Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

"Экспертиза эреже бузуу менен өткөн". Активисттин иши сотко өттү


Активист Афтандил Жоробеков.
Активист Афтандил Жоробеков.

Абактагы активист Афтандил Жоробековдун иши тергелип бүтүп, Бишкектин Ленин райондук сотуна өткөнү белгилүү болду. Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыккан 40 жаштагы активисттин камалганына үч айга чукулдап калды. Ага “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.

Жоробековдун адвокаты активист бир гана лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы менен кармалып, иш козголгонун, экспертиза эреже бузуу менен өткөнүн, бул мыйзамсыз экенин билдирип жатат.

Тууну өзгөртүүгө каршылык

Социалдык тармактарды активдүү колдонуп, коомдогу көйгөйлүү маселелерде өз оюн айтып келген Афтандил Жоробековдун тергөө абагында камакта отурганына 2,5 ай болду. Күйөөсү кармалгандан бери аны болгону эки жолу көргөнүн айткан Мээрим Садыкова тергөөнүн жүйөлөрү менен макул эмес.

Мээрим Садыкова.
Мээрим Садыкова.

“Афтандил экономика тармагында билим алган, ал экономист. Тууга байланыштуу окуяларга чейин эле ал өлкөдө болуп жаткан бардык маселелерди экономикалык көз караштан анализдеп жүргөн. Мен өзүм да экономист катары аны жакшы түшүнөм. Ошондуктан парламент тууну өзгөртүү тууралуу демилгени көтөрүп чыкканда Афтандил бул үчүн көп каражат кетерин, ал акчаны андан көрө башка долбоорлорду ишке ашырууга жумшаса болорун белгилеген эле. Ал дайыма кандайдыр бир башаламандыктарга алып келүүчү иш-аракеттерге каршы болуп келген. Баарын мыйзамдын негизинде жасап, шайлоого барып, добуш берип, өз пикириңди айт деген позицияны карманчу. Ошондуктан ал бийликти басып алууга багытталган митингдерди уюштурууну көздөгөн эмес, андай ою да болгон эмес", - деди активисттин жубайы.

Жоробеков бийликтин мамлекеттик тууну өзгөртүү сунушуна каршы былтыр 2-декабрда автожүрүш өткөрүүгө аракет кылган. Бирок укук коргоо органдары жүрүштү өткөрүүгө тоскоолдук жаратып, активист суракка кирип чыккан. 9-декабрда Бишкектеги Горький паркында тынчтык митингин өткөрүүгө камынып жатканын билдирген. Аны 7-декабрында күч органдары камакка алып, “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган. Активист жана анын жакындары мындай айыпты четке кагып келүүдө.

"Мисалы Афтандил айткан акция 9-декабрда Горький багында өтүп, эч ким чакырык кылган жок, ага аракет да кылган жок, туурабы? Тынч чогулуп, эмнеге каршы болуп атканын түшүндүрүп, тарап кетишти. Кечээ эле президент Жапаров өзү билдирүү жасап, ар бир жаран митинг же акцияларды Горький багында өткөрө алат деп, укуктарын айтты. Менин күйөөм мыйзамды сактап, укугун колдонуп, мэрияга билдирүү жазган, 9-декабрда саат 11ден 13кө чейин тууну өзгөртүүгө нааразылык билдирген акция болорун да билдирген. Ал бийликти басып алууну пландаштырган эмес, азыркы айыптар такыр Афтандилге туура келбейт”, - деди Мээрим Садыкова.

Афтандил Жоробеков кармалгандан кийин сот залында
Афтандил Жоробеков кармалгандан кийин сот залында

Жоробековдун адвокаты Жаныш Бараковдун айтымында, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгүнүн негизинде айып тагылган. Милиция ишти тергеп бүтүп, алгач Свердлов райондук сотуна, кийин Ленин райондук сотуна өткөрүп берген.

"Экспертизанын эрежелери бузулду"

Жоробеков кармалгандан кийин анын автоунаасында жана батиринде тинтүү болуп, ноутбук, чөнтөк телефон алынган. Свердлов райондук милициясынын тергөөчүсү алынган нотбук, телефон боюнча техникалык экспертиза дайындап, анын жыйынтыгы "массалык башаламандыктарга чакырык жок" деп чыккан.

Адвокат Жаныш Бараков белгилегендей, Жоробековго айып бир гана лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгына таянуу менен коюлган жана ал бир катар нормаларды бузуу менен жүргүзүлгөн.

Жаныш Бараков
Жаныш Бараков

“Бул кылмыш ишин козгоого тергөө дайындаган лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы негиз болгон. Анын корутундусунда "массалык башаламандыктарга чакырыктар бар" деп жазылгандыктан, Афтандил кармалып, камакка алынган. Маалым болгондой, буга Афтандил Жоробековдун туу боюнча айткан жеке пикири негиз болгон. Мен бирок тергөөчү менен макул болбой өтүнүч жазганмын. Биринчиден, экспертиза дайындалып жатканда тергөөчү мени же жактоомдогу Жоробековду чакырып, бул тууралуу айтып, биздин да эксперттерге бере турган суроолорубузду кошушу керек эле. Бизге андай маалымдама берилген эмес, биз корутунду чыккандан кийин гана анын жыйынтыгын угуп, аны дайындоо боюнча маалымдама менен кечигип тааныштык. Ошондуктан нормалар бузулганын көрсөтүп, өтүнүч жазгам жана комиссиялык лингвистикалык экспертизаны дайындоону сурангам. Экспертизанын жыйынтыгы менен макул эмеспиз. Тергөөчү өтүнүчүмдү эске албай, канааттандыруусуз калтырып, токтом чыгарып, ишти Свердлов райондук сотуна жөнөттү”, - деди активисттин адвокаты.

Свердлов райондук соту ишти кароодон баш тартып, токтом менен Ленин райондук сотуна кайра жөнөткөн.

"Афтандил кармалгандан кийинки жашообуз өзгөрдү"

Жоробековдун жакындары иштин калыс каралышын тилеп отурат. Жубайы Мээрим Садыкова айткандай, активисттин камакка алынышы анын үй-бүлөсү үчүн чоң сокку болду. Бир нече жыл мурун инсульт алып, ден соолугу начарлап кеткен атасына уулунун камалышы өтө оор тийген.

“Соңку эки айдан ашык убакыттан бери биздин жашоо такыр башка нукка бурулуп, өзгөрдү. Афтандил менен эки жолу кыска убакытка жолуктум, анда да жаныбызда ондой конвой туруп атты. Негизи тергөө абагына жумасына төрт жолу барууга болот, анын бирин да калтырбай тамак киргизип, кем-карчын жеткирип берүүгө аракет кылып келем. Мен өзүм өмүрүмдө биринчи жолу ушундай абалга туш болгондуктан, оор болууда. Көп жылдык педагогикалык тажрыйбасы бар ата-энебиз да кыйналып турат. Өзгөчө кайнатамдын санаа тартып турганы жанды кейитет. Мен Афтандилдин ак экенине ишенем, аны көрүп да турам. Ал туу маселесине байланыштуу окуяда жарандык пикирин гана билдирди, экономикалык чыгымдар тууралуу айтты”.

"Авторитардык бийлик акция, митингдерден коркот"

Жергиликтүү укук когоочулар жана Human Rights Watch өңдүү эл аралык уюмдар Афтандил Жоробековго каршы кылмыш ишин козгоо анын сөз эркиндиги жана тынчтык чогулуштарын өткөрүү жаатындагы укуктарын одоно бузуп жатканын билдирип келет.

Саясат талдоочу Руслан Акматбек Жорбековдун кармалышын жарандык коомду көзөмөлгө алуу аракетинин мисалы катары көрөт.

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

“Укугун талап кылган, пикирин ачык айткан, айрым көрүнүштөрдү сындаган жарандардын башкаларга үлгү болушуна тоскоолдук жаралып жатат. Аларды мүмкүн болушунча кандайдыр бир саясий, коомдук жараяндардан четтетүү жүрүп жатат. Бул коомго жиберилген белги - сен эгер өзүңдүн оюңду ачык айтсаң, демек жазаланасың. Себеби авторитардык өлкөлөрдө бийликтин позициясы менен макул болбой, нааразы болушуң мүмкүн. Бирок өзүңдүн үйүндө, ашканаңда отуруп алып эшикке чыкпай айтып, нааразы болсоң болот. Башкысы сен ал оюңду коомчулукка ачыкка алып чыкпа деген принцип бар, бийликке зыян алып келбеш керек. Авторитардык бийлик акциялардан аябай коркот”.

 Ачык пикир үчүн жазаланган жаштар
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:36 0:00

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев Баш мыйзамга таянып, ачык пикирин айтам дегендер аша чаап кетүүдө деген пикирде. Ал Жоробековдун ишин кароодо укук коргоо органдары бардык мыйзамдарды сактап, жыйынтык чыгарат деген оюн айтты:

"Жеке пикир менен чакырык таштап, элди "көтөрүлгүлө" дегендин

Чолпонбек Абыкеев.
Чолпонбек Абыкеев.

айырмасын билбеген адамдар болот, көбүнчөсү мыйзамды билбестиктен болууда. Укук коргоо органдары кармап, тергеп, сурак баштаса "мен өз оюмду айткам" дешет. Оюңду айта бер, сени эч ким тыйган жок. Бирок элди чакырба, "бийликти кулаталы, революция жасайлы" дебе. Бүткүл дүйнөдө элге чакырык кылса жазасын алууда. Ал тургай Трамп айрым маалыматтарды туура эмес бергени үчүн ага чектөө коюп, бир катар тыюу салынды. Элди мамлекеттик бийликке каршы үндөбөш керек. Ушул мыйзамдуулукту бузбаса эле жеке пикирин айтып жүрө берет. Азыр социалдык тармактарды оодарып, карап чыксаңар, жүздөгөн адамдар желекти өзгөртүүгө каршы жеке пикирин айтып, жазып чыгышты. Ал эми укук коргоо органдарында сурак берип жүргөн айрымдар болсо элди көтөрүлүшкө чакырды. Мына ушунун айырмасын түшүнүш керек".

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги корголорун такай белгилеп келет.

“Эгерде Кыргызстанда сөз эркиндиги, адам укугу жок болсо, анда ушул аскер айым эфирден түздөн-түз кайрылуу жасап чыкпайт эле. Азыр аскер прокуратурасы бул боюнча дыкат иш алып барууда. Жыйынтыгы жарыяланат. Мындай мисалдар бизде көп. Кыргызстанда сөз эркиндиги болуп келген жана боло берет”, - деген президент 8-февралдагы билдирүүсүндө аскер кызматкеринин видеокайрылуусуна комментарий берип жатып.

Афтандил Жоробековду абактан бошотуу тууралуу маселе парламентте дагы көтөрүлгөн. Активисттин апасы дагы, уулун бошотууну талап кылып, бийликке кайрылуу жасаган. Жоробеков соцтармактар аркылуу пикирин ачык билдирип, мамлекеттик мекмелердеги мыйзамсыз көрүнүштөргө сын айтып жүргөн активдүү жаран катары таанымал.

2019-жылы дагы атайын кызмат ана "Аймак аралык кастыкты козутту" деген шек менен камаган. Активистке "Интернетке чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды жайылтып, жапырт нааразылык акцияларын уюштурууга үндөгөн" деген айып тагылган.

Жоробеков модераторлук кылган соцтармактагы "БеспределKG" баракчасына ошол кезде кыргыз бажысындагы коррупциялык иштер жана ал боюнча журналисттик иликтөөдө аты аталган адамдар тууралуу маалыматтар байма-бай жарыяланып турган. Кийин ал үй камагына чыккан. 2020-жылы май айында активистке каршы козголгон кылмыш иши токтотулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG