Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:38

Херсонго арналган акыркы ыр: Запорожьедеги ырчы кыздардын өлүмү


Орус армиясынын соккусунан мүрт кеткен Кристина Спицина менен Светлана Семейкина. Маркум кыздардын Инстаграмдагы баракчасынан алынган сүрөт.
Орус армиясынын соккусунан мүрт кеткен Кристина Спицина менен Светлана Семейкина. Маркум кыздардын Инстаграмдагы баракчасынан алынган сүрөт.

Орус армиясы 11-августта украин башкалаасын кайрадан бутага алды. Шаар бийлиги тургундарды жер төлөдөн чыкпай турууга эскертти. Эки күн катары менен орус армиясы өлкө түштүгүндөгү Запорожье шаарын аткылоодо. Жалпы төрт киши мерт кетти, арасында эки ырчы кыз бар.

Харьков облусундагы Купянск районунда орус күчтөрү активдешти, украин бийлиги тургундарды эвакуациялап жатат.

Купянск: тургундар эваукациядан баш тартууда

Украинанын Харьков облусундагы Купянск районунун айланасында орус армиясынын аткылоосу күч алгандыктан 37 калктуу конуштун тургундарын эвакуациялоо башталды. Бирок жергиликтүүлөр коопсуз жакка кетүүдөн баш тартып жатышат. Бул тууралуу Купянск шаардык аскердик администрациясынын башчысы Андрей Беседин 11-августта "Азаттыктын" украин кызматына билдирди.

"Биз күткөндөй эле тургундар эваукациядан баш тартып жатышат. Бирок автобус, поезд каттамдары үзгүлтүксүз жүрүп турат. Кайрылгандар болсо дароо тизмесин түзүп, ыктыячылар аларды Харьковго жеткирип жатышат", - деген Беседин. Анын ырастоосунда райондо 600дөй бала бар.

Орусиянын Коргоо министрлиги аскер бөлүктөрү Купянск багытында алдыга жылып баратышканын жарыялаган. Орусиялык блогерлер украин бийлигинин калкты көчүрүү тууралуу буйругу бул маалыматты бышыктай турганын жазышты.

Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Малярдын айтымында, ушул тапта орус аскерлери украин армиясынын коргонуусун жарып өтүп, Купянск шаарына кирип барууну көздөп турушат. Бирок, украин күчтөрү буга туруштук берип жатканын Маляр баса белгиледи.

Украинанын Улуттук гвардиясынын расмий өкүлү Руслан Музычук телеканалдардын бирине курган маегинде, Орусия Купянск районунун аймагында өз армиясын авиация, артиллерия менен күчтөгөнүн билдирди.

Атайын багыттагы Иван Богунов атындагы бригаданын офицери Тарас Березовец "Настоящее время" телеканалына курган маегинде, орус армиясы бул багытта даярдыгы аз жаңы эле мобилизацияланганаскерлерин алдыга салып жатканын билдирди.

"Орус күчтөрү Бахмуттагы кырдаалдын кайталанышын көздөйт. Алардын башкы максаты калааны жер менен жексен кылуу. Мына ошондуктан алар реактивдүү системаларды, артиллерияны активдүү колдонуп жатышат", - дейт Березовец.

Харьковдон 120 чакырым алыста жайгашкан Купянск шаары Украинанын чыгышындагы транспорттук түйүн болуп саналат жана Донбасстагы орусиялык күчтөрдү жабдуу үчүн стратегиялык мааниге ээ.

Купянск шаары жана анын жака белиндеги аймактар былтыр февралдан сентябрь айына чейин Орусиянын карамагында болушкан. Күзүндө украин күчтөрү өтө тездик менен өткөргөн контрчабуулдун жыйынтыгында орус күчтөрү дээрлик Харьков облусунан толук сүрүп чыгарылган.

This image contains sensitive content which some people may find offensive or disturbing.
Орус армиясынын соккусунан мерт кеткен аялдын сөөгү. 10-август, 2023-жыл. Запорожье шаары.
Орус армиясынын соккусунан мерт кеткен аялдын сөөгү. 10-август, 2023-жыл. Запорожье шаары.
This image contains sensitive content which some people may find offensive or disturbing - Click to reveal
Орус армиясынын соккусунан мерт кеткен аялдын сөөгү. 10-август, 2023-жыл. Запорожье шаары.

Запорожье: мейманканага урулган сокку, ырчы кыздардын өлүмү

Украинанын түштүгүндө жайгашкан Запорожье шаары эки күн катары менен орус армиясынын чабуулуна дуушар болууда. 10-августтун кечиндеги соккуда бир аял мерт кетти. 16 адам жаракат алды, алардын төртөө балдар.

Орус күчтөрү үч күн катарынан Запорожье шаарын аткылады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:49 0:00

Орус күчтөрү урган ракеталардын бири "Рейкарц" мейманканасына тийди. Ал жакта ушул тапта балдар лагери жайгашкан эле. Украин тараптын билдирүүсүнө караганда, лагер кечки алтыга чейин иштейт. Ал эми чабуул саат жетиде жасалган. Ошондой эле бул мейманканага Улуттар Уюмунун өкүлдөрү келчү. Уюмдун Украинадагы гуманитардык жардам боюнча координатору Дениз Браун орус армиясынын соккусу аны нес кылганын билдирип, кескин айыптады.

"Согуштан запкы чеккендерге жардам көрсөтүп жүргөн БУУнун кызматкерлери жана башка бейөкмөт уюмдарда иштеген кесиптештерибиз такай токтогон Запорожьедеги мейманкана орус соккусунан жабыркаганын угуп, өзүмө келе албай отурам", - деген Браундун билдирүүсү БУУнун сайтында жарыяланды.

Ал Москваны эл аралык гуманитардык укук боюнча алган милдеттенмелерин сактап, Украинага туш келди сокку урууну токтотууга чакырды.

Запорожье облусунун Орусия дайындаган бийлиги "Рейкарц" мейманканасын украин тарапта согушуп жүргөн "Чет элдик легиондун" жоочулары колдонуп келгенин жүйө келтирди.

9-августта Запорожьеге жасалган орус армиясынын соккусу үч кишинин өмүрүн алган. Алардын экөө ошол күнү калаа борборунда украин аскерлерин колдоп кайрымдуулук концертин коюп жүргөн кыздар болгон.

Кристина Спицина 21, Светлана Семейкина 19 жашта болчу. Орусия Украинага толук кандуу согуш ачканы шаарларды кыдырып, аскерлерге концерт коюп, көчөдө ырдап армия үчүн каражат чогултуп келишкен. Эки кыздын тең аталары согуш талаасында.

9-августта кыздар Запорожьедеги соода борбордун алдында акыркы концертин коюшкан. Экөө ырдап бүтүп, эми аппаратураларын жыйнайын деп жатканда ракета тийген.

Акыркы ырын кыздар былтыр орус күчтөрүнөн бошотулган Херсонго арнашкан.

Киевге сокку

11-августта орус армиясы Украинанын аймактарын, анын ичинде Киевге абадан сокку урууну улантты. Жума күнү эртеден баштап борбор калаада коркунуч тууралуу эскертүүнүн үнү токтогон жок, ал эми шаар мэри Виталий Кличко тургундарды жер төлөдө калууга чакырды.

Украин армиясы билдиргендей, орус күчтөрү Киев облусуна үндүн ылдамдыгынан тез жүргөн ракеталар, ошондой эле "Кинжалдар" менен сокку урган.

Харьков облусуна жасалган чабуулдан 60 жаштагы бир аялдын өмүрү кыйылганын аймактын губернатору Олег Синегубов билдирди. Өлкө батышындагы Ивано-Франковский облусунда урулган ракеталык соккудан сегиз жаштагы баланын өмүрү кыйылганын губернатор Светлана Онищук Телеграм-каналга жазды.

"Жаракат алган адамдар бар, анын ичинде бир баланы ооруканага оор абалда алып келишти. Медиктер колунан келгенин жасашты. Тилекке каршы, баланын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон жок", - деп жазды ал.

Орус аскерлери ошондой эле түштүктөгү Херсон облусунун Берислав шаарындагы гуманитардык жардамды бөлүштүргөн борборго сокку урганы кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG