Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:18

ИИМ каржы пирамидаларынын түрлөрү көбөйгөнүн эскертти


ИИМ тараткан сүрөт.
ИИМ тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлиги жарандарды жеңил, тез аранын ичинде киреше убада кылган каржылык пирамидаларына катышпоого чакырды.

Мекеме өлкө ичинде каржылык пирамидалардын бир нече түрү бар экенин эскертип, алардын тизмесин жарыялады.

Аны менен бул жерден окуп таанышсаңыз болот.

ИИМ ар кандай каржылык схемаларды алгач талдап, расмий органдардан маалымат алып чечим кабыл алуу керектигин белгиледи.

Министрликтин билдирүүсүндө, былтыр биринчи жарым жылдыкта каржы пирамида ишмердүүлүгүнө байланыштуу 906 факт катталган жана алар боюнча материалдык зыян дээрлик 35 млн. сомго жеткен.

Буга чейин Улуттук банк элден каржылык салымдарды чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик каржылык пирамиданын элементтерине окшош экенин эскерткен. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG