Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:54

HRW бийликти Жоробековдун укугун коргоого чакырды


Афтандил Жоробеков
Афтандил Жоробеков

25-декабрда Бишкек шаардык соту мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыккан жарандык активист Афтандил Жоробековдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Буга чейин Свердлов райондук соту активистти эки айга, 224-жылдын 7-февралына чейин тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Human Rights Watch уюму жарандык пикирин айтып, тууну өзгөртүүгө каршы турууга чакырганы үчүн активист Жоробековго кылмыш иши козголуп, камакка алынышын сынга алды.

Президент Садыр Жапаров коомчулукта катуу нааразылыктарды жараткан тууну өзгөртүү боюнча мыйзамга өткөн апта соңунда кол койгон.

Активист абакта калды

Жактоочу Акмат Алагушев активистке коюлган айыптар "негизсиз" экенин белгилеп, муну пикирин эркин билдиргендерге басым деп баалады.

"Башаламандыкка чакырык кылган, бийликке баш ийген эмес" деп айып коюп жатышат. Башаламандык болбосо кайдан чакырык болот, кайдан баш ийбөө болот. Биринчи бөлүгү сөзсүз болгондон кийин гана үчүнчү бөлүгү кайдан болушу керек. Башаламандыктар боло электе үчүнчү берене эч качан пайда болбошу керек, булар ошону болбой коюп жатпайбы".

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Афтандил Жоробековго Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Массалык башаламандыктар, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен кылмыш ишин козгогон.


Афтандил Жоробеков 9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта тууну өзгөртүүгө каршы митинг өткөрүүнү көздөп жаткан. Социалдык тармактагы акция тууралуу кайрылууларына байланыштуу 2-декабрда Бишкектин Октябрь райондук милициясына, Улуттук коопсуздук комитетине чакырылган. Ага чейин милиция аны 3-декабрдагы “Туудан колуңду тарт!” автожүрүшүнө байланыштуу чакырганын жазган. Активист ага тагылган кинени четке каккан.

"Жоробеков "тууну ким өзгөрткүсү келип жатканын баары эле билип калышты. Бир эле адам экен, жаңы резиденцияга жаңы туу менен кирип барсам деген", - деп жазып жатат. Президент курултайда өзү менин идеям, мен суранып жатам деп айтып жатпайбы. Болгонду болгондой эле айтты да, ошол жакпай жатат да. Бул коркутуп-үркүтүү, басмырлоо болуп жатпайбы", - деди адвокат Алагушев.

HRW: Бийликти сындоо, эркин пикир билдирүү - кылмыш эмес

Ал арада Эл аралык Human Rights Watch уюму мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы жарандык пикирин айтып чыккан активист Афтандил Жоробековго кылмыш иши козголуп, камакка алынышын сынга алды. Уюм кыргыз бийлигинин бул кадамын жарандардын ачык пикирин билдирүүсүн жана тынч чогулуу укугун чектөө деп билдирди. Активисттин камалышы Кыргызстанда адам укугунун абалы начарлап бараткан учурга туш келгени да белгиленген.

"Бийликти сындоо жана тынч жыйындарга чакыруу - массалык башаламандык уюштуруу болуп саналбайт жана, албетте, бул кылмыш эмес. Ал бийликтин демилгесине каршы тынч жыйынга чакырганы - пикир айтуунун корголгон формасы. Кыргызстандын бийлиги Жоробековго каршы осол (абсурд) ишти токтотуп, анын сөз эркиндигин жана тынч жыйынга чыгуу укугун коргоп бериши керек", - деп билдирди уюмдун Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү Сыйнат Султаналиева.

"Укук коргоо органдары өз ишин кылууда"

Президент Садыр Жапаров 16-декабрдагы экинчи Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин, мыйзам долбоорун жазуу сунушун спикер Нурланбек Шакиевге өзү бергенин айткан.

Ал Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарынын 70 жаштагы тургуну, пенсионер Салия Таштанованын кармалышына байланыштуу берилген суроого жооп берип жатып, тийиштүү мекемелер алдын ала чара көрүп жатканын белгилеген.

"Эгерде мамлекеттин сырткы коопсуздугу маселе жаратып, алдын албай калса, түздөн-түз УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жооп берет. Мен андан сурабайм же ал менден сурабайт, колунда мыйзам чегинде аткара турган кагаздары турат. Эгер өлкө ичинде башаламандык боло турган болсо, ИИМ жооп берет, жоопко тартылат. Ошолор жоопко тартылбайын деп жанталашып өзүнүн ишин аткарып жатат. Мен алардан сурабайм, мен деле силерге окшоп Интернетти карайм, булар өзүнүн ишин аткарып жатыптыр дейм. Бирөөнү камаса эле менин дарегиме кыйкырып, "эмне камап койдуң, чыгартып кой" дебей мыйзамды карап, анын күнөөсү бар-жогун карап, жасаган маселесин карап кайрылсаңыздар жакшы болот эле".


Мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматова пикири үчүн камакка алууну Кыргызстанда жарандардын эркиндигинин, тынч чогулуш өткөрүү укуктарынын чектелиши жана адам укугунун бузулушунун айкын мисалы катары сынга алды.

"Жоробековдун камалышын тергөөнү жүргүзүп жаткан жана сот органдары тарабынан Конституция менен кепилденген сөз эркиндигин, тынч чогулуш өткөрүү укуктарын чектөө, адам укуктарын ашыкча бузуу катары баалайм. Анткени тынч чогулуш, тууну өзгөртүү боюнча сын пикир билдирүү - массалык башаламандык даярдоого же үгүттөөго, чакырууга кирбейт. Бул ар бир адамга төрөлгөндөн баштап таандык болгон сөз эркиндиги. Активист каршы пикирин билдирүү керектигин айтканы үчүн гана камалып жатат. Жоробеков чакырган тынч чогулушка биз бардык, ал тынч өттү. Коомчулук, сыртта жүргөн мекендештер дагы колдоду. Эми тууну өзгөртүштү, максатына жетишти. Сын-пикир айткандардын бардыгын тыябыз деген туура эмес аракет. Оруэлдин чыгармасында "экиге экини кошсо беш болот" деп башка вариантты тааныбайт эмеспи. Туурасын айтсаң "мээңди тазалайбыз" деп аракет кылат. Азыр бизде дагы ошондой аракет болуп жатат деп баалайм".

20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүүгө байланыштуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз дароо кабыл алган. Ага президент Садыр Жапаров 22-декабрда кол койду. Социалдык тармактын колдонуучулары желекти өзгөртүүгө каршы экенин билдирип, флешмоб өткөрүштү. Коомчулукта тууга байланыштуу нааразы пикирлер дале басыла элек.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тараткан маалыматка ылайык, президент кол койгон мыйзам долбоору Эркин-Тоо” гезитине жарыяланып, шейшемби күнү күчүнө кирет. Ошондон кийин анын техникалык өзгөчөлүктөрү бекитилип, жаңы желек жасалып, мамлекеттик имараттардагы туулар алмаштырылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG