Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:45

Онлайнга көчкөн сабактардын оош-кыйышы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги 8-апрелден тарта орто мектептин окуучуларын аралыктан окутууга өттү. Бирок онлайн окуулардын тартибине байланыштуу мектеп окуучуларынан, ата-энелерден көптөгөн суроолор түшүп жатат.

Буга чейин билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 8-апрелден тарта аралыктан окутуу кадимкидей базалык планга ылайык, алдын-ала түзүлгөн жадыбал боюнча өтө турганын айткан.

Анткен менен аймактардагы мектеп окуучуларынын ата-энелери министрлик сунуштаган онлайн окутуунун жол-жобосун алигиче түшүнө албай убара.

Маселен, Нарындын Жумгал районундагы Сары-Булуң айылынын тургуну Дөөлөтбек Жусубалиевдин алты баласынын төртөө мектеп окуучусу. Балдардын атасы алар окууга даяр эмесин айтууда.

Дөөлөтбектин угушунча, министрлик онлайн окуш үчүн "Мегакомдун" “Мега 24” тарифи ишке кире турганын кулак кагыш кылган. Бирок ал СИМ-карталар Сары-Булуң айылына келген күндө деле ал жерде "Мегаком" оператору тартпайт.

“Билим берүү жана илим министри видеосабактарды “Мега24” тарифинен тиркемеден окугула деп жатат. Бирок биздин айылда "Мегаком" эмес, башка түйүндөр да тыңгылыктуу тартпайт. Биз эч кандай аралыктан окууга даяр эмеспиз. Жетиштүү маалымат жок болсо кантип окуйбуз?”.

Билим берүү министри Каныбек Исаков: Карантинде кантип окуйбуз?

Буга чейин министрлик видеосабактарды телеканалдардан көрүүгө жетишпей калган окуучулар үчүн «Мега24» мобилдик тиркемесин «Альфа Телеком» компаниясы өлкө мугалимдерин бирдиктүү корпоратив тарифине кошуп, уюлдук телефондо бирдик жок болгон учурда да иштей бере тургандай кылганын айткан.

“Альфа Телекомдун” жетекчиси Акылбек Жамангулов бул биринчи долбоор болгондуктан аймактардагы мурда "Мегакомду" колдонбогондорго СИМ-картаны таркатуудагы кемчиликтерди моюнуна алды.

Бирок компания эки күн ичинде Билим берүү жана илим министрлиги даярдаган видосабактарды толук “Мега24” тарифиндеги тиркемеге көчүрүп, республикадагы жалпы 1 млн., 300 миң окуучу менен 80 миң мугалимдин үчтөн бир бөлүгүн ушул тариф менен камсыздаган.

Акылбек Жамангулов.
Акылбек Жамангулов.

“Тизме боюнча Кыргызстандагы бардык кеңселерибиз аркылуу акысыз СИМ-карталарды тарата баштадык. Менимче, бул жуманын ичинде СИМ-карталарга муктаж мугалимдер менен окуучуларды толук кандуу камсыздайбыз. Мурдатан эле "Мегакомдун" абоненти болгондор онлайн түрдө эле “Мега24” тиркемесин колдоно алат. Ал эми "Мегаком" тартпаган жерде жашаган окуучулар менен мугалимдер башка уюлдук операторлор менен деле аталган тиркемени көчүрүп, окуй берсе болот”.

Ысык-Көлдүн Бөкөнбаев айылында жашаган Гүлбар Тургунова бир кыз, бир баласы менен 8-апрелден тарта телеканалдардан көрсөтүлө турган сабактардын жадыбалын билбей жатканын айтты. Мындан тышкары министрлик сөз кылган каналдардын айрымдары каарманыбыз жашаган айылда тартпайт экен.

“Өткөндө билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жакындаганда сабактардын жадыбалдарын ар бир окуучунун жана ата-эненин электрондук дарегине жөнөтөбүз деген. Андан кабар жок. Мугалимдер деле жадыбал тууралуу ооз ача элек. Менимче, мугалимдер деле эмнени окутарын түшүнбөй жатат. Буга чейин деле эптеп сабак өттү кылып жатышкан”.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров министрлик сунуштаган каналдар тартпаган айылдарга жергиликтүү телеканалдар жардамга келерин айтты.

Маселен, ЭлТР менен "Баластан" телеканалында көрсөтүлө турган сабактар аймактардагы айрым жергиликтүү каналдар аркылуу “ретрансляция” болот экен. Ал эми видео сабактардын биринчи жумасынын жадыбалы түзүлгөн. Алар 8-апрелден тарта телеканалдар менен министрликтин атайын порталдарында анонс катарында кетет.

Карантинде англис тилин үйрөнгөн балдар

“8-9-10- апрелде өтө турган сабактардын жадыбалы түзүлдү. Анда 1-4-класстарга жана мектепке чейинки билим берүү КТРКнын «Баластан» каналы аркылуу болот. Ал эми 5-11-класска чейинкилерге болсо ЭлТРдин «Илим-билим» каналы кызмат кылат. Ортодо эч кандай чаташуу, орун алмашуу болбойт”.

Деген менен карантиндик кырдаалда өздөрүнүн чеберчиликтерин көрсөтүп, абалга тезирээк ыңгайлашып жаткан мугалимдер да бар. Ал гана эмес Билим берүү жана илим министрлигинин электрондук дарегине өздөрүнүн видео сабактарын сунуштаган мугалимдер да жок эмес.

Айталы, Үмүт Байгабылова - Чүйдүн Панфилов районундагы Эсенжан Кожомкулов атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими. Ал кээде аргасыздык жана муктаждык адамдарды ойлонууга, изденүүгө түрткөнүн айтты. Үмүт эжей азыркы абал санариптик технологиялар менен мугалимдердин иштөөсүндөгү темпти тездетти деген ойдо.

“8- апрелди күтпөй эле өз ара окуучулар менен онлайн сабактарды тест түрүндө өтүп жатабыз. Акыркы кырдаал биз үчүн чоң тажрыйба болуп жатат. Мындан сырткары балдар үйүндө бош отурбасын деп «үйдө отуруп, ооруну жеңебиз» аттуу флешмоб уюштуруп, аны "YouTube" каналга жүктөдүк. Азыр ал флешмобго реакция кылгандар бар”.

Билим берүү тармагы боюнча адис, психолог Асылбек Жооданбеков бүгүнкү күндө ар бир ата-энеге педогогикалык сабаттуулук боюнча чоң жоопкерчилик илингенин белгиледи. Ар бир баланын дилине кулак төшөп, ар бир бала менен сырдашып, ата-энелик милдетти аткаруунун жүгүн сезүүгө мезгил келди деген пикирде.

Коронавируска байланыштуу 15-апрелге чейин Кыргызстанда айрым аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, мектеп, бала бакча жана жогорку окуу жайлары убактылуу жабылды. 8-апрелге карата коронавирус инфекциясын жугузуп алгандардын саны 270 адамга жетти.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG