Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Интернетте спорт менен машыгабыз


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Карантин спортчуларды да онлайн платформага өтүүгө түрттү.

Өзгөчө абалдан улам сыртка чыкпоого аргасыз болгондор Интернет технологияларынын жардамы менен үйүнөн эле машыгып жатышат. Алардын арасында кадимки акча төлөп курс өткөндөр да, бекер үйрөткөндөр да бар.

Айжан Садыкул беш жылдан бери бокс менен машыгат. Ал карантинге байланыштуу каалоочуларды Интернет аркылуу жумасына эки жолу бокс менен бекер машыктырып жатат. Боксчу ушул эле ыкманы мектептеги окуучуларына да колдоноюн деп турат.

Айжан Садыкул.
Айжан Садыкул.

«Мен мектепте дене тарбия мугалими болуп иштегендиктен, 100дөн ашык окуучум бар. Азыр карантинге байланыштуу директор менен да «балдарга кантип сабак беребиз» деп сүйлөшүп жатабыз. Анткени карантин дагы эки айга чейин созулат окшойт. Ошондуктан мен түз эфирден балдарга дене тарбия сабагын өтөйүн деп жатам. Менде кыйынчылык деле жок, анткени социалдык тармактарды колдонгонду жакшы билем. Мисалы, мен «Tiktok», «Like» деген тармактарда да бармын. Анткени менин окуучуларым кичинекей да, алар «Инстаграмга» кирбейт, көбүнчө «Tiktok» менен «Like» тармактарында отурат. Азырынча «Фейсбукка» эфирге чыга элекмин. Бирок жакынкы күндөрү «YouTube», «Фейсбук», «Инстаграм» - баарына жанаша түз эфирге чыгып окуучуларыма эле эмес, кызыккандардын баарына эле сабак өтөйүн деп жатам».

Ал эми туура тамактануу боюнча консультант Анара Касымбекова кардарларына көнүгүүлөрдү ZOOM аркылуу жасатып жатат. Денени формада кармаш үчүн 80% туура тамактаныш керек болсо, 20% спорт менен машыгыш керек экенин айткан машыктыруучу карантин башталаары менен онлайн марафонго өткөн.

Анара Касымбекова.
Анара Касымбекова.

«Карантин башталары менен эки күн өтпөй эле ушул марафонду баштадым. Биринчи максатым кардарларым менен тыгыз байланышта болуу болчу. Бирок алар менен дагы көптөгөн жаңы кардарларды кошуп алдым. Бул сабактар бекер. Себеби азыр элдин баары үйдө жаткандыктан кыймыл-аракет менен өзүн алаксытышы керек. Туура тамактануунун жадыбалын да түзүп берем. Мен жалгыз эмесмин, дагы жети кеңешчим бар. Себеби кээ бир кардарлар эртең менен сабак болушун каалашса, кээ бирлери көнүгүүлөр түштөн кийин болсун дешет. Ошону менен күнүгө алты маал онлайн машыгуу өтүп жатат».

Анара Касымбекова онлайн фитнеске Кыргызстандын бардык аймактарынан эле эмес, чет өлкөлүк мекендештер да кошулуп жатканын айтты:

«Америкадан кошулушту, Новосибирск менен Москвадан бар. Кечээ Италиядан жана Франциядан да эки адам коштук деп айтышты. Жалпы 155тен аштык».

Онлайн форматка өтүүгө аргасыз болгондордун дагы бири – прима-балерина Айзада Тумакова. Ал дагы сабактарды «WhatsApp» аркылуу өтүп жатат, бирок ар бир окуучусуна жекече сабак берет.

Айзада Тумакова.
Айзада Тумакова.

«Мен ушул жума онлайн сабактарды бере баштадым, - дейт ал. - Бирок тайпада эмес, ар бирөөнө өз-өзүнчө берип жатам. Анткени ар бир кыздын жакшы жасаган кыймыл-аракеттери бар, ошол эле учурда кемчиликтери да башка. Ошондуктан мен кыймыл-аракеттерди ар бирине кантип туура жасаш керек экенин көрсөтүп берем. Азыр он чакты кызым бар».

11 жаштагы Асема Чолпонбек Базарбаев атындагы көркөм өнөр окуу жайында окугандыктан, башкалардай эле азыр үйдөн машыгып жатат. Апасы Камила Касымова кызына үйдөн бийлеген анча жакпай жатканын, бирок денеси формада болушу үчүн көнүгүүлөрдү токтотпоого аргасыз экенин айтып берди:

«Азыр классика сабагына күнүгө үч-төрт саат бөлөт. Анткени мугалимдери «WhatsApp» тайпадан тапшырмаларды аудио кылып жиберет. Аны кызым угуп, аткарып, видеого тартып кайра жибериши керек болот. Бул эми баары бир кадимки сабак өткөнүнө жетпейт да. Ал жакта «бутуңду минтип кой, колуңду мындай карма» деп айтса, дароо жасап жеңилирээк да. Бирок башка жактан алып караганда балет деген күнүмдүк оокат да. Күнүгө чоюлуп көнүгүүлөрдү жасабаса, бала катып калат. Менимче балдар өз формасын жоготпосун деп эле болушунча аракет кылып жатышат».

Айтор, спортчулар жана хореографтар азыркы учурда адамдар үйдө отургандыктан онлайн спорт жана бийлерге абдан муктаж болуп жатканын белгилешет. Бул бир жагынан адамды алаксытып, маанайды көтөрсө, экинчи жагынан ден соолукта болууга жардам берет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG