Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:11

Кыргыз экономикасы артка кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын экономикасы тогуз айда 6-7% артка кетти. Өкмөт муну коронавирус пандемиясы менен байланыштырып жатат. Жыл башында эл аралык уюмдар кыргыз экономикасы 10% төмөндөй турганын эскерткен. Ошол эле кезде адистер өлкөдөгү саясий олку-солкулуктар да кризисти тереңдетиши мүмкүн экенин белгилешүүдө.

Тогуз айдын эсеби

Экономикага байланыштуу жаңы эсептерди адаттагыдай эле Улуттук статистика комитети чыгарды. Демек, алгачкы тогуз айдын жыйынтыгында дээрлик бардык тармактарда төмөндөө байкалды.

Комитеттин расмий өкүлү Асел Акматалиева экономиканын негизги көрсөткүчү жөнүндө «Азаттыкка» мындайча маалымат берди.

Улуттук статистика комитети.
Улуттук статистика комитети.

«Баштапкы эсептер боюнча, ички дүң өнүмү 2020-жылдын январь-сентябрь айларында 400 миллиард сомдон ашты жана 2019-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 6 пайызга төмөндөдү. «Кумтөр» кен казуу ишканасын эсепке албаганда, 2020-жылдын январь-сентябрь айларында ИДӨнүн көлөмү 350 миллиард сомду түзүп, 7,1 пайызга азайды»,-деди ал.

ИДӨ - бул өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүнүн көлөмү.

Мунун ичинде маселен өнөр жай 1,9%, курулуш 7,7%, дүң жана чекене соода 16,2%, төмөндөдү. Бир гана айыл чарбасы гана 2,1 пайызга өсүш менен чыкты.

Эгер тышкы соода жүгүртүүгө келсек, ал да түштү. Мунун тогуз айлык эсеби чыга элек, сегиз айлык санагы гана бар.

«Кыргыз Республикасынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2020-жылдын январь-август айларында 3,5 млрд. АКШ долларынан ашты жана 2019-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 22,1 пайызга төмөндөдү. Ушул эле учурда экспорт 3,5 пайызга көбөйдү, ал эми импорт тескерисинче, 31,6 пайызга кыскарды. Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмүн өзүнчө белгилесек, ал сегиз айда 1,5 млрд АКШ долларын түздү жана 2019-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 19,4 пайызга азайды»,-деди Улуттук статистика комитетинин өкүлү Асел Акматалиева.

Жыл башында дүйнөнү, андан кийин Ала-Тоону коронавирус каптаганы кыргыз өкмөтү экономика артка кетерин мойнуна алган. Ортодо аны алдын алуу үчүн бир нече аракеттер көрүлдү, антикризистик программалар кабыл алынды. Бирок жогоруда көрүнүп тургандай, алар толук жыйынтык берген жок.

Экономика министрлигинин Макроэкономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы Насирдин Шамшиев мындайча кепке кошулду:

Насирдин Шамшиев.
Насирдин Шамшиев.

«Мунун баарына негизинен пандемия таасир этти. Чек аралар жабык болду, эки айча карантинде отурдук, калктын экономикалык активдүүлүгү токтоп турду. Карантин алынды дегенде деле чектөөлөр болуп жатты. Ресторан-мейманкана жана башка ишканалардын көбү кайра ачылган жок, ачылса да толук иштебеди. Мына ушунун баары экономиканын төмөндөшүнө алып келди»,-деди ал.

Министрликтин өкүлү соңку саясий кризис, октябрдын башында өлкөдө болгон башаламандыктар, ишканалардын ишине тоскоолдуктар ушул айдын, жылдын жыйынтыгына таасир этерин белгилейт. Анткени Бишкекте дүкөндөр, соода жайлары жана башка бизнес түйүндөрү бир нече күн иштебей калды.

Ал эми аймактарда 6-7-октябрь күндөрү бир катар кен иштетүүчү компанияларга кол салынып, өрттөлгөнү кабарланган. Алардын ичинде Таластагы Жерүй, Ала-Букадагы Бозымчак, Чаткалдагы Терек-Сай алтын кендерин иштеткен компаниялар да бар.

Насирдин Шамшиев «Азаттык» менен маегинде экономикалык төмөндөөнү алдын алуу үчүн жаңы өкмөт өз механизмдерин сунуштай турганын кошумчалады.

Жапаровдун өкмөтүнүн дымагы

Жаңы өкмөт демекчи, саясий толкундоолордон кийин премьер-министрлик кызматка келген Садыр Жапаровдун өкмөтү экономиканы калыбына келтирүү боюнча програмасын ачыктай элек. Өкмөттү шайлоо учурунда жаңы баш бакан жагдайды иликтеп чыккандан кийин гана бул тема боюнча ой-пикирин айтарын билдирип келди.

14-октябрда Жогорку Кеңеш Жапаровдун өкмөтү үчүнчү ирет бекитип жаткан учурда бир нече депутат экономикага байланыштуу суроо узатты. Анда да Садыр Жапаров туюк жооп берди.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«Мен ишке киришкениме үч эле күн болду. Тапшырма бердим, финансы министри менен экономика министри мага жуманын аягында толук маалымат алып келет. Баарын карайын, көрөйүн. Эң жок дегенде беш-он күн убакыт бергиле. Мен үстүртөн баарын, бир сыйра карап өттүм. Маселени чечкенге болгон күчүбүздү жумшайбыз».

Баса, жаңы өкмөттүн курамында бир нече министрлер жана мамлекеттик органдардын жетекчилери алмашканы менен экономика министри Санжар Муканбетов ордунда калды. Андан сырткары биринчи вице-премьер-министрлик кызматка мурдагы экономика министри Артем Новиков дайындалды.

Депутаттардын суроосуна жооп берип жатып Новиков экономикалык кризистен чыгуу боюнча көз караштары менен бөлүштү:

Артем Новиков.
Артем Новиков.

«Биринчи вице-премьер-министр катары мен экономикалык блок менен алектенем. Баарыңыздар экономикада кырдаал кандай экенин билесиздер. Бюджеттин дефицити, соңку окуялар, кошумча пандемия биздин экономикалык субъектилерибиздин, ишкерлерибиздин ишмердүүлүгүнө терс таасир этти. Азыр негизги маселе ишкерлерибизди кантип колдоо керек, алардын коопсуздугун камсыздап, менчик укуктарын коргоп, ишмердүүлүгүнүн кол тийбестигине кепилдик берүүнүн үстүндө иш жүрөт. Мындан сырткары экономикалык блок үчүн каржылоону, инвестицияларды тартууну жандантуу багытында иш алып барабыз»,-деди Артем Новиков.

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) менен чогуу жүргүзгөн августтагы жаңы иликтөөсүндө Кыргызстандын экономикасы быйыл 10% төмөндөйт деген болжол келтирген. Тогуз айдын жыйынтыгынан байкалгандай, көрсөткүчтөрдүн түшүүсү ушуга жакындап баратат.

Экономист Сейдалы Мырзакматов жаңы өкмөттөн «экономикалык керемет» күтүүнүн зарылдыгы жоктугун белгиледи.

Бишкектеги кофеканалардын бири. 11-октябрь, 2020-жыл.
Бишкектеги кофеканалардын бири. 11-октябрь, 2020-жыл.

«Эми бизде ишенгенибиз эле Улуттук статистика комитетинин эсеби да, экономиканы толук камтыган андан башка, көз карандысыз санак жок. Бирок мен төмөндөө алар бергенден да көбүрөөк деп эсептейм, бери дегенде 15% артка кеттик. Канча ай иштебей жатпадыкпы, кырдаал ошондон эле көрүнүп турбайбы. Мындан сырткары соңку саясий кризис соода тармагына кайсы бир деңгээлде таасир этти. Ошол эле мезгилде Жапаровдун өкмөтүнөн да бул жаатта жылыштарды, «кереметтерди» күтүүнүн кереги жок. Анткени биринчиден, ал ишти баштаганда эле ашыкча ресурсту алган вице-премьерлик кызматтарды жоё алган жок, кыскартууларга бара албады. Экинчиден, биздин өкмөт эч качан экономикага түздөн-түз таасир эте албайт. Себеби, бизде бизнестин баары менчикте, дээрлик 99% экономикалык чарба жеке колдо. Кандай премьер-министр келбесин маселе экономиканын өзүнүн структурасынан көз каранды. Азыркы жагдайда кыргыз экономикасынын кайра калыбына келүүсү коронавирус менен байланыштуу. Эпидемиологиялык кырдаал оңолсо экономикадагы мурдагы көрсөткүчтөргө келерки жылы өзүнөн өзү жетет. А өсүш кылуу ал башка маселе, ал үчүн бул тармактагы саясатты таптакыр жаңылаш керек».

Улуттук статистика комитетинин баштапкы эсебинде, 2019-жылы Кыргызстандын ИДӨсү 590 млрд. сомдон ашкан. АӨБ болжогондой экономика артка кетчү болсо бул көрсөткүч 2020-жылы 520-540 млрд. сомду түзүшү мүмкүн.

Соңку жылдарды Кыргызстандын ИДӨсү орточо эсепте 4-5% менен өсүш көбөйүп келген. Адатта эксперттер муну жөн гана инерция деп эсептешет.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG