Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:43

Каралоого, камоого карабай курчуган журналист жана блогерлер


Макалада жазылган журналист, блогерлер.
Макалада жазылган журналист, блогерлер.

Кыргызстанда 7-ноябрда маалымат жана басма сөз күнү белгиленет. Өлкөдө "массалык маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзам 1992-жылы кабыл алынган. Кыргызстан сөз эркиндигинин абалы боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин арасында алдыда деп саналганы менен соңку жылдарда эркин медиага жана көз карандысыз журналисттер менен блогерлерге кысым күчөдү.

Ушул тапта Кемпир-Абад маселесине байланыштуу бир катар журналисттер жана блогерлер камакта жатат. Андан мурда иликтөөчү журналист Болот Темировдун, Next TV телеканалынын айланасындагы соттук иштер чоӊ талкууларды жараткан. Ал эми "Азаттык" радиосунун интернет сайтына бөгөт коюлуп, банктык эсебинин убактылуу токтотулушу медиа уюмдардын жана журналисттердин тынчсыздануусун күчөттү.

Алгач 2022-жылдын башынан бери суракка чакырылган, кылмыш иши козголгон, темир тор артында жаткан журналист, блогерлерди тизмектеп өтөлү. Кеп башында белгилей кетүүчү жагдай, өлкөдө акыркы жылдары жарандык журналистика өнүгүп жаткандыктан кысымга кабылган медиа өкүлдөрүнүн кээ бири расмий катталган ЖМКда (жалпыгоо маалымдоо каражаттары) иштесе, көпчүлүгү социалдык баракчаларында өз ой- пикирин эркин билдирип, коомдогу ар кыл окуяларды түз чагылдырган блогерлер десек болот.

“Болот кантип курчуду”

Жыл башында иликтөөчү журналист Болот Темировдун “баңгизатка” айыпталып кармалышы коомчулукта катуу нааразылык жаратты. 22-январдын кечинде Темировдун кеңсеси тинтилип, анын шериги акын Болот Назаров экөө кармалган.

Алар жарандык коомдун калың колдоосу менен үй камагына чыгышты. Иликтөөчү журналист Temirov LIVE YouTube-каналында президент Садыр Жапаров, атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев сыяктуу бийлик башындагылардын жакындары жөнүндө иликтөө жарыялап келет. Темиров кармалар алында дагы Ташиевдин жакындары аралашкан иштер жөнүндө иликтөө жарыялаган болчу. Бирок Камчыбек Ташиев журналисттик иликтөөдө айтылгандардын “карандай калп” деп атаган.

Жалпы жолунан Болот Темировго бир нече кылмыш иши козголуп, соттук териштирүү дээрлик бир жылга созулду. Акыры 28-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук соту маңзат жана "жасалма паспорту" менен чек арадан өткөнү боюнча актап, ал эми "документ жасалмалоо" деген берене менен айыптуу деп таап, бирок жаза чарасын чегерген эмес. Учурда Башкы прокуратура соттун актоо чечимине каршы жогорку инстанцияга арызданып жатат.

“Күч органдары мыйзамдарды бузуу менен апелляция жазыптыр. Анын мааниси биз күнөөлү эмес экенибизди далилдеп беришибиз керек экен. Бул туура эмес. Күнөөлүү деген далилдерди толук алып келе албаса, анда адам күнөөлүү эмес деп эсептелет. Алар жасалма далил менен соттогусу келип жатканы көрүнүп турат. Күч органдары бийликтин камчысы. Биз ишмердүүлүгүбүздү улантабыз. Иликтөөлөр жасалып жатат. Эң чоң максатыбыз бийликтин мыйзамсыз ишине чек коюу аракетибизден тайбайбыз”, - деди журналист Болот Темиров.

41 жаштагы Болот Темиров курч журналисттик иликтөөлөрү менен таанылган. 2020-жылы Болот Темиров АКШнын Мамлекеттик департаментинин Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча алгачкы сыйлыгына татыган.

Тергөө абагына түшүп чыккандар

Өлкөдөгү эркин медианын бири саналган Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиев жети ай тергөө абагында отурду. УКМК 3-мартта Next TV телеканалына каршы "Улут аралык кастыкты козутуу" деген айып менен иш козгоп, директорун камакка алган, телеканалдын эфири үзгүлтүккө учураган.

УКМК телеканал "Кыргызстан Орусияга Украина боюнча жардам бере турганы жөнүндө такталбаган маалымат жарыялаган" деп айыптаган. 21-сентябрда сот Дүйшөмбиевди күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробациялык жаза мөөнөтүн чегерди. Сот залынан бошотулган Дүйшөмбиев эч кандай күнөөсү жок экенин, ишин улантаарын билдирди.

Тергөө абагында жети айдай отуруп чыккан журналисттердин дагы бири Куттумидин Базаркулов июнь айында бошотулду. Сот аны айыптуу деп таап, кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендиктен бошотулганы маалым болгон. Базаркуловду УКМК 2021-жылдын 27-ноябрда үйүнөн кармаган. Аны атайын кызмат 2015-жылы Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясын башкарып турганда "мамлекетке 3 миллион сомдон ашуун зыян келтирген" деп айыптаган. Журналист 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин бийликке келгендерди кескин сындап, интернетте ар кандай темада видео талкууларды уюштуруп жүргөн.

Бийликке сын айткан саясатчы, жарандык активисттердин билдирүүлөрүн социалдык баракчаларына жайгаштырып, ар кандай саясий окуяларды түз эфирде чагылдырып жүргөн 19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев төрт айга камалды. Ага УКМК “массалык башаламандык” беренесин тагып, атайын кызматтын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону и нтернетке жарыялаганы негиз болгону айтылды.

19 жаштагы блогердин камалышы коомчулукта бийликке сын-пикирди күчөткөн. 26-октябрда Бишкек шаардык соту анын бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарды. Жекшеналиев Баш мыйзамдагы жарандардын эркин пикирин билдирүү укугу тебеленгенин айтып келет.

Ютубда 49 миңден ашуун катталуучусу бар ”Батма-бат” каналынын автору Батмакан Жолболдуева журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шек саналып 28-мартта камалып, 18-августта үй камагына чыкты. Галымбетова 25-март күнү кечке жуук өзүн жаман сезип ооруканага түшүп, эсине келбей каза болгон. Баткен милициясы маркум каза болордон мурда Жолболдуева аны каралап жатканын айтып, арыз жазганын маалымдаган. Жолдубаева Баткен облусунда жергиликтүү бийликтин ишин сынга алып, ашкана-дүкөндөрдүн тазалыгын, товарлардын мөөнөтүн текшерген видеолорун жарыялап турган.

“Мен журналисттердин камалышынын логикасын түшүнбөйм. Мыйзамда кайсы маалда камакка алышы керек экени так жазылган. Бөгөт чарасын кароодо эки жагдай эске алынат. Биринчиси качып кетпейби, экинчиси тергөөгө жолтоо болбойбу деген талап бар. Журналисттер эки талапка тең туура келбейт. Ал эми бат эле үй камагына чыгып кеткен саясатчылардыкы туура келет. Эки башка логика менен чечим чыгат. Бул жөн гана "экинчи мындай сүйлөбөгүлө" деген сигнал берип жатат”, - деди журналист Семетей Аманбеков.

Бир топ жыл эркин гезиттерде уюшкан кылмыштуу топтор, коррупция боюнча макалаларды жазып жүргөн 41 жаштагы Семетей Талас уулу 2021-жылы Фейсбук баракчасынан Ооганстан тууралуу материалды бөлүшкөнү үчүн “экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси менен шек саналып, 48 саатка камалып чыкты. 3-ноябрда сот аны тергөө аяктаганга чейин үй камагына чыгарды. Эркин журналист Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагынан тергөөчүнүн уруксаты жок чыга албайт. Журналист социалдык тармактарда Кемпир-Абад маселеси, камалгандар тууралуу пикирин байма-бай билдирип келген. Ал жыл башында дагы ушул иш боюнча суракка кирип чыккан.

4-нобярга караган түнү журналист Санрабия Сатыбалдиева 48 саатка камалып, эч жака кетпөө жөнүндө тилкат менен ооруканага жаткырылды. Кош бойлуу келинди милиция "опузалап акча талап кылуу" фактысын иликтөөнүн алкагында кармаганын билдирди.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Сатыбалдиеванын саламаттыгына карабай камалышын "адамгерчиликсиз кыйноо" катары баалады. Сатыбалдиева жазында Бишкекке көчүп келген, ага чейин Жалал-Абад шаарында “Аймак”, “Взгляд” гезиттеринде жана жеке менчик “Чолпон ТВ” телеканалдарында кабарчы болуп иштеген. Ал өзүнүн камалышын журналисттик ишмердүүлүгү жана жогорку кызмат адамдарын сындаганы менен байланыштырып жатат.

"Сындап жазып, эскертүү алдым"

Социалдык тармактарда жазган билдирүүлөрү үчүн күч органдарынан эскертүү алган журналисттер да бар. Маселен, июнь айында УКМК саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмү тууралуу социалдык тармакка жазган пикири үчүн журналист Канат Каниметовго эскертүү берди.

Каниметов тергөө абагында жатып каза тапкан саясий эксперттин өлүмү үчүн атайын кызматты сындаган .Ага чейин блогер Бакмурат Токтогулов атайын кызматта сурак берип, эскертүү алган. Ал саясий абалга байланыштуу бийликти сындаган постторду Фейсбуктагы баракчасына жазып келген.

"Ар кандай шылтоолор менен журналисттерли жаман көрсөтүп койбошу үчүн өзүбүз дагы аябай таза болушубуз керек болуп калды. Жердешим, байкем деп саясатчыларга жан тартканды токтотубуш керек. Кыскасы, бийликке эч кандай илинчек таптырбагандай тазаланууга мезгил келди. Азыр карызга бирөөдөн акча сураган дагы коркунучтуу болуп калды", - дейт "ПолитКлиника" басылмасынын редактору Дилбар Алимова.

Темир тор артындагы журналист, блогерлер

Ушул тапта бир топ журналист, блогерлер тергөө абагында отурушат. Социалдык тармактарда Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер Адилет Али Мыктыбек 30-июндан бери камакта. Ага милиция “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Эркин блогер Фейсбукка коомдогу ар кыл окуяларга өз пикирин активдүү жазып келген. Өлкөдө казино ачууга уруксат берген мыйзамга каршы акцияларга катышкан. Ошондой эле оппозиция өкүлдөрүнүн иш-чараларын түз эфирде Фейсбук баракчасында чагылдырчу.

Өткөн айдын аягындагы жапырт камоодо саясий баяндамачы, аналитик Айданбек Акматов, блогерлер Эрлан Бекчоро менен Атай Бейшенбек дагы кармалды. ИИМ “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзгөн отузга жакын оппозициялык саясатчы менен жарандык активистти кармаган. Аларды милиция "массалык башаламандык уюштурууга, бийликти мыйзамсыз басып алууга" катышы бар деп шек саноодо.

Айданбек Акматов 1997-2017-жылдары "Азаттык" радиосунун кабарчысы жана саясий баяндамачысы болуп иштеген. Ал акыркы жылдары эркин журналист катары Фейсбуктагы баракчасында бийликтин кадамдарын анализ, сандар менен гана сындабастан, ар кандай сунуштарды дагы берип келген. Ал эми журналист Эрлан Бекчоро кандайдыр бир ЖМКда иштебегени менен блогер катары саясий окуяларды чагылдырып, оппозициянын билдирүүлөрүн жарыялачу.

Жарандык активист Атай Бейшенбек акыркы 1-2 жылдын ичинде Фейсбукта аудиториясы көп саясий блогер катары таанылган. Ал Кумтөр, ККМ аппараттары, салык жана акыркы Кемпир-Абад маселесинде бийликтен ачыктыкты талап кылып жүргөн. Айрым учурда жеке булактарына таянып, ар кандай материалдарды жарыялачу.

“Президент Садыр Жапаров бийликке келгенге чейин, өзүнүн ой-пикирин айтканы үчүн “бийликти басып алуу” деген күнөө менен камалган. Ал эми президенттин маалымат кызматын жетектеп жаткан Дайыр Орунбеков президент Алмазбек Атамбаевдин кезинде куугунтукка кабылган. Ошол Дайыр Орунбековдун айып пулун төлөшү үчүн жарандык коом, активисттер, журналисттер “басма сөзгө бир тыйын” деген акцияларды өткөрүп, жардам берүүгө аракет кылышкан. Тилекке каршы, Садыр Жапаров, Дайыр Орунбеков дагы өздөрүнүн башынан өткөргөн куугунтукту эске албай, кайра эле тырмоокту басып жатабыз. Журналисттерди коркутуу, редакцияларды жабуу менен сөз эркиндигин чектеп, Түркмөнстан же Түндүк Корея болобуз десе жаңылышат. Кыргыздар демократия келгенге чейин эле эркин эл болгон. Акыркы окуяларда журналистика курчушу мүмкүн, бирок мокобойт”, - деди медиа эксперт Айбек Турдалиев.

Медиага кылмыш иши козголуп, сайттар бөгөттөлдү

Жыл башында кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу жазылган кабар боюнча kaktus.media сайтына кылмыш иши козголду. Башкы прокуратура март айында иште кылмыштын курамы жок болгондуктан токтотулганын кабарлады. Август айынын аягында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 24.kg cайтын эки айга бөгөттөө тууралуу чечим чыгарган. Бул чечим “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамдын негизинде кабыл алынган. Бул коомчулуктун нааразылыгын жаратып, көп өтпөй сайтты бөгөттөө тууралуу чечим кайра жокко чыгарылган. Сайттын бөгөттөлүшүнө саясий эмес, жөнөкөй ишкердик, турмуштук кабар чыкканы себеп болгон.

Анткен менен жогорудагы эки сайт тең саясий окуялардын ыкчам чагылдырып, өз булактарына таянып айрым коррупциялык, кылмышка байланышкан кыңыр иштердин бетин ачып берген.

“Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамы менен 26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. Көп өтпөй "Азаттык Медиа" мекемесинин "Демирбанктагы" эсеби бөгөттөлдү.

"Кыргыз бийлигинин мындай эскалациясы Кыргызстандын мыйзамдарын бузуп жаткандай көрүнөт. Биз журналисттерибиздин оозун жабуу аракетине каршы күрөшөбүз", - деди "Эркин Европа /Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай.

Медиа коомчулук “Азаттык” кабылган тоскоолдуктар үчүн бийликти айыптап чыкты. Маалымат каражаттарынын негиздөөчүлөрү жана башкы редакторлору мамлекет башчы Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңешке, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге, баш прокурор Курманкул Зулушевге, ички иштер министри Улан Ниязбековго жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар министри Алтынбек Максүтовго кайрылуу жолдошту. Отуздан ашуун редактор кол койгон кайрылууда Кыргызстанда соңку кездерде көз карандысыз журналисттерге жана маалымат каражаттарына кысым күчөп жатканы белгиленген:

"Кылмыш иштери козголуп, маалыматка жетүү чектелүүдө, сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар демилгеленип, кабыл алынууда. Журналисттерди каралоо боюнча уюшкан жана пландуу кампания жүрүп жатат. Көз карандысыз маалымат каражаттарын жабуу талабы менен митингдер жана кол топтоо уюштурулууда. Редакцияларды өрттөө жана маалымат каражатынын өкүлдөрүнө таасир этүүнүн башка мыйзамсыз ыкмаларын колдонуу боюнча акцияларда ачык коркутуу болууда. Ал эми укук коргоо органдары мындай фактыларга реакция кылбай жатат", - деп жазылган.

Кыргызстандагы эркин медиа каражаттары кысымга каршы #күччындыкта #силавправде хэштегдери менен масштабдуу маалыматтык өнөктүк өткөрдү.

“Азыр медиа коомчулук канчалык кысымга кабылса ошончолук күчтөнүп, биригип жатат. Мындан бир нече жыл мурун “Вечерный Бишкек” же “Заноза” карата иште аз эле редакция колдоо көрсөткөн. Бул жолу жыйырмадай редакция биригип, колдоп жатат. Бул ждемилге тез эле колдоо таап уюштурулду. Канчалык басым болсо ошончолук каршылык күчөйт. Бул жакшы нерсеге алып барбайт. Өлкөнүн аброюна дагы көлөкө түшөт. Бул абалга эл аралык донорлор байкоо салып жатат. Өкмөт дайыма грант алат. Демек эл аралык уюмдардан өкмөткө каржылык тобокелчилик дагы бар”, - деди Kaktus.media басылмасынын редактору Дина Маслова.

Медиакоомчулук соңку беш жылдын ичинде журналисттер, блогерлер интернет буллинг, ар кандай ыплас каралоо тендециялары күчөп, бул жакшы көрүнүш эмес экенин билдирип, тынчыздануусун байма-бай айтып келет. Маселен, иликтөөчү журналист Болот Темиров кармалгандан кийин Temirov LIVE командасын каралаган ар кандай ыплас видеолор Интернетке тараган. Жашырууну жаздырылган видео тасмалардагы маалыматтар караманча бурмаланып берилген.

Ал эми Клооп, kaktus.media, “Азаттык” радиосун жабууну талап кылган акциялар уюштурулду. Андай митингдердин акыркысы октябрь айында “Азаттыктын” кеңсинин алдынд өттү. Көпчүлү бетин жапкан отузга жакын белгисиз киши чогулуп, агрессивдүү маанайдагы чакырыктарды ташташты. Ошондой эле мамлекеттик телеканалдардан бир жактуу каралоо материалдары берилди.

“Журналисттерге каршы карапайым коомчулук иштебейт. Негизинен байлыгы, бийлиги бар адамдар каршы иштерди уюштурат. Журналисттерге каршы каралоо, шантаж күчөп жатса демек, бул өлкөдө мыйзамсыз иштер, коррупция күчөгөнүнүн белгиси деп түшүнсөк болот. Себеби, мындай башка эч кандай себеп жок. Так иштеген бийлик журналисттерден эч качан коркпойт. Чындап эле журналисттер негизсиз сындап жатса, нормалдуу өлкөнүн бийлиги каралап, камабастан өз жүйөсүн келтирип, иштей берет”, - деди журналист Али Токтакунов.

Эл аралык коомчулуктун тынчсыздануусу жана бийликтин жообу

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин такай билдирет. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Азаттыктын" сайты бөгөттөлгөндөн кийин, 28-октябрда билдирүү жасап, өлкөдө эркин медиалардын ишине чектөө жок экенин, сөз эркиндиги дайыма болорун билдирген.

Президент Садыр Жапаров 4-ноябрда Германиянын, Франциянын Кыргызстандагы элчилери жана АКШнын, Британиянын ишенимдүү өкүлдөрү менен жолугушууда Кыргызстанда адам укуктары менен эркиндиктери эң жогорку баалуулуктардын бири экенин, эркиндик көп болгондо жоопкерчилик артарын айткан. Кыргызстанда эч ким бузбай турган бирден-бир талап — мыйзамдарды так сактоо жана аны аткаруу экенин белгилеген.

Анткен менен акыркы окуяларга байланыштуу эл аралык коомчулук расмий Бишкекти сөз эркиндиги сактоого чакырып жатат. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары комитети дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда жарандык жана саясий укуктар боюнча пакттын аткарылышы боюнча корутундусун жарыялады. 3-ноябрда жарыяланган баяндамада комитеттин тынчсыздануусу, сунушу жана пакттын аткарылышынын оң жактары камтылган.

"БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстанда укук коргоочуларга, юристтерге, саясатчыларга, журналисттерге, өз пикирин ачык билдирип, өзгөчө бийликти сындагандарга, анын ичинде блогерлер менен журналисттердин кылмыш жоопкерчилигине тартылышы тууралуу маалыматтарга тынчсыздануусун билдирет. Кыргызстанга коомдук кызыкчылыкты сындап жарыялап жаткандарга карата кылмыш жоопкерчиликтери менен жазалоону колдонбоо кеңеши берилет. Жабык жайларда кыйноо менен өлтүрүү тууралуу маалыматтарга комитет тынчсызданууда. Комитет Кыргызстанды жабык жайлардыгы өлүмдөрдү токтоосуз изилдеп, анын себептерин ар тараптан ачып, каза болгондордун үй-бүлөсүнө кенемте төлөп берүүнү карашы керек", - деп жазылган Адам укуктары комитетинин документинде.

2-ноябрда Кыргызстандагы АКШнын, Британиянын, Германиянын, Франциянын элчиликтери жана Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү кыргыз бийлигине кайрылды. Биргелешкен билдирүүдө эркин журналистика өлкөнүн өнүгүшү үчүн маанилүү экени белгиленген.

Ага чейин бир катар эл аралык уюмдар Human Rights Watch, "Журналисттерди коргоо комитети" жана Евробиримдиктин адам укуктары боюнча өкүлү Эймон Гилмор, АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс жана америкалык сенаторлор "Азаттыктын" сайтынын бөгөттөлүшүнө камтама экенин билдирип, кыргыз бийлигин "чектен чыккан цензурадан баш тартып, сөз эркиндигин коргоого чакырышкан.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG