрсөткүчүн канча жылдан бери жакшырта албай келе жатат. Буга энергетика тармагындагы жашыруун схемалар жана жемкорлук да өзүнүн салымын кошуп жатканына күч органдары козгогон кылмыш иштери далил.

Тармактагы абал боюнча өз пикирин ачык айтып келе жаткан дагы бир талдоочу Расул Үмбөталиев карапайым элдин эсебинен кризистен чыгуу мүмкүн эмес деген пикирде. Ал ириде жемкорлукту жоюу, ачыктыкты камсыз кылуу жана кирешеси көп ишканалардын тарифин жогорулатуу керек дейт. Адистин эсебинде, тариф жогоруласа салыкты кошкондо 1 сом эмес, 1 сом 16 тыйын болот:

“Пенсияга, жөлөкпулга, бюджеттен айлык алып иштегендерге инфляцияга жараша толук индексация кылып бериш керек анда. Бирок быйыл айлык-пенсияны көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк жок экенин Акылбек Жапаров айтып жатат. Энергетика тармагындагы чыгашаны карапайым эл аркылуу жабуу туура эмес. Алтын казып, арак-шарап, цемент чыгарып, өтө көп киреше таап иштегендерге, майнинг компанияларга коэффициенти жогорулатса туура болмок. Энергетика тармагынын чыгашасын азайтыш үчүн тариф саясатын гана эмес, ошол мекемелердеги мамлекеттик сатып алууларды ачык-айкын жүргүзүү, кызматкерлеринин санын оптималдаштыруу, электр энергиясынын техникалык жана коммерциялык жоготууларын азайтуу маселесине да көңүл буруу зарыл. Тармактагы коррупция да жоюла элек. Мисалы, майнинг компаниялар жөн иштей албайт. Алардын иштеп турушуна РЭС жетекчилиги, контролерлор кызыкдар. Мамлекеттик сатып алууларда өтө чоң коррупция бар. Аны жоймоюнча энергетикалык кризистен жакын арада чыга албайбыз”.

Кыргызстанда быйыл январдын ортосунда суук катуу болуп, электр энергиясын керектөө көбөйгөндүктөн бийлик жарыкты кезек-кезеги менен өчүрүп турууга мажбур болду. Бул үчүн президент Садыр Жапаров 21-январда “Фейсбукка” жазган кайрылуусунда элден кечирим сурады.

Мамлекет башчысы тармак “чала жан” абалга кептелгенин эскертип, Кыргызстан эгемендик алгандан бери элдин саны дээрлик 1,5 эсе көбөйгөнү менен бир дагы ГЭС курулбаганын, Союз мезгилинде курулган жабдыктардын эскирүүсү 80% ашканын, энергетика тармагынын карызы 137 миллиард сомду түзүп турганын айтты.

Тариф жогорулай турганын жарыялаган президент келечекте карыз толук жабыларын, ушул тапта элүүгө жакын орто жана кичи ГЭС курулуп, Камбар Ата-1 ГЭСин курууга даярдык жүрүп жатканын кошумчалады.


Кыргызстанда жылына 14-15 миллиард кВт/саат электр энергиясы өндүрүлөт. Бирок ал жалпы керектөөнү жаппайт.

Акыркы 15 жылдан бери кышкы мезгилде электр энергиясы жетишпегендиктен Кыргызстан аны коңшуларынан сатып алууда. 2022-2023-жылдын күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн, мисалы, Түркмөнстан менен Казакстандан 2 миллиард киловаттан ашуун импорттоп жатат. Ал үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 50 миллион доллар карыз алынган. Былтыр жогорудагы эки өлкөнү жана Өзбекстанды кошкондо импорт мурдагы жылга салыштырганда 2,5 эсе көп болду.

Кыргызстандын суу ресурстарынын энергетикалык мүмкүнчүлүгү 162 миллиард кВт/саат, бул Борбор Азиядагы энергокордун 38% түзөт. Бирок, эсептөөлөр боюнча, өлкө бул мүмкүнчүлүктүн 10% жетпегенин гана колдонот.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев быйыл Кыргызстанда 50гө жакын чакан ГЭС куруу зарыл экенин 31-январда билдирди. Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, быйылкы күз-кыш мезгилинен өтүш үчүн 1-апрелге карата Токтогул суу сактагычына 8,6 миллиард куб метр суу топтоо пландалууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG