Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Эгинге тийген ракета: Одессада дан кампалары күйүп кетти

Москва 21-июлда Украинанын Одесса облусундагы дан кампаларына ракета менен сокку урду. Дүйнө коомчулугу бул аракет жакыр өлкөлөрдө кымбатчылыкка себепкер болушу мүмкүн деп камтама болууда.

Украина 21-июлда Одессадагы агроишканаларга, дан сакталган кампаларга чабуул болгонун, 120 тонна буудай менен арпа өрттөнүп кеткенин, бир топ айыл чарба техникалары жабыркаганын билдирди.

Одесса облусунун башчысы Олег Кипер 21-июлда таңга маал Орусиянын армиясы "Калибр" үлгүсүндөгү ракеталар менен аткылаганын, чабуулда эки адам жабыркаганын кабарлады.

19-июлга караган түнү Орусия Одесса портун аткылап, Кытайга жөнөтүлгөнү жаткан 60 миң тонна эгин жок кылганын Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирди.


XS
SM
MD
LG