Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:08

"Эл өкүлдөр өзгөрсүн...Желек эмес"


Сол жагында Кыргызстандын азыркы туусу, ортодогу спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов сунуштаган вариант, оң тарабында парламент жактырган соңку вариант.
Сол жагында Кыргызстандын азыркы туусу, ортодогу спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов сунуштаган вариант, оң тарабында парламент жактырган соңку вариант.

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Эл өкүлү Мирлан Самыйкожо бул кадам мыйзам бузуу менен ишке ашканын айтты. Мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапкандан кийин, туунун айланасындагы талкуу кайрадан күч алды.

Социалдык тармактарда айрым мамлекеттик, коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү мамлекеттик туунун өзгөрүшүнө кескин каршылык билдиришүүдө. Көпчүлүк интернет колдонуучулары “туу өзгөрбөйт” , “желегимди жерибе”, “желекке тийбе” деген хэштегдер менен пост жарыялап, түрдүү флешмобдорду өткөрүшүүдө.

Бул арада туунун сүрөтүн өз баракчаларына башкы сүрөт катары койгондор да арбыды.

Айрымдар президент Садыр Жапаровдун Фейсбуктагы расмий баракчасынын алдына да пикирлерин жазып, мамлекеттик негизги символду баштапкы калыпта калтырууну талап кылышууда.

"Тууну ордуна коюп койгула!"

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү куудул Күмөндөр Абылов туу маселеси боюнча Фейсбуктагы баракчасына пикирин жазып, агынан жарылды:

Күмөндөр Абылов.
Күмөндөр Абылов.

“Депутаттар! Тууну ордуна коюп койгула! Силерге сөзсүз эле эл кыйкырып чыгышы керекпи? Кыйкырып чыккандарды каматабыз деп жатасыңар го. Акырында өзүңөр да камаларыңарды унутпагыла! Элдин жинине тийип албагыла! Желек силерди сайгылап, уктатпай жатабы? Эгерде элге желекти алмаштыруу, өзгөртүү керек болгондо, эчак эле айтып чыгышмак. Желекке өзгөртүү керектигин эл айткан күндө да, силер баш болуп: “Койгула! Силер эмне, сүрөтчү белеңер? Же ушул тууну кабыл алышкан легендарлуу парламенттин депутаттарынан да билимдүү, акылдуусуңарбы?” деп, күүлөнгөн элди токтотушуңар керек эле го? Эмне анча жаныңарга күч келип, желекти өзгөртүүнүн чыгымын мойнуңарга алып, эл кереги жок десе да болбой, жанталашып жатасыңар? Айткылачы ачыгын!”.

Жогорку Кеңештин депутаты, акын Мирлан Самыйкожо туу маселеси көтөрүлгөндөн бери парламент трибунасында да, социалдык тармактагы баракчасынан да байма-бай каршылыгын билдирүүдө. Ал 1-декабрда Фейсбукка төмөнкүдөй пост жазды:

“Сөөлөтүн тапкан байрак кыргызымдын,
Сөөгүнө жапкан байрак Чыңгызымдын!
Баткен, Ош, Аксы, Апрель окуясында,
Баатырларча окко учкан жылдызыңдын!
Табытын жапкан тууну,
Тагдырын тапкан тууну,
Өзгөртүп кереги эмне?!
Өлүүгө жапкан тууну,
“Тийбе!”- деп тилин безеп,
Тирүүгө жаккан тууну!”

"Күнкарамалыкты парламенттен издейли"

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында желекти өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Документке 66 депутат “макул”, сегиз эл өкүлү “каршы” добуш берген.

“Каршы” добушту депутаттар Нилуфар Алимжанова, Сеидбек Атамбаев, Дастан Бекешев, Тазабек Икрамов, Арсланбек Малиев, Кубанычбек Самаков, Максатбек Сарбагышев жана Эмил Токтошев берди. Мирлан Самыйкожо бул маселе жыйынга шашылыш киргизилип, анын ордуна башка бирөө “макул” деп добуш берип койгонун билдирди.

Мирлан Самыйкожо.
Мирлан Самыйкожо.

“Менин ордума “макул” деп басып койдуңар. Ким басса да жооп бериши керек. Мен туунун өзгөртүлүшүнө караманча каршымын. Кечээ да комитетке туунун авторлорун алып келген жоксуңар. Муну да алешемдик, алдамчылык жол менен өткөрүп алдык. Бул эмне деген маскарапоздук, көз боёмочулук, эмне деген абийирсиздик?! Эшикте элдин 90% каршы болуп турат. Кулагын асып жүрүп укпагандар, көздөрүн ачып жүрүп уктагандар биз болуп атабыз”, - деди Мирлан Самыйкожо.

Женевада жашаган эркин журналист, публицист Жеңишбек Эдигеев тууну күн карамага окшоткондорду сындап, “күнкарамалыкты парламентибизден издейли” деди:

“Учурда Кыргызстаныбызда Туу өзгөртүү боюнча катуу талаш болуп аткан учур. “Туу эмнеге, эмне себеп, эмне логикалар менен өзгөрүп атат?” деген эң жөнөкөй суроолорго элдин башы маң болуп турат. Ушунчалык карама-каршы ойду күчкө салган туура эмес. Кыргызстан ондогон өлкөлөр менен дос жана алакалаш. Туу өзгөртүү боюнча биздин ынанымдуу түшүндүрмөбүз кайсы? Элдин басымдуу көпчүлүгүн, алардын оюн сыйлоо керек. Элдин назары деген бийик нерсе! Элдин назарын сындырба дейт! Эмне үчүн элдик маселе элге коюлбайт?! Биз мисал кылган өлкөдө мамлекеттик эн белгини эмес калаага ири дүкөн салына турган болсо да ал маселени элге коёт: “Каршы эмессизби, тоскоолу, зыяны жокпу?” - деп. Элди сыйлайт деген ошол. Күнкарамалыкты Туудан эмес, парламентибизден издейли. Өлкөбүздүн өсүшүн күн санап тилеген сырттагы кыргыздардын бири катары жарандык оюм ушул”.

Белгилүү саясатчы Эмилбек Каптагаев да туунун айланасындагы талаш-тартыштар башталгандан бери пикирин билдирип жатат. Ал жаңы сунушталган тууга караманча каршы экенин билдирип, баштапкы туу калыбында калса деген ойдо:

“Бир караганда ар кандай ой туулат. Бир даары тикенек дешти. Туура, тикчийип тикенектей болуп турат. Бир даары жыгач тилген циркулярдык (айланма) араа деши мүмкүн. Туура, ага да окшошот экен. Бирок баягы күнкарамадан деле алыс эмес, ага деле окшотсо болот го дейм. Күнкарама бойдон эле калган турбайбы деп. Негизи, ушинтип улам бир жоромол жаратпай эле, "жасайм дедим жасайм, кылам дедим кылам, өзгөртөм дедим өзгөртөм" деген кара өзгөйлүктү таштап Кыргыз Республикасынын эгемендигинин символу болуп калган Кыргыздын нур чачып турган Алтын Түндүктүү кызыл туусун жайына коюшса туура болмок”.

Кыргызстандык D Billions чыгармачыл тобунун директору, ырчы Акбар Сүйүнбаев Фейсбуктагы баракчасына “Тууну кулатпагыла! Өзгөртөбүз дегендерден ДНК тест алыш керек, мүмкүн алар кыргыз эмес!” деген пикирин жазды.

"Акжолдор көтөргөн желекти
Айткыла, өзгөртүү керекпи?"

Туунун өзгөрүшү боюнча каршы пикирлерин билдирүүдө калемгерлер да четте турган жок. Айрыкча жаш акындар кабатыр болгону байкалат.

Жаш калемгер Баяман Нурбек көңүлүн куйкалаган ойлорун окурмандар менен бөлүштү.

Туу өзгөрбөйт!

Өзгөртөлү тууну деп,
Өкмөт үйдө уу-дуу кеп.
Колдоп турат тигинде,
Кошоматчылар тууру деп.

Шаки абанын Нурланы,
Шашкалактап туйлады.
Тоскоол болуп жатабы,
Туудагы күндүн нурлары?

Тууну айтпай билимди айт,
Туман баскан күнүңдү айт.
Жакшылыкка жарабаган,
Жармач акыл, дилиңди айт.

Ыйлап турган балаңды айт,
Сыздап турган жараңды айт.
Ыш каптаган, ыш эмес,
Муң каптаган заманды айт.

Тууну айтпай, көпөстү айт,
Тилин билбес кекечти айт.
Өрттөп турган ич-ичтен,
Жатты айтпай, өзөктү айт.

Кымбатчылык көкөйдү,
Кесип турган учурду айт.
Кут-береке мекенден,
Кетип турган учурду айт.

Калкагарлар эл-журттан,
Кемип турган учурду айт.
Билимкөйлөр түңүлүп,
Безип турган учурду айт.

Бүбү-бакшың кеп-кеңеш,
Берип турган учурду айт.

Чындык айткан адамдар,
Чыркырашкан учурду айт.
Ырыстуулар бир-бирден,
Ыркырашкан учурду айт.

Күн тийгендин күкүгү,
Болуп калган учурду айт.
Карөзгөйлөр бийликке,
Толуп калган учурду айт.
Карга-кузгун тарп издеп,
Конуп калган учурду айт.

Жолчуларың жолдордон,
Жонуп жеген учурду айт.
Таз жорудай ар жерге,
Конуп жеген учурду айт.

Ач чөөлөрдөй топтошуп,
Толуп жеген учурду айт.
Мите курттай ар жерди,
Оюп жеген учурду айт.

Оң канаты кыркылып,
Ооруксунган мекенди айт.
Кошоматка кой союп,
Кокуйлаган көсөмдү айт.

Эл үмүтүн күл кылган,
Элден чыккан безерди айт.

Эй, депутат, өкүлдөр,
Аның айтпай, мунуң айт.
Сөздүн кыска-нускасы,
Элдин арыз-муңун айт.

Акын Улукбек Омокеев да өлкө сыймыктары болгон балбандар эл аралык беделдүү мелдештерде желбиреткен кызыл туунун өзгөртүүгө негиз жок деген ойдо бул ыр саптарды жазган.

Өзгөртсөк биз эгер желекти,
Армандар заматта жоголуп,
Айлана гүлзарга оролуп,
Кетери аныкпы кыргыздын,
Кейиштүү турмушу оңолуп?

Өзгөртсөк биз эгер желекти,
Чет өлкө карызын кечишип,
Чекара чырдабай чечишип,
А балдар кудуңдап сүйүнүп,
Калабы китептер жетишип?

Өзгөртсөк биз эгер желекти,
Жашоого жарык нур түшүргөн
Жаралып алтын доор күтүлгөн.
Кең Бишкек калабы арылып,
Кейиштүү тыгындан, түтүндөн?

Өзгөртсөк биз эгер желекти,
Суктана карашып картаны
Башкалар мыкты деп айтабы?
Чет жерде тиштенип иштеген
Жердештер өлкөгө кайтабы?

Өзгөртсөк биз эгер желекти,
Бардык жан сүйүнүп барбаңдап,
Күткөн күн келеби армандап,
Маяна кепкенен жетеби,
Май, күрүч, макарон арзандап?

Өзгөртсөк биз эгер желекти,
Өзгөнү мындай кой, оболу,
Билгилер билимдүү болобу?
Токтомун ой келди токуган
Токтойбу чоңдордун жомогу?

Айсулуу көтөргөн желекти
Айткыла, өзгөртүү керекпи?!
Акжолдор көтөргөн желекти
Айткыла, өзгөртүү керекпи?

Өнүгүп кетүүгө айгакпы?
Өзгөртүү зарылбы байракты?

Коомчулуктагы көйгөйлөрдү, талкуу жараткан маселелерди ыр салып, комуз менен ырдап чыккан “Азаттыкка” каармандары төкмө акын Нурсултан Малдыбаев менен Азамат Асанбеков туу маселесин да кыйгап өтүшкөн жок. Алардын дал ушул ырын көптөгөн интернет колдонуучулары бөлүшүп жатышат.

Алмаштырам деп чыгышты желекти,
Өздөрүнөн издешпейби себепти.
Арзандаш үчүн бөлкөбүз,
Өсүш үчүн өлкөбүз,
Сөзсүз тууну алмаштыруу керекпи?!

Өзгөртүүнүн кажети бар канчалык?
Отуз жыл биз өзгөрүүдөн чарчадык.
Өзгөртүшсүн чоңдорду,
Элдин канын соргонду,
Өзгөрткүсү келип жатса анчалык.

Өзгөртүшсүн бул желектен башкасын,
Көк тыйынды көккө бекер чачпасын.
Тийишпесин желекке,
Биз тийише электе,
Өзгөрүүнү өздөрүнөн баштасын.

Ак мөңгүлүү аска-зоолор, талаалар,
Кызыл желек кызыл күнгө барабар.
Бүт дүйнөгө белгилүү бул желегим,
Ойлонушсун эл бийлеген агалар.

Желбиресин желегим,
Азаттыктын жолунда.
Кызыл желек болсунчу,
Кыргызымдын колунда.

Эки айда сунушталган үч желек

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун парламент төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген. Алар сунуштаган туунун алгачкы вариантында күндүн нурлары түз тартылган.

Сол жагындагы Кыргызстандын азыркы желеги, сол тарабындагы парламент жактырган туунун жаңы варианты.
Сол жагындагы Кыргызстандын азыркы желеги, сол тарабындагы парламент жактырган туунун жаңы варианты.

Бул арада кыргызстандыктарга туунун үч варианты сунушталды. Эл аны кызуу талкуулап баштаган мезгилде президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине маек куруп, тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген. Президент сунуштаган тууда түндүктүн сыртында дагы бир шакекче орун алган. Ал бири чоң, бири кичине тартылган күндүн 40 нурун өз-өзүнчө бөлүп турат.

Үстүндөгү спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов сунуштаган вариант, ылдый жагындагы президент Садыр Жапаров сунуштаган вариант. Бул сүрөттү "Кабар" агенттиги жарыялаган.
Үстүндөгү спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов сунуштаган вариант, ылдый жагындагы президент Садыр Жапаров сунуштаган вариант. Бул сүрөттү "Кабар" агенттиги жарыялаган.

Ал эми парламент биринчи окууда жактырган туунун соңку варианты ушул эле тууга окшош. Бирок күндүн нурлары кайрадан баары тегиз тартылган. Эң башкы айырмасы, бул вариантта төрт чамгарактуу түндүк турат.

“Азаттык” радиосу YouTube платформасында желекти өзгөртүү демилгеси боюнча сурамжылоо жүргүзүүдө. 1-декабрга карата сурамжылоого 40 миң киши катышты. Алардын 80% учурдагы туу өзгөрүүсүз калсын деп добуш берди. 3% эки депутат сунуштаган, 13% президент сунуштаган вариантты колдоду. 5% Жогорку Кеңеш колдогон жаңы вариантына добуш беришти.

Документтин авторлорунун бири, спикер Нурланбек Шакиев туу өзгөртүлсө, бюджеттен каражат кетпей турганын, желек өзгөртүү зарыл болгон жерлерде алмашылса, анын чыгымын демөөрчүлөр көтөрөрүн билдирди.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG