Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:59

Украина: Харьковго соккулар күчөдү, Херсон үчүн кармаш


Куткаруучулар урандылардын алдынан аман калган кишини алып чыгып жатышат. Часов Яр. 11-июль, 2022-жыл.
Куткаруучулар урандылардын алдынан аман калган кишини алып чыгып жатышат. Часов Яр. 11-июль, 2022-жыл.

Орусиянын армиясы Украинанын чыгышын аткылоону күчөттү. Өлкөдөгү экинчи чоң шаар деп саналган Харьковго 11-июлда жасалган ракеталык чабуул үч кишинин өмүрүн алды.

Харьков облусунунун губернатору Олег Синегубов билдиргендей, сокку карапайым тургундар жашаган көп кабаттуу үйгө жана мектепке тийген.

«Баардык чабуулдар жарандык обьектилерге жасалды. Бул абсолюттук террорчулук!» - деди Синегубов.

Орусия бул маалыматты четке кагып, Харьковдогу бир гана украиналык жана чет элдик жалданма аскерлер жашырынган обьектилерди гана бутага алганын билдирди.

10-июлда Украинанын чыгышындагы Часов Яр шаарында куткаруучулар орус армиясынын соккуларынан жабыркаган үйдүн урандылардын алдынан аман калгандарды издөөнү улантышууда. Бир нече сааттан кийин бир кишини тирүү алып чыгып, дароо ооруканага жөнөтүштү. Соккулардан мүрт кеткендердин саны 18ге жетти. Жалпысынан урандылардын алдында жыйырмадан көп киши болушу мүмкүн экени кабарланууда. Алардын арасында Валерийдин эжеси, кичинекей жээни да бар.

"Алар телефонго кечки тогуздан кийин жооп бербей калышты. Кошуналарына чалып баштадык. Эч кимиси алган жок. Таң атпай бул жакка келдик. Азыр деле баары түшүнүксүз. Кандайдыр бир керемет болуп, тирүү калышабы деп үмүттөнүп турам", - дейт Валерий.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиргендей, орус армиясы болжол менен "Искендер" деп аталган төрт ракета менен сокку урган. Жабыркаган үйлөрдө негизинен жакын жердеги фабрикаларда иштеген карапайым тургундар жашачу.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Часов Ярга чабуул Орусиянын аскердик кылмыштары боюнча маселени кайрадан күн тартипке чыгарарын билдирди.

12 миңдей калкы бар Часов Яр шаары орус армиясы бутага алган Краматорск калаасынан жыйырма чакырым алыстыкта жайгашкан. Украинанын президентинин администрация башчысы Андрей Ермак Часов Ярга жасалган соккуну «террордук актка» теңеп, Орусия «террорчулуктун демөөрчүсү катары таанылышы керек экенин» билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги Часов Ярга ракеталык чабуул койгонун ырастап, болгону карапайым тургундар жашаган үйгө эмес, украин аскерлеринин убактылуу базасына сокку урганын белгиледи.

"Таамай сокку урган курал менен Донецк облусундагы Часов Яр шаарынын жанындагы украин күчтөрүнүн 118-бригадасы убактылуу жайгашкан база жок кылынды. Анын натыйжасында үч жүздөй адам өлтүрүлдү", - деди Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков.

Украинанын коргоо министри Алексей Резников.
Украинанын коргоо министри Алексей Резников.

Украин аскерлери Херсон үчүн салгылаша башташты

Украинанын коргоо министри Алексей Резников 10-июлда билдиргендей, америкалык реактивдүү системалар согуш талаасында алгылыктуу натыйжа көрсөтө баштады. Буга чейин АКШ жана анын өнөктөштөрү Киевге тогуз жогорку мобилдүү артиллериялык системаларды берген. 8-июлда Вашингтон дагы төрттү жөнөтөрү маалым болду. Ошентип Америка Украинадагы HIMARS системаларынын санын 12ге жеткирет.

Резников ошондой эле британдардын Times басылмасына курган маегинде Киев түштүктөгү аймактарды баскынчылардан бошотууга камданып жатканын билдирди. Анын айтымында, Зеленский өлкө экономикасы үчүн чечкиндүү мааниге ээ аймактарды бошотууну аскерлерге буйруду.

Бул маалыматтан көп өтпөй украин армиясы Херсон облусундагы Ивановка айылын баскынчылардан бошотконун жарыялашты.

Буга чейин украин армиясынын Херсондогу орустардын базасына сокку урганы кабарланган. Маалыматты ТАСС агенттиги да ырастап, шаардын борбордук бөлүгүндө төрт жардыруу болгонун жазды. Бул облустун курамына Херсон шаары да кирет. Ал жакта согушка чейин 300 миңдей адам жашачу. Калаа орус армиясынын карамагына өткөндөн кийин ал жакта канча киши калганы белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG