Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:01

Журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечими


Болот Темиров (солдо биринчи)
Болот Темиров (солдо биринчи)

23-ноябрда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды.

Соттун чечими дароо күчүнө кирип, журналистти укук коргоо кызматкерлери сот залынан күч менен кармап кетишти.

Болот Темиров соттун өкүмүн бийликтин өч алуу аракети катары баалап, ал Кыргызстандын жараны экенин, шаардык сот мыйзамсыз чечим чыгарганын айтты.

Ушул эле күнү кечинде иликтөөчү журналист Болот Темировду бир нече күч кызматкерлери “Манас” аэропортундагы жүргүнчүлөр учуп кеткен залга алып барышканы белгилүү болду. Аба майданында жүргөн “Азаттыктын” кабарчысынын Темировду кайда алып баратканы тууралуу суроосуна эч ким жооп берген жок. Журналистти ортого алып, коштоп бараткандар видео тартууга тоскоол болушту. Кабарчыбыздын айтымында, Темировду аэропорттогу милиция бөлүмүндө кармап турушкан.

“Биз аны менен сүйлөшкөнгө үлгүрбөй калдык. Мага бул жакта жок деп айтышкан. Биз азыр аны учакка отургузуп коюшту деп болжоп жатабыз. Ал кандай документ менен учуп кетип жатканын дагы билбейбиз. Анын кыргыз паспорту жокко чыгарылган. Ал эми мен билгенден орусиялык паспорту Темировдун жакындарынын колунда. Укук коргоо органдары эмнеге мындай мамиле кылганын түшүнгөн жокпуз. Ага убакыт берип, адамча мамиле кылышса болбойт беле? Кандай документтердин негизинде учакка отургузганы түшүнүксүз”,- деди адвокаты Баатыр Ботобеков.

Көп өтпөй Темиров Бишкек-Москва учак каттамында баратканын Фейсбуктагы Temirov LIVE баракчасы жазды. Маалыматка ылайык, журналист түшкөн учак 24-ноябрда Домодедово аэропортуна Бишкек убактысы боюнча саат 00:20да конот.

Шаардык соттун чечими

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун ишин Бишкек шаардык сотунун судьялары Адис Момуналиев, Айвар Кубатов жана Нурлан Кожомбердиевден турган соттук коллегия карады. Жыйынтыгында сот мамлекеттик айыптоочунун апелляциялык арызын жарым-жартылай канааттандырып, журналистти Кыргызстандан чыгаруу чечимин кабыл алды.

“Темиров Болот Маматкасымовичке карата Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун 2022-жылдын 28-сентябрдагы өкүмү өзгөртүлсүн. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 70-беренесинин негизинде Темиров Болот Маматкасымович Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын чегинен чыгарылсын. Темиров Болот Маматкасымовичти өлкөдөн чыгаруу чечимин аткаруу Ички иштер министрлигине жана Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматына жүктөлсүн. Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылды”, - деди судья Нурлан Кожомбердиев.

Өкүм чыгардын алдында Бишкектин Биринчи май райондук прокуратурасынын прокурору Мирлан Сооронкулов Болот Темировду коюлуп жаткан бардык беренелер боюнча күнөөлүү деп таап, журналистти өлкөдөн чыгарууну суранган.

“Болот Темиров 2008-жылдын 22-сентябрында мыйзамсыз алган паспорту менен мамлекеттик чек араны бир нече жолу мыйзамсыз кесип өткөн. Ал 2018-жылы ушундай эле жол менен мыйзамсыз алган ID паспортун колдонуп, чек арадан бир нече жолу мыйзамсыз өткөн”, - деди мамлекеттик айыптоочу.

Болот Темировго чечим чыгарган соттук коллегиянын төрагасы Адис Момуналиев менен Нурлан Кожомбердиев буга чейин бир катар чуулгандуу иштерди караганы менен белгилүү. Сөз болуп жаткан судьялар коррупцияга шек саналып 12,5 жылга кесилген Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовду 2019-жылы бошотуп жиберген. Алмаматов өлкөдөн чыгып кеткен. Ушундан улам Момуналиев менен Кожомбердиевге Соттордун тартип комиссиясы сөгүш берген.

Адис Момуналиев 2017-жылы “Ата Мекен” партиясынын ошол кездеги төрагасы Өмүрбек Текебаевди жана партиянын мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча шаардык сотто отурумду жетектеп, ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыраткан Биринчи май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. 2018-жылы Өмүрбек Текебаев Адис Момуналиевди жоопко тартууну талап кылган.

Болот Темировду күч менен кармап кетти

Бишкек шаардык сотунун Болот Темировду Кыргызстандан чыгаруу боюнча өкүмү дароо күчүнө кирип, укук коргоо органдары аны күч менен алып кетти. Ага чейин ал журналисттердин айрым суроолоруна жооп берүүгө жетишип соттун чечимин “бийликтин өч алуу аракети” деп баалады.

“Бул бийликтин өтө эле пас иши, эптеп эле мага жамандык кылайын деген ою. Мени өлкөдөн чыгарууга бир да мыйзамдуу себеп жок. Мени Кыргызстандын жараны эмес деген да чечим жок. Свердлов райондук сотунун буга чейинки чечиминде да мага Кыргызстандын жараны катары чечим чыккан. Муну менен Свердлов райондук соту менин Кыргызстандын жараны экенимди далилдеп берди. Бишкек шаардык соту болсо райондук соттун чечиминин баарын күчүндө калтырып бир эле өзгөртүү киргизип мени өлкөдөн чыгарууда. Бул мыйзамсыз чечим”.

Соттун чечиминде Болот Темиров кайсы мамлекетке, качан, кандай жол менен чыгарылары айтылган жок. Сот залында жарандык кийимчен бир нече киши журналистке бир баракты көрсөтүп, имараттан күч менен алып чыгып кетти. Аны кимдер, каякка алып кеткени белгисиз болуп калды. Жараянга катышкан адвокатынан, туугандарынан да маалымат жок.

“Болот Темировду Кыргызстандан чыгарып жибериш үчүн аны чет өлкөнүн жараны деп табыш керек. Бирок аны каякка алып кетишкенин адвокаттарга, журналисттерге да айтышкан жок. Аны аэропортко же милицияга алып кеттиби, өзүбүз да билбейбиз. Милициянын аракети таң калтырды”, - деди адвокаты Баатыр Ботобеков.

Паспорт чырынын таржымалы

Тергөө менен прокуратура Болот Темиров 2008-жылы паспортту Адылбек Керимбеков деген адамга тиешелүү, альтернативдик кызматты өтөө жөнүндө аскер билетин колдонуп мыйзамсыз алган деп эсептейт. Кийин ID картаны колдонуп жалпы жарандык паспортту да мыйзамсыз алганын билдирген. Болот Темировдун адвокаттары бирок Адылбек Керимбеков суракта “альтернативдик кызматты өтөбөгөнүн, аскердик билетин жоготпогонун” айткан.

Соттук жараянда Болот Темиров анда Кыргызстандын жана Орусиянын паспорту бар экенин, Кыргызстандын паспортун мыйзамдуу алганын жана документти алуунун жол-жобосу бузулбаганын кайталады.

Быйыл 28-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук соту Болот Темировго маңзат боюнча коюлган айыпты негизсиз деп таап актаган. Алган паспорту менен чек арадан өткөнү мыйзамдуу болгонун билдирип, ал боюнча да актоо чечимин чыгарган. Сот документ жасалмалоо деген айып боюнча күнөөлүү деп таап, бирок жаза чегерген эмес.

Болот Темиров январь айында Ютубдагы Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиевдин аты аталган. Камчыбек Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, иликтөөдөгү маалыматтарды четке каккан.

Темировго алгач Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголгон. Кийин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” деген эки берене кошулган.

Бишкектин Свердлов райондук прокуратурасы райондук соттун чечимине каршы арызданган.

Кыргызстандын Баш мыйзамында “Кыргызстандын жараны өлкөдөн сыртка чыгарып салынбайт же башка мамлекетке өткөрүп берилбейт” деп жазылган.

Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимине реакциялар

Эл аралык уюмдар 23-ноябрда кыргызстандык иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу тууралуу сот чечимине тынчсыздануу билдиришти.

Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү бул чечим сөз эркиндиги жана иликтөөчү журналисттердин жеке коопсуздугуна кепилдик берүү боюнча эл аралык милдеттенмелерге каршы келет деп эсептейт.

"Биз кыргыз бийлигин бул фундаменталдык эл аралык принциптерди толук сактоого чакырабыз", - деп айтылат өкүлчүлүктүн Твиттерге жарыялаган билдирүүсүндө.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да Твиттерге ушундай билдирүү таратып, "Журналисттерге өч алуудан коркпой иштөөгө мүмкүнчүлүк берилиши керектигин, сөз эркиндиги Кыргызстандын Конституциясы менен корголгонун, бул укуктар сакталышы зарылдыгын" белгиледи.

Ушундай эле өңүттөгү билдирүүлөрдү Улуу Британиянын, Франциянын элчиликтери да таратышты.

Human Rights Watch уюмунун Чыгыш Европа, Кавказ, Балкан жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уилямсон сот чечимин жокко чыгарууга чакырды. Ал Болот Темиров менен 22-ноябрда Бишкекте түшкөн сүрөтүн жарыялап, "Кыргызстандагы адам укуктарынын эң начар көрсөткүчү" деп жазды.

"Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюму президент Садыр Жапаровго кайрылып, журналисттин укугун коргоого үндөдү. Аталган уюм RSF Awards 2022 сыйлыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин арасында Болот Темировдун да ысымы бар.

Норвегиянын Хельсинки комитети Темиров Орусияга депортацияланышы мүмкүн деген маалыматка тынчсызданып, Орусияда журналисттердин коопсуздугу коркунучта экенин эске салды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG