Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:58

Газа шаарында төрт сааттык гуманитардык тыныгуу жарыяланды


Газа тилкеси
Газа тилкеси

Газа шаарынын үч чоң кварталында биринчи жолу төрт сааттык гуманитардык тыныгуу жарыяланды. Бул маалда калаанын согуш азабын тарткан тургундары суу жана тамак-аш алса болот. Тынч заманда жарым миллиондон ашуун киши жашаган шаарда бир айдан бери кырдаал оор.

Ошол эле маалда анклавдын түндүгүндө жашаган палестиндерге түштүк тарапка качууга коридор берүү бир саатка узартылды. Газанын түндүгүндө дагы деле миңдеген киши калганы кабарланууда.

Шаршембиде жүздөгөн киши ак желек булгалап, жөөт армиясынын танктарын аралап, анклавдын түштүгүн көздөй жөө-жалаңдап качып жөнөдү. Айрымдар эшек арабаларга түшсө, кээ бирлери кары-картаң, майыптарды арабага салып сүйрөп алган.

Газа шаарынан качып бараткан палестиндер, 8-ноябрь, 2023-жыл.
Газа шаарынан качып бараткан палестиндер, 8-ноябрь, 2023-жыл.

Газа шаарынын тургуну калаа толук курчоого алынгандан кийин көптөр үй-жайын таштап чыкканын айтты.

"Суу, электр жарыгы, ун жок. Үч күндөн бери жолдобуз, агамды бир сынык токоч менен багып келатам", - деди майып кишини арабага салып түртүп бараткан Амир ал-Галбан аттуу киши.

Шаршембиде канча киши түштүк тарапка чыгып кеткени белгисиз. Улуттар Уюму шейшембиде 15 миңдей палестин Салах-эд-Дин кара жолу менен өткөнүн маалымдаган.

Миңдеген киши анклавдын түндүгүндө ооруканаларда баш калкалап турганын Улуттар Уюмунун агенттиктери билдирет. Алардын көбүн ансыз деле бир миллиондой киши түнөк кылган түштүк райондордогу кырдаал, суунун, тамак-аштын тартыштыгы, коопсуз деген жерлер дагы бомбалоого кабылып жатканы кабатырлантат.

ЦАХАЛ Газа шаарынын борборуна жетти

Израил армиясы палестин анклавын экиге бөлгөн соң, шейшембинин кечинде Газа калаасынын борборуна жетип, жоочулардын бутага алынган жайларына сокку уруп жатканын билдирди. Жөөт армиясы ХАМАС кыймылынын лидерлеринин бири, радикал уюмдун тыңчылык жана курал-жарак менен жабдуу жагын тейлеген Мохсен Абу Зинаны жок кылганын жарыялады.

ЦАХАЛ согушта 32 аскеринен айрылганы тууралуу маалымат таратты.

Толук курчоодо калган анклавдын саламаттык сактоо мекемеси Газа шаарында жана башка жерлерде ондогон карапайым тургундун каны төгүлгөнүн билдирди.

ЦАХАЛ азырынча бул маалыматты ырастай да, жокко да чыгара элек. Бир нече аптадан бери жөөт аскерлери Газанын элине аймактын түштүк тарабына жер которуу керектигин эскерткен.

ЦАХАЛ Газанын борборуна жеткени кабарланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:00 0:00

Эл аралык коомчулуктун кооптонуусу

Токиого чогулган "Чоң жетиге" кирген мамлекеттердин башкы дипломаттары Израилдин ХАМАС менен согушу боюнча жалпы бир позиция бардыгын жарыялады. Биргелешкен билдирүүдө министрлер Израилдин өзүн коргоо укугун колдоп, Газа тилкесиндеги карапайым палестиндерге гуманитардык тыныгуу берүүгө үндөдү. Ошондой эле документте Иранды "ХАМАСты жана Хезболланы колдоодон" жана Жакынкы Чыгыштагы башка кооптуу күчтөрдөн алыс болууга чакырык айтылат.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Токиодо туруп, согуштан кийинки Газанын келечеги тууралуу айтты. Вашингтондун өкүлү тынчтык орнотуу үчүн "Газанын калкын күчтөп көчүрүүдөн баш тартып", келечек планда Палестин автономиясынын жетекчилигинин алдында Газа тилкесин Батыш жээк менен кошуу каралышы керектигин белгиледи.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху америкалык ABC телеканалына курган маегинде согуш бүткөндөн кийин Газа тилкесиндеги "коопсуздук үчүн жоопкерчиликти" Израил "белгисиз мөөнөткө" өзүнө аларын айткан.

"Израилге белгисиз мөөнөткө коопсуздук үчүн жоопкерчиликти өзүнө алууга туура келет деп ойлойм. Биз жоопкерчилик албасак эмне болорун көрдүк", - деген Нетаньяху.

Буга чейин Палестин автономиясынын лидери Maхмуд Аббас жалпы саясий чечимдин алкагында анын администрациясы Газа тилкеси үчүн жоопкерчиликти алууга даяр экенин билдирген. Согуш аяктагандан кийин Аббас белгилегендей, саясий чечим Иордан дарыясынын Батыш жээгин, Чыгыш Иерусалимди жана Газа тилкесин камтышы керек.

Азырынча согуш бүткөндөн кийин Газа тилкесинде коопсуздукту ким камсыздары: Палестин автономиясыбы, Улуттар Уюмубу же араб өлкөлөрүнүн бейпилдик күчтөрүбү - белгисиз.

Көптөгөн эксперттер Израил жана анын союздаштары дагы жаңжалды жайылтпай токтотуунун жолун так билбейт деп санашат.

7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин шаар-конуштарына чабуул коюп, 1400дөй кишини өлтүрүп, 240тан ашуун адамды барымтага алгандан кийин ЦАХАЛ согуш жарыялаган. Толук блокадада калган палестин анклавында карапайым эл азап чегип, гуманитардык кырдаал апаатка айланып баратканын эл аралык агенттиктер эскертүүдө.

Газа тилкесинин 2 миллиондон ашуун калкынын 70% үй-жайын таштап, аймактын түштүгүнө качууга аргасыз болду. Согуш башталгандан бери 10 миңден көп палестиндин каны төгүлдү. Алардын төрт миңден ашууну балдар экенин ХАМАС көзөмөлдөгөн тилкенин саламаттык сактоо мекемеси билдирди.

Бул маалыматты башка булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG