Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:44

"Ата-эне балдардын билими, тарбиясы менен алектенбей калды"


 Иллюстрация сүрөт. Бишкектеги мектептердин бири. 
Иллюстрация сүрөт. Бишкектеги мектептердин бири. 

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети мугалимди мазактаган окуучунун ата-энесине айып салуу тууралуу жобону 30-майда карады. “Укук бузуулар жөнүндөгү” кодекске кирип жаткан бул жобого ылайык адепсиздикке барган окуучунун ата-энеси 1000 - 4000 сом айыппул төлөйт же 3-5 суткага камалат.

Мындай чара окуучуну чүнчүтүп, басмырлоого алып келбейби? Мугалим, окуучу жана ата-эне мамилесинин бузулушуна кандай жагдайлар себеп болууда? Аны жаза чаралар аркылуу жөнгө салуу мүмкүнбү? "Арай көз чарай” талкуусунда ушул жана башка суроолорго жооп издедик.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы, “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаева, укук коргоочу Динара Ошуракунова, Билим берүү жана илим министрлигинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Бектур Ибрагимов катышты.

Бектур Ибрагимов: Мындай мыйзамды эртерээк эле кабыл алсак болмок. Аны акыркы кырдаалдардан, Сузактагы, Лебединовакадагы мектептерде болгон окуялардан улам депутаттар демилгеледи. Билим берүү министрлиги муну колдоду. Себеби бүгүнкү күну мугалимдин укугу жакшы корголбой жатат. Кичине эле резонанс болсо мугалим жаманатты болуп калууда. Мурда баарыбыз билгендей, мугалимден бардыгы коркчу. Бүгүн мугалимди айрыкча окуучулар тоготпой калды. Ошондуктан, бул жакшы демилге.

Андан тышкары маалымат катары айтып кетейин, биз ушул эле кодекстин 102-беренесиндеги санкцияны дагы көбөйттүк. Ата-эне укугунан баш тарткандарга азыркы 1000 -3 000 сомду 10 000 – 20000 сом деп көбөйтүп жатабыз. Себеби ата-эне азыр балдардын билими, тарбиясы менен алектенбей калды. Ата-эне баласын мектепке же бакчага киргизет да, ошону менен өз милдетин токтотот. Бардыгын мугалимден талап кылат. Бирок “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамдын 27-беренесинде мектептен тышкаркы учурда окуучуга ата-эне жооп берет деп жазылып турат. Ошого карабастан күнөөнүн бардыгы мугалимге коюлуп жатат.

Аида Исатбек кызы: Социалдык саясат комитетинде бул долбоорду карап, колдоп бердик. Мыйзам долбоору февраль айында эле иштелип чыккан. Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууда бир ай турду. Тилекке каршы, Сузакта болгон окуя менен дал келип калып, коомчулукта ушул окуяга байланыштуу көтөрүлдү деп терс кабыл алынууда.

Албетте, ата-энени жазалоо дегенге чейин барбай эле койсок туура болмок. Бирок акыркы күндөрү өзүңүздөр соцтармактарда байкагандай, ушундай окуялар, мугалимди мазактоо өтө эле көп болуп жатат. Чынын айтканда, мугалимдин мурдагыдай макамы жок болуп калды. Ушундай жагдайларды эске алып, бул долбоорго макулдук бердик.

Догдуркүл Кендирбаева.
Догдуркүл Кендирбаева.

Догдуркүл Кендирбаева: Мугалимдин кубаттуу методикасы болсо, өз ишине берилген мыкты кесипкөй болбосо коркутуу жолу менен ийгиликке жетишпейбиз. Окуучу мугалимден убактылуу гана сабак учурунда коркушу мүмкүн. Бирок баланы билим алууга шыктандыра албайт. Бул жерде педагогдордун өздөрүндө да маселе бар. Мыйзамдарда турат, эч ким эч кимди мажбурлап, кысым көрсөтө албайт. Билим берүү мыйзамында, балдар укуктарынын конвенциясында айтылып жатат. Экономикалык, саясий-социалдык маселелер каралып жатабы? Балдардын кызыкчылыгы биринчи орунга коюлушу керек.

Чындыгында ата-энелердин баласына болгон камкордугу өтө төмөндөп кеткендиги – факт. Мыйзамдын (долбоордун -ред.) бир жакшы жери бар, инструмент катары сунушталып жатат. Башка маселе - ал толук иштейби? Биринчи фактор – зордук-зомбулук көргөн балдардын көпчүлүгү жакыр үй-бүлөлөрдө болуп жатат. Ошол эсептелген акчаны төлөй алабы? Төлөй албаса кандай болот? Механизм барбы? Баласын сабап, ошол айып пулду төлөп жүрө берген да ата-энелер болушу мүмкүн.

Мунун эки жагы бар. Инструмент катары колдонсо болот, бирок 100 пайыз маселени чече албайт. Анткени агрессия агрессияны гана жаратат. Ошол окуяда (Сузактагы - ред) айрыкча, ошол эжекенин кызды чапканы кыздарды коргоо керек экен деген маселеге да такап жатат. Мугалим бала менен тил табыша албаса, жеке сүйлөшө албаса, демек (кол көтөрүү-ред.) мугалимдин актануу аракети болуп калат.

Биз илгери иштеп жүргөндө оор кырдаалдан чыгыш үчүн ата-энелер менен мугалимдер күндүн канча убактысы үчүн балага жооп берери бюнча социалдык келишимдерди түзүүгө барганбыз. Бул да өз натыйжасын бербей койду. Муну дагы коомго көтөрүп чыгыш керек.

Динара Ошуракунова.
Динара Ошуракунова.

Динара Ошуракунова: Бул мыйзам долбоору кабыл алынса, окуучу ата-энеден да, мугалим тараптан да жабыркайт. Мен түшүнүп жатам, депутаттар бул жерде мугалимдин кадыр-баркын коргогонго аракет жасоодо. Мындай кыйноо жолу менен мугалимдин деле, башкалардын деле кадыр-баркын коргой албайт. Муну менен эч кандай тарбия бере албайбыз. Тилалчаак жарандарды балким, тарбиялай алабыз. Бирок биз мыйзамга такабай, адегенде концепцияны талкуулашыбыз керек.

Азыркы учурда биздин билим берүү системабыз заман талаптарына жооп бере алабы? Системага мугалим болгусу келген, балдарды жакшы көргөн адамдар келип жатабы? Же башка жакка бара албагандар туруктуу иш орунга айласыз барып алып, балдарды өзүнө тарта албай жатабы? Ушул концепциядан башташыбыз керек. Азыркы мугалимди коргоо аракети билим берүү системасынын чоң көйгөйүн көтөрүп жатат. Отуз жылдан бери мамлекет билим берүү системасына көңүл бурган деле жок. Бир гана мугалимдердин айлыгына байланышкан көйгөй көтөрүлүп келди. Азыр эми айлыгы көтөрүлдү. Билим берүүнүн сапаты көтөрүлдүбү? Ошол боюнча кандай реформалар жасалышы керек. Мисалы, азыркы жаңы технологиянын заманында балдар маалыматты кантип колдонуш керектигин мектептен үйрөнө албайт. Алар телефон аркылуу өз алдынча издеп жүрүшөт. Албетте, бизде ардактуу мугалимдер көп. Бирок, мугалимдер 100 пайыз кыйын деп мен айта албайм.

Ошондуктан, азыр кабыл алынып жаткан мыйзамга биз этият карашыбыз керек. Эмнеге мугалим менен баланын ортосунда агрессиялык маанай болуп жатат? Эмне үчүн тилалчаак болбой, мугалимди урматтабай, оройлукка барып жаткандыгынын себебин табышыбыз керек.

Мыйзамды министрлик апрелде эле көтөрүп жатканын билебиз. Мындай мыйзам Орусияда да кабыл алыныптыр. Биз ойлонушубуз керек. Билим берүү системасы мектептен кандай жаранды чыгарышы керек? Тилалчаак, коркок жарандардыбы же эркин сапаттуу билимге ээ, кыйын адамдарды чыгарышыбыз керекпи? Ал үчүн кандай мугалим, кандай билим берүү болушу керек? Менин оюмча биз ошол жөнүндө сүйлөшүүбүз керек.

Талкууну толугу менен бул жерден толук көрүңүз:
Мугалим-окуучу мамилеси: Айып пул көйгөйдү чечеби?
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:13 0:00

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG