Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:49

"Бейкүнөө адамды камоого шылтоо болот". Өлүм жазасынын кесепеттери


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстанда педофилия үчүн өлүм жазасын мыйзамдаштырууну жалпы элдик референдумга алып чыгууну сунушташууда. Укук коргоочулар өлүм жазасын мыйзамдаштыруу адам укуктарынын, демократиянын нормаларына туура келбей турганын белгилеп, кесепетин эскертишүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстанда педофилдер үчүн өлүм жазасын мыйзамдаштырууну жалпы элдик референдумга алып чыгууну сунушташууда.

Демилгечилер бул боюнча токтом долбоорун парламент кароосуна алып чыгуу үчүн талап кылынган сандагы депутаттар топтолгонун билдиришти.

Ошол эле учурда укук коргоочулар өлүм жазасын мыйзамдаштыруу адам укуктарынын, демократиянын нормаларына дал келбей турганын белгилеп, кесепетин эскертишүүдө.

"Кызымдын, үй-бүлөмдүн тагдырын талкалаган адамдар өлүм жазасын алсын"

13 жаштагы кызы бир нече адам тарабынан зордукталган Бишкектин тургуну ушу тапта соттон адилеттик издеп жүрөт. Ал кызынын тагдырын талкалаган кишилерге өлүм жазасы берилгенин туура көрөт.

"Педофилияга, киши өлтүргүчтөргө жана башка оор кылмыш кылгандарга карата өлүм жазасын киргизүү демилгесин кош колдоп кубаттайм. Менин кызым ошондой айбандардын айынан бүгүн мектепке бара албай, тагдыры талкаланып калды. Максималдуу 15 жылга кесилгенде деле улам бир сот тарабынан жаза мөөнөтү кыскарып, тез эле эркиндикке чыгышары белгилүү болуп калып жатат. Ошондуктан мындай зордукчул зөөкүрлөрдү өлүм жазасына тартуу керек".

Жашы жете элек балдарга сексуалдык зомбулук көрсөтүп, өмүрүн кыйгандарга өлүм жазасын колдонуу сунушун парламент депутаттары былтыр күздө көтөрүп чыккан.

Буга Кадамжай районундагы 14 жаштагы кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү себеп болгон. Кыздын өлүмүнө шек саналып, төрт киши кармалгандан кийин, депутаттар Кыргызстандын Кылмыш кодексине өлүм жазасын кайтаруу зарылдыгын айтып чыгышкан. Алардын бири депутат Ырысбек Атажанов:

"Кадамжайда үч адамдын 14 жаштагы өспүрүм кызды зордуктап, өлтүргөнү үрөй учурду. Мындай кайгылуу окуя биздин өлкөдө биринчи эле жолу болгон жок. Жылдан жылга болууда. Ошондуктан бул боюнча чечкиндүү кадамдарга барышыбыз абзел. Мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, педофилдерди өлүм жазасына тартуу керек", - деген эле.

Педофилияны өлүм жазасы токтото алабы?

Кыргызстанда оор кылмыш кылгандар, анын ичинде педофилдер үчүн өлүм жазасын мыйзамдаштыруу демилгесин Жогорку Кеңеште мурдагы чакырылыштардын депутаттары да бир нече жолу көтөргөн.

Бирок бул жолу 61 депутаттан турган демилгечи топ өлүм жазасын кайтаруу тууралуу Жогорку Кеңештин токтом долбоорун түзүүгө жетишти.

Алар өлкөдө өспүрүмдөргө, балдарга жана аялдарга зомбулук көргөзүп, зордуктоо, мыкаачылык менен өлтүрүү көбөйүп баратканын белгилешүүдө.

Алардын бири - депутат Балбак Түлөбаевдин "Азаттыкка" билдиришинче, Кыргызстандын Кылмыш кодексине өлүм жазасы кирмейинче, оор кылмыштар азайбайт.

Балбак Түлөбаев
Балбак Түлөбаев

"Жаш балдарды зордуктаган, өлтүргөн адамдарга эч кандай кечирим да, кайра оңолуусуна мүмкүнчүлүк да болбошу керек. Аларга бир гана өлүм жазасы ылайыктуу. Эң катаал жазаны - өлүм жазасын кийирмейинче, бизде оор кылмыштар азайбайт".

61 депутаттын демилгеси менен сунушталып жаткан токтом долбоорунда авторлор Кыргызстандагы зордук-зомбулук фактылары күч алганын, анын ичинде жашы жете элек балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыштар көбөйгөнүн ИИМдин маалыматтарына таянып белгилешкен.

Токтомдо жазылгандай, 2022-жылы Кыргызстанда жашы 18ге толо элек балдарга карата зордуктоо фактысы менен 35 кылмыш иши (анын 11и жашы 14кө толо элек балдарга карата), сексуалдык мүнөздөгү зомбулук фактысы менен 25 кылмыш иши (анын 16сы жашы 14кө толо элек балдарга карата жасалган) кылмыш иштери катталган.


"Балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыштардын күндөн-күнгө өсүп баратканын, андан балдардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн тагдыры талкаланып, өмүрү кыйылып жатканын эске алуу менен ушул мыйзам долбоорунда Баш мыйзамда өзгөчө жаза чарасы катары - өлүм жазасын кароо сунуш кылынат", - деп жазылган токтомдо.

Ошондой эле 2021-жылы кабыл алынган Конституциянын 25-беренесинин 1-пунктун өзгөртүп,

"Ар бир адам ажыратылгыс жашоо укугуна ээ. Адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна кол салууга жол берилбейт. Эч кимдин өмүрү өзүм билемдик менен кыйылышы мүмкүн эмес. Өлүм жазасына тыюу салынат"

деген мыйзамдын ордуна,

"Ар бир адам ажыратылгыс жашоо укугуна ээ. Адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна кол салууга жол берилбейт. Эч кимдин өмүрү өзүм билемдик менен кыйылышы мүмкүн эмес. Өлүм жазасы 18 жашка толо элек балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыштар үчүн гана мыйзам менен белгилениши мүмкүн" деп жазууну сунуш кылууда.

Быйыл январда Жогорку Кеңеште педофилдерди бычуу (химиялык жол менен кастрациялоо) тууралуу мыйзам долбоорун парламенттин тиешелүү комитети биринчи окууда жактырган.

Мындай жол менен жеткинчектерге каршы зомбулук кылгандарга жазаны күчөтүү зарылдыгын белгилеген депутаттарга Башкы прокуратура каршы чыккан.

Башкы көзөмөл органы бул мыйзам Констиуцияга жана ошондой эле Кыргызстан 1994-жылы кол койгон Жарандык жана саясий укуктар тууралуу Эл аралык пактка да карама-каршы келерин билдирген.

"Өлтүргөнү үчүн камалат, зордуктаса өлөт"

Өлүм жазасы мурдагы постсоветтик өлкөлөрдүн дээрлик бардыгында жокко чыгарылган. Бирок диктаторлук режим орногону айтылып келген Беларуста жакында эле парламенттин Өкүлдөр палатасы мамлекеттик чыккынчылык үчүн өлүм жазасына тартууну караган мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды. Документке ылайык жогорку чара аткаминерлерге жана аскер кызматкерлерине колдонулушу мүмкүн экени айтылды.

Кыргызстанда айрым депутаттар жана укук коргоочулар жазаны катаалдаштыруу кылмыштуулуктун азайышына алып келбей турганын айтып келет. Алар сот системасы бейкүнөө кишилердин көзүн түрдүү себептер менен тазалоого жол бериши мүмкүн деп кооптонушууда.

Кылмыш кодексине өлүм жазасын кайтаруу демилгесин алгачкылардан болуп четке кагып, каршы чыккан депутат Дастан Бекешев педофилияга каршы өлүм жазасын Баш мыйзамга кайтаруу боюнча Жогорку Кеңештин токтом долбоорун социалдык тармактарга жарыялап, дагы бир ирет бул кадамга каршы экенин билдирди.

Депутат кесиптештеринин токтом долбоорун так эмес деп сынга алды.

"Бул токтомдо демилгечилер педофилдерге гана өлүм жазасы киргизилсин деп атышат. Ал эми киши өлтүргөндөр үчүн 15 жыл же кылмыштын оордугуна карай өмүр бою абакка кесүү жазасы сакталып калууда. Эми кандай болуп калат? Зордуктаган адам өлүм жазасына кесилет да, ал эми киши өлтүргөн адам абакка кесилеби? Анда зордуктоодон кийин кылмышкер ишин жаап-жашыруу үчүн өлтүрбөйт деп ким кепилдик берет?".

Дастан Бекешев ошол эле учурда бул маселенин Референдум аркылуу чечилүүсү суралып жатканы да кооптуу деп эсептейт.

"Референдумдун жыйынтыгы белгилүү, шайлоочулардын кандай добуш берери да түшүнүктүү. Анткени элде педофилдерди жек көрүшөт. Бирок бизде сот, тергөө системалары кандай иштеп жатканын көрүп турабыз. Ошондуктан, өлүм жазасын киргизген учурда, бейкүнөө адамдардын өмүрү жок жерден кыйылып кетиши мүмкүн".

Абактарда кармалып отургандардын укугун коргоп, кыйноолорго каршы иштеп жүргөн "Кылым шамы" уюмунун юристи Акынбек Ногоев Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүүгө караманча каршы. Ал муну Кыргызстандагы тергөө, сот системасындагы мүчүлүштүктөр менен байланыштырды.

"Бизде мыйзамдар жакшы, бирок алар иштебей жатпайбы. Тергөөдө канча адамдар күнөөсүз кармалып, камалып, канчалаган адамдар соттон деле адилеттик таба албай жатат. Муну алыс барбай, ушул тапта Кемпир-Абад боюнча камакта отургандарды алсак болот. Алардын күнөөсүз экени ачык эле көрүнүп турса да, камакта кармап отурушат. Өлүм жазасы киргизилсе мындан да жаман болот. Колунда бийлиги, акчасы же башка мүмкүнчүлүгү бар адамдар өздөрүнө жакпаган башка бир адамдарды абакка киргизип, педофилияга айыптап, андан ары өлүм жазасына тартылып кетиши толук ыктымал болуп калат. Азыркы ушул мыйзамды демилгелеп жаткан депутаттардын өздөрүнүн башына келбейт деп эч ким кепилдик бере албайт".

Акынбек Ногоев өлүм жазасы иштеген айрым өлкөлөрдө деле кылмыштуулук азайып кетпегенин кошумчалады.

Жогорку Кеңеш депутаттарынын Кыргызстандын Кылмыш кодексине өлүм жазасын киргизүү демилгеси боюнча Башкы прокуратура пикирин билдире элек. "Азаттык" башкы көзөмөл кызматына кайрылып, жооп ала алган жок.

"Өлүм жазасына президент каршы турушу керек"

Кыргызстанда отуз жылдан ашуун убактан бери укук коргоочулук менен алектенип келе жаткан Төлөкан Исмаилова өлүм жазасын Баш мыйзамга кайтарып, мыйзамдаштыруу сунушун президент Садыр Жапаров четке кагууга тийиш деп эсептейт.

Төлөйкан Исмаилова
Төлөйкан Исмаилова

"Мырза президент Садыр Жапаров өлүм жазасын Кылмыш кодексине кайтарууну көздөгөн депутаттардын сунушун четке кагат деп ишенем. Анткени, Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө, андан тышкары адам укуктарына байланыштуу көптөгөн конвенцияларга да кирген. Ошондуктан, 16 жыл мурда адам укугу жаатындагы чоң жетишкендигибизди жокко чыгарып салуу таптакыр туура эмес. Мурдагы советтик өлкөлөрдөн деле бир гана Беларуста өлүм жазасы калды. Биз кайра артка кайтпай, гумандуулукту күчөтүшүбүз керек. Биздин уюмдун көп жылдан бери жүргүзүп келе жаткан мониторингдеринде абак жайларында кармалып отургандардын тең жарымынан көбү кыйноодон улам кылбаган иштерин мойнуна алып, күнөөлүү болуп отурушканы белгилүү болгон. Бизде ансыз деле сотсуз өлүмдөр тергөө абактарында кайталанып жатат. Былтыр эле бир нече адам тергөө абагында түрдүү себептер менен көз жумду. УКМКнын абагында эки адам: Марат Казакбаев менен банкир Бакыт Асанбаев белгисиз жагдайда өлдү".

Кыргызстандын Кылмыш кодексине өлүм жазасын Референдум жолу менен кайтаруу демилгесине каршы укук коргоочулар жакында атайын өнөктөштүк уюштурмакчы. Анын алкагында президент Садыр Жапаровго, Башкы прокурор Курманкул Зулушевге, акыйкатчы Атыр Абдрахматовага жана башка тиешелүү тараптарга, ошондой эле эл аралык уюмдарга да өлүм жазасын мыйзамдаштырууга жол бербөө өтүнүчү менен кайрылуу даярдап жатат.


Ушундай эле кайрылууну Кыйноолорго каршы улуттук борбор да даярдап, Кылмыш кодексине өлүм жазасын киргизүүгө каршы пикирин билдирерин аталган борбордун жетекчиси Бактыбек Рысбаев "Азаттыкка" билдирди.

Кыргызстан Адам укугуна байланыштуу Эл аралык конвенциялардын мүчөсү. Анын негизинде жазаны гумандаштыруу, сот катачылыгына жол бербөө үчүн өлүм жазасын өмүр бою абакка кесүү менен алмаштыруу чараларын кабыл алган. Буга ылайык, тунгуч президент Аскар Акаев 1997-жылы өлүм жазасын колдонууга он жылга мораторий жарыялаган. 2007-жылы Жогорку Кеңеш Кылмыш-жазык кодексинен өлүм жазасы тууралуу беренени толук алып салган. Ошол эле жылы 21-октябрда жалпы элдик референдум аркылуу кабыл алынган Баш мыйзамда өлүм жазасы биротоло жокко чыгарылган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG