Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Казакстан: жакындарын издегендер, ЖККУнун жыйыны


Алматыдагы өлүккананын алды, 10-январь, 2022-жыл.
Алматыдагы өлүккананын алды, 10-январь, 2022-жыл.

Казакстанда 10-январь - аза күтүү күнү. Бир нече күндүк башаламандыкта жалпы канча адам каза болгону так айтыла элек. Бийлик 8 миңдей адам кармалганын билдирди. Айрым шаарларда тургундар жакындарын издеп таба албай атышат. Президент Касым-Жомарт Токаев Казакстанда мамлекеттик төңкөрүш аракети болгонун айтты.

10-январда Алматыдагы өлүккананын алдында ондогон киши топтолду. Алардын арасында тууган-туушкандарын издегендер жана башамаландык маалында каза тапкан жакындарынын сөөгүн алып кете албай убайым жегендер бар.

“Бул жерде жакындарынын сөөгүн алып кетүүгө келген 30-40 адам, сөөктөрдү таанууга келген дагы 20 чакты адам бар. Сөөктү алып кетүүгө келген атайын автоунаалар топтолуп турат”, - деп билдирди “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы Манас Кайыртай уулу.

Казакстанда өткөн аптадагы башамаландыкта канча адам өлгөнү так айтыла элек. 9-январда Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги жалпысынан 164 адам өлгөнүн “Телеграмга” жазган. Бирок кийинчерээк бул маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги четке какты.

Буга чейин кеминде эки бала окко учканы, күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери жана "куралдуу топтордун" ондогон мүчөсү каза тапканы кабарланган.

Дүйшөмбү күнү өлкө боюнча кармалгандардын саны 8 миңге жетти. Жер-жерлерде дайынсыз кеткен жакындарын издегендер көп.

"Баламды издеп жүрөм. Бул жакта да, тигил жакта да жок дешет. Каякта экенин билбей жатам", - деп айтты Чымкентте 23 жаштагы уулун издеп жүргөн тургун.

"Азаттыктын" казак кызматынын кабарчылары 10-январда Алматыда бир топ көчөлөр тосулуп турганы менен кырдаал салыштырмалуу турукташып баратканын айтышты.

Казакстандагы соңку нааразылык толкуну 2-январда Маңгыстау облусунда жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер менен башталган.

Митингдерде элдин жашоо шартын жакшыртуу сыяктуу социалдык талаптардан тышкары саясий чакырыктар да айтылган. Демонстранттар "Чал, кет!" деп ураан чакырып, мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин бийликтен толук кетишин талап кылышкан

Бул акциялар өткөн аптада Алматы баштаган шаарларда эгемен Казакстандын тарыхындагы эң ири башаламандык менен коштолду. Имараттар, автоунаалар өрттөлүп, бир катар соода жайлары тонолуп талкаланды.

Алматыдагы тополоңду улай президент Касым-Жомарт Токаевдин өтүнүчү менен Казакстанга Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун күчтөрү келди.

ЖККУ лидерлери жыйынга чогулду

Казак президенти уюмдун 10-январдагы виртуалдык жыйынында Казакстанда болгон окуяларды “агрессия”, “мамлекеттик төңкөрүш аракети” деп мүнөздөп, башаламандык “бир борбордон башкарылганын” айтты.

“Бир буйрук менен диний радикалдар, кылмыштуу элементтер, бандиттер, мародерлер жана майда бейбаштар пайда болушту. Социалдык-экономикалык, коомдук-саясий талаптар экинчи, үчүнчү планга түштү. Аларды унутуп калышты. Аны улай окуялардын орчундуу фазасы башталып, өз убактысын күтүп жаткан куралдуу согушкерлер ишке киришти. Алардын башкы максаты анык болду. Ал конституциялык түзүлүштү бүлүндүрүү, башкаруу институттарын талкалоо жана бийликти басып алуу болчу. Кеп мамлекеттик төңкөрүш аракети жөнүндө жүрүп жатат”, - деди казак президенти.

ЖККУ лидерлеринин онлайн жыйыны, 10-январь 2022-жыл.
ЖККУ лидерлеринин онлайн жыйыны, 10-январь 2022-жыл.

Токаев бул жыйында мурдагы президент Нурсултан Назарбаев тууралуу ооз ачкан жок. Баш калаанын Нур-Султан деген атын да колдонбоду.

Орусия баштаган уюмга мүчө мамлекеттердин дээрлик баары Казакстандын жетекчилигине колдоо көрсөтүшүп, деструктивдүү күчтөрдүн коркунучун бир ооздон белгилешти. Бирок бул жыйында кайсы деструктивдүү топтор Казакстанды бутага алганы, алардын артында ким турганы так айтылган жок.

Буга чейин Казакстандын бир катар шаарларында митингге чыккандар “биз карапайым калкпыз, террорист эмеспиз” деп билдиришкен болчу.

Президент Токаев ЖККУнун эки миңден ашуун аскерлери жана 250дөй аскердик техникасы Казакстанга келгенин дүйшөмбүдөгү жыйында айтты. Орусиянын президенти Владимир Путин ЖККУ тез чара көрүүгө үлгүргөнүн, уюмдун аскерлери Казакстанга чектелүү убакытка гана жөнөтүлгөнүн белгиледи.

“ЖККУнун линиясы менен көрүлгөн чаралар биз өз үйүбүздө кырдаалды чайпаганга жана “түстүү революция” деп аталган сценарийлерди ишке ашырууга жол бербей турганыбызды так көрсөттү”, - деди Путин.

Беларусту узактан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко ЖККУ күчтөрүнүн Казакстанга келгенин “жакшы прецедент” деп атады.

Уюмдун баш катчысы Станислав Застын айтымында, ЖККУнун контингенти Нур-Султан, Алматы шаарларына жана Алматы облусуна жайгаштырылды. Алар Алматыдагы аскердик институттун базасынан башкарылып жатат.

Киевде Орусиянын саясатына каршы акцияга чыккан казакстандыктар, 9-январь 2022-жыл.
Киевде Орусиянын саясатына каршы акцияга чыккан казакстандыктар, 9-январь 2022-жыл.

ЖККУнун Казакстандагы контингентине орусиялык генерал-полковник Андрей Сердюков командачылык кылып жатат. Ал 9-январда уюмдун күчтөрү Алматыдагы жана анын айланасындагы “стратегиялык объектилерди” көзөмөлгө алганын айткан. Ал уюмдун күчтөрү “кырдаал толук турукташканга чейин” Казакстанда болорун кошумчалаган.

Кыргыз жарандарынын убайымы

ЖККУнун 10-январдагы онлайн жыйынына кыска мөөнөттүк эмгек өргүүсүнө чыккан президент Садыр Жапаровдун ордуна Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Ал Казакстандагы тополоңго тиешеси бар делген кыргызстандыктар тууралуу акыйкат иликтөө жүргүзүүнү өтүндү.

"Акыркы күндөрү жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде кыргызстандыктардын Казакстандагы тополоңдорго, башаламандыкка тиешеси бар экени тууралуу маалыматтар чыгып жатат. Ушундан улам ар бир катталган учурга байланыштуу Казакстандын мыйзамдары менен эки жана көп тараптуу макулдашууларга ылайык акыйкат териштирүү жүрөт деген өтүнүч жана ишеним билдиребиз", -деди Жапаров.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы тополоңдорго тиешеси бар деген айып менен кармалган кыргыз жарандарына байланыштуу расмий Нур-Султанга нота жолдоду. Ошондой эле Чымкент шаарында 38 кыргызстандык кармалып кайра кое берилгенин билдирди. Мунун алдында Кыргызстандын Акыйкатчы институту Чымкент полициясына сурак берип чыккан кыргыз жараны Баялы Төрөгелдиевдин абалы оор экенин кабарлаган.

Алматыдагы окуяларда эки кыргыз жараны каза тапканы белгилүү болду. Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинин маалыматына ылайык, 10-январга карата Казакстанда беш кыргыз жараны кармалган жана алардын тек-жайы такталып жатат. Алматы шаарында кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов дүйшөмбүдө бошотулду.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG