Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:12

Киев: Орусия Донбасска сокку урууга даярданып жатат


Краматорск шаарынан эвакуацияланган тургундар. Украина, 4-апрель, 2022-жыл.
Краматорск шаарынан эвакуацияланган тургундар. Украина, 4-апрель, 2022-жыл.

Украин бийлиги Орусиянын күчтөрү Донбасстагы жаңы чабуулдарга камылга көрүп жатканын билдирип, элди эвакуация болууга чакырууда. Бейшембиде Европа Биримдиги Орусияга каршы жаңы санкцияларды жарыялайт деп күтүлүүдө. Кечээ, 6-апрелде АКШ менен Британия жазалоочу чаралардын жаңы пакетин кабыл алган.

Чемодан, баштыктарын сүйрөп, пластик баштыктарга тамак-аш, кийим-кече, эң керектүү буюм-тайымдарды салып алган Дергачи шаарынын тургундары орус армиясынын чабуулунан качып, шаршембиде Полтавага бет алышты. Алардын көбү балалуу үй-бүлөлөр менен кары-картаңдар.

Өткөн жумада орус аскерлери Киев облусунан чегингенден кийин өлкөнүн чыгышында жана түштүгүндө, Донбасста соккуларын күчөттү.

Харьков шаарындагы чиркөөдө башпааналаган тургундар. 4-апрель, 2022-жыл
Харьков шаарындагы чиркөөдө башпааналаган тургундар. 4-апрель, 2022-жыл

Украин бийлиги экинчи ири шаарды - Харьковду алуу аракети көрүлүшү мүмкүн деп, аймактын жашоочуларын коопсуз жайларга чыгууга чакырды. Харьковдун түндүгүндө, орус чек арасына 30 чакырым жакын жерде орун алган Дергачини орус артиллериясы буга чейин эле бир нече жолу аткылаган.

“Адам чыдагыс, коркунучтуу. Үйүбүз солкулдап, терезелердин айнектери күбүлүп калды. Барар жерим деле жок, жөн эле кетип жатам”, - деп айтып берди Ирина аттуу жергиликтүү тургун.

Буча жана Гостомелдеги үрөй учурган окуялардан кийин мурда үйлөрүн таштоого анча көнбөгөн тургундар арасында көчүп кетүүнү каалагандар көбөйдү.

Орус армиясы чегингенден кийин Украинанын кээ бир шаар-кыштактарында, анын ичинде Бучада жүздөгөн карапайым кишинин сөөктөрү табылганы тууралуу маалымат чыккан. Мындан соң Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларды күчөтөрүн билдиришкен.

Шаршембиде АКШ орус президенти Владимир Путиндин эки чоң кызына, орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жубайы менен кызына, өкмөт башчы Михаил Мишустинге, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевге санкция салынганын жарыялады. Ошондой эле кара тизмеге Сбербанк жана Альфа-банк киргизилди.

Европа Биримдиги санкциялык тизмесин 7-апрелде жарыяламакчы.

Украин президенти Владимир Зеленский санкциялардын жаңы пакети таасирдүү болгону менен жетишсиз экенин белгилеп, орус мунайына эмбарго киргизүүгө чакырды:

“Орусиядан мунай алууга кайсы бир күнү тыюу салынат. Анын форматы табылат. Бир эле суроо калууда – айрым саясатчылар, биз алар ким экенин билебиз, чечкиндүүлүгүн көргөзгүчө орус аскерлери дагы канчалаган украиналык эркектер менен аялдардын канын төгүшү керек?".

Зеленский 6-апрелдин кечиндеги кайрылуусунда Орусиянын куралдуу күчтөрү Донбасстагы жаңы чабуулдарына камылга көрүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, учурда орус армиясы Украинанын чыгышындагы "дымагын" ишке ашыруу үчүн күчүн топтоп жатат.

"Эгер Орусияга каршы чыныгы сокку уруучу санкциялардын топтому болбосо, эгер бизге керектүү жана биз көп жолу сураган курал-жарактар берилбесе, анда муну Орусия уруксат катары кабыл алат. Алдыга жылуу жана чабуул коюуга берилген уруксат. Донбасста кан төгүүнүн жаңы толкунун баштоо үчүн уруксат".

Шаркеттин айрым өлкөлөрү, өзгөчө Германия экономикасына терс таасирин тийгизет деп орус мунайы менен газынан баш тартууга көнбөй келген.

6-апрелде Берлинде немис парламентинин алдындагы акцияга чогулган украиндер жана алардын колдоочулары Орусиядан мунай менен газды сатып албоону талап кылышты. Ушандай эле акция Германиянын Тбилисидеги элчилиги алдында уюштурулду.

Москва орус аскерлери жай тургундарды өлтүргөн деген кабарларды "калп" жана "чагым" деп атап келатат. 6-апрелде орус Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова кайрадан Батышты айыптады:

“Бул үрөй учурган, кылмыштуу, жалган сценарий алдын ала даярдалган санкциялардын жаңы пакетин, анын ичинде орус дипломаттарын айрым Батыш өлкөлөрүнөн жапырт чыгарууну актоо үчүн мурдатан ойлонулганы айдан ачык. Мындай аракеттер Киев менен реалдуураак боло баштаган тынчтык сүйлөшүүлөрүн татаалдаштырмак турсун, үзгүлтүккө учуратыш үчүн жасалууда”.

Ал ортодо Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба НАТО өлкөлөрүн Киевди керектүү курал-жарак менен камсыз кылууга чакырды. Ал Украинага учактар, абадан коргонуу системасы, ракеталар жана аскердик унаалар керек экенин 7-апрелде Брюсселде аскердик альянстын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун алдында журналисттерге билдирди.

Ошол эле жыйындын алдында Түркиянын башкы дипломаты Мевлүт Чавушоглу Москва менен Киевдин ортосундагы сүйлөшүүлөр уланарына, балким, тышкы иштер министрлери жолугушарына ишенерин айтты. Сүйлөшүүлөрдүн бир айлампасы түрк бийлигинин арачылыгы менен Стамбулда өткөн.

7-апрелде Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында Орусияны уюмдун Адам укуктары боюнча кеңешинен чыгаруу маселеси колго салынганы жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG