Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:44

Министрлик ЖОЖдорду бириктирип, эркиндик берет


Борбор Азиядагы Америка университетинин аудиториясы.
Борбор Азиядагы Америка университетинин аудиториясы.

Кыргызстанда билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында беш жогорку окуу жайына өзгөчө макам берилди.

Бул кадам окуу жайларына кеңири уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономия берүүнү көздөйт.

Эксперттер муну менен бирге окуу жайлардагы технологиялык факультеттерди жакшыртып, заманбап технопарк, стартап борборлорду ачууну сунуштап жатат.

Президент Садыр Жапаров 18-июлда кол койгон жарлыкка ылайык, өзгөчө макам Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине, Константин Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына жана Ош мамлекеттик университетине берилди.

Мамлекет башчынын жарлыгы менен айрым окуу жайлар бириктирилип, кайрадан түзүлмөй болду.

Мисалы, Кыргыз мамлекеттик юридикалык университет Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине, Ош мамлекеттик юридикалык институту Ош мамлекеттик университетине биригет. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен иштери жана жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү университети И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине кошулмай болду.

Бул жогорку окуу жайлар ортосундагы атаандаштыкты күчөтүп, рейтингин көтөрүүгө өбөлгө болот деп эсептейт билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев.

Ал окуу жайлар алдында мазмундук, түзүмдүк жана административдик жактан өзгөрүүлөрдү жасоо милдети турганын белгиледи.

Алмазбек Бейшеналиев
Алмазбек Бейшеналиев

"Ирилешүүнүн натыйжасында бизде 31 ЖОЖ жана 13 орто кесиптик окуу жайлардагы кесиптер дагы бири-бири менен бирикмекчи. Бул дагы профессордук курамды бириктирип, синергия жаратууга чоң өбөлгө түзмөкчү. Ошону менен бирге чыгымды азайтып, натыйжалуулукту көбөйтөт деген үмүттөбүз. Андан сырткары бул иш-чаранын аткарылышы менен Кыргызстандагы айрым университеттерди алдыңкы беш жылдыкта дүйнө рейтингинде көрөбүз деп ойлойбуз".

Жарлыкта белгиленгендей, өзгөчө макамы бар окуу жайлар бюджеттен тышкаркы каражаттарды пайдалануу үчүн казыналык системадан тышкары мамлекеттик катышуу үлүшү бар коммерциялык банктарда банк эсептерин ачууга, башкаруунун ички түзүмүн жана кызматкерлердин штаттык санын өз алдынча аныктоо укугуна ээ.

Ошондой эле окуу иштери боюнча проректорлорду дайындап жана бошотуп, ЖОЖдун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн статусун жана аталышын, алардын ишин уюштуруу тартибин өз алдынча аныктай алат.

Эмгек акы төлөөгө жумшалуучу каражаттардын үлүшүн аныктап, кызматкерлердин бардык категорияларына эмгек акы төлөөнүн, мугалимдерге дем берип, материалдык жардам көрсөтүүнүн формаларын жана өлчөмдөрүн белгилейт. Бул көзөмөл кеңештери менен макулдашуунун негизинде ишке ашат.


Ошондой эле үч жылдык мөөнөткө текшерүүнүн бардык түрлөрүнөн бошотулат. Буга аудиттин эл аралык стандарттарына жана өлкө мыйзамдарына ылайык жыл сайын көз карандысыз тышкы же ички (ЖОЖ ичиндеги) аудитордук текшерүү кошулбайт.

Мыйзамдарда тыюу салынбаган иштерден каражат түрүндө киреше алууга жана аларды ЖОЖдун ишин жакшыртууга, материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө жумшоо укугуна ээ болот. Атайын каражаттардын эсебинен сатып алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү (ажыратууга, алмаштырууга, ижарага берүүгө), ошондой эле кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн каражаттарды тескөөгө укуктуу. Мамлекеттик билим берүү гранттарын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтерди өз алдынча түзүүгө жана бекитүү сыяктуу уюштуруу иштерин өз алдынча жүргүзө алат.

Документте көрсөтүлгөн окуу жайлар профессордук-окутуучулук курамдын кызмат орундарын ээлөө тартибин өз алдынча аныктай алат. Аларга лицензия албастан жогорку кесиптик билим берүү программалары боюнча ишин жүргүзүү сыяктуу бир катар укуктар берилет.


Бул иштер жаңы окуу жылынан баштап ишке ашат. Окуу жайлардын ректорлору негизинен мазмун менен сапатка көңүл бурула турганын белгилешүүдө. Алар мугалимдерди ачык сынак менен тандап алынууну жана студенттер катышкан окутуучунун рейтингин баалоо системасын киргизүүнү пландап жатышат.

Студенттер окуп жаткан кесибине керектүү сабактар боюнча мугалимдин курстарына жазыла алышат. Муну менен окуу жайдын жетекчилери бир дагы илимий материал жазбаган, эски дептерди кучактап, жыл сайын ошондон лекция окуган лекторлордон арылууну көздөп турат.

Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Садыков күтүлүп жаткан өзгөрүүлөргө токтолду. Ал мугалимдерди тандоонун жаңы тартиптери иштелип чыгарын кошумчалады. Мугалимдин ар тараптуу рейтинги да эске алынат.

Канат Садыков
Канат Садыков

"Мазмундуу өзгөрүүлөр болот, окуу программалар көбүрөөк жумуш берүүчүлөрдүн талаптарына жооп бере баштайт. Сөзсүз түрдө окуй турган предметтер бар, каалайбызбы же каалабайбызбы алардын учурунда киргизип салышкан. Мисалы географияны окуш керек, билеби же билбейби кыргыз, орус тилин сөзсүз түрдө биринчи курста окуп өтүш керек. Аны мектепте окуп, экзамен тапшырса деле биз сааттарды бере берчүбүз. Ошонун ордуна биз кесиптик багытка тийиштүү тилди өздөштүргөнгө багыттарды кошобуз. Өзүбүз жаштарга керектүү программаны тез арада киргизип, өзгөртүп балдардын компетенциясын жогорулатуу жагына көңүл бурабыз. Биз мугалимдердин илимге кызыгышына каражат төлөп, кызыктырабыз. Журналдарга кирип рейтинг алгандарды каражат менен кызыктырып, акча жумшайбыз".

Билим берүү тармагындагы эксперттер бири-бирин кайталаган университеттерди бириктирип, ирилештирүү зарылдыгын байма-бай айтып келген. Аты аталган окуу жайлар буга чейинки реформалардын негизинде бөлүнүп, өз алдынча иш жүргүзө баштаган. Адистер эми аларга өзгөчө макам берүү менен чектелбей, окуу жайлардагы технологиялык факультеттерди жакшыртып, заманбап технопарк, стартап борборлорду ачууну сунуштап жатат.

Бишкектеги "Ала-Тоо" университетинин деканы, юридика илимдеринин кандидаты, доцент Нурлан Исмаилов окуу жайларды бириктирип, аларга автономия берүүнү колдоого аларлык иш деп эсептейт. Ал ректор менен бирге декан, кафедра башчыларына талапты жогорулатып, жоопкерчилигин күчөтүү зарыл деген пикирде.

"Буга чейин окуу жайлар бөлүнүп, кээ бир адамдардын жеке менчигине айланып калгандай болуп калган. Айрыкча мамлекеттик университеттер. 15-20 жылдан бери бир ректор башкарып келаткандар да бар. Ошондуктан бул туура кадам болду. Университеттер бириккенден кийин жаман жагы коллектив чоңоет. Ошондуктан корпоративдик ички башкарууну дагы жолго коюш керек, антпесе кесепети болот. Бириктирүү менен эле иш токтобошу керек. Заманбап технопарк, стартап борборлорун ачуу зарыл. Балдар бүткөндө иш издебестен, иштөө жөндөмүнө ээ болуп чыгышы керек. Өзгөчө макам берилгендердин бардыгы стратегиялык маанидеги окуу жайлар. Буга И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин камтыш керек. Анткени ал Кыргызстандагы эң чоң педогогикалык окуу жай. Биз татыктуу педогогду тарбиялай албасак, мыкты бүтүрүүчүнү чыгара алайбыз. Ошондуктан мамлекет бул окуу жайга өзгөчө көңүл бурганы оң. Мындан тышкары ректор, проректор, деканат, кафедра башчыларына жоопкерчилик жана талап күчөтүлүшү абзел. Музмун, кабыл алуу, сапатка ошолор жооптуу болот. Антпесе кызматка болгон интрига токтобойт".

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу беш окуу жай өзгөчө макам алгандан кийин ишинин жыйынтыгын көрсөтө алса, башка окуу жайларга дагы ушундай мүмкүнчүлүк бериле турганын билдирүүдө. Ал мыкты профессор, окутуучуларды кызматка алуу ар бир ЖОЖдо ар түрдүү боло турганын, тест, маектешүү сыяктуу эки-үч турдан турган сынактан кийин гана ишке алынарын кошумчалады. Бул окуу жайдын ички тартиптерине дагы жараша жүрөт.


Ал эми эл аралык билим берүү боюнча адис Мырза Каримов окуу жайлардын жетекчилигине чыгармачылык эркиндик берип, саясатка аралаштырбоо зарылдыгын белгилөөдө. Анткен менен ректорду тандоодо дагы катуу талаптар коюлушу керек деп эсептейт.

"ЖОЖдорго эркиндик бергенден кийин ошону акырына чейин кармаш керек. Аны саясатка такыр аралаштырбаш керек. Бизде шайлоо учурунда 30 жылдан бери саясатка аралаштырып, студенттерди маршрутка менен ташыган учурлар көп эле болду. Бизде Ак үйдө кандай чогулуш болсо эле ректорлордун көбү ошол жакта жүрөт. Ак үй эмне десе ошого ыраазы болгон жетекчилерди алып келсе, анда бул өзгөрүүдөн жыйынтык чыкпайт. Ошондон алыс болмоюнча айлыкты көтөрбөйлү, өзгөчө макам бербейли билим берүү системасы дүйнөлүк деңгээлге чыга албайт. Бул окуу жайдын жетекчисине дагы көз каранды. Ал үчүн билимдүү, тажрыйбалуу, ишти алып кеткен киши келиши керек. Проректор, декандарды дайындоону ректорго берген туура. Анткени мамлекеттик макамы бар окуу жайларда деле ректорду проректор укпаган учурлар болгон. Убагында ар бир окуу жайды партиялар башкарып калган".

Кыргызстанда 76 жогорку окуу жайында 231 миңден ашуун студент билим алат, алардын 70 миңдейи башка мамлекеттин жараны.

Буга чейин жарандык коомдун мүчөлөрү билим берүү тармагына жигердүү реформа жүргүзүү менен көп маселелерди чечүүгө болорун белгилеп, президент Садыр Жапаровду бул демилгеге көңүл бурууга чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG