Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:11

Израил Жабалия аймагына сокку урду, Рафах бекети чет элдиктер үчүн ачылды


Газа тилкесиндеги Жабалия аймагына жасалган соккунун кесепети. 31-октябрь, 2023-жыл.
Газа тилкесиндеги Жабалия аймагына жасалган соккунун кесепети. 31-октябрь, 2023-жыл.

Куткаруучулар, медициналык кызматкерлер, эл аралык уюмдардын ыктыярчылары Газа тилкесиндеги эң ири качкындар лагери жайгашкан аймакка жасалган соккудан аман калгандарды издеп жатышат. ХАМАС куралдуу тобу көзөмөлдөгөн бул аймактын Саламаттык сактоо министрлиги кеминде 50дөй кишинин өмүрү кыйылып, 150дөй адам жарадар экенин билдирди.

“Жараткан балдарымды өз мээримиңе ала көр. Баарыбыз сага барабыз. Кудай мага сабыр бере көр”, - деп жарылууда үч баласын жоготкон эне сай-сөөгү сыздап жатат.

Израилдин армиясы Жабалия аймагына чабуул койгонун моюнуна алып, видеосун дагы жарыялады. ЦАХАЛ ал жактагы ХАМАС радикал тобунун борбордук уюгуна сокку урулду деген жүйө келтирди.

Чабуулдун жыйынтыгында ондогон жоочулар жана алардын командирлеринин бири Ибрагим Биари жок кылынганы кабарланды.

“Учурда биздин күчтөр жерден, абадан жана деңизден сокку урууда. Түштөн кийин аскерлер жана танктар Жабалиянын батышындагы ХАМАСтын борбордук уюгун бутага алышты. Дал ошол жерден 7-октябрдагы чабуулга даярдык көрүлгөн. Аскердик аракеттердин натыйжасында биз көптөгөн террорчуларды жок кылып, инфратүзүмдөрүн талкаладык”, - деди Израилдин армиясынын расмий өкүлү Дэниел Хагари.

Газа: Жабалия лагеринин жанына урулган сокку
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:44 0:00

Азырынча канча адам набыт болгонун көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес. Жабалияга барган Франц Пресс агенттигинин кабарчысы тарткан кадрда бери дегенде 47 кишинин сөөгү байкалат.

Жабалия - Газанын чет жакасында жайгашкан район. Ал жакта негизинен 1948-жылдагы согуш маалында Израилден качып кеткен палестиндер отурукташкан. Израил армиясы ал жакты ХАМАС радикал тобунун аскердик канатынын уюгу катары көрөт.

Жабалия
Жабалия

Дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринде Израилди ок атууну токтотууга чакырган ири масштабдагы митингдер өтүүдө. Мындай чакырыктар Израилдин өзүндө да жаңырууда. Анткени жоочулардын барымтасына түшкөн адамдардын жакындары Газада болушу мүмкүн деген туугандары үчүн сарсанаа болуп жатышат.

ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Израилге кол салып, 1400дөй адамдын өмүрү кыйылган. Согушкерлер 220дан көп адамды барымтага алышкан. Ошондон бери ЦАХАЛ Газа тилкесине сокку уруп, ХАМАСты жер менен жексен кылууну көздөп келет.

Газанын Саламаттык сактоо министрлиги өлгөндөрдүн саны тогуз миңге чамалаганын билдирди. Бириккен Улуттар уюмунун Балдар фонду - ЮНИСЕФтин өкүлү Жеймс Элдердин айтымында, набыт болгондордун үч миңден ашууну балдар. Ал кырдаалды Газа “балдар көрүстөнүнө айланып бараткандай” деп мүнөздөдү.

31-октябрда Боливия Израилди Газа тилкесинде «адамзатка каршы кылмышка барып жатат» деп айыптап, дипломатиялык алакаларын үзгөнүн жарыялады. Чили менен Колумбия Израилдеги өз элчилерин чакыртып алышты.

Рафах өткөрмө бекетине багыт алган палестиндер. 1-ноябрь, 2023-жыл.
Рафах өткөрмө бекетине багыт алган палестиндер. 1-ноябрь, 2023-жыл.

Рафах чет элдиктер жана абалы оор палестиндер үчүн ачылды

Ал арада Египеттин бийлиги Газадан чет элдиктердин чыгып кетиши үчүн Рафах өткөрмө бекетин ачты. Ошондой эле оор жараат алган палестиндерди да Египеттен ооруканаларына чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилди.

Газадан эвакуацияланган оор абалдагы палестиндердин алгачкы тобу Катардын ортомчулугу менен жетишилген макулдашууга ылайык, 1-ноябрда Рафах өткөрмө бекети аркылуу Египеттин аймагына киришти. Бул тууралуу Египеттин маалымат каражаттары жазышты.

Жалпысынан 80-90 жарааты оор палестиндер өткөрүлөрү болжолдонууда.

Андан кийин чет элдиктерге жана кош жарандыгы бар Газанын тургундарына чыгып кетүүгө уруксат берилет. Күнүнө 500дөй адам чыгарылып турары маалым болду.

Бейтаптар чек ара өткөрмө бекетине жакын орнотулган талаа госпиталына жайгаштырылары күтүлүп жатат.

"Рейтерс" агенттиги Египеттин коопсуздук кызматындагы булагына таянып, шаршембиде Рафах өткөрмө бекети аркылуу 500дөй чет өлкөлүк өтөрүн жазды. Маалыматка караганда, чек аранын Газа тарабында 1-ноябрь күнү 200дөй чет элдик жаран топтолуп турду.

Агенттиктин дагы бир булагы Газадан чыга турган чет элдиктердин тизмесин Египеттин бийлиги менен Израил макулдашканын билдирди. Бул маалыматты израилдик аткаминерлер дагы ырасташты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG