Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:42

Бурятия, Тыва: жакындары согушка тартылган аялдар акцияга чыкты


Орусия. Свердлов облусу. Аскерге чакырылгандар. 24-июнь, 2022-жыл.
Орусия. Свердлов облусу. Аскерге чакырылгандар. 24-июнь, 2022-жыл.

Бурятиялык жана тывалык аялдар Украинада согушуп жүргөн жакындарын үйлөрүнө кайтарууну талап кылып митингге чыгышты. Алардын айтымында, аскерлердин абалы начар, көбү контузия болушкан. Орусиядагы бул эки жакыр аймак Украинада набыт кеткен аскерлердин саны боюнча алдыда турат.

Жакындары Украинада согушуп жүргөн бурятиялык аялдар республика бийлигине кайрылып, аскерлерди үйлөрүнө кайтарууну өтүнүштү. Алардын айтымында, аларды жыл башында Беларуска машыгууга деп алдоо жолу менен алып кетип, андан ары Украинадагы согушка жөнөтүп жиберишкен.

"Биздин жакындарыбыз, 46-108 аскердик бөлүгүнүн кызматкерлери 2022-жылдын январь айында аскердик бөлүк туруктуу жайгашкан аймактан Беларуска машыгууга кетишкен. 24-февралдан бери Украинанын аймагындагы «атайын аскердик операцияга» катышып жатышат. Жоокерлер чаалыгып-чарчап, алдан тайышты, аларга моралдык жактан да кыйын. Дээрлик баары жеңил же орто даражадагы контузия болушту", - дешти алар.

Орусиянын Бурятия, Тыва сыяктуу жакыр аймактарында армияда келишим аркылуу кызмат өтөө - эптеп акча табуунун бир жолу. Маселен, Тывада орточо айлык 10-15 миң рублди түзөт (13-18 миң сом).

Февралдан бери Украинадагы согушта Орусия канча аскерин жоготкону так белгисиз. Орусиянын Коргоо министрлиги акыркы ирет мартта 1351 жоокеринен айрылганын билдирген. Украин бийлиги Москва 35 миңден көп аскерин жоготконун кабарлап келет. Ал эми ар кандай көз карандысыз булактардын эсебинде, Украинада миңдеген орус аскери набыт кетти. Алардын маалыматына караганда, Бурятия менен Тыва жан башына алганда Украинада набыт кеткен аскерлердин саны боюнча алдыда турушат. Ар кандай эсептерге караганда, Бурятия 160, ал эми Тыва жүздөн көп аскеринен айрылганы кабарланып келет. Серепчилер алардын саны дагы көп болушу мүмкүн экенин боолгошот.

Бурятиялык аялдар Украинадагы жакындарына медициналык жардам керек экенин айтып, аларды убактылуу үйлөрүнө кайтарууну жергиликтүү бийликтен өтүнүштү.

"Аскерлер январдан бери согуш талаасында жүрүшөт. Көбү сасык тумоолоп жатышат. Аларды медициналык текшерүүдөн өткөрүү зарыл. Бир жылдан ашуун убакыттан бери эс алыша элек. Аларды убактылуу алмаштыруу, эс алдыруу тууралуу кайрылуубузду карап көрүүңөрдү суранабыз. Алардын ордуна жаңыларын жиберсе болот. Жакындарыбызды Бурятия республикасындагы аскердик бөлүккө жиберүүнү өтүнөбүз".

"Киевди эки күндө басып алуу буйругу берилген"

Тывалык Айлананын айтымында, уулу Аяс дагы алгач Беларустагы машыгууга кетип, андан ары 24-февралда Украинага жөнөтүлгөн. Аларга Киевди эки күндө басып алуу буйругу берилген.

Аяс марттын ортосунда гана байланышып, апасына келишим менен кызмат өтөгөндөрдүн көбү күч менен согушка жөнөтүлгөнүн айткан. Айлана бул сөздөрдү угар замат уулун аскерден чыгарып алуунун айласын издеп, юристтерден кеңеш сурай баштаган. Июнда гана юристтердин бири уулу келишимди кантип үзсө болорун айтып берген.

"Уулум арыз жазып, согушкусу келбегенин айтканда, ага коркутуп-үркүтүүлөр болуптур. Сегиз жылга чейин камаларын айтышкан экен. Аяс коркуп, "апа, эмне кылам?" деп чалды. Мен юристтер менен кеңешкенден кийин мунун баары куру коркутуулар экенин айттым".

Айлананын билдирүүсүндө, анын уулу менен чогуу келишим менен кызмат өтөөдөн 13 жоокер баш тарткан. Аларга жетекчилиги кысым көрсөтүп, "саткындар" деп зекиген.

Тыванын борбору Кызыл шаарындагы балдар.
Тыванын борбору Кызыл шаарындагы балдар.

Айлананын аракетинин арты менен 14 аскер аман-эсен Тывага кайткан.
Дагы бир активист Василийдин айтымында, тывалык 20 аскер согуштук аракеттерге катышуудан баш тарткан, бирок аларды бошотпой коюшкан. Василий тывалык аялдардын Viber жана Инстаграмдагы атайын тайпалардагы талкууларга катышып келет.

"Ал жактагы аялдар акыркы күндөрү согушта жүргөн жакындары кантип "атайын операциядан" баш тартса болот деген маселени талкуулай башташты. Согушта кандай чоң жоготуулар болуп жатканы аларга эми акырындап жете баштады окшойт", - дейт Василий.

Анын айтымында, Тывадагы аялдар учурда Украинада согушта жүргөн жакындары ачка калганын билип, азык-түлүккө жана керектүү буюм-тайымдарга акча чогулта башташты. Василий алтургай аскерлерге рация жана квадрокоптерге да акча чогултуп жатышканын укканын билдирди.

"Биз 55-мотоаткычтар бригадасындагы тывалыктар менен байланыштабыз. Алардын арасынан 29 адам кызмат өтөөдөн баш тартып, Украинага баргысы келбестигин айтышты. Бирок азырынча армиядан бошотуша элек. Бизге түшкөн маалыматтарга караганда, фронтко бир жума мурда кеткен 100дөй адамдын ону мерт кетип, 20сы жараат алган" - дейт активист.

"Эркин Бурятия" укук коргоо тобу 11-июлда билдиргендей, 150 бурятиялык жоокер согушка катышуудан баш тартуу максатында арыз жазып, үйлөрүнө келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG