Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:17

Табыкеңдин "суусамырлык дарбызы", Доке менен "дебат"


Таабалды Эгембердиев.
Таабалды Эгембердиев.

Таабалды Эгембердиевдин бул жашоодогу жалгыз арманы - бизнеске биротоло баш байлагандан кийин жазганды такыр таштап койгону, эчен жыл ичте багып келаткан “баары бир жазуучулукка кайтам” деген ой-тилегинин ишке ашпай калганы болду окшойт.

Андан жакшы жазуучу чыгарын айткандар, атүгүл мезгилдүү басмага чыккан макала, маектерин чогултуп китеп кылып чыгарып берүүнү сунуш кылгандар болду. Бирок ал китеп чыгарууга ашыкпады, эңсеген тилегин ишке ашырууга убакты-сааты жетерине ишенип жүрдү, ал эми убакыт дегениң аны күтүп отурбайт экен, айлар-жылдар билинбей салаадан суурулуп өтө берди.

Ал китеп чыгара электе жазылчу китебин күткөндөр, кызыктуу чыгарма жаратышына үмүт арткандар көп болчу. Мындай сый-ургалга калам кармагандын баары эле туш келе бербейт. Табыкеңдин адамды өзүнө тартып алчу касиети ушунда болуш керек.

Табиятынан жаралган зирек акылы кайсы маселеге кайрылбасын негизги өзөгүн аныктап, анын чоо-жайын тактап, андан кандай жыйынтык чыгарын билип койчу аналитиктиги бар эле. Анысын катары калың макалаларынан, ой жүгүртүүлөрүнөн, ара-чолодо жаза жүргөн күндөлүктөрүнөн байкоого болот. Ошол кеп-сөздөрүнүн баарында адабий чыгармачылыкка кайрыларын, ал үчүн кадыресе даярдыктан өткөнүн, жаза турган темасы деле белгилүү экенин кайталоодон тажачу эмес.

Чыгармачылык жөндөм-шыгы тынчтык бербей, көңүлүнүн тереңинде багып келген аздек сезимин - балалыгы калган айылын, анда калган жакын адамдарын эскерип, окуган кишини ойго салчу оголе кызык китеп жазарын жар салып, анысын эстегенде үшкүрүп тим болуп жүрүп бул жалганды таштап кете берди.

Каргадай бала кезинде чоң апасын ээрчитип мектепке барганы, классташ кыздардын арасындагы тыңын, сулуусун сүйүп, ушуга үйлөнсө болот, мага татыктуу жар болгонго ушул гана жарайт деп жыйынтык чыгарганы, болбосо Чүйдөн Суусамырга көчүп келатышканда машина ашуунун белинен чыга албай артка кеткенде кузовдо отурган атасынын баласын көтөрүп жерге секирип түшкөнү, аман калышканда энелеринин алдында атасынын жооп таба албай турганы, дагы башка турмуштук кызыктуу эпизоддорду ал элестүү, кызыктуу кылып сүрөттөгөн.

Кыйладан бери акыл-эсинде бышырып келген китеби кандай болорун жакын досу Шайлообек Дүйшеевдин “Агындыларына” жазган баш сөзүндө ачыкка чыгарган. Айылы, балалыгы, анан бул дүйнөдөгү эң асыл адамы – атасы тууралуу буга чейин эч ким айта элек сөздү жазарын шардана кылган. Антишке Табыкеңдин мүмкүнчүлүгү жетиштүү болчу.

Ал өзү табиятынан көркөм сөзгө зээндүү жаралган, сөзмөр адамдардын кызыктуу аңгемелерин угуп чоңойгон. Карабайсыңбы, бала кезинде айылдагы китепкананы “аймап бүтүп”, окуганга кызыктуу чыгарма калбай калганда Касымалы Жантөшевдин айтылуу “Каныбегин” кайталап окуй берген. Элдик оозеки чыгармачылыктын бай мүмкүнчүлүгүн болушунча пайдаланган жорго сөздүү, жарымы кызык жомокко, романтикалуу реализмге, айрым жерлери сентименталдуу прозага ооп кеткен классикалык чыгарма анын жөндөм-шыгын ойготуп, биротоло көркөм дүйнөгө байлап койгон экен.

Бекеринен ал өткөн кылымдын ортосуна туш келген балалыгына кайрылганда тоо арасындагы айылын, такай жанында алып жүргөн атасын, эки апасын, айылдаштарын, анан ушул “Каныбек” романын эскерген эмес. Өмүр бою эстеп, эчен ирет бышырып, окуган адамдын эси-көөнүнөн кеткис бир чыгарма жаратууну ойлоп, ага тымызын даярдык көрүп, болор ишке окурманын эртелеп даярдап алган.

Коомдук ишмер, улуттук маданиятты өнүктүргөн ишкер, публицист Табылды Эгембердиев тууралуу китептер. Бет ачары 2023-жылдын 3-февралында өттү.
Коомдук ишмер, улуттук маданиятты өнүктүргөн ишкер, публицист Табылды Эгембердиев тууралуу китептер. Бет ачары 2023-жылдын 3-февралында өттү.

Китеп дүйнөсү, окумалдыгы отузга жакындаганда аны Нарындагы “эсептен чыгарылган” эсепсиз дүйнөгө - орусчага которулган дүйнөлүк классика менен орустун мыкты жазуучуларынын чыгармаларына “кездештирип”, акыл-эси токтолуп калганда адабияттын тереңде катылган сырларын андоого, мезгил сынынан өткөн чыгармалардын контекстинде катылган сырларды ачып берүүгө шыктанткан. Ошол бир машине отунга алмаштырылган он мүшөктөй китеп Эгембердиевге өзүнчө бир көркөм мектеп болууга жараган. Ал өзү бийик тоолуу Нарында асылдык дүйнөсүнүн ырахатына кандай батканын, орус адабиятынын классиктеринин көркөм тилинин ажайып дүйнөсүн өзгөчө ыраазычылык менен эскерчү.

Ошентип жетиштүү дегидей интеллектуалдык багаж топтоп алганда кылым турса урагыстай сезилген коммунисттик империянын түбү бошоп, эгемендиктин алгачкы желаргысы сого баштабадыбы. Табыкеңдин таланты мына ушул кысталыш кезде бар көркү менен ачылды, кыргыз демократтарынын туу башында жүрдү.

Публицисттик өнөрү өөрчүп, эркин гезиттерге кенен-чонон макалаларын жарыялай баштады; өлкөнү эркиндикке чыгаруунун жолун издеп, ал тилеги ишке ашкандан кийин эгемендиктин туусун көтөрүп, бул ишке убакты-саатын аябады. Эгемен өлкөнүн башына келген илимпоз президенттин аракетин баалап, ага колунан келишинче колдоо көрсөтүп жүрдү. Пикирлештери Аскар Акаевди жактырбай, ага каршы чыга баштаганда деле баштапкы позициясынан тайбады.

Демократия желаргысы кыргыз интеллигенциясынын кыйласын шердентти. Алар катып калган коммунисттик догмадан алеки саатта бошонуп, “белгисиз республика” Борбор Азиянын “демократия аралчасына” оңой эле айланып кетчүдөй сезишчү. Убакыт кыстап атканын туюп, узакка созулчу тарыхый процесстин романтикалуу желегин желбиретип нака демократия орнотобуз деген дымагы баарын толкундатып турду.

Табыкең да буга чейинки ишин таштап, саясатка баш-оту менен кирип кетти. Бул жерден ал аркыл адамдарды көрдү, утурумдук кызыкчылык үчүн баарын сатууга даяр айлакерлер менен демократия идеясына айныксыз берилген ак жүрөктөрдү учуратты, көбүнө сыймыктанды, бир тобунан көңүлү калды. Жаңы бийликти башынан колдоп, анын айрым жаздым басууларына кечирим менен караган Табыкең жалаң жазуу, топ жыйында кызыл тилге күч келтирүүдөн анча деле пайда чыкпасын убагында туюп, улуттук өң-түстөгү бизнеске киришти.

Дарбыз

Таабалды Эгембердиев менен ошол ишкердиги жүрүшүп, жазгандары окурмандардын мактоосуна арзып, демократтардын алдыңкы катарында турган кезинде тааныштым. Биздин көп кабат үйдүн жанындагы тепкедей базарда дарбыз сатып отурган жерден кездештик. 1995-жылдын жайы болчу. Ал жылы эрте жаз Түркияга лицейлер үчүн орток окуу китеп жазмакчы болуп Анкарада үч ай жүрүп Бишкекке кайтып келгем. Келсем, жашоо-турмуш таптакыр өзгөрүп кетиптир. Аспиранттар жатаканасындагы досторумдун бир-экөө суусундук соодасына өтүп, башкалары Түркия менен Ирандан товар ташууга өтүшүптүр. Илим деп отургандар аябай эле азайып кетиптир, нан таап жештин башка жолун издегендер көбөйүптүр.

Мага үйдүн жанындагы базардан дарбыз сатуу түйшүгү жүктөлдү. Буга чейин кожейкем бир инибиз Аламүдүн базарында сезон маалында түндөп-күндөп дарбыз пулдап жер үй сатып алганын айткан. Дарбыз сатуу ошондо ойлонулган экен. Анын үстүнө дарбызың базардагы эң өтүмдүү, көбөйгөн сайын арзандай берчү, элдин баары жеген жакшы товар болот экен. Жайкы аптапта базарга баш баккандын көбү үйүнө дарбыз көтөрө кетишет.

Бир күнү базарда эригип отурсам Табыкең машинасынан түшүп келди: “Мынабу чоңун тартчы!” – деп калды. Ошондо тааныштык, мен анын макалаларын окуп билип калгам. Жакшы жазганы үчүн эки дарбызды жөн эле бердим. Башында макул болбой, анан: “Мага эч ким минтип бекер дарбыз бербеди эле” деп сүйүнүп кетти. Кийин жолукканда илгертен келаткан тааныштай сүйлөшүп калчу болдук. Эки дарбызды Табыкең унуткан жок, кез-кез айтып калчу, анысын мен тек көңүл улоочу сөз катары кабылдачумун.

Жакында Табыкенин эки томдугун окуп отурсам баягы дарбыз туралуу кыска икая жүрөт. Социализм заманында кызылойлуктар деле дарбыз жесин деп бу таңсык бакчаны советтик соодада иштеген бир азамат Суусамырдын бир бурчундагы айылга алыстыгына карабай жеткирткен окшобойбу. Ал жердеги дүкөндө таштай катуу пряник, печеньелер эле турса, анан күндөрдүн бир күнүндө ала бөйрөк дарбыздар туруп калып, бул айылдыктарды, айрыкча жаш балдарды өзгөчө сүйүнтүптүр. Эми ал “суусамырлык дарбызды” Табыкеңен өткөрүп айта албайм, автордун өзүнөн эле укканыбыз оӊ.

“Бирөөнүн үйүндө туруп, биринчи класста окуп жүрөм. Ата-энем тоодо мал менен. Айылда азыркы камоктордон кичине эле чоң дүкөн бар. Ошонун кире беришинде печенье салынган картон коробкалар жыйылып турган. Дүкөнчүнүн баласы Тургунбек экөөбүз баягы коробкалардын жаракасынан кол салып, печеньелерден “билгизбей” чукуп чөнтөккө шыкап жатабыз. Бир кезде дүкөнчү кабагын түйүп бизге кыйкырды. Биз өлүк болуп катып калдык. Өмүрүмдө мынча уялбасам керек. Дүкөндүн ичи толо арак ичип жаткан чоңдордун ичинен Жанчак таякем (мен анын үйүндө турчумун) “Кана, мен текшерип көрөйүнчү” – деп келип эле, менин печенье толгон чөнтөгүмө колун салды. Мен уятыман өлүп калдым окшойт. Бетим чымырап, боюм титирей баштады. “Ой, жок, уурдабаптыр, чөнтөгү бош экен” – деп таякем каткырып калганда, бир жагынан таякем кантип чөнтөгүмдөгү печеньелерди таппай калганына таң калып, экинчи жагынан кутулганыма сүйүнүп, эшикке атып чыгыптырмын.

Ошол эле жылы, ошол эле дүкөнгө чочугансып дарбыз түшүп калды. Күндө келип дарбыз алган бактылуу кишилерге суктанып карайм. Бир күнү тоодон кошунабыз Курманбек байке дүкөнгө келип калыптыр. Чуркап барып салам бердим. “Дарбыз жейсиңби”, - дейт. Эсим ооп “жейм” деп айтканга алым келбей, оозумду ачып аны карап калган окшойм. “Жейм дебейсиңби”, - деп дүкөнчү корс эткенде эсиме келип “жейм” дептирмин. Жашоомдо мени ошондогудай кубанткан жакшылыкты мага эч ким жасай элек жана жасабайт болуш керек. Баягы эле Тургунбек экөөбүз дарбызды көтөрүп алып, токойдун ичине барып, ташка чаап жарып, дарбыздын уругуна чейин жеп сазайын бердик. “Кедейдин бир тойгону – байыганы” болдук”.

Суусамыр өрөөнү. Иллюстрация сүрөт.
Суусамыр өрөөнү. Иллюстрация сүрөт.

Дарбыздын жайы ушундай экен. Бала кездеги дарбыздын өчүн Табыкең эрезеге жеткенде жакшы эле алгандыр. Мага анын мына ушул жөнөкөй турмуштук көрүнүштөн айылдын жетишпеген жашоосун, кедейлик эмне экенин, балалык турмуштун жаап-жашырылбаган кызык эпизодун келиштире сүрөттөгөнү жакты. Кызык окуяны жөнөкөй тил менен кыска, элестүү баяндап берүүнүн өзү жазуучулуктун белгиси, карабайсызбы, мынабу айылдык эпизод окуган адамдын эсинен эгерим чыкпагыдай болуп сүрөттөлгөн. Эгер ал убакты-сааты болуп жазуучулукка киришсе жумшак юморго ширелген мыкты чыгармаларды сөзсүз жаратмак.

Журналисттерге берген көп маектеринин биринде: “Чын-чынына келгенде мени акча кызыктырбайт, мен чыгармачылыкка кызыгып, ошол дүйнөнүн сыйкырдуу күчү өзүнө тартып турчу эле. Эгерде мен ишкер болбой, учурунда чыгармачылыкка баш-отум менен киришкенде, балким, менден чоң калемгер чыкмак”,- деп атпайбы. Жазуучулук кийин анын арманына айланды.

А бирок, чоң калемгерден чоң ишкер чыкпайт. Мына ушул бир адамга байланган кошканат музанын чоо-жайына токтоло кетсемби деп турам. Жашоо-тирдиги оңолуп, өзү айткандай “атасынын совет бийлиги тартып алган” байлыктарын эселеп кайтарып алгандан кийинки анын ичте буккан арманы деле кагазга толук түшпөй арасат кала берген. Ушу кезге чейин Табыкеңдин көркөм чыгармачылыкты таштап бизнеске кеткени жакшы болдубу суроосу көптөрдү ойлонтуп келет.

Ыраматылык Салижан Жигитов “жаш болсом бизнеске эле кирип кетмекмин” дечү. Дегинкиси ал киши көркөм өнөр, спорт, маданият сындуу рухий дөөлөт жараткандар элди байытып ийбешин, экономикага алардан анча деле пайда түшпөсүн, өлкөнү ишкерлер, жаратмандар, табармандар багарын айтуудан тажачу эмес. Ушул эле ой Табыкеңдин ангеме-сукбаттарында, макала, ой жүгүртүүлөрүндө көп кайталанат. Салижан аке да Табыкеңдин ишкердигин мактап, анын ушул жааттагы иш-аракетин мактай берчү. Менимче, анын ишкердикке оошунан кыргыз адабияты менен публицистикасы анча деле жабыркабады. Непадам ишкердигин токтотуп, жалаң көркөм чыгармачылык менен отуруп калса кыргыз бизнеси, экономикасы чоң зыян тармак.

Сукбат

Res Publica гезитинин редакциясында отурсам Табыкең баш багып, Жогорку Кеңештин биринчи кабатындагы Дооронбек Садырбаевге (экөөбүз тең жакшы көргөн Докеге) барып келели деп калды. Сыртта Табыкеңдин сыры да, сыны да кете элек жапжаңы "Ниссан" машинеси туруптур. Аны жаңы эле алганын, бизнеске киришкенден бери биринчи ирет зооттон жаңы чыккан машине минип атканын кеп кылып, көңүлү көтөрүңкү эле. 1997-жыл аягына чыгып бараткан.

Докем тамеки менен кофеге ышталган биринчи кабаттагы кабинетинде өзү эле отурган экен. Адатта бул жерде киши толуп, тамашасына карк болгондор улам-улам кофе ичип, бака-шака күрү-күү турчу. Жолдон дүкөнгө токтоп Табыке диктофонума батарея, кассета сатып берди. Анымы жаңылык кылып айта салсам, Докем “ушундай жаңы машине минген бизнесчи жаңы диктофон деле сатып берсе жарашмак” деди. Ортолук кеп эл, президент, бийлик, реформа жөнүндө болду. Ал аңгеме-сукбатыбыз кийин гезиттин эки санында жарыяланды. Эми ойлосом, эки интеллектуалдын “таймашында” бир топ кызык маселелер көтөрүлүптүр, өлкөбүздүн бүгүнкүсү менен эртеңкиси, бийликтин абалы, элдин турмушу жаап-жашырылбай ачык айтылып, эки залкардын позициясы кыйла жагынан окшошуп кеткени менен негизинен эки ача экени айгинеленген экен.

Туңгуч президент А.Акаевдин Баш мыйзамды улам-улам жаңылап, кантип бийликте узакка отуруунун аргасын издеп жаткан кези эле. Биринчи мөөнөтү аягына чыга электе “Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракесинин шарапаты менен экинчисине апыл-тапыл шайланып, жыйынтык каалаганындай чыкпай калгандан кийин элдик пикирди бурмалап атып жеңип чыкты болгон.

А.Масалиевге үмүт арткандар көз көрүнөө зомбулукка ишенип-ишенбей кала берген. Кийин ойлосом, бийликтин кумарына берилген академик президент Батыштын бир журналисти таамай белгилегендей, “ак көңүл ханга” ошондо эле айланып калган экен. Табыкең анын жасаган-эткендерин бекем колдоп, мурдагы тарапташтар ортосунда ажырым көрүнө баштаган. Анын жактоочулары “ашууда ат алмашпайтты” байма-бай жар салып, ал кишисиз Кыргызстандын дегеле жашоо-тирдиги өтпөй калчудай, баары “ак көңүл ажого” бекем байланып калганын айтып жатышчу. Демократияга жамынган бийликтин өлкөнү авторитардык нукка салып коюшу текейден арзан иш экенин президент А.Акаев ошол экинчи мөөнөтүндө эле айгинелей алган.

Аңгеме-дүкөн эл, президент, демократия, реформа жайында жүрдү. Ал кезде биздин эл кандай, мамлекетти тикелөө жоопкерчилигин көтөрө алабы, андайга чама-чаркы жетеби суроосу көп коюлуп, ал маселе баарын ойлонтуп турган. Элибиз кандай деген ополтоо суроону алдыга жайганда Табыкең аны “Докемен сура” деп, ал киши болсо сөздү алыстан баштап, бул Кыргызстанда деле жамандыр-жакшыдыр социализмден дурус дегидей мал-мүлк калганын, анын баары таланып-тонолуп, союздук республикалар катарында экономикалык жактан жоон ортодогу өлкө итке минген кедейге айланганын айтып, анын баары элибиздин ээрчимелигинен болуп жатканын белгилеген.

“Менин элим абдан көз каранды, кошоматчы, күн карама эл. 70 жылдан бери союздан тепки жеп, андан мурун отор бийликтин чоң атасынан ыдык көрүп, биротоло байкуш болуп калган. А бирок ошол элдин арасында мага окшогон тежиктери, сага окшогон билимдүүлөрү, буга окшогон өңгөнүн оюна келбеген ишти жасап салчулары бар”, - деди.

Табыкең да бош келбей, жалкоолук, күн карамалык, оомалык жалгыз кыргыздарга эле эмес макталган башка элдерде деле жолугарын санай келип минтип атпайбы: “Мына, мен бизнес менен жүрөм. Биздеги гезиттердин баары “өлдүк, кырылдык” деп эле кыйкырып жатышат. Чынын айтайын, бүгүн түштөнүүгө чолом тийбеди. Докемин чайы менен токочун жеп отурам”, - деди.

Айткандарын бекемдеш үчүн кыргыздар деле “үч-төрт жылдан кийин дүйнөлүк стандарттагы товарлар бизден чыгарына көзү жетерин” билдирди.

Бирин-бири сыйлаган эки залкардын тамаша, азил-чыны аралаш кебин угуп эле отургуң келет. Экономикалык маселелерде негизинен бирдей пикирди карманган экөөнүн позициясы президенттик бийликке келгенде ажырап кетчү. Дооронбек аке А.Акаев коңшу республикалардагы президенттерге караганда дурус экенин, бирок бийлик азгырыгына алданып, ушу тапта Баш мыйзамды улам өзгөртүп, кандай да болсо отурган ордун сактап калуунун камылгасына киришип алганын жактырчу эмес. Табыке академик ажонун башкаруусунда жаңылыштыктар болуп жатканын, бирок аны обу жок оппозиция көбүртүп-жабыртып жиберерин, Баш мыйзам канча жаңыланса, А.Акаев ошончо ирет шайланууга акысын бар деп эсептечү.

Докем ушу азыр деле коммунисттер бийликте отурганын, алар баштагы көнүмүшүнө салып демократия кургусу келерин айтса, Табыкең ошондой болуп жатканын, азырынча даяр демократтар жоктугун, аларды Америкадан алып келүү мүмкүн эместигин, ошондон бийликке даяр коммунисттер отурганын, КДКга кирип кеткен коммунисттердин баары эле демократ болуп чыкпаганын, өткөөл учурда мындай жаздым басуулар сөзсүз болорун, менчиктештирүү деле калыс, акыйкат өтпөгөнүн ырастады. Аны менен эле токтолуп калбай, коммунисттик байлыктан эч нерсе албаганын, чыныгы ишкерлер жоктон барды жаратышарын белгиледи.

Табыке А.Акаев чарбаны түшүнбөйт деген кинеге да жооп берди. Мамлекет башчысынын азыркы тапта өндүрүштү мыкты билиштин эч кандай кереги жоктугун, мамлекет башчы аналитик, философ киши экенин, анын келечек үчүн деп кетирген каталарын кечирерин айтты. Экономика жаңыдан көтөрүлүп баратканда А.Акаевди дагы бир мөөнөт иштетип алуу зарылдыгын, эгер талапкердигин койсо “ал кишини толук колдоп чыгарымды жашыргым келбейт” деп, мындан кыргыз эли гана утарын билдирди.

“Иштеп калса, биздин экономиканын тагдыры үчүн, эл үчүн пайдасы тиерине көзүм жетип, кийинки мөөнөткө шайлоого мүмкүнчүлүк берсек деп өзүмдүн оюмду айтып интервью бергем. Кийин ойлосом, туптуура айтыпмын. Азыр ушул күнөөмдү дагы эле жактайм. Мурун мен үч мөөнөт деп эле жүрүпмүн. Анан Конституция кабыл алынгандан кийин президент бир эле жолу шайланыптыр”, - деди.

Кой, Докем менен Табыкенин ачык талашына токтолуп отурсам сөз узарып кете берчүдөй. Арадан жети жыл өткөндөн кийин Акаевге “альтернатива жок” деп бакырып жүргөндөрдүн жүрөгүн түшүргөн “Март ыңкылабы” ишке ашып, анын ушунчалык тез өткөнүнө ишенип-ишенбей Табыке аянтка чогулган элге максым менен суусун таратып жүрдү.

Ошондон кийин окумуштуу, акылдуу деген кишиден биротоло көңүлү калды окшойт, Табыкең саясий темалардан оолактап, жалаң бизнестин кам-чому менен жүрүп калды. Баштагы демократиялык жалыны азайып, мамлекет башындагылардын жасаган-эткенине ачык пикирин билдирбей калды. Анын жазгандарына көнүп калган көпчүлүк алдагыдай өзгөрүүгө алгач көнө албай, кыйлага эмнеге жазбай калганын сурап жүрүштү.

Кийин уксам, Табыке убакты-сааты болуп калса орус менен дүйнөлүк классикалык адабиятты, айрыкча Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын кайра-кайра кадалып окуп, өзүн көркөм чыгармачылыкка даярдаптыр.

Айтматовдун сүйүүнү укмуш даңазалаганына чын дилден сүйүнүп, “булактын суусундай таза сүйүү менен чалчыктай ыплас сойкулуктун айырмасын” акыл-эстүү адам сөзсүз аӊдашы керектигин, көркөм сөз алпынын чыгармалары кыргыздардын дүйнөлүк адабиятка кошкон салымы экенин ырастаптыр.

Табыкеңдин каламынан чыккандардын түгөл баарын, маалымдоо каражаттарында жарыялангандарын топтоп өмүрлүк жары Жаңылсынзат Турганбаева менен мыкты жазуучу, журналист Бахтияр Шаматов өтө керектүү иш жасашты.

Эки томдук дүйнөгө ак дил менен келген таланттын бири экинчисин толуктаган кош өнөрдү кантип айкалыштырганын, жаратмандыкка арналган өмүрүнүн өктөсүн туюп, андан таалим да, сабак да алат. Табият марттык менен энчилеген жөндөм-шыкты катпай, андай шыбаганы убагында атылып чыгышына жол салыш керектигин туят.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG