Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:53

"Дөө Чыңгыз" атка конгон кримтөбөлдүн бөгөт чарасы аныкталды


Бир аптадан бери коомчулукта сөз болуп жаткан "Дөө Чыңгыз" деген каймана аттуу кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов кармалды. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 15-июлдагы токтому менен анын бөгөт чарасы аныкталып, 7-сентябрга чейин камакта калды. Ал Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын №21 абагында кармалат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 15-июлдагаы билдирүүсүндө Жумагулов эки кылмышка шек саналып жатканын маалымдады.

"Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 15-июлда Бишкек шаарынын аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мурда издөөдө жүргөн мүчөсү, криминалдык чөйрөдө "Дөө Чыңгыз" деген ат менен белгилүү Дж.Ч.А. кармалды. Кармоо кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын талап кылуу фактысы боюнча колдо болгон материалдардын алкагында жүргүзүлдү", - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Улуттук коопсуздук комитети Чыңгыз Жумагуловдун кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды укук коргоо органдарына кайрылууга чакырды. Учурда Жумагулов УКМКнын Тергөө абагында кармалууда. Жакынкы 48 саатта анын бөгөт чарасын сот аныкташы керек.

"Дөө Чыңгыз" аттыккан бул уюшкан кылмыштуу топтун анабашын кармоо Кыргызстанда бир аптадан бери сөз болуп жаткан. Тагыраагы, 8-июлда кечке маал Бишкектин түштүк бөлүгүндө атышуу болгону, бул күч кызматкерлери Чыңгыз Жумагуловду кармоо операциясы экенин бир нече маалымат каражаттары жазып чыккан. Атүгүл интернетке "Мерседес-Геллендваген" үлгүсүндөгү жол тандабастын алдын тороп токтогон кичи автобустун ичинен атайын кийимчен кишилер чуркап чыкканын, бирок машине токтобой кеткенин көрсөткөн видео да тараган.

Бул күнү интернетте ички иштер министринин орун басары "Нурбек Абдиевдин атынан жазылган Жумагуловду кармоо боюнча багыттык маалымкат" деген сүрөт да жарыяланган. Көп өтпөй ИИМ бул маалыматты четке каккан билдирүү таратып, документ жасалма жана юридикалык күчкө ээ эмес деп билдирген.

Окуя болгон жерге барган журналисттер жол тандабаста Чыңгыз Жумагулов болгонун, аны кармоого аракет кылгандар УКМК кызматкерлери экенин билдиришкен. Анда кримтөбөлгө каршы андан жабыр тарткан жергиликтүү ишкерлердин бири арыз жазганы айтылган.

Ички иштер министрлигинин башкармалык жетекчиси Марлис Жумабаев "Азаттыкка" ырастаган.

"Каймана аты "Дөө Чыңгыз" деген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, жетекчиси деп айтсак да болот. Ага уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн үстүнөн опузалап акча талап кылуу деген арыз түшкөнү үчүн УКМК ыкчам изилдөө иштерин жүргүзүп жатат".

Бирок Улуттук коопсуздук боюнча комитет билдирүү таратып, маалымат каражаттарында жазылган Жумагуловду кармоо операциясында ок атылганы жана ал качып кеткени боюнча маалыматты четке каккан. Бирок уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо аракеттери болгонун жашырган эмес.

Ошентип, бир жумадан соң УКМК алгач жарым-жартылай четке кагып жаткан Чыңгыз Жумагулов кармалды. Муну менен атайын кызмат ал боюнча медиа жазып жаткан маалыматтарды ырастагандай болду.

Кримтөбөлдү кармоодогу акыркы жагдай УКМКнын ишмердигине ар кыл пикирлерди жаратты.

Журналист Айданбек Акмат уулу соңку окуя бийликтин криминал менен күрөшүү аракетине көлөкө түшүргөнүн белгилейт.

"Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында"мындан ары криминалдар же мыйзам менен жашагыла, же өлкөдөн чыгып кеткиле" деп айткан. Мына ошондон кийин азыркы абал фиаско. Журналисттерге, укук коргоочуларга гана тап болуп, ал эми криминалды кармай албай калып, уят болушту окшойт. Аны жаап-жашырганга аракет кылышты. Эми бир жумадан кийин кармаганын жарыялап жатат, аны кандай шартта кармады, эмне келишим болгонун билбейбиз. Бирок Чыңгыз Жумагуловду канчага камашат, мурдагыдай болуп кое берип жиберишеби, ал да азыр белгисиз болуп турат".

Журналист белгилегендей, Чыңгыз Жумагулов алгач жолу кармалып жаткан жок.


"Дөө Чыңгыз" деген ким?

Кримчөйрөдө "Дөө Чыңгыз" деген ылакап ат менен таанымал 41 жаштагы Чыңгыз Жумагулов буга чейин бир нече жолу соттолгон.

Ал кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү экени, Ысык-Ата районунун Ичке-Суу айылында жашай турганы айтылып келет.

2016-жылы адам өлтүрүүгө катышуу, бийлик өкүлүнө күч колдонуу, кылмыштуу топ түзүү деген айыптар боюнча күнөөлөнүп, абактан эки жылдан кийин бошонуп чыккан.

Мындан көп өтпөй, 2019-жылы Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен токмоктоп өлтүрүүгө шек саналып кармалган. Соттун жүрүшүндө Жумагулов эки берене боюнча акталып, “Бейбаштык” беренеси менен беш жылга кесилген. Анткени эки адамдын өлүмү боюнча ишти Жумагулов менен кошо кармалгандар моюнуна алган. Жыйынтыгында тергөө абагында отурган бир күнү эки күн деп эсептелип, 2021-жылы 10-июлда камактан чыккан.

Андан бери эркиндикте жүргөн аралыгында Чүй облусунун аймагында таасирдүү ишмердик жүргүзгөнү жөнүндө айтылып келген.

Ички иштер министрлиги өлкөдө үч-төрт кылмыштуу топ бар экени, аларды Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушевдер жетектерин билдирип келет. 2021-жылдагы расмий маалымат боюнча милициянын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун 1160дан ашык мүчөсү бар.

Буга чейин УКМКнын төрагасы тайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин кылмыштуу топтор менен аёосуз күрөш болорун айткан.

Бирок буга карабай соңку мезгилде криминалдын таасири күчөп жатканы парламентте көтөрүлгөн эле.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG