Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:45

Казакстан: Орусияны сындап камалган активисттерди бошотуу талабы


Казакстан. Иллюстрация сүрөт.
Казакстан. Иллюстрация сүрөт.

Казакстандын мажлисинин бир катар депутаттары Орусияны сындаганы үчүн соттолгон активисттер Данат Намазбаев менен Маргулан Боранбайдын ишин кайра карап чыгууга чакырды. Депутаттар өз билдирүүсүндө, камактагы активисттердин ишин “Петропавловксидеги жикчилдик” деп аталган окуяга салыштырган. Анда өздөрүн "Элдик кеңеш" деп атап алган топ башкаруу системасынын уюштуруучуларына ишенбей турганын билдиришкен.

Мажилистин депутаты Ермурат Бапи өлкөнүн башкы прокурору Берик Асыловго кайрылып, Маргулан Боранбай менен Данат Намазбаевдин кылмыш иштерин кайра кароо зарылдыгын билдирди. Буга “Петропавловксидеги жикчилдикке байланыштуу” окуя негиз болуп бере аларын айтты.

Ермурат Бапи.
Ермурат Бапи.

“Биздин мамлекеттин намысын коргогон патриоттор Данат Намазбаев менен Маргулан Боранбай улут аралык жек көрүүгө шыкактоо үчүн беш жылга соттолуп кетти. Алардын катарына Ермек Нарынбаевди да кошсо болот. Чындыгында бул жарандар улут аралык кастыкты козутканы үчүн эмес, социалдык тармактарда сепаратизм фактыларын көрсөтүп, аларга каршы чыкканы үчүн камалган”, - деди депутат Ермурат Бапи.

Маргулан Боранбай менен Данат Намазбаев Орусиянын саясатына, анын ичинде орус аскерлеринин Украинага басып киришине каршы чыкканы үчүн 2022-жылы беш жылга соттолуп кеткен. Алар "бийликти күч менен басып алууга же басып алууга чакырык жасоо" жана "улут аралык кастыкты козутуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

Соттун билдирүүсүндө: “2018-жылдан бери соттолуучулар социалдык тармактардагы баракчаларында орус элинин улуттук ар-намысына шек келтирип, улуттук жана социалдык кастыкты козутууга чакырык таштаган”, - деп жазылган.

Данат Намазбаевдин адвокаты Жанара Балгабаева "Азаттыктын" казак кызматына курган маегинде, бийлик анын саясий ишмердүүлүгүнөн коркушу мүмкүн экенин жокко чыгарбайт.

"Бүтүндөй айып Facebook баракчасындагы эки билдирүүгө негизделген. Данат коррупционерлерге катаал чараларды киргизүү сунушун айтып жүргөн. Данат жеке пикирин билдиргени үчүн, башкача ойлонгону үчүн, ага ушундай оор айып тагылып, жазаланды. Бийлик анын саясий ишмердүүлүгүнөн коркушу мүмкүн экенин жокко чыгарбайм. Анын сөздөрүн конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө үгүттөө катары чечмелеп жатышат",-деди Жанара Балгабаева.

Териштирүү жүрүп жатканда Боранбай менен Намазбаев өздөрүнө коюлган айыпка макул болгон эмес.

Ал эми депутаттар сөз кылган “Петропавловксидеги жикчилдикке байланыштуу” окуя Казакстанда талкуу жараткан темага айланды. 19-мартта социалдык тармактарда бир нече кишинин тобу Казакстандагы Петропавловск шаарынын "элдик кеңешине" бириккени тууралуу видео тараган.

Анын мүчөлөрү "биздин мүлкүбүздү жана ресурстарыбызды башкаруу системасынын бардык уюштуруучуларына жана кызматкерлерине ишенбөөчүлүк жарыялайбыз" деген.

Коомдогу нааразылыктан улам Түндүк Казакстан облусунун полициясы териштирүү баштаган.

Казыбек Иса.
Казыбек Иса.

"19-мартта Петропавловск шаарында 19 сепаратист "Элдик кеңеш" уюмун түзүп, Казакстандын эгемендүүлүгүн тааныбай турганын жарыялап, коомдогу курч реакциядан кийин гана облустук укук коргоо органдары кылмыш ишин козгогондугун жарыялашты. Кылмыш-жаза кодексинде мамлекеттин биримдигин бузууга чакыргандарды жазалоо каралган жана бул 19 сепаратист өз үйүндө тынч отурушат”,-деди Казакстандын мажлисинин депутаты Казыбек Иса.

Петропавловск Казакстандын түндүгүндөгү шаар. Андан 50 чакырымдан кийин эле Орусиянын чек арасы башталат. Анын тургундарынын 50% көбүн орус улутундагылар түзөрү айтылып келет.

Аталган аймактардагы жикчилдик көйгөйлөрүн жарыялаган посттор социалдык тармактарда пайда болуп турат. Өзгөчө Украинада согуш башталганы бул тема казакстандыктар үчүн абдан талылуу болуп калды.

Мисалы, 2022-жылы 24-апрелде орусиялык теле алып баруучу Тигран Кеосаян Ютубдагы каналынан жеңиш күнүнө карата парад өткөрүүдөн баш тарткан казак бийлигин сындап, “Украинаны жакшылап карасаңар, жакшылап ойлонгула” деген сөздөрдү айткан.

Бул билдирүү казактардын нааразылыгын жаратып, өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги орусиялык теле жылдызга жооп берген.

Казакстан Орусиянын Украинадагы согушун колдогон эмес, бирок айыптаган билдирүү да жасаган жок. Астана бейтарап позицияны карманат.

Ал эми президент Касым-Жоомарт Токаев 2022-жылдагы Эл аралык экономикалык форумда Тигран Кеосаяндын жубайы, RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньяндын “Орусиянын Украинадагы атайын операциясы тууралуу оюңуз кандай?" деген тариздеги суроосуна мындай деп жооп берген:

“Азыркы эл аралык укук Бириккен Улуттар Уюмунун уставына негизделет. Бирок анда камтылган эки принцип бири-бирине карама-каршы келген учурлар катталып калат. Бул мамлекеттин аймактык бүтүндүгү жана улуттардын өзүн-өзү аныктоо укугу. БУУну негиздөөчүлөр кезинде муну эске албай калган өңдөнөт. Балким, ал экөө бири-бири менен компромисс табышы керек деп киргизишкен сыяктуу. Мына ошондуктан бизде түрдүүчө түшүнүктөр, ар кандай чечмелөөлөр пайда болот. Бирок эгер улуттардын баары өзүн-өзү аныктоо укугун толук пайдаланса, анда дүйнөдө азыркы 193 мамлекет эмес, 500-600 мамлекет пайда болуп калмак. Албетте, бул башаламандык жаратат. Ушундай эле себеп менен биз Тайванды, Косовону, Түштүк Осетияны, Абхазияны тааныбай келебиз. Луганск менен Донецкидеги, биздин көз карашыбыздан алганда “квазимамлекеттерге” да ушундай эле принцип менен карайбыз”.

Орусия менен Казакстандын чек арасы 7598,8 чакырымга уланат. Анын чегин тактоо 2005-жылы аяктаган.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG