Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:12

Аннексияланган Крымдагы орус күчтөрүнө чабуул коюлганы кабарланды


Аннексияланган Крым аймагы.
Аннексияланган Крым аймагы.

Украинанын атайын даярдыктагы аскерлери оккупацияланган Крымдагы орус күчтөрүнө чабуул койгонун Башкы чалгындоо башкармалыгы билдирди.

4-октябрда Крымдын Орусия дайындаган башчысы Сергей Аксенов Федералдык коопсуздук кызматкерлери (ФСБ) украин күчтөрү менен кагылышканын айтып, бирөө кармалганын маалымдаган.

"Азаттык" радиосу азырынча бул маалыматты өз алдынча текшере албайт.

Украина аннексияланган Крымдын Севастополь шаарындагы Кара деңиз флотунун штабына 22-сентябрда ракеталык сокку урган. Орусиянын Коргоо министрлиги бир аскер мүрт кеткенин кабарлаган.

Орусия Крымды 2014-жылы аннексиялап алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG