Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:17

"Жаңгак өтпөйт, картөшкө арзан". Дыйкандын акталбаган чыгымы


Жашылча-жемиштерди жыйноо учуру (иллюстрациялык сүрөт).
Жашылча-жемиштерди жыйноо учуру (иллюстрациялык сүрөт).

Кыргызстанда акчанын күчү кетип жаткан чакта айрым жашылча-жемиштердин баасы кескин арзандап, дыйкандар мээнети акталбай калганына даттанууда.

Ошол эле маалда дан эгиндеринин түшүмү жылдагыдан кыйла аз болду. Быйыл өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугу кандай?

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарындагы дыйкандар калемпир, помидор, картөшкө өңдүү жашылча-жемиштердин баасы кескин түшүп кеткенин кабарлап жатат. Мындан улам дыйкандар чыгымы акталбай, мээнети талаага кеткенин айтышууда.

“Дыйкандын чыгымы акталбай жатат...”

Манас районунун Ак-Таш жана Таш-Башат айылдарынын башчысы Азиз Карабаевдин айтымында, дыйкандар өстүргөн калемпирин сата албай убара болууда.

Анын айтымында, ушул эки айыл жана коңшу Чоң-Капкада жүз гектардан ашуун жерге эгилген калемпир аларман жоктугунан чирип кетүү коркунучунда турат.

“Калемпир өткөн жок быйыл, азыр 8 сомдон деп атат, бирок ошол да өтпөй турат. Гектарлап айдагандар бар, бирок такыр кардар келген жок. КамАЗдар байма-бай келчү эле, быйыл жок. Калемпир сакталбайт, октябрь болуп калды, көбү бышып кетти. Өздөрү ары-бери чуркап, сеткасын 100-150 сомдон сатып жатат. Быйыл калемпир, жашылча-жемиш сатылбай калды. Айрыкча калемпир өтпөй жатат”.

“Ысык-Көл органика” кооперативи Ак-Суу районундагы 42 дыйкандын башын бириктирет. Быйыл 32 гектарга картөшкө эккен. Климаттык жагдайлардан улам түшүм жылдагыдан начар болду. Мунусу аз келгенсип, баа 9-10 сомдон көтөрүлбөй жатат, ага да кардар жок дейт кооперативдин жетекчиси Сонун Жылтырова:

“Эмгек биржасында иштегендердин күнүмдүк акысы 3 миң сомго чейин чыгып, аябай көтөрүлүп кетти. Жүктөгүчтөрдүкү андан да көп, 6 миң сом. Иши кылып, дыйкандар айдап алган картөшкөсүн талаага таштап сала албайт да. Чыгым болсо дагы казып алышты, бирок кардар жок. 8-9 сомдон алгандар да аз. Быйыл негизи бардык эле эгиндин түшүмү анча жакшы эмес. Аба ырайы башкача болбодубу. Картөшкө алып саткан балдарга барып сүйлөшсөк, алар “чек ара жабык, Бишкекте базарлар толуп турат, биз барган менен жөн эле турабыз, өзүбүз өткөрө албай жатабыз, анан бул картөшкөнү алып кайда барабыз”, - деп атышат. Иши кылып, дыйкандар азыркы күндө аябай кыйналып турат”.

Айрым эгиндер менен өсүмдүктөрдүн түшүмүнүн баасы өзүн актабай, дыйкандар чыгым тартып жатканы парламентте да айтылды.

Депутат Айбек Алтынбеков түштүктө пахта менен жаңгактын сатылбай жатышына көңүл бурду:

“Азыркы күндө Ноокен, Базар-Коргон, Сузак, Араван райондорунда пахта сатылбай жатат. Быйыл пахтанын баасы чыккан жок. Дыйкандарыбыз пахтаны өндүрөт-өстүрөт, күздө сатуу жагына келгенде кардар жок болуп атат. Аксы, Ноокен, Базар-Коргон, Өзгөн, Сузак райондорунда табигый жаңгак токойлорубуз бар. Быйыл мөмөсү аябай жакшы болду. Бирок саталы десе, ага дагы кардар жок. Анткени Кытайдан келген жаңгактын өңү-түсү менен салмагы аябай жакшы. Ал Кыргызстанга кирип, чет өлкөгө кыргыз жаңгагы болуп чыккандыктан, биздики кийинки кезекке калып калып атат”.

Быйыл түшүм аз болду

Быйыл Кыргызстан боюнча дан эгиндеринин түшүмү да өтө төмөн болду. Мындай жагдай азык-түлүк коопсуздугунун тобокелдигин бир кыйла арттырат.

Өлкөдө жыйналган дан эгиндеринин дээрлик 50% ашыгын түзгөн Чүй аймагында түшүмдүүлүк жылдагыдан эки эсеге чейин азайып кетти. Облуста арпа-буудайдын түшүмү 46% аз жыйналды.

Мындан тышкары, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым райондорунда да түшүмдүн көлөмү жылдагыдан бир кыйла аз. 2023-жылы Кыргызстанда дан эгиндери былтыркыга салыштырганда 36,4% аз жыйналган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында, быйылкы өзгөчө аптаптан жана суунун тартыштыгынан улам буудайдын түшүмдүүлүгү дээрлик 30%, арпаныкы 43,6% азайып кетти.

Маселен, 2022-жылы буудай гектарынан 27 центнерден жыйналса, быйыл 19 центнерден бир аз ашты. Арпа былтыр гектарынан 24,9 центнерден жыйналса, быйыл 14,5 центнерге түшүп кетти. Түшүм Чүй, Ысык-Көл, Баткен жана Жалал-Абад облустарында жакшы болгон эмес.

Өкмөт болсо түшүмдүн жылдагыдан аз жыйналышы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна олуттуу таасир кылбайт деп ишендирүүдө. Буудайдын чогултулган кору үч-төрт айга жетерлик болсо, элдин колундагы дан эгиндери да болжол менен ошончо чыгып калат.

Мындан тышкары, Орусиядан импорттолгон буудай менен Казакстандын уну жетиштүү көлөмдө келип турарын билдирип жатат. Расмий маалыматка ылайык, январь-июль айларында Орусиядан 176 миң тонна буудай, Казакстандан 14 миң тоннадан ашуун ун импорттолгон. Бул көлөм былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 1,6 жана 1,4 эсеге көп.

Буга жазгы айдап себүү маалындагы күндүн суук, жайында катуу ысык, кургакчыл болгону жана суунун жетишсиздиги себеп болду. Дыйкандар арыктар тазаланбай, 80% чейин камыш басып калганын, ансыз деле аз суу эгин талааларына жеткенге чейинки эле коромжу болуп жатканын айтышууда. Ушундай себептерден улам жүгөрү менен кант кызылчасынын түшүмдүүлүгү эки эсеге түшүп кеткен. Жылда гектарынан 10 тоннадан түшүм берген жүгөрү быйыл 5 тоннанын тегерегинде болду. Мындан тышкары, калемпир, помидор өңдүү жашылча-жемиштердин баасы өтө арзандап кетип, сатылбай жатышы кошумча түйшүк жаратты.

Айыл чарбасы менен алектенип жүргөн Акан Иманов сугат суунун көйгөйүнөн улам эгин-тегин убагында сугарылбай, суу башынан алыс айылдарда кургакчылыктан эгин жыйым-теримге чейин эле куурап калган учурлар көп болду дейт. Ал эми кант кызылчасынын өздүк наркы мурдагыдан кыйла өскөнүн, бирок сатуу баасы төмөн болуп жатканын кошумчалады:

“Кант кызылчасы Чүйдө көп эгилет. Кант кызылчасынын түшүмү буга чейин орточо 70 тоннадан болсо, быйыл 30-40 тоннадан болуп жатат. Себеби жайдын башында аба ырайы суук болуп туруп алган, ошондо өсүшү начарлады. Андан кийин күн аябай ысып кетти, жамгыр жок болгондуктан түшүм буга чейинки жылдардай болбой, эки эсеге артка кетти. Ал эми тракторлордун, комбайндардын кызмат акысы, күйүүчү май кымбат. Андан тышкары, жумушчу күчү дагы кымбат. Бул жерде пайда эмес, кетирилген чыгымдын ордунун жабылышы тууралуу эле сөз болушу мүмкүн. Пайда тапкан дыйкандар деле бардыр. Бирок пайдасы мурункудай эмес, 20-30% менен гана чыгып атышат. Сарпталган чыгымды жаап, өзү менен өзү болуп калган учурлар абдан көп”.

Кыргызстан өзүн-өзү картөшкө, кант кызылчасы жана сүт азыктары менен толук камсыздап келген. Айыл чарба министрлиги быйыл кумшекер жана эт менен камсыздоо 86-88% жеткенин билдирүүдө.

Министр Аскарбек Жаныбеков “Азаттыкка” курган маегинде Кыргызстан тогуз социалдык маанилүү азык-түлүктүн ичинен бешөө толук жетиштүү экенин айтты. Ошол эле маалда айрым жагдайлар өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна тобокелдик жаратканын белгиледи:

“Өзү быйылкы жыл оорураак болду, аны баарыбыз эле көрүп атабыз. Жаан-чачындын аз болушу, сугат суунун тартыштыгы, жазгы суук – ушунун баары биздин дыйканчылыктагы көрсөткүчтөргө абдан терс таасирин тийгизди. Албетте, бул Кыргызстандагы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодогу негизги көрсөткүчтөргө бир топ кедергисин тийгизди. Буга чейин азык-түлүк жөнүндө көп жерлерде, ар кандай деңгээлде айтылып жүрөт, биз отчёт да берип жүрөбүз. Буга чейин көп жылдар бою биз тогуз маанилүү азыктын ичинде үчөө менен өзүбүздү камсыз кылып келаттык эле. Быйылкы жылга бешөө менен камсыз кылдык деп тактап атабыз. Ошондо кумшекер жана эт кошулуп жатат”.

2022-жылдагы эсеп боюнча, Кыргызстанда айыл чарба багытындагы жерлердин жалпы аянты 10,6 млн гектарды түзөт. Анын 85% жайыттар, 12% айдоо жер, калган 3% көп жылдык көчөттөр, чабык жер жана дың жерлерден турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG