Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:23

Газа: Макрон жардам берүүгө, Жапаров согушту токтотууга үндөдү


Газа тилкесиндеги палестин үй-бүлө
Газа тилкесиндеги палестин үй-бүлө

Израилдин армиясы Газа тилкесинин түндүгүндөгү ХАМАС (АКШ жана Евробиримдик террорчул уюм деп тааныган) радикал тобунун таяныч борборлоруна сокку урганын билдирди.

Толук курчоодо калган анклавдын саламаттык сактоо мекемеси түштүктөгү Хан-Юнис шаарында алты киши набыт болгонун, түндүктөгү Газа шаарында жана Жабалия лагеринде бир нече адам жарадар экенин маалымдады.

Израил армиясынын (ЦАХАЛ) соккусунан Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарында эки имарат кыйрап, бир нече киши, анын ичинде балдардын өмүрү кыйылды. Жарадарларды Нассер ооруканасына жеткирүүнүн аракетин көрүшсө, башкалар таң аткыча урандыларды казып, алдынан тирүү калгандарды издешти.

"Мына ушул жерде беш, алты үй талкаланды. Булардын баары карапайымдар, андан башка эч ким жок. Өз көзүңөр менен көрдүңөр го", - деп кыйкырды урандынын үсүндө турган жергиликтүү тургун.

Газада бир ай мурун согуш башталганда жөөт армиясы палестиндерге түштүк тарапка чыгып кетүүнү эскерткен. Миңдеген киши Хан-Юнис шаарына барып баш калкалаган. Бирок бул аймакта аба чабуулдары токтой элек.

Шаршембиде анклавдын түндүк тарабынан гуманитардык коридор менен түштүктү көздөй 50 миң киши чыгып кетти. Бул тууралуу Израил армиясынын өкүлү Даниэл Хагари 8-ноябрдын кечинде айтты.

Улуттар Уюмунун өкүлдөрү Газа шаарынан 15 миң тургун качып чыкканын шейшембиде билдирген.

Газа тилкесинин 2 миллиондон ашуун калкынын 70% үй-жайын таштап, аймактын түштүгүнө жер которууга аргасыз болду.

Хан-Юнустагы сокку тийген жер, 9-ноябрь, 2023-жыл.
Хан-Юнустагы сокку тийген жер, 9-ноябрь, 2023-жыл.

Палестиндердин Wafa агенттиги ЦАХАЛдын учактары шаршембиде Жабалиядагы качкындар лагерине сокку урганын, кишилер урандынын алдында калганын жазды.

ЦАХАЛ Жабалиядагы радикал топтун башкы таяныч борборунун бирин ээлегенин жарыялады. Маалыматка карганда жөөт аскерлери 10 сааттык катуу кармаштан соң согушкерлер колдонгон туннелдерди тапкан.

Жөөт армиясы аскер күчтөрү толук курчоодо турган анклавдын ичинде кандай жылып жүргөнү тууралуу маалымат бербейт. ЦАХАЛ согуш башталганда алардын негизги көздөгөнү Газа шаарындагы ХАМАСтын "аскердик жана башкаруу борборун талкалоо" экенин жарыялаган.

Мурдараак ЦАХАЛ Газа шаарынын борборуна жетип, анклавды толук көзөмөлгө алганын билдирген. Бирок экстремисттик уюм муну четке кагууда.

Бейшембиде ХАМАС көзөмөлдөгөн анклавдын саламаттык сактоо мекемеси согуш башталганы 10812 киши өлгөнүн, алардын 4412си балдар экенин жарыялады.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу бул маалыматтарды башка булактардан бышыктай алган жок.

7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин шаар-конуштарына чабуул коюп, 1400дөй кишини өлтүрүп, 240тан ашуун адамды барымтага алгандан кийин ЦАХАЛ согуш жарыялаган.

Толук блокадада калган палестин анклавында карапайым эл азап чегип, гуманитардык кырдаал апаатка айланып баратканын эл аралык агенттиктер эскертүүдө.

Газадагы кырдаал Парижде жана Ташкентте талкууланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:33 0:00

Париж жана Ташкенттеги талкуу

Бейшембиде 80дей өлкөнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Парижде чогулуп, Газа тилкесине гуманитардык жардам берүүнү талкуулады.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон бир айдан ашуун согуш баскан аймакта кырдаал "өтө олуттуу жана күн санап начарлап баратканына" токтолду.

"Чукул арада жарандарды коргоону ойлонушубуз зарыл. Ал үчүн тезинен гуманитардык тыныгуу, ок атууну токтотууга аракеттенүүбүз керек. Мунун баары аткарылышы шарт", - деди президент Макрон.

Париждеги жыйынга Египеттин, Иорданиянын жана Перс булуңундагы өлкөлөрдүн, Евробиримдикке, "Чоң жыйырмага" кирген мамлекеттердин өкүлдөрү келди. Бул жыйынга Израил менен Орусиядан эч ким катышкан жок.

Улуттар Уюмунун баш катчысынын гуманитардык маселелер жана чукул жардам боюнча орун басары Мартин Гриффитс Газадагы кырдаалды аймакка жайылып кетчү "токойдогу өрткө" салыштырды. Парижде Гриффитс дүйнөлүк уюм карапайым палестиндерди "коопсуз деген аймактарга сүрүп чыгарууну" колдобой турганын белгиледи.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг аскердик биримдиктин бардык мүчөлөрү Газа тилкесинде гуманитардык тыныгууну колдой турганын айтты.

Түркиянын прездиенти Режеп Тайып Эрдоган Анкара Газа тилкесиндеги жаңжалды жөндөө милдетин алууга даярдыгын билдирди. Түркиянын лидери ислам дүйнөсү бир муштумдай биригип, бир позицияны билдире турган кез келгенин айтты.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ташкентте Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын саммитинде Газа тилкесиндеги согуш аракеттерин токтотууга жана сүйлөшүү процесстерин баштоого үндөдү.

“Биз тараптарды курмандыктарды жана жайкын тургундарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө, согуштук аракеттерди тез арада токтотууга жана сүйлөшүү процессин күттүрбөстөн баштоого чакырабыз”, - деди Жапаров.

Газа тилкесинде согуш башталганы Бишкекте палестиндерге тилектештик билдирген акция эки жолу өттү. Кыргыз коомунда согуштан азап чеккендерге гуманитардык жардам көрсөтүүнүн ар кандай жолдору талкууланууда.

Газа: Бишкекте согушту токтотууга чакырган акция дагы өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:25 0:00

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG