Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Казакстанда орус телеканалдары тартпай калды


Казакстандын TVCOM- спутник жана интернет оператору 1-январдан баштап айрым орусиялык телеканалдарды, анын ичинде "Биринчи каналды" (ОРТ) көрсөтпөй турганын билдирди.

Оператордун кабарлашынча, телеканалдардын саны дагы азаят. Казакстандык компания муну жаңылыктар социалдык тармактардан көрүлүп жатканы менен түшүндүрсө, Орусиянын "Биринчи каналы" казак тараптын карызы бар деген жүйө келтирди.

Казак оператордун карызы барбы?

Казакстандык oператордун айтымында, маалыматтык каналдардын санын азайтуу максатында айрым телеканалдардын ишин токтотуу чечими кабыл алынган. Ага ылайык, "Первый канал СНГ", "Поехали", "Время: далекое и близкое", "Дом кино", "Телекафе", "Дом кино Premium", "Музыка Первого", "Победа", "Карусель", "Бобер", "О!" телеканалдары жабылат.

Компания жетекчилигинин чечими менен чет элдик маалымат каналдарынын үлүшүн кыскартуу пландалууда. TVCOM анын абоненттери "медиа сабаттуулугунун жогорку деңгээлине жетишти жана жаңылыктарды биринчи кезекте социалдык тармактардан алышат" деп белгилейт.

"Биринчи каналдын" журналисти Марина Овсянникова 2022-жылы 14-мартта “Время" программасынын түз эфиринде Екатерина Андрееванын артына барып, "Согушту токтоткула! Пропагандага ишенбегиле. Бул жерде силерге калп айтып жатышат" деген плакатты көтөргөн.
"Биринчи каналдын" журналисти Марина Овсянникова 2022-жылы 14-мартта “Время" программасынын түз эфиринде Екатерина Андрееванын артына барып, "Согушту токтоткула! Пропагандага ишенбегиле. Бул жерде силерге калп айтып жатышат" деген плакатты көтөргөн.

Ошондой эле компания чет өлкөлүк каналдардын ордуна рейтинги жогору, казак тилинде көңүл ачуучу, кино жана билим берүүчү программалары бар телеканалдарды кошууну пландап жатканын кошумчалайт.

4-январда TVCOM операторунун сайтында билдирүү жарыяланып, анда орусиялык телеканалдардын ретрансляцияга болгон укуктун баасы "асман чапчыганы" айтылат.

Ошол эле күнү "Биринчи каналдын" Казакстандагы расмий өкүлү Ирина Калашникова "Власть" басылмасына курган маегинде, үстүбүздөгү жылга келишим жергиликтүү оператордун карызынан улам түзүлбөй калганын айткан.

"Биз 2024-жылга карата мунасага келе алган жокпуз, ошондуктан келишим түзүлгөн эмес. Негизги себеп оператордун автордук укук ээсинин алдындагы карызы. Ушуга байланыштуу телеканалдардын көрсөтүүсүн өчүрүүгө аргасыз болдук. Операторго бир жылдан бери өчүрүү тууралуу эскертүү берип келгенбиз", - деп билдирди Калашникова.

Теңге орусиялык каналдын продукциясын сатып алууга миллиарддаган теңге жумшалган

Казакстандын бюджетинен 4 миллиард теңгеге жакын каражат (дээрлик 9 миллион доллар) соңку жылдары орусиялык каналдын продукциясын сатып алууга жумшалганы былтыр ноябрда белгилүү болгон. Мындай маалымат өлкөнүн Эсеп палатасынын отчетунда айтылат. Орусиялык "Биринчи каналдын" берүүлөрүн эң көп мамлекеттик "Казакстан" телеканалы сатып алган.

"Казакстан" акционердик коому сатып алган орусиялык "Биринчи канал" телеканалынын мазмуну Казакстандын мамлекеттик саясатын жана анын артыкчылыктуу багыттарын түшүндүрүүгө арналган эмес. Бул каналдын берүүлөрүндө орус коомунун көйгөйлөрү тууралуу сөз болот. Бул бюджеттин 3,8 миллиард теңгесин натыйжасыз колдонуу болуп эсептелет.

Ал эми "Хабар" телеканалы казак берүүлөрүн Орусияга жайылтуу үчүн 2,4 миллиард теңге короткон. Ошентип, Казакстан орус каналын өлкө аймагында көрсөтүүгө да, өзүнүн каналын Орусиянын аймагында көрсөтүүгө да каражат жумшайт" деп айтылат Эсеп платасынын отчетунда.

Маалымат министрлигинин статистикасы боюнча Казакстанда 200дөн ашуун орусиялык телерадиоканалдар иштейт. Жеке операторлор орус каналдарын бириктирип, өз алдынча таратат. Ал эми Казакстандын Маалымат министрлиги "биз өз алдынча орус каналдарын жаап сала албайбыз" деп билдирип келет.

Айрым сайттар бөгөттөлгөн

Деген менен былтыр ноябрда Астана орусиялык телеканалдарды көрүүгө мүмкүндүк берген Sputnik24 интернет порталын жапкан. Ага чейин жайында Казакстандын Маалымат министрлигинин "экстремизмдин белгилери бар" деген чечими менен орусиялык "Царьград" сайты бөгөттөлгөн.

Украинада согуш башталгандан бери Казакстанда толугу менен мамлекет көзөмөлдөгөн жана Кремлдин көз карашын чагылдырган орусиялык телеканалдарды өчүрүү чакырыктары эл арасында да утур-утуру айтылып келет.

Адегенде онлайн петициялардын деңгээлинде болсо, кийинчерээк саясатчылар да үн ката баштаган. Саясий ишмер Алихан Байменов былтыр улуттук Курултайда орусиялык айрым телеканалдарды көрсөтүүгө тыюу салууну сунуштаган.

Бул маселени Казакстан парламентинин депутаты Максат Толыкбай да көтөрүп, "Орусиянын каналын Казакстанда көрсөтүү үчүн бюджеттен миллиарддаган теңге сарпталып жатканын" сынга алган. Маалымат министрлиги бул маселени карап жатканын айткан.

Орусиянын "Биринчи канал" жана РТР телеканалдары Кыргызстанда да тартат. Мындан тышкары дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө ишмердигине тыюу салынган Sputnik маалымат агенттигинин кыргыз редакциясы иш алып барат.

Басылмалардан “Аргументы и факты”, “Российская газета”, "Московский комсомолец" жана “Комсомольская правда” гезиттери баары бириккенде 20-25 миң нускада тарайт. "Российская газета" Кремль тарабынан толук каржыланат.

Бул маалымат каражаттарынын дээрлик баары Кремлдин саясатын колдогон кызылдай пропагандасы менен айырмаланат. Аларга байланыштуу маселе утур-утур көтөрүлүп турат.

2022-жылы март айында Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты, ушул таптагы спикер Нурланбек Шакиев Орусиянын эки каналына бюджеттен акча төлөөнү токтотууга чакырган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG