Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Ийгилик сырын китептен издегендер


Бишкектин көчөлөрүнүн биринде сатылып жаткан шыктандыруучу китептер.
Бишкектин көчөлөрүнүн биринде сатылып жаткан шыктандыруучу китептер.

Кыргызстанда соңку жылдары ийгиликтүү болууну, маңыздуу жашоону үйрөткөн мотивациялык китептер көбүрөөк сатыла баштады. Окурмандар жана китеп соодасы менен алектенгендер бул көрүнүшкө кандай баа берет?

Бишкекте соңку жылдары бизнес, психология боюнча тренингдер бизнестин бир түрүнө айланганы маалым. Уюштуруучулар бул үчүн чет өлкөлөрдөн таанымал адамдарды чакырып, аларды эл менен жолуктуруп да жүрүшөт.

Адатта мындай лекцияларга катышуу акысы да арзан эмес. Коуч же үйрөтүү иши менен алектенгендер мындай жыйындар жана мотивация берүүчү китептер ийгилик сырын издегендер үчүн пайдалуу экенин белгилешет.

Учурда Кытайда жашап, иштеп жаткан коуч (үйрөтүүчү) Максат Муктаров шыктандыруучу китептердин жана жыйындардын артыкчылыктарын санап өттү.

Максат Муктаров.
Максат Муктаров.

“Тренингдин бир канча түрү болот. Мен жашоого машыгуу, башкача айтканда, адамды жеке өнүктүрүү жаатында иштейм. Андан сырткары акча табуу, компанияны чоңойтууну үйрөткөн тренингдер бар. Өз тажрыйбамды айтсам, мага келген окуучулардын көбү жашоосунда бир нерсени издеп жүргөн же жашоосун өзгөрткүсү келген адамдар. Тренингде мектепте, окуу жайда, үйдө үйрөтпөгөн нерселерди окутабыз. Мисалы, кээ бир адамдар акчаны туура иштете албайт. Дагы бирөө түгөйүнө кандай мамиле кылууну билбей кыйналат. Коуч мына ушундай турмуштук жагдайларды өзгөрткөнгө жардам берип, багыт көрсөтөт”.

Эсенбек Жапаралиев.
Эсенбек Жапаралиев.

Бишкектин тургуну Эсенбек Жапаралиев чакан бизнесин өнүктүрүүдө мотивация берүүчү китептердин мааниси зор болгонун жашырбайт. Китеп менен эле чектелип калбай беш жылдан бери дем берүүчү тренингдерге үзбөй катышып, "чыгымга учурап каламбы?" деген коркунучтан арылган экен. Учурда ал тез тамактануучу жайлардын ээси.

“Ишкерликти жаңыдан баштап жатканда мотивациялык китептердин жардамы зор болду. Аларда дээрлик 80 пайызга жакын психологиялык кеңештер камтылат да. Адамдын ички дараметин ачып берет десем болот. Бир кезде мен да бирөөгө жалданып иштечүмүн. Бир күндүк эмгек акым 250 сом эле. Ошентип жүрүп акча топтоп, 40 күндөн кийин 10 миң сом менен ишкерлик баштагам. Башында оңой болгон жок. "Кокус чыгымга учурасам эмне болот?" деп коркуп жүрдүм. Ошол убакта мени шыктандыруучу китептер курчуткан”.

Данияр Назаралиев.
Данияр Назаралиев.

Туристтер үчүн Бишкек шаарынын жол көрсөтүүчү картасын иштеп чыккан Данияр Назаралиев да мотивациялык китептерди көп окуган. Бирок ал адам өзүн өнүктүрүү үчүн адабий жана тарыхый китептерди да сөзсүз окушу керектигине токтолду.

“Адам чет өлкөнү кыдырганда, жаңы көз караштар камтылган китептерди окуганда өзүн өзгөртүүнү каалайт экен. Албетте, дароо эле чоң бир нерсени жасай албайсың. Баары акырындык менен жүрүп отурат. Мектептин босогосун жаңы аттаганда адеп Алиппени окуйбуз да. Бара-бара башка китептерди да барактайбыз. Адамдын өзүн өнүктүрүү кадамында деле процесс акырындык менен жүрөт. Алгач руханий дүйнөбүздү байыта турган китептерди окуу керек деп ойлойм. Андан кийин анан психологиялык китептерге өтүү туура. Мен канадалык жазуучу Жон Кехонун “Аң-сезим баарын жасай алат” деген шыктандыруучу китебин көпчүлүккө сунуштайт элем. Ошол китеп көп тармакка туура келет, ошондой эле жөнөкөй, жеңил тил менен жазылган”.

Садырбек Турдубек уулу.
Садырбек Турдубек уулу.

Садырбек Турдубек уулу китеп тармагына жаңыдан аралашса да элдин суроо-талабын аткарып, табитин билүүгө жетишкен. Ал китеп окугандар, ошондой эле окуган китебин талкуулагандардын катмары калыңдап жатканын жакшы жөрөлгө деп эсептейт. Бирок ошол эле маалда сапаты начар пираттык китептердин басылып чыгып, таркап жатканына капа. Анын айтымында, айрым адамдар жогоруда сөз болгон дем берүүчү маанидеги көп китептерди автордун уруксаты жок эле көчүрүп басып, которуп жатат.

“Мотивациялык китептердин көбү пираттык жол менен басылып, айрымдары кыргызчага которулуп сатылууда. Антип иштегендер мамлекетке салык төлөбөйт жана автордун уруксатын да албайт. Мамлекетке суунун, светтин акчасын төлөбөй, салыктан качкан сымал китеп жаатында да мындай шылуундар кездешет. Ошондуктан бул нерселерге мамлекет өзү көзөмөл кылышы керек. Баарыбыз эле оңой акча таап, тезирээк байып кеткенди каалайт эмеспизби. Ошол себептүү шыктандыруучу китепти издегендер көбөйдү окшойт. Зыян жагы мындай китептер адамдын көркөм табитин жоготот деп ойлойм. Ийгиликке жетүүдө бирөөнүн башынан гана өткөн сабактарын окубастан, адабий чыгармаларды да жан дүйнөгө сиңирүү керек. Бирөөнүн даяр китебин окуп коюу менен маселе чечилбейт”.

Көчө боюндагы сатыкта турган китептер.
Көчө боюндагы сатыкта турган китептер.

Алымбек Калыгулов Ала-Тоо аянтында көп жылдан бери китеп сатат. Ал көп суроо-талапка ээ болгон, ошол эле учурда пираттык жол менен басылып жатат деген мотивациялык китептер боюнча өз оюн билдирди.

Анын айтымында, интернет оюндарына байланган жаш муунду кандай жол менен болсо да китеп окууга тартуу башкы маселе. Калыгулов пираттык жол менен чыккан китептерди токтотуудан мурда жергиликтүү авторлорду ар тараптан колдоо керек деген пикирде.

“Элдин тандоосун сыйлаш керек. Ачык айтканда, китеп сатуудан кыйраткан деле пайда таппайм. Бирок элдин билимге умтулуусуна салым кошуп жатканыбыз туура деген ойдомун. Мыйзамдуу болбосо да кээ бир китептер пайда алып келип жатат да. Туура, пираттык жол менен чыккан китептердин баасы бир топ арзан, котормодо кемчиликтер көп кетет, кагаздын сапаты начар. Бир чети аларды деле түшүнсөк болот. Алар да үй-бүлө багабыз деп жүрөт. Анткени автордук укуктун баасы, такшалган котормочунун эмгек акысы да кымбат бааланат. Биз азыр пираттык же пираттык эмес деп талашуу ордуна, алгач өзүбүздүн жазуучулардын укугун коргогонду үйрөнсөк жакшы болмок. Ал кадамга баргыча жаш муунду китепке тарта берели. Ага мына ушул шыктандыруучу китептердин ролу зор”.

Көчө боюндагы сатыкта турган китептер.
Көчө боюндагы сатыкта турган китептер.

Кыргыз Республикасынын Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө мыйзамына үңүлсөк, 27-статьяда бир чыгарманын автору көзү өткөнүнө 50 жыл толгондон кийин коомдук мүлккө өтөрү, 28-статьяда коомдук мүлктүн карамагына өткөн чыгармаларды автордук сый акы төлөбөстөн эле ар кандай адам эркин пайдалана алары жазылган.

Китеп палатасынын берген маалыматына таянсак, өлкөдө 2019-жылы 1220 аталышта 1 млн. 732 миң китеп басылып чыкса, 2020-жылы 950 аталыштагы 900 миң 200 китеп жарык көргөн.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG