Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:54

Карантинде китеп окугандар көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Карантинде китеп окугандардын катары калыңдады. Электрондук китепканаларга киргендер да көбөйүп, өлкөдө китеп окуу таймаштары жана ар кандай эстафеталар өтүп жатат.

Үйдөн себепсиз чыкпоого аргасыз болгон адамдар убактысын болушунча кызыктуу өткөрүүгө аракет кылышууда. Айрымдары чыгармачылык менен алектенсе, кээ бирлери спорт менен машыга баштады, үчүнчүлөрү болсо китеп дүйнөсүнө сүңгүп киришти.

Муну социалдык тармактагы пикирлерден байкоого болот. Биз да китеп сүйүүчүлөрдүн карантин башталары менен канча китеп окуганына кызыктык. Алардын жооптору таң калтырды.

Учурда китеп окугандардын катары калыңдаганын китепканачылар да тастыктайт. Буга чейин Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын lib.kg электрондук китепканасына киргендер көбөйүп, күнүнө 5000ден ашык колдонуучу кирип жатканы айтылган. Мындан тышкары, bizdin.kg электрондук китепканасынын ээси Чоробек Сааданбек да сайтка баш баккандар эселеп арбыганын айтты.

Чоробек Сааданбек.
Чоробек Сааданбек.

«Трафик күчөдү, bizdin.kg эле эмес, el-sozduk.kg, orfo.kg сайттарыбызда да трафик эселеп арбыды. Өзгөчө кыргыз тилинин морфологиясын талдаган orfo.kg сайтына, кечээ 8-апрелде демейдегиден беш эсе көп киши кирди. Окуу башталгандыктан мектеп окуучулары үчүн окуу китептери көп талап кылына баштады. Кечээтен бери өзгөчө математика, орус тили, англис тили, кыргыз тили жана информатика сабактарынын китептери көп жүктөлдү. Ал эми каникул учурунда ата-энелер көбүнчө аудио жомокторду жүктөшсө, жаштар көркөм чыгармалардын аудиокитептерин көп жүктөп, окуп жатышкан. Ошону менен кечээ талаптардын картинасы өзгөрүп кетти».

Чоробек Сааданбек учурда Кыргызстандын билим берүү системасы дистанттык окууга өткөнүнө байланыштуу кайсы бир китептер жетишсиз болуп жатса, аны сканерлеп сайтка жүктөп коюуга даяр экенин да кошумчалады.

Ал эми жаш активист Эрлан Ысмайыл уулу карантин башталганга чейин эле айына жок эле дегенде төрт-бештен китеп окучу. Каникул башталганда да айылына өзү менен кошо 30 китеп ала кеткен. Китеп ышкыбозу карантинде жалпы жонунан адамдар китепке жакын болуп калганы менен анын айылында, китеп окуу бир аз солгундаганын айтты:

Эрлан Ысмайыл уулу.
Эрлан Ысмайыл уулу.

«Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылынан болом. Учурда айылда жүргөн чагым. Айыл жериндеги абал адаттагыдан солгунураак. Буга өлкө аймагына киргизилген өзгөчө абал таасир этсе, экинчиден айыл жеринде башталган жазгы талаа иштери да таасирин тийгизүүдө. Китепканачыбыздын айтымында буга чейин окурмандар китепканага байма-бай каттап, күнүнө 20-30, кээде 40тан окурман келсе, азыркы абалга байланыштуу китепкана жабык турат. Ал эми электрондук жана аудио китептерди көбүнчө жаштар окуйт. Улуу муундагы адамдар болсо ал китептерди издеп табуу кыйын болгондуктанбы, көп оой элек».

Китеп окууга кенен убакыт табылып, жаңы окурмандар кошулганда ишмердигин ага ылайыктагандардын бири - активист Табылды Муратбеков. Ал өз тайпасы менен үч жылдан бери китеп окуу жарышын өткөрүп келет. Былтыр бетме-бет өткөн таймаш бул сезондо онлайн уланмакчы.

Табылды Муратбеков.
Табылды Муратбеков.

«Бул өзүбүздүн пландагы эле иш болчу, болгону онлайн формат эмес, айына бир жолудан бетме-бет өтчү, - деп түшүндүрдү ал. - 20 китеп тандаганбыз, ошону катары менен окутуп өткөрчүбүз. Азыр болсо карантинге байланыштуу студенттердин, окурмандардын убактысы көбүрөөк деп эки жумада бир онлайн форматта өткөрөлү деп жатабыз. Биринчи оюн ушул жекшемби күнү «Үч жаштан кийин кеч» китеби боюнча өтөт. Электрондук форматтагы, элге жеткиликтүү болгон китептерди жиберебиз деп жатабыз. Күткөнүбүз боюнча оюнчулар да арбыйт, 500дүн тегерегинде катышуучу болот деп болжоп жатабыз».

Табылды Муратбеков таймаш «Фейсбук» баракчасындагы «Баарын билгим келет» тайпасында өтүп, жеңүүчүлөргө байгелери бирдик түрүндө же «Элсом» аркылуу акчалай которуларын кошумчалады.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги да «Атам, апам жана мен, китеп окуйбуз баарыбыз тең» аттуу акция уюштурган. Пандемияга байланыштуу мындай демилгелер дүйнөдөгү башка өлкөлөрдө да өтүп жатат. Ошол эле Израил президентинин карантин учурунда балдарга китеп окуп бере баштаганы буга мисал.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG