Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:28

Чек ара: парламент комитетиндеги кворумдан чыккан талкуу


Жогорку Кеңештин имараты.
Жогорку Кеңештин имараты.

15-ноябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо, Кемпир-Абад суу сактагычындагы сууну биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорлорун карап жактырды. Айрым депутаттар чечим кабыл алууда Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзам сакталбай, процесуалдык эрежелерди бузуу болгонун айтып чыгышты. Бирок келишимдерге добуш берген депутаттар мындай ойго кошулбайт.

16-ноябрдагы жалпы жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров төрага Нурлан Шакиевге кайрылып, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин 15-ноябрдагы отурумунда мыйзам сакталбаганын билдирди.

“Юрист жигит чыкты да биздин регламенттин талабына карабай, "жети киши отурса, кворум бар” деген чечимди колуна карматып берди. Эгер биз өзүбүз конституциялык мыйзамды бузуп аткандан кийин кимден талап кылабыз? Талап кылганга кандай укугубуз бар? Бул жерде “көпчүлүгү” деп так жазылып турат. Мен кыргызча жакшы түшүнөм. Он төрт кишинин көпчүлүгү сегиз болот. Жетөө деген жарымы”, - деди Мадумаров.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин 14 мүчөсү бар. 15-ноябрдагы жыйынга депутаттар Айбек Осмонов менен Миргүл Темирбаева келген эмес. Ал эми депутат Эрлан Көкүлов маселе карала баштаганга чейин эле чыгып кеткен.

Дагы төрт депутат Адахан Мадумаров, Нуржигит Кадырбеков, Чыңгыз Айдарбеков жана Нилуфар Алимжанова жыйындын талкуу бөлүгүнө катышып, соңунда кворум болтурбоо максатында кетип калганы белгилүү болду.

Комитет жыйыны өтүп жаткан залда жети депутат - Улан Примов, Чолпон Султанбекова, Лейла Лурова, Ырысбек Атажанов, Шайлообек Атазов, Улан Бакасов жана Жылдыз Таалайбек кызы калып, кыргыз-өзбек чек арасында байланыштуу документке "макул" деп добуш беришкен.

Добуш берүүнүн алдында Жогорку Кеңештин юристи Бабуржан Мамытов: “Комитеттин жалпы мүчөлөрү 14, анын ичинен катышып жаткандары жетөө. Кворум бар”, - деп жооп берген.

Мамытов “Азаттыкка” кворум боюнча талаш-тартышты чечмелеп берүүгө макул болгон жок. Ал эми депутат Шайлообек Атазов буларды айтты:

“Комитеттин он төрт мүчөсү бар. Жети адам колдоп, бешөө чыгып кетип атат. Демек, жыйынга 12 адам катышты болуп калат. Алардын жетөө документи колдоп берди. Чыгып кеткен депутаттар жыйынга катышкан. Мадумаровдор башында эле комитеттин жыйынына катышпай коюшу керек эле. Ошондо кворум болбой калмак”.

Парламенттеги кворум маселеси “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө” мыйзамда жазылган. Анын экинчи бөлүгүндө: “Жогорку Кеңештин, комитеттердин, комиссиялардын жыйналыштарынын кворуму анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгүнүн катышууларын билдирет” деп турат.

Жыйындан чыгып кеткен депутаттар ушул беренени негиз кылып, добуш берүү учурунда жыйында жети эле депутат калганын билдирүүдө. Ал эми экинчи тарап комитеттин отуруму башталганда 11 депутат отурганын айтып жатат.

Жыйынга чыгып кеткен төрт депутаттын бири Нуржигит Кадырбеков "Азаттыкка" мындай деди:

"Мен эч убакта ушундай кадамга барам деп ойлогон эмесмин. Жыйындарга дайыма катышайын деп келем. Бирок башка айла жок болуп калды. Болгон рычагды пайдаланышка туура келди. Комитеттин 14 мүчөсү бар. Биз 7+1 деген принцип менен көпчүлүк болот деп ойлоп атканбыз. Бул жагына өзүңүздөр тыянак чыгарасыздар".

Кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу документ 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат. Ага президент Садыр Жапаров да катыша турганын анын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Бир мезгилде үч окуу

Жогорку Кеңештин тармактык комитети кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу эки документти дароо үч окууда кабыл алды. Мыйзам долбоорун парламентке алып келген президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмазбек Абытов жыйында Акылбек Жапаровдун кайрылуусун окуду.

“Бул келишимдерди ратификациялоо социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтырууга жана өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоо багытына байланыштуу “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө” мыйзамдын 55-беренесинин 10-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, бул мыйзамдарды бир эле мезгилде үч окуудан кабыл алууну суранам. Сиздерди урматтоо менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров”, - деп айтылат Жапаровдун кайрылуусунда.

55-берененин 10-бөлүгүнүн 8-пунктунда Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун бир эле мезгилде үч окууда кабыл алууга укуктуу экени көрсөтүлгөн. Ал жерде “Өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал киргизилишине же ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу, укук тартиби жана коопсуздук маселелери боюнча мыйзам долбоорун кароого” укуктуу экени жазылган.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Өзбекстан менен чек ара келишимдерин жактырардан бир күн мурда өзбек парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы бул долбоорлорду үч окууда бир карап, колдоп берген эле.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча макулдашуу, Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу маселе соңку айларда курч талкууланып, кызуу талаш-тартыштар менен коштолду. Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы, активисттер “массалык башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакка алынды. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG