Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Газадагы кырдаал, Махачкаладагы тополоң


Махачкаланын аэропортунун учуп-конуу тилкесин чыгып кеткендер, 29-октябрь, 2023-жыл.
Махачкаланын аэропортунун учуп-конуу тилкесин чыгып кеткендер, 29-октябрь, 2023-жыл.

Дүйшөмбүдө Израил-Газа чек арасында жарылуулардын добушу жаңырып, уюган кара түтүн асманга көтөрүлүп жаткан видеолор тарады. Газа тилкесине жөөт армиясынын танктары киргенден кийин анклав абадан жана артиллериядан катуу соккуга дуушар болду. Эл аралык коомчулук үч аптадан ашуун согуш жүрүп жаткан аймактагы карапайым калктын тагдырына тынчсызданууда.

Эл аралык кылмыш сотунун башкы прокурору Карим Хан Египетте туруп, Газадагы карапайым кишилердин, анын ичинде балдардын өлүмүнө токтолду.

"Өтө көп кишинин өмүрү кыйылды, жарадарлар андан арбын. Чаңга көмүлгөн, жансыз, кенедей балдардын сөөктөрүн ары-бери көтөрүп жүрүшкөнүн көргөндө жүрөк тилинет", - деди Гаагадагы соттун прокурору.

Прокурор Хан ХАМАСка каршы айыгышкан кармаш баштаган Израилдин "моралдык милдеттемелери менен катар эле согуш мыйзамдарын сактоого юридикалык да жоопкерчилиги" бардыгын эскертти.

Эл аралык соттун өкүлү ХАМАСты барымтадагыларды бошотууга, Израилди Газадагы карапайым калкка азыр-түлүк жана дары-дармек жеткирүүгө болгон аракетти көрүүгө үндөдү.

Гаагадагы сот 2014-жылдан бери израил-палестин жаңжалын иликтеп келет.

Жекшембиде Газада карапайым элдин көбүнүн интернет жана телефон байланышы кайра иштей баштады. Жума күнү кечинде катуу соккудан кийин аймактын басымдуу бөлүгүнүн тышкы дүйнө менен байланышы үзүлгөн.

Дүйшөмбүдө Израил армиясы – ЦАХАЛ "туннелдерде жана имараттарга жашынып алган ондогон террористти жок кылганын" жарыялап, ХАМАСтын согушкерлеринин курал-жарак кампалары, танкка каршы ондогон системасы, башкалкаларын жана плацдармдарды кошкондо 600дөй жай бутага алынганын билдирди.

Газа абадан жана артиллериядан соккуга кабылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:09 0:00

Эки миллиондон ашуун эл жашаган Газанын саламаттык сактоо мекемеси согуш башталганы 8 миңден көп киши, анын ичинде 3 жарым миңдей бала набыт болгонун билдирди.

Жогорудагы маалыматтарды көз карандысыз булактар бышыктай элек.

7-октябрда ХАМАС радикал тобу Израилдин шаар-конуштарына кол салганда 1400дөй кишинин өмүрү кыйылган. Согушкерлер 200дөн ашуун кишини барымтага алган. Израил Газа тилкесине согуш ачкан.

Жекшембиде анклавга согуш башталгандан бери эң көлөмдүү гуманитардык жардам - 33 жүк ташуучу машине кирди. Алар негизинен тамак-аш, суу жана дары-дармек жүктөп барды.

Египеттин Рафах бекети аркылуу 21-октябрдан бери толук блокадада калган аймакка 117 фура кирди. Улуттар Уюму муну "деңизге тамган тамчыдай" деп, аймакта кырдаал апаатка айланып баратканын эскерткен.

Согушка чейин Газа тилкесине күнүгө 500 машине гуманитардык жардам жана коммерциялык жүк менен кирип турчу.

Ишембиде байланыш үзүлүп калгандыктан, бир дагы машине кирген жок. Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыш боюнча агенттиги гуманитардык жүктү координациялоо үчүн эч ким менен байланыша албай калган.

БУУнун Палестин качкындары боюнча агенттиги Газадагы тамак-аш жана башка керектүү нерселер сакталган кампаларына миңдеген киши кирип келип, ун жана эң зарыл нерселерди талап кеткенин билдирди.

Махачкаладагы тополоң

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал ар кай жерде антисемиттик маанайды да козгоду.

Дагестандын баш калаасы Махачкаланын аэропортунда жекшембиде болгон тоз-тополоңдо 20дан ашуун киши жабыркап, ону олуттуу жараат алганы маалым болду. "Свобода" радиосу полиция 60 кишини кармаганын жазды.


29-октябрда миңге чукул киши антисемиттик ураан чакырып, Тель-Авивден келчү учакты утурлай Махачкаланын аэропортун басып алган. Алар учуп келген жүргүнчүлөрдүн документтерин текшере баштаган. Телеграм каналдардын бири жарыялаган видеодо 20дай киши өзүн "өзбекмин" деген жигиттин паспортун тартып алып, кайра бербей жатканы тартылган. Жаалданган топ "жөөттөрдү издөө үчүн" ОМОНдун машинелерин дагы тинткенин "Сота" жазды.

Аэропортко барчу жолдордун баары жабылып, аба майданына полиция тартылды. Кечки саат 9дар чамасында эч кимге баш ийбеген эркектер аба майданынын учуп-конуу тилкесине чыгып, учакка кирүүгө аракеттенишкен. "База" басылмасы ОМОНдун кызматкерлери келгени менен сүрмө топту токтото албай калганын жазды. Социалдык медиада тараган видеолордо ОМОНдун ок аткан үндөрү да угулат.

Аба майдандын иши токтоп, келген учактар башка аэродромдорго барып конууга мажбур болду. Дубайдан келген каттамдын жүргүнчүлөрү ээ-жаа бербеген сүрмө топтон коркуп, учактын ичинде беш саат отурушкан.

Ошол учак менен уулун тоскону келген күбөнүн сөзүнө караганда, аэропорттун ичине сүрмө топ кирип келип, аларды кубалап, полиция кызматкерлерине таш ыргыта баштаган. Андан ары ондогон киши учуп-конуу тилкесине чыгып кеткен. Башка топ курчаган тосмону кулатып салганын терезеден көргөн.

Дагы бир күбө жаалданган топ Тель-Авивден келген учактын ичине кирүүгө аракеттенгенин көргөн.

"Алардын арасынан бирөө учактын канатына чыгып алып, терезелерди койгулап жүрдү. Кудайга шүгүр, терезелерди сындырып, ичине кире алышкан жок. Ичиндеги жүргүнчүлөрдүн абалы кандай болгонун айта албайм" - деди аэропорттогу күбөлөрдүн бири.

Чогулгандардын алдына келген Дагестандын жаштар иштери боюнча министри Камил Саидов жаалданган эркектерди аба майдандын ишин токтотпоого чакырды.

"Аэрорпорттун ишин токтоткондон эч нерсе чыкпайт. Балдар мушташып жатат. Бул жерде атышуу, чатак болбосун десек, баарыбыз чогуу КПП жакка чыгалы", - деди өкмөт өкүлү.

Түндүк Кавказдагы жумурияттын башчысы Сергей Меликов аэропорттогу тополоңдон кийин кылмыш иши козголгонун, айыптуулар жазасын аларын дүйшөмбүдө билдирди.

Орусиянын президенти Владимир Путин дүйшөмбүнүн кечинде Махачкаладагы окуядан кийин "чоң жыйын" өткөрө турганы кабарланды.

Орус бийлиги Дагестандын башкы аэропортундагы тоз-тополоңго "чет жактардан, анын ичинде украиначыл Телеграм каналдардын кырдаалды дестабилдештирүү аракети" түрткөнүн белгилеп, күнөөнү тышка оодарды.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG