Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Судецтин күйөөсүнүн “Евразиялык сактык банкындагы” изи


Евгения Судец, Владимир Андросик жана "Евразиялык сактык банкы"
Евгения Судец, Владимир Андросик жана "Евразиялык сактык банкы"

Кыргызстандын мамлекеттик өнүгүү банкынын жетекчиси кызматынан кетип жаткан Евгения Судец өзүнүн жана жолдошунун Максим Бакиев менен Алексей Ширшовго байланышы жоктугун белгиледи.

Бирок расмий базалардагы маалыматтар анын үй-бүлөсүнүн Бакиев-Ширшов чөйрөсүндөгү чаташкан издерин көрсөтүп турат.

Судецтин жолдошу Владимир Андросик жакында Санариптик өнүгүү министрлигинин алдындагы "Евразиялык сактык банкынын" 2,9% акциясын сатып алды. Эмне үчүн бул иштер бакиевдик-ширшовдук күмөндүү схемаларды эске салат?

Евгения Судец “Вечерний Бишкек” басылмасына курган маегинде энергетика жаатындагы ири коррупциялык схемаларда ысымы аталып келген Алексей Ширшов менен тааныштыгын ырастап, биргелешкен кызыкчылыктары жок экенин баса белгиледи.

“Ооба, Алексей Ширшов менен таанышмын, бирок журналисттер каалаганчалык жакындыгым жок. Ал болгону телефонумдагы үч миң байланышымдын бирөө гана. Мен аны менен кайсы жерден таанышканыбызды эстей да албайм. Аны менен менин дагы, жолдошумдун дагы эч кандай үй-бүлөлүк достугубуз жана биргелешкен долбоорлорубуз жок, болгон да эмес. Анын бул жердеги репутациясы кандай экенин жакшы билем. Мен болсо өзүмдүн жылдар бою чогулткан кынтыксыз кадыр-баркымды өтө баалайм. Мени басылмаларда ары-бери жууп-чайышын каалабайм. Башка кишинин начар репутациясы менен өз кадыр-баркымды бузуп алгым келбейт. Анын үстүнө, ар бир инвестициялык банктын башкы документи болгон этика кодексинде “өз кардарыңды бил” деген процедура жазылган. Ал болсо банктын кардары катары бизге эч туура келбейт. Бул Ширшовго эле эмес, Бакиевдердин бүткүл үй-бүлөсүнө тийиштүү”.

Евгения Судец жолдошум деп Владимир Андросик аттуу жаранды айтып жатат. Өзү дагы, жолдошу Андросик дагы кыргыз жарандыгын былтыр алышкан. Ага чейин Орусиядагы ВТБ банкынын түзүмдүк ишканаларында иштеп келишкен.

Судец жана Андросиктин үй-бүлөсүн эмне үчүн Максим Бакиев менен Алексей Ширшовго байланыштырышат? Аны эки урунттуу жагдай менен түшүндүрүп берели, ал үчүн ачык булактар жана иликтөөчүлөрдүн буга чейинки жарыялаган маалыматтары жардамга келет.

Андросик “Евразиялык сактык банкынын” ацияларын сатып алды

Владимир Андросик Кыргызстанга келери менен 2022-жылдын ортосунда “Айти Капитал” аттуу фирма түздү. Фирма буга чейин Максим Бакиевдин атына байланышып келген Мурманск 56 дарегинде жайгашкан. Дарек жана анын таржымалы тууралуу бир аздан кийин айтабыз. Азыр “Айти Капитал” фирмасынын баалуу кагаздар рыногундагы башка бир операциясы тууралуу кеп кылалы. Фирма жакында Кыргызстандын Санариптик өнүгүү министрлигинин карамагындагы "Евразиялык сактык банкынын" 2,9% акциясына ээ болуп калды. Мындай маалымат банктын сайтында жазылып турат.

"Айти Капитал" ЖЧКсынын "Евразиялык сактык банкы" ААКдагы үлүшү
"Айти Капитал" ЖЧКсынын "Евразиялык сактык банкы" ААКдагы үлүшү

Өзүн “Айти Капитал” фирмасынын өкүлү деп тааныштырган Алексей аттуу адам телефон аркылуу буларды билдирди.

“Владимир Иванович учурда иш сапарында жүргөндүктөн, аны менен кантип байланышууну айта албайм. Ооба, компания "Евразиялык сактык банкынын" 2,9% акциясын сатып алган, бул маалыматтар банктын сайтында ачык жазылып турат. Акциялар Кыргыз фондулук биржасында сатылып алынды. Биржа сатуучуну ачыктабайт. Биз брокерге акция сатып алуу тапшырмасын бергенбиз, банктын акциялары сатыкка чыкканда, алар биржанын эрежелери боюнча сатып алышты”.

"Айти Капиталдын" кызматкери Владимир Иванович деп Евгения Судецтин жолдошу Владимир Андросикти айтып, аталган компанияга тиешеси бар экенин ырастады.

"Евразиялык сактык банкы" мурда “Кыргыз Кредит Банкы” деп аталып келген. Дээрлик 2014-жылга чейин анын акцияларына Максим Бакиев өз чөйрөсүндөгү Сергей Костырин, Денис Гладышев, Виталий Ким жана Марат Ахматов аркылуу ээлик кылып келген. Мындан тышкары, өзүнүн “Реестр Сервис” фирмасы аркылуу Талантбек Иманов дагы банкта акция кармап турган. Кийин алардын баары ацияларын сатып жиберген.

2016-жылы “Кыргыз Кредит Банкы” акционердик коому “Евразиялык сактык банкы” деп аталып, акциялары мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна, кийин Санариптик өнүгүү министрлигинин башкаруусуна берилген.

Кийин министрликтин эсебине Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовдун жубайынын наамындагы 9,99% акция да өткөрүлгөн. Учурда мамлекеттин колунда жалпысынан 76,5% акциясы бар.

Министрлик менен катар Сергей Толкачев аттуу жаран менен “Двадцать пятый кадр” жабык акционердик коому дагы банктын 10% ашуун акциясын кармайт. Калган акциялары соңку эки жылда бир нече колго өтүп келет.

Расмий жарыяланган маалыматка ылайык, 2023-жылдын мартында банктын акционерлеринин катарына “Айти Капитал” менен катар “Альфа Телеком” жабык акционердик коому дагы кирген. Бирок, бул соода операциялары тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында азырынча кандайдыр бир маалымат жарыялана элек.

Санарип өнүгүү министрлигине "Евразиялык сактык банкынын" акцияларынын “Айти Капитал” фирмасына сатылышы тууралуу кайрылганыбызда, жооп алуу үчүн мөөр басылган расмий кат менен кайрылууну сунушташты. Алдыда министрликтин расмий билдирүүсүн алып, жарыялоого даярбыз.

Эске салсак, 2022-жылдын май айында кыргыз өкмөтү “Дастан” заводун, “Кыргызтелеком”, “Альфа Телеком” акционердик коомдорун жана "Евразиялык сактык банкын" Санариптик өнүгүү министрлигинин карамагына өткөрүп берген.

Депутат Дастан Бекешев мындай схема артында Алексей Ширшов турарын, ал министр досу Талантбек Имановдун колу менен күмөндүү иштерди жасап жатканын айткан.

“Евразиялык сактык банкында” сиздин досуңуз Ширшовдун издери бар. “Дастан” заводу, “Мегаком”, “Кыргызтелеком”...моралдык жактан бул таптакыр туура эмес. Мен түшүнүп утрам, президент азыр силердин позицияңарды колдоп жатат, силерге эч ким тоскоолдук кыла албайт, анткени артыңарда президент турат. Тилекке каршы, кийин бул абдан жакшы шынаа болуп берет. Бир-эки жылда бул маселе баары бир кайра көтөрүлөт. Байланыштар, “Реестр Сервис” сиздики болчу, сиздин “Дастан” заводундагы жасап жаткан иштериңиз – мунун баары көтөрүлөт. Менимче, бул жерде маселе бир эле адамда болууда. Биз Талант Иманов Ширшовдун досу экенин түшүнүп турабыз. Ширшов Талант Имановдун досу, алар “Дастан” заводунда бирге болушкан. Ширшов “Евразиялык сактык банкы” менен байланышта болгон, ал боюнча кылмыш иши козголгон”.

Тарыхы бай Мурманск 56 дареги

Эми Владимир Андросиктин "Айти Капитал" фирмасы катталган Бишкек шаарындагы Мурманск көчөсүнүн 56 дарегине келели.

Жети гектардан ашуун жерди ээлеген ал өндүрүштүк имараттар аймагын эмне үчүн Максим Бакиевге байланыштырышат? Эмне үчүн бул жерде санарип өнүгүү министри Талантбек Иманов менен “Альфа Телеком” компаниясынын азыркы жетекчиси Нурлан Мамытовдун дагы ысымдары аталат?

Буга чейин айтып кеткендей, “Айти Капитал” фирмасы Бишкек шаарындагы Мурманск 56 дарегинде катталган жана фирманын өкүлүнүн айтымында кеңсеси да ошол жерде жайгашкан. Кадастр мекемесинин маалыматына ылайык, аталган даректеги жер тилкесине 2022-жылдын 25-октябрына чейин “Глобал Групп” фирмасы ээлик кылып келген. Андан кийинки кожоюну белгисиз.

“ПолитКлиника” басылмасы жакында “Мега” уюлдук компаниясы жана анын айланасындагы күмөндүү кишилер тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда уюлдук компанияны Максим Бакиев менен анын командасынын күмөндүү схемалар аркылуу колдон-колго өткөргөнү тууралуу кеп болот. Схемаларда Владимир Андросик активдүү катышканы айтылат. Иликтөөчү журналист Тыныстан Асыпбек уулу “Айти Капитал” фирмасы жайгашкан Мурманск 56 дарегин эмне үчүн Максим Бакиев менен Алексей Ширшовго байланыштырарын мындайча чечмеледи.

“Бул жерде Андросик жөн жерден келип туруп эле так ошол дарекке барып компания ачканы аябай күмөн жаратат. Анткени, ал жакта Талант Имановдун адамдары иштеген да, Аширбекова Мавлут деген. Ал Талант Имановдун финансы жагын караган жакын адамдарынын бири. “Меганын” азыркы директору Нурлан Мамытов дагы ошол темир базага ээлик кылган “Глобал Группта” директор болуп иштеген. Бүт баары келип Ширшовго эле такалып атат. Ширшовдун Максим Бакиев менен жакын мамиледе экенин баары билет. Ошондон улам артында Ширшов, андан ары Максим Бакиевге барып такалат деген жыйынтыкка келдик”.

Ысымдары аталган Нурлан Мамытов учурда “Альфа Телекомдун” башкы директору болсо, Мавлут Аширбекова “Дастан” заводунун директорунун экономика жана каржылык иштер боюнча орун басары болуп иштеп турат.

“Глобал Групп” фирмасына “Первая строительная компания” менен Central Asia Financial Partnership жабык акционердик коому ээлик кылып келген. “Первая строительная компания” фирмасын Денис Гладышев, Central Asia Financial Partnership акционердик коомун Бакыт Закиров жетектеген. 2010-жылдан кийин жүргөн тергөө иштеринин документтери боюнча, экөө тең Максим Бакиевдин күмөндүү алдамчылык схемаларына чырмалышкан жана аны менен ынак мамиледе болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG